Бешик той – бешикке салуу

Наристенин тѳрѳлүшү – ошол үйдүн ашкан кубанычы. Бешик той берилет. Колдо бар мал союлат. «Илгери анын бешик тоюна ак кочкор союлган» деген сѳз бар. Тойго чакырылгандар кѳйнѳк-кече, ороо-чулгоо, акча-тыйын ыроолошот, мал алпарышат. Адатта, таеке-тайындары бешик, шимегин жасатып, анын тѳшѳнчү-орунчусун жасалгалап барышат.

Набаттуу байбичелер чоң дасторконго отуруп, оң-сол чүкѳлѳрдү бешиктин баш жагынан кѳтѳрүп эңкейтип, «оң бол, оң бол» дегенде, ал чүкѳлѳр күлтүгүнѳ түшүп кетет. (Ага дейре бешик менен шимекти майлап, арча аркылуу аластап алат). Колдорун тийгизип ич ара ырымдашкан байбиченин жанындагылар менен чогуу наристени жаткырышат. «Бешик апа, бек карма, умай эне, уйку бер» деп баланы таңат. Жуурканы, куржуну, кабы, баштыгы… болуп, жети нерсени бешикке жаап, энесине карматат. Ал кѳтѳрүп алып, тѳрдѳн эшикке, эшиктен тѳрдү карай жүгүнѳт. Байбичелер алкайт, баталарын берет. Эми бешик терметилет.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

One thought on “Бешик той – бешикке салуу

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *