Mar 20

“Насыйкат” күүсү

Кенжебек Алдаяр, комузчу

Жолугушууң- айрылганың, айрылышууң- табышканың… Кудурети күчтүү улуу Кудай улуу диндерди жаратып, адамдарды өзүнө баш ийдирүүнү, таанытууну көздөгөн. Кандай жеңиштер, кандай Бакыттар, кандай Байлык, кандай Мураттар болбосун, улуу Кудайдын жаратмандыгынын жемишинин бир учкундары бул дүйнөдө, бул жарыкта оопасыз. Же бул жашоодо бүгүн бар да, эртеңжок деген залкар ой толгогон сезим күү кылына келтирилип, Насыйкат деп ат берилип, адамдарга жараша түрдүү улутка түрдүү элге түрдүү диндер таратылып, жайылтылып, убактысы келгенде ал пайда болуп, убактысы келгенде алардын касиети, сыры өз мөөнөтүн өтөп бүтүп, өзүнөн өзү жок болгон.

Толугу менен

Mar 20

«Аталардын аманаты, азыркылардын аракети»

Роза Аманова, КР эмгек сиңирген артисти, искусство таануу илимдеринин кандидаты, «Кыргыздын салттуу музыкасы» фондусунун жетекчиси

Көчмөн кыргыз элибиздин тарыхын добулбастын добушунда сактап, Алтайда, Энесайда эн тамгасын жараткан эзелки кыргыз калкынын баскан жолун кыл кыяктын, комуздун күүлөрүндө кайрып, «Манас» баштаган Улуу өнөрдүн мунарасын сыбызгынын сыйкырдуу үнүнөн тургузган кыргыз элинин салттуу музыкалык казынасы – айтуучулук, аспапчылык жана аваздык-аспапчылык өнөрү.

Кыргыздын салтуу музыкасы калкыбыздын кайгысы менен кубанычын, тарых-таржымалын, эне тилин, максат-тилегин, үрп-адатын, салт-санаасын, эстетикалык жана философиялык түшүнүктөрүн санжырасы менен жомокторунан баштап эпосторунда, обон кайрык ырларында жана күүлөрүндө сактап келди.

Толугу менен

Mar 14

Асыл ой саптары

ЖУМАКАДЫР уулу Молдомуса

Пендени алдаса болот, Кудай менен тарыхты алдай албайсың.

***
Кылган жакшылык-жамандык жети муундан бир кайрылат.

***
Жакын адамдарыңдын жаңылыштыгын кечире бил.

***
Бечараны сыйлай жүр, кайрымы өзүңө тиет.

***
Өз катачылыгыңды балаңа кайталатпа.

***
Арманын күүгө сала билгендин жүрөгү бат сакаят.

***
Бирөөгө кыйынсынганың – өзүңдүн пастыгың.

***
Ак көңүлдү дардес дебе, дилинде арамдык жок болсо.

***
Бул жарыкчылыкта баарына тобо кыла жүргөн оң.

***
Чыныгы тарыхты жазыш – бул өтө оор иш, чындык бардыгына жага бербейт.

***
Эң негизгиси – жандүйнөңдүн оту өчпөсүн, анда жашооңдун токтогону.

***
Элинин салт-санаасын унутуу ата-бабалардын каргышына калганга тете.

***
Теңирди асман-жерден издебе, көкүрөк-көөдөндөн тап.

***
Чачымды бубак аралай баштаганда маркум ата-энемди көп эстечү болдум.

***
Кур намыс – бул чабалдыктын белгиси.

***
Ар бир адам жамандык менен жакшылыкты өз пейилинен табат.

***
Жарк этип күйүп, жалп этип өчпө, кумурскадай из калтыр, ал – түбөлүктүү.

***
Учурунда бардык жакшы нерселерди барктай бил.

***
Оорунун башаты – бул санаа.

***
Руханий дөөлөтү пас адамдарга сырыңды ачпай жүр.

***
Колуңдагы бактыңды байкабай чачып алба, чогулта албай кыйналасың.

***
Оттун жылуулугу табы өчкөндө, суунун баалуулугу чаңкаганда, жаштын баалуулугу улгайганда билинет.

***
Ар бир адамдын өз деңгээлине жараша сүйүнүч, кайгысы болот, бул тагдыр.

***
Жакшы адамдар менен пикир алышсаң, чаңкаганда тунук булактан моокум кандыргандай.

***
Ички руханий байлыгың сүйлөгөн сөзүңөн, кылган аракетиңден байкалат.

***
Турмуштун бороон-чапкынын башыңдан өткөрбөсөң, жашоонун баркын билбейсиң.

***
Итче ырылдабай, бөрүдөй көк, айткан сөзгө бек бол.

***
Шумкардын баары кыраан эмес, чогулуштун баары жыйын эмес, майнап чыкпаса.

***
Өтө боорукерчилик чекеңе аттын такасындай тийбесин.

***
Бирөөнүн жакшылыгына сугуңду артпай жүр.

***
Кеңешчиси жок жигит түйшүктү көп тартат.

***
Аракет сенден, берекет Теңирден.

***
Бийикке чыгыш өтө оор, түшүш андан да кыйын.

***
Эл менен ойнобо, агымында каласың.

***
Бирөөлөрдүн ички дүйнөсүнө анын каалоосу жок кирбе.

***
Жасалма акча менен жалган абийирдин айырмасы жок.

***
Булбулдун сайраганын чаташтырба, кээде баканын үнү да керемет.

***
Жер асылы кыртышында, адам асылы руханий дөөлөтүндө.

«Көк асаба» (№15(15) 04.08.2009)

Aug 04

Үмөт манасчы

Суроо салган Айбек БАЙЫМБЕТОВ

Кичинекей манасчы Болотбек уулу Үмөт 5 жашта. Үч жарым жашынан баштап манас айтат. Тынымсейит уруусунан. Үйдө үч эркектин үчүнчүсү. Чолпон-Ата шаарында жашайт.

-Үмөт, сен манас айтканыңда кол жаңсоолоруң, кыймылдарың укмуш экен го?
– Мен Саякбай атамдай айтам да.

– А Саякбай атаңды кайдан көргөнсүң, түш көрдүң беле?
– Телевизордон көргөм.

Толугу менен

May 11

Калмактар «кыргыздын жесирлери түндүк көтөрүп калсын» деп тиленчү экен…

Республиканын борбору, баш калаабыз көрктүү, көзгө жагымдуу болуусу абзел. Анткени, чет жактан келген меймандар кызыгуу менен шаарды аралап, сүрөткө түшүшүп, өз жерине барганда суктана айта тургандай болушу керек эмеспи. Биз деле чет жакка чыгып келсек, алардын маданиятынан баштап каада-салтаны дейре кызыгып көрүп, көрктүү скульптуралык ансамблдеринин алдында сүрөткө түшүп келип, дос-туугандарга маашырлана кеп курабыз да. Ошонун сыўарындай эле, эзелтен берки карт тарых жолубузду чагылдырган, бизди кубандырар, сыймыктантар кандай скульптуралык ансамблдерибиз бар деген суроо койгубуз келет.

399971.1.1311766707

Четтен келген конок адегенде эле шаарга кирип келип филармониянын алдындагы скульптуралык эстеликтерди баамдашы мүмкүн. Бирок, бул жердеги чок ортодо орнотулган «Манас» атабыздын турпаты дух бере албаганы өкүнүчтүү. Ал эми борбордук Ала-Тоо аянтындагы «Эркиндик» аттуу эстелик эркиндик эмес эле, эри жок калган армандуу аялга окшоп, түндүк көтөрүп, этеги ачылып, ээлигип, кайдадыр учканы жаткандай элес калтырат. Анын канатын көрүп андан ары толгон-токой аргасыз ойлорго чөгөсүў. Ушул эстелик жөнүндө менин билишимче буга чейин көп жазылып, айтылды, карапайым калк каалабай, жактырбай жатса да, али күнгө чейин жогору жактагылар кулак какпай келди. 

Илгери атам атасынан угуп калган сөздөрүн мен бала кезде айтып калар эле: калмактардын ханы кыргыздарды кырып түгөтө албай жаны ачыганда, «Ушул элди тукум курут кылып жоюп, жалаў аялдарын калтырып, жесирлерине түндүк көтөргүзсөм» деп тиленчү экен. Ошондон улам катуу жини келгендерине калмактар «катыныў түндүк көтөрүп калсын» деп каргайт экен.

Жумурткага жантая отурган канатчан аял түндүктү көтөрүп кайсы ойду көксөөдө? Балким, мында бир сыр катылып жүрбөсүн. Кандай болгон күндө да бул эстеликти алып салып, адамдарга дух берчү зор скульптуралык ансамбль коюш керек. Өткөн жылы баш калаабыздын ортосуна калмак хандарын коюп алып билбей калдык деп бир катуу уят болдук эле. Эми, менин оюмча, Т.Садыков да бир оюн айтаар. Дегеним, Баткенде ушул эле эстеликтин көчүрмөсү коюлган экен, аны да алуу керек. Бизде өнөрлүү, таланттуу адамдар көп. Чогултуп, конкурстун негизинде эл жактырган мыкты скульптураны тандайлы. Азыр мезгил да, коом да муну талап кылууда.

Нурланбек МАТЫЕВ, мамлекеттик салык кызматынын статс-секретары

(Көк асаба, №10, 11-май, 2010-жыл)

May 11

Жылаң аяк, жылаң баш, кош канатчан катындын максаты не?

Ордо калаабыздын чок ордосу болгон Ала-Тоо аянтындагы В.И.Лениндин эстелигинин ордуна 2003-жылы орнотулган «Эркиндик» монументи тууралуу сөздөр учурда кызуу талкууга алынууда.

759358826

Оболу «КР Эл сүрөтчүсү», белгилүү скульптор Тургунбай Садыковдун 2003-жылы «Адабий гезит» бетине берген интервьюсун («Адабий гезит» №42 (116), октябрь, 2003-жыл, «Эркиндик» монументинин коюлушун саясатка айлантып жиберишти». 5-бет) мисалга тартайын: Суроо: «Монументтин негизги идеяларын чечмелеп берсеңиз?» Автордун жообу: «Монументтин чечмеленишинде үч идея камтылган. Биринчиси – аялдын учуп бараткандыгы чагылдырылып турбайбы, мунун өзү эркиндикти чагылдырып турат. Экинчиси – аялдын бут алдындагы глобус: Жер шарынын элеси чагылдырылган, бул бүткүл дүйнө элдеринин тилеги – тынчтык жана эркиндикти көксөөнүн белгиси болуп эсептелет. Негизи дүйнө элдеринин жогоруда айтылган эки гана проблемасы бар. Үчүнчүсү – аялдын колундагы бийик кармалган түндүккө байланыштуу. Түндүк – бул жаңыдан куралып өз алдынчалыкка жетишип келе жаткан мамлекетибиздин символу».

 Эми монументтин негизги идеяларын чечмелеп көрсөк. Автордун айтуусу боюнча монументте үч идея камтылган: 1. «Учуп бараткан аял» – эркиндиктин символу; 2. «Аялдын балтыр алдындагы Жер шары» – тынчтыктын символу; 3. «Аялдын колундагы түндүк» – мамлекеттин символу.

 Негизинен, символдордун аталыштары абдан орундуу да, олуттуу да. Бирок, алардын чагылдырылышы күмөн туудургансыйт. Андыктан, бул үч символдун ар биринде кыргыз элинин улуттук идеясынын чагылдырылышы канчалык ишке ашырылгандыгын кенен талдоого алып көрөлү:

 1-символу, «кош канатчан учуп бараткан аял» – биринчиден, аял искусстводо, мифологияда, динде байыркы символдордун бири, бирок, Борбордук Азиядагы тектеш элдердин биринде да кош канатчан учуп бараткан аял кездешпейт. Алар аны жасай албагандыктан эмес, кош канатчан учуп бараткан аял алардын дүйнөтаанымына жат экендигинде. Ошондой болсо да, бул жагынан алганда Т.Садыковдун биринчи символу мейли оригиналдуу дейли. Асыресе Европа, Түндүк Америка өлкөлөрүнүн дээрлик баарында тең мындай классикалык түрдөгү символ өтө кеңири таралганын баарыбыз эле билебиз, мисалы: Санкт-Петербургдагы «Александриялык мамы» («Александрийский столп»), Нью-Йорк шаарындагы колунда факел кармаган «Эркиндик» статуясы («Статуя Свободы»), мындан сырткары католицизмди дин туткан Европа өлкөлөрүндө «Мария кыздын» («Дева Мария») статуялары өтө жыш орнотулган. Ал эми бул жагынан алганда, символ универсалдуу болуп калган, демек ал көчүрмө-копия. Минтип айтып жатып, бир нерсени эстен чыгарбасак, христианчылыкта кош канатчан аял ар дайым эле ыйыктыкты же сулуулукту түшүндүрө берген эмес, анын экинчи мааниси да кеңири тараган, ал сатанизм, дьяволизмдин, калып баратса вампирликтин символу болуп келген. Муну, монументтин автору эске алышы зарыл эле. Эми кыргыз элинин дүйнөтаанымына кайрылсак, турмушта аял кишиге же аял образындагы мифтик, диний каарманга кыргыздар эч бир заманда, доордо сыйынып, тайынган эмес. Бирок сыйлаган, урматтаган, сулуулугуна суктанган, эркектикинен кем эмес укук да берилген. Ооба, кыргыз мифологиясында Умай Эненин образы бар жана Умай Эне үй коломтосунун, эненин, ымыркайдын колдоочусу катарында гана чектелип түшүндүрүлүп келгенин билебиз. Мүмкүн скульптор аны периште катарында түшүндүргүсү келсе керек, бирок ислам дининдеги периштелер (Азрейил, Жебрейил, Мекейил, Исрапил ж.б.) эркек образында берилет эмеспи. Арийне, скульптор өзү айткандай: «Аял деген бул ыйыктык, бул кут. Биз эмес орто кылымдарда да аял дегенде ыйыктыкты, сулуулукту түшүнүшкөн» дейт. Кыргыз тарыхында, жадыга сактап келген элдик жомок, дастандарында, жалпы эле руханий маданиятында аял каармандары белгилүү из калтырган. Маселен: Каныкей энебиз, Айчүрөк энебиз ж.б. Бирок Каныкей энебиздин биз билген касиети, ыйыктыгы Манас атабыз аркылуу белгилүү болуп жатат. Ошондой эле, Айчүрөк энебиз Семетей атабыз аркылуу Айчүрөк болуп, элдин эсинде сакталып калган. Жогорудагы кеп кылынган кыргыз дүйнөтаанымына, тарыхына таандык мисалдардын биринде да скульптордун чагылдырган аял образы, биздин оюбузча, таптакыр дал келбейт. Себеби, ал кош канатчан, канаты  да учуп бараткан аялды эмес, жаңыдан күүлөнүп, теминип, «мына, эми учам» деген аялды көрсөтүп турат. Батыш менталитетине таандык «кыска причёска» – чачы кесилген, жеңи ийинине чейин түрүлгөн, оң балтыры, чурайы ачык, жылаң аяк, жылаң баш. Ал эми кош канатчан мифтик аял кыргыздын дүйнөтаанымына түгүл, түшүнө да кирген эмес. Азыркы тапта табыйгаттын мыйзамченемдерине каршы – «гендер» деген Батыштан жалаңгычтай болуп каптап келген саясатты кубаттагандар бул «кош канатчан учуп бараткан аялдын» турушун кубаттаар. Анткени алардын негизги максаты, аял менен эркектин ортосундагы теңдикти орнотуу болуп эсептелинет. Андай болсо, аялдар эркектерди бала туудуртуп көрүшпөйбү? Мына ошондо даана теңдик, «гендердик» саясат орнойт. Кыргыздарда – «ар ким өз ордун билиши керек» дейт. Эр өз ордун – аял өз ордун, кайнене өз ордун – келин өз ордун билиши керек. Жок, андай болбойбу, анда эле кыргыз эли улут катары курут болот.

 Эми скульптор айткан жана колу менен жасаган 2-символу, «аялдын балтыр алдындагы Жер шарына» назар бурсак. Биринчиден, тоголок-шар – Евразия элдеринде туруксуздуктун символу деп эбак эле кабылданган. Байкаганга, монументтеги Жер шарынын диспропорциясы да бузулган. Экинчиден, кыргыз элинин дүйнөтаанымында аял башат, эр башат деген түшүнүк бар. Эр башат бул – Теңир (Көк-Асман, Теңир-Ата, Жараткан), Аял башат бул – Жер (Жер-Эне). Ушундан улам, Теңир жогорудан төмөндөгү – Жерди карайт. Жер төмөндөн жогорудагы – Теңирди карайт. Ортодо баласы – Киши жаралат, делет. Жерди Теңир багат, Жер Кишини багат. Теңир-Ата, Киши баласына руханий азык берсе, Жер-Эне Киши баласына материалдуу азык берет. Бул байыртадан бери келе жаткан көчмөн кыргыздын дүйнөтаанымына сиңген турмушу, философиясы. Анан скульптордун, жогорудан багып турган кош канатчан аял аркылуу төмөндөгү Жерди мингиздирип, жумуртка баскансып, чурай астына салып койгондугу кандай философия, кандай символ, кайсы элдин философиясы, кайсы элдин символу?!

3-соңку символуна да кайрылып көрөлү – «аялдын колундагы түндүк». Көчмөн кыргыздын алдындагы күлүк аты сымал, ою да күлүк болгон, ошондон: «ой күлүк – кууса жеткис» деп айтып келгени да ырас. Кыргыздын бир улуулугун ушундан бил, өзүнүн жашоо шартына ылайык бир чай кайнатымда тигүүгө да, чечүүгө да үлгүрө алган боз үйдү тапкан. Түндүк – Күндүн символу. Уук – Күн нурунун символу. Түндүк тууралуу кыргыз дүйнөтаанымында бир нече принциптер, тыйымдар бар. Алар азыр да кыргыздын эсинен чыгып кете элек, чыкмак түгүл турмушунда орду менен колдонуп келе жатат. Ошолордун бири катары, түндүктү эр жигит көтөрүп келет, эч болбоду дегенде, кичинекей эркек балага көтөртөт. Анын да себеби бар, көтөрүлүп жаткан түндүк бекем адамдын колунда болушу керек, кокусунан орто жолдон ал түшүп же тайып кетсе, аны жамандыкка жорушкан. Ошондуктан, түндүктү билеги күчтүү эр азамат көтөрчү. Мунун да себеби жок эмес, түндүк жалпы үйдүн уңгусун түшүндүргөн. Ал эми эр жигит – үйдүн ээсин түшүндүргөн. Буга карата кыргыз элинде бир катар кеп-сөздөр айтылып келет: «түндүгүң түшпөсүн», «түндүгүң айланбасын», «түндүгүңөн түтүн буласын», «бир түндүктөн күн көр». Ал эми биз кеп кылып жаткан Т.Садыковдун монументиндеги үчүнчү символ – «түндүктүн» ургаачы-аял киши тарабынан көтөрүлүп тургандыгы, кыргыз элинин дүйнөтаанымына туура келбеген, улуттук салтка, маданиятка, философияга каршы иш жасагандай туюлат.

 Дагы бир айта кетчү сөз, бул монументтин астындагы таш постаменттин төмөн жагындагы эр оюму жөнүндө болмокчу. Кыргызда ал оюм, эр жигиттин символу катары – ЭР ОЮМ деп аталган. Мына ошол эр оюмдун башы, шарт боюнча жогору жакты же сыртты карап турушу керек эле. Ал эми бул постаменттеги эр оюмдун башы төмөн жакты карап тургандыгын көпчүлүк байкабагандыр. Ал постаментте мурда В.И.Ленин кыргыздын жигиттерин төбөсүнөн басып, буту менен тебелеп келген болсо, азыр жигиттерибизди кайдагы бир кыргыз эмес катын табарсыгы менен басып жатат.

 Мунун баарын күйүп-бышып эмнеге айтып жатат деп ойлоорсуздар, мунун да жайын түшүндүрөйүн. Адамдын колу менен жаралган айрым сүрөт жана скульптураларга жан кирип, материалдаштырылып, турмушка ашырылып, тирүү адамдын психикасына, демек жашоосуна таасир эте тургандыгы баарыңарга белгилүү чыгаар. Мунун бирден бир мисалы, кечээ жакында Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтына орнотулуп кийин алынып салынган (эл нааразы болгондуктан) Коңурбай, Жолой, Шыпшайдарлардын эстеликтери. «Манас» дастанындагы Шыпшайдар ким экендигин жана кандай кейипкер экендиги маалым, ал: Манастын Аккуласын, Манастын он эки чоросун атып өлтүргөн кытайдын Эсенканынын көзгө атары. Ал эми али да каны кургай элек, жаны Ала-Тоо аянтын айланып учуп жүргөн сексенден ашуун окко учуп, шейит кеткен эр азаматтарыбызды аткан К.Бакиевдин көзгө атар Шыпшайдарлары эмеспи? Скульптураларга жан кирет дегеним ушул. Себеби, Коңурбай, Жолой, Шыпшайдарлардын эстеликтери ошол күндөрү да (6-7-апрель күндөрү) эч козголбой «Сүйүү багында» турган эле.

 Айтаарым, келечекте, мындан ары мамлекеттик маанидеги скульптуралар атайын адистердин, жалпы элдин сынынан өтүп туруп, кыргыздын тарыхын, философиясын, дүйнөтаанымын чагылдыра турган чыгармалар орнотулса.

 Башкасын айтпаганда да, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символу болуп эсептелинген кызыл-кан түстүү Желегибиз да өз кызматын аткарып, элибизди канга сугарып келе жатат.

 Талантаалы БАКЧИЕВ, манасчы, филология илимдеринин кандидаты

(Көк асаба, №10, 11-май, 2010-жыл)

 

Oct 20

Айтыбар чечен чалдыккан төрт дарт

Асыкбек Оморов (Чын Темир), жазуучу

Кыргыздар кимдир бирөөгө иш тапшырарда же келин-кыздарынын, уул-балдарынын бир ишинин жыйынтыгы чыкпай калса, аларды каймана түрдө гана зекип, какыс-кукус кылып кекетпей, макал сөздөр менен айтып, мисал келтирип, катуу уялтып койчу. Кээ бир чечендик сөздөрдө, акындардын айтышында сөздөр жаңыланып, колдонулуп ырга кеткени да байкалат. Буга Талым кыз менен Көбөктүн айтышканын мисал келтирсе болот. Бул айтыштын алгачкы формасы – жорго сөз түрүндө табышмакталып айтылган сөз.

Элдик уламага караганда, Талым кыз ашкан сулуу, акылман болуп, эл арасынан эр тандап, эч кимди жактырбай, аягында ким менин табышмактарымды жандырса, ошого турмушка чыгам деп жар салдырат. Ар кайсы аймактардан мен-менсиген акылдуулар, чечендер келип, эч кимиси ал кыздын суроолоруна жооп таба алган эмес. Ошондо Көбөк деген адам Талым кыздын табышмагын таап, сөзгө жыгат. Бул Талым кыздын табышмактары бир нече бөлүмдөн туруп, адамдын эске тутумун татаалдаштырган. Эзелки ата-бабаларыбыз, акылдуу кыздарыбыз кандай татаал көп сөздөр болсо да, баары бир аларга ирээти менен жооп таап, чечмелешкен.

Толугу менен

May 26

Кыргыздын ырым-жырымдары

Асыкбек Оморов (Чын Темир)

Кылымдар бою укумдан тукумга өтүп келген бул элдик асыл сөздөр ойго жоомарт, мааниси өтө терең келип, ар бир ата-эне өзүнүн балдарына ар кандай ырым-жырымдарды үйрөтүп келишкен. Бул кыргыз ырым-жырымдары айрым бир адамдын эмгеги болуп эсептелбестен, жалпы элдик оозеки чыгарма болуп, укум-тукумга эстафета сыяктуу өз маани-маңызын жоготпой ушул күнгө чейин сакталып келет.

Улуттун уңгусу бул – тил. СССР убагында орустар өз эне тилибизди унуттурууга аркеттенишип, балдарыбызга мажбурлап орус тилин таңуулап окутуп, атургай, өз тарыхыбызды эмес, мектептен баштап институт, университеттерге чейин КПССтин (Советтер Союзунун Коммунгисттик партиясы) тарыхын окутуп келишти.

Толугу менен