Кыргыз жана ааламдык илим

(Уландысы. Башы ѳткѳн санда)

Гүлсара МАМБЕТАЛИЕВА, “Манас” изилдөөчү

УЛУУ ДООРЛОРДУН АЛМАШУУСУ – ГАЛАКТИКАЛАРДЫН ТОГОШУУСУ

«Мезгил сабактарында»  улуттук каада-салт, үрп-адат, кол өнөрчүлүк, тил ж. б. ата-тектен бери келаткан касиеттер ошол улуттагы адамдардын азыркы учурда жаңы доордун адамы болуп калыптанышында же б. а. эволюциялык секирик жасашында зор мааниге ээ экендиги белгиленген. Улуу доорлордун азыркыдай алмашуусу  миллиондогон жылдарда бир болуучу өтө татаал процесс болгондуктан, мында биз ошол процесстерди  жалпы жонунан түшүнүп алуу үчүн кыскача гана токтолсок.

Улуу доорлордун азыркы алмашуусу биздин Саманчынын жолу галактикабыз жана ага жанаша жаткан андан да зор, энергетикасы күчтүү галактика өздөрүнүн айланып турган өзөк октору аркылуу жакындашып, алардын чимирилген  өзөктүк энергиялары бири-бирине оролушуп, анан кайрадан галактикалардын өзөк октору ажырап, бири-биринен алыстап кетиши түрүндө өтүүдө.

Эки галактика бири-бирине жакындап, алардын өзөктүк уюлдук күчтөрү тирелишип оролууга келгенде, мурда биздин галактиканын тагдырына туш келип көрбөгөн “куюндук жаңы механизм” иштей баштаган. “Кошуна галактика менен Саманчы жолунун өзөктүк уюлдарынын сыртка карай чыгып, айланууда болуп турган энергиялары мурда кезигишип көрбөгөндүктөн, бири-бирине тикелей туш келишкенде бири экинчисине тааныш эмес энергиялардын гармониялуулукта оролушуп кетүүлөрү (бирдей ылдамдыкта жүгүрүп айлануулары менен туура оролушуп кетүүлөрү) ишке ашып, эки галактиканын денелери бейчеки солкулдабай, бул өзөктүк жолугушуудан аман-эсен өтүштү, жаңы кубаттуу энергия менен кездешүүсү болуп өттү. Жаңы күчтү ар бир галактика өз койнуна  тынымсыз айланып, чимирилип турган өзөк кубаты менен эшип киргизип алышты” («МС», 2-т., 136-б.). («Мезгил сабактарында» алдыда боло турган окуялар аныгында болуп өткөндүктөн, ага ылайык текст бир аз редакцияланды).

Эки галактиканын мына ушул жолугушуусунда, б.а. галактикалык өзөктөр  бир сызык  чегинде дал келишкенде, эң күчтүү энергия бөлүнүп чыга турганы алдыда айтылган. Ал энергия дароо эки галактикага тең таралмак. Мына ошол окуя 2012-жылдын 22-декабрында болуп өттү. Бул күн Саманчы жолу галактикасынын өзөктүк түпкүрүнөн аккан Космостун жыш толкундуу активдүү энергиясынын резонансы (илеби) Жер сферасына таасир бере баштайт деп айтылган. («Көк Асаба», 2011, 8-ноябрь).

Демек,  акыр заман деп айтылып жаткан 2012-жылдын 21-декабры чындыгында да  мындан мурдагы доордун (же замандын) акыркы күнү болду. Жана анын эртеси – 22 декабрда Ааламдан жыш толкундуу күчтүү (б. а. оттуу) энергия бизге келе баштады.

Быйылкы кыш декабрдын башында кычыраган суугу менен келип, электр жарыгы өчүп, газ жок болуп башталган эле. А бирок, 22-декабрдан бери биз андай сууктан алыс болдук. Андан бери деле кар жаап, суук болгон күндөр болду. Бирок, андай күндөр, Д. Сарыгулов айткандай, бир жагынан Байкоңурда сыноолор жүргүзүлгөнүнө же космос кемеси учурулганына байланыштуу болсо, экинчи жагынан 12-январдагыдай же 10-февралдагыдай ай жаңырганына, б. а. ай арасына байланыштуу болду. Андыктан, биздин Кыргыз жергебиздеги быйылкы кыштын салыштырмалуу жылуу болушу галактикалардын өзөктүк уюлдарынын жолугушуусунун натыйжасында Ааламдан келип жаткан күчтүү энергиянын таасири деп толук негизде айтууга болот.

“Галактикалык өзөктөрдүн бир сызыкка дал келүүдө бири-бирине сиңирген күчтөрү, андан аркы өсүү процессинде да аракетте болуп кала берет. Дал  келишүүлөр алыстап, өзөктүк кубаттар солгун аракетте болгону менен, кийинки жаңы айланышуу этабы  мурда аларда эч качан болуп көрбөгөн  жаңы күчкө толуп, өздөрүнүн күчү жеткен сфералардын барына  өнүгүү багытын гана берип турат”.  (МС, 1-т., 75-б.).

Демек, эки галактиканын өзөктүк уюлдарынын бири-бирине жакындап, оролушуп, кайра ажырап, алысташы аркылуу биздин Жер планетабызда эле эмес, Саманчынын жолу галактикабыздын жана Аалам мейкининде ага жанаша жаткан башка зор галактиканын ичиндеги бар болгондун бардыгында жогорку жыштыктагы күчтүү энергия таралып, жаңы доордун өнүгүү багыты күчүнө кире баштады.

ОТТУУ ДООР ЖАНА АЛТЫН ДООР

Мына ошентип, Жер планетасында мурдатан айтылып келаткан кой үстүнө торгой жумурткалаган, берекелүү, бейпил Алтын доорго өтүү процесси башталды. Ал эми ошол  Алтын доорго өтүү жолу эки бөлүктөн турат экен:

1) Оттуу доор;  жана  2) Алтын доор.

Оттуу доор 3 этаптан турат: 1) тазалануу;  2) синтезделүү;  3) өсүп-өнүгүү.

Ал эми Оттуу доор аркылуу Алтын доорго келиш үчүн массалык, глобалдык тазалануу талап кылынат. Тазалануу  Ааламдан келип жаткан оттуу энергияны кабыл алуу аркылуу жүрөт. Биз алгач ошол Аалам кубатын туура кабыл алалы деп ниет коюшубуз керек экен. Мурунку жашап өткөн муундардын да жаңы доорго өтүшү үчүн, ошондой  эле өзүбүз менен кошо алып жүргөн ата-тек касиеттерибизди тазалаш үчүн “Ааламдан аккан жыш толкундуу ыйык энергия таасиринин алдында биз мурунку муундар үчүн кечирим сурасак, тилегибизди Ааламдын ошол жаңы энергиясы колдоп кетээри” айтылууда. («МС», 1-т., 119-б.).

Жаңы доордо ой зор күчкө ээ болгондуктан, ар бир инсан таза ойлорду гана алып жүрүүсү, ой менен  сөзүнүн, ишинин тууралыгын көзөмөлдөп туруусу зарыл. Көкүрөк сезимибизди терс нерселерден оолак алып жүрсөк, Аалам кубулушу жүрүп жатканда  келген улам күчтүүрөөк, улам жаңы энергияларды кабыл алууга дене мүчөбүз даярданып, ылайыкташып турат.

Оттуу тазалануу азыркы учурда Аалам, Жерди байланыштырып турган Кыргыз жеринде, элинде башталууда. Ал эми “генетикалык катуу бурулуш бардык Жер жарандары менен болот” («МС», 2-т.,  111-б.). “Ар бир улуттун адамдарынын ойгонуусу бир деңгээлде болбостон, мурун, кийин жана ар кандай формада болот. Көрүнбөгөн дүйнөнүн таза күчтөрү, жогорку сферадагы цивилизациянын өкүлдөрү, сырдуу сферанын  устаттары аруулугу арткан ар бир инсан менен иштешүүгө даяр болушат”. («МС», 1, 86-б.). Башкача айтканда, жогорку руханий күчтөр, периштелер адамзатка эволюциялык процесстен өтүүдө жардам беришүүдө. Адамдарды арам ойдон, жаман сөздөн, жаман иштерден алыс болуп, сергек, таза болууга чакырык жасалууда.

(Уландысы кийинки санда)

One thought on “Кыргыз жана ааламдык илим

  1. Pingback: Кыргыз жана ааламдык илим | Көк асаба

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *