Моралдык-интеллектуалдык позицияны иштеп чыгуу – биринчи кадам болуп турат

Салттуу маданиятыбыз – бул, улуттун жашоо концепциясы жана философиялык позициясы.

Айбек БАЙЫМБЕТОВ, мекенчил жаштардын ѳкүлү

Жалпы эле маданият түшүнүгү кыйла кенен жана анын так чек аралары аныкталган эмес. Ошондуктан маданият биздин учурда мамлекетти саясый-экономикалык кризистен алып чыгуу багытындагы революциялык курал катары дагы каралат. Азыр эски түзүлүштүн жашоо убагы бүтүп, жаӊы түзүлүш жарала албай турган убак. Бирок эскинин инерциясы дагы да болсо өз үстөмдүгүн жогото элек. Себеби ал күч учурдагы глобалдык цивилизациянын илеби менен кармалып турат. Биздин аша турган барьер ушул. Буга революциялык кадам керек, ансыз астыбыздагы тоскоолдук алынбайт…

Мамлекеттин башкаруу түзүлүшүн алмаштыруу менен элдин табиятын алмаштыра албайсыӊ. Ошондуктан бийликке умтулуп жаткан бардык саясый аракеттерди жөн гана убакыттын жүрүшү менен бири-бирин алмаштыра турган күч катары карасак туура болчудай.  Чынында мамлекетти бийлик бутактары башкарбайт, алар формалдуу гана мүнөзгө ээ. Коомчулукту, дегеле жалпы өлкөнүн жашоосун структуралык мамлекеттик башкаруу түзүлүшүнө кирбеген дүйнөлүк экономика, идеологиялык интервенция жана башка материалдык куралга кирген башкаруу деӊгээлдери тескеп келет. Материалдык куралдын түрлөрүнө согуштук, ошондой эле генндик куралдарды киргизишет. Акыркы генндик куралдын арсеналына алкоголь, тамеки, наркотик, сойкулук сыяктуу элдин генофондун олуттуу түрдө талкалай турган терс каражаттар тарыхый эффективдүүлүгүн көргөздү. Ал эми дүйнөлүк финансылык система элдин дээрлик көпчүлүгүн үстөк пайызга отургузду дагы, идеологиялык башкаруу приоритети болсо диндер жана ошондой эле маалыматтык манипуляция аркылуу элге  руханий комфорттун иллюзиясын таӊуулоодо. Улуттук баалуулуктарга карай ориентир ала албаган жаштар позициясын шектүү идеялык толкундарга массалык түрдө алдырып коюшту. Бул дегредациялык тенденцияга мамлекеттик бийлик чекит кое албасы түшүнүктүү болду, анткени бийлик башкаруунун концептуалдык принциптерин түшүнбөй келет жана ал толук түрдө батыш мамлекеттеринин түзүлүш моделинен бөлөк багыт ала албады.

МАДАНИЯТТЫН ЖОЛУ ТУРУКТУУ ЖАНА ТҮБӨЛҮК

Заман чакырыгына жана элдин мүдөө-талабына туура келген адекваттуу муун бийликке келмейинче, азыркы системадан үмүттү алып коюп эле жеке аракетке өтүш керек. Жеке аракет руханий-интеллектуалдык куралды чыӊдоо менен ишке ашырылышы зарыл. Азыр элдин жалпы маданий климаты бузулган, саясый-экономикалык реформа эмес, коомчулукка адегенде интеллектуалдык жана моралдык реформа жүргүзүү орундуу болмок. Бул процессти мамлекеттик бийликтин жардамы жок  эле,  эл өз алдынча уюштуруп кетүүгө кенен мүкүнчүлүк бар. Кайсы бир деӊгээлде учурда элдин ичинде маданий-идеялык интеграциянын кыймылын байкаса болот, бирок ал кайра эле системалык көйгөйлөрдөн чыгалбай келет. Буга коомчулуктун социалдык активдүү катмарынын идеялык башаламандыгы, ошондой эле улуттук интеллигенциянын алсыздыгы себеп болуп жатат. Элдин дагы калыӊ катмары жогорудагы айтылган мамлекеттик системага баш ийбеген башкаруу схемалары аркылуу дезориентациялык абалда руханий вакуумга түшүп калганы жакшы жагдайдын мүмкүнчүлүгүн алыстатууда.

Салттуу маданият биздин түшүнүгүбүздө этнографиялык архаика гана эмес, улут жашоосунун концепциясы катары каралууга тийиш. Учурда башыбызга үйүлгөн мамлекеттик системанын кризистик абалы менен кошо элдин руханий-моралдык деӊгээлинин кескин түрдө төмөндөп кеткени жаӊылык эмес.  Башкаруунун мамлекеттик түзүлүшүнөн да алда канча эффективдүү болуп эсептелген маданий-идеологиялык  приоритетинин мүмкүнчүлүгү бүгүн даана байкалууда. Системалык жаӊыланууга бара албаган мамлекеттик бийликтин ордун –  коомчулуктун активдүү интеллектуалдык катмары менен эл өзү алууга тийиш. Буга салттуу маданиятты уюштуруу, башкача айтканда калыӊ элдин руханий-моралдык деӊгээлин көтөрүү багытында иштей турган күчтүү  интеллектуалдык-моралдык позиция түзүү керек. Жана бул уюштурула турган, жалпылап айтканда, элдик позиция айныксыз түрдө салттуу маданияттын фундаменталдык баалуулуктарына негизделиши зарыл. Жана бул маселе дегеле талкууга алынбашы керек. Себеби титулдук улут болуп саналган кыргыз элинин чыгармачыл потенциалын жана аны менен бирге  жаӊы тарыхый өнүгүү этабына элдин күчүн мобилизациялай турган бирден бир  күч бул – салттуу маданият. Ансыз кыргыз элинин жашоо кыймылын, рух тирүүлүгүн элестетүү мүмкүн эмес.

Элдик маданияттын бүгүнкү реалдуулугун ача турган болсок, ал жерден биз 21-кылымдагы кыргыздарды эле эмес, байыркы замандардан тартып ушул күнгө чейин жеткен адам баласынын башына келе турган баардык сыноо, жамандык-жакшылыктарды өзүнө жууруган улуу тагдырды көрө алабыз. Бул тарыхый жол кайталангыс жана ал өз жүрүшүн бүгүн дагы, эртеӊ дагы, дегеле эч качан токтотпошу керек. Мезгилдин ушул учурдагы мууну катары милдетибиз дал ушунда жатат. Ал эми калган кыйынчылык-жоготуулардын бардыгы убактылуу. Биздин тарыхый-тагдыр астындагы жасаган ишибиз гана түбөлүктүүлүктөн орун ала алат. Ушул сезим менен кыргыздын муундары жашоодогу бармандык маанисин аӊдап, эл астындагы милдет-жоопкерчилигин так, даана көрүп келген.

Салттуу маданияттын тарыхый озуйпасы ушунда – кыргыздык табиятты сактоо гана эмес, аны белгилүү тарыхый кырдаалда болгон мүмкүнчүлүгүн, руханий дараметин, чыгармачылык-кудуретин, тирүүлүктөгү кооздугун ачып берүүдө жатат. Салттуу маданият бул идеология эмес жана ал дин дагы эмес,  ошондой эле аны цивилизация менен дагы алмаштырууга болбойт.  Маданият – адамдардын акыл-эс дараметин, аӊ-сезимин жогорку түшүнүү деӊгээлине чыгара турган бийик философиялык ырааттуулук. Маданияттын жолу туруктуу жана түбөлүк. Ал эми дин менен идеологияны камтыган цивилизациянын жолу туруксуз жана убактылуу. Маданияттын өзөгүндө бийик гумандуулук жатат жана ага адам табиятынын асылдыгы чөгөрүлгөн. Ошондуктан маданияттын чеги жок жана ал эч качан көз каранды болушу мүмкүн эмес. Бир убакта жаралган маданияттын жашоосу цивилизациялык өнүгүүнүн көлөкөсүндө калып жоголушу мүмкүн, бирок ал  жашоого тийгизген таасирин, тамырын жоготпойт. Качандыр бир кезде эски урандылардын астынан жаӊы жашоо кайрадан жаралат. Элдин өнүгүү башатында руханий-маданий ишмердүүлүк турганда гана коом адилеттүү теӊ салмактуулукка жетет.

Салттуу маданиятты түзүп турган фольклор, тил, жоокердик, символдук элементтерди алып жүргѳн салттык мамилелер жана белгилер учурда биздин кайра жаралышыбызда башкы идеялык ориентир жана стратегиялык курал катары чечүүчү ролду ойнойт.

КЫРГЫЗ ТИЛИ – КЫРГЫЗДЫН АЧКЫЧЫ, РУХАНИЙ КӨПҮРӨСҮ

УЛУТТУК ТИЛ – маданий биримдикти камсыз кылат. Тилдин консолидациялык функциясы улут аралык мамилелерде эӊ башкы приоритет катары каралышы зарыл. Тилдин саясый мааниси олуттуу жана ал ар дайым күчтүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө көңүл борборуна алына турган маселе. Тил жөн гана пикир алышуудагы сөздөрдүн жыйындысы эмес, ал өзү менен кошо улуттун маданиятынын жана дүйнө таануусунун элементин алып жүрөт. Андыктан кыргыздын салттуу маданиятына,  тил – ачкыч. Жана ал кыргыздын табияты камтыган көчмөндөрдүн дүйнөсүнө кирүүдөгү руханий көпүрө болуп эсептелет. Кыргыз тилин билүү бул талап эмес. Кыргыз тилин билүү – бул мезгилдин коюп жаткан шарты. Себеби, жогоруда айтылгандай, кыргыз элинин салттуу маданияты – бул  улуттун жашоо концепциясы жана философиялык позициясы. Салттык маданиятта  улутчулдук мамиле болушу мүмкүн эмес, анткени ал маданияттын идеялык өзөгүндөгү асыл баалуулуктар бүтүндөй адамзатка таандык. Кыргыздын салттуу маданияты жалпы адамзаттын жашоосуна тийиштүү. Анткени биздин салттуу маданиятыбыз адамзаттын бийик гумандуулугуна болгон чакырык жана аракет.

ЭЛДИК ФОЛЬКЛОР – ЭТНОПЕДАГОГИКАЛЫК ТАРБИЯ ЖАНА ИДЕОЛОГИЯЛЫК БАГЫТТАМА

ФОЛЬКЛОР  дегенде эле дароо улуттун феноменалдык дараметин тирүүлүктө жашоого айландырган Манас ааламын сөзгө алуу эле жетиштүү. «Манас» дастаны – улуттун иштелип  чыккан даяр өнүгүү программасы. Анда мамлекетти башкаруу жана уюштуруудагы концептуалдык принциптер, ошондой эле элдин ички жана тышкы саясатын башкаруудагы практикалык көргөзмөлѳр, кырдаалдарды баалоонун критерийлери, чечим чыгаруу сыяктуу комплекстүү кадамдар камтылган. Бир сөз менен айтканда, шарттуу түрдө мамлекетти уюштуруунун доктринасы десе болот. Жалпысынан алганда, элдик фольклордун негизги функцияларынын бири  этнопедагогикалык тарбия жана идеологиялык багыттама болуп саналат. Улуттун баалуулуктарынан коомдук жашоонун бардык аспектилеринде система жаратуу жана аны колдоп жетектөө элдик фольклордун аткаруу мүмкүнчүлүгүнүн колунда. Элдик фольклордун, жалпысынан алганда салттуу маданияттын алып жүрүүчүлөрү болгон манасчылар, акындар, ырчы-чоорчу, санжырачы-тарыхчылар фольклордун ритуалдык формаларын жаратуу менен адамдардын жүрүм-турум нормаларын калыптандырат. Элдин чыгармачыл бул катмары же интеллигенциясы учурда мамлекеттин жашоосуна реалдуу таасир бере турган потенциалдык күчтү алып жүрөт. Анткени коом идеялык образды жана так коюлган максаттардын түзүлүшүн талап кылат. Фольклордун социалдык функциялары актуалдуу. Анткени бүгүнкү элдин аӊ-сезимине элдик оозеки көркөм чыгармачылык дагы деле эффективдүулүгүн көргөзүп келет. Көчмөндөрдүн фольклордук формасы коллективдүү чыгармачылыктын субъектиси болуу менен бирге индивидуалдык чыгармачылыктын дагы жеке реализацияланышы менен бирге тереӊ шайкештирилген. Андыктан көчмөндөрдүн фольклордук философиясы универсалдуу деп айтса болот.

ЖООКЕРДИК ӨНӨР, УЛУТТУК ОЮНДАР – УЛУТТУН ИЧКИ ПОТЕНЦИАЛЫ

ЖООКЕРДИК ѲНѲР – согуштук тактикалардын жана кармашуу өнөрүнүн, ошондой эле мекен алдында милдет-жоопкерчиликти тарбиялоонун жыйындысы болуу менен  тереӊ функционалдык  мазмунду алып жүрөт. Согуш өнөрүн өздөштүрүү согуш убагында гана коопсуздукту камсыз кылуу менен чектелбейт. Ал жай турмушта дагы, аны кошо курчап турган социалдык, ошондой эле табият чөйрөсүн камтып,  гармонияда жашаган адамды  ар тараптуу, тең салмактуулукту сактаган инсан катары калыптандырууга арналган дисциплина. Бул дисциплина кыргыз баласынын этикалык системасы  жана моралдык мыйзамы  жөнүндө кабар берет. Жашоого, элге, өзүнө болгон мындай мамиле адамды бийик максаттарга жетүүгө мотивациялайт.  Маселен,  жоокердик заманда ар бир кыргыз жоокери Элдин астында кызмат кылууну милдет деп эсептеген. Эл үчүн өз өмүрүн берүүгө даярдык сезими кыргыз баласынын ички өзөгүндө калыптанган баалуулук болгон.  Кыргыз жоокери үчүн согушуу, согуш талаасында курман болуу же согуштук жүрүшкө аттануу анын тагдыры катары кабыл алынган.  Бул тарыхый факт экенин тарыхый булактар бүгүн бизге маалым кылбаган күндө деле, салттык тарбия дал ошондой деӊгээлге чейин тарбиялаганын билебиз. «Намыс – өлүмдөн бийик»  принциби кыргыздын жашоо философиясы болгон эмеспи. Ошондуктан күчтүү улуттук эрктин гана негизинде негизделген мамлекет бекем болот. Андай бекемдикти маданияттын бекемдиги камсыз кыларын унутпаш керек. Мындай мамлекетте жашаган коом анык эркиндикке жана адилеттүүлүккө жетет.  Жоокердик дымактын күчтүүлүгү адамда баатырдык, ар-намыстуулук, кайратмандык, жасаган ишине чынчыл менен берилгендик, ошондой эле чечкиндүүлүк сапаттарды жаратат. Мындай сапаттарды алып жүргөн адамда жеке эгоизмден келип чыккан арамзалык, куулук, кошоматчылык, саткынчылык болушу мүмкүн эмес. Ошол себептен, бүгүн кыргыздын согуш өнөрүнүн принциптеринин негизинде адамдын жүрүм-турум стереотибин уюштурган моралдык-этикалык дисциплина жаратуу зарыл болуп турат. Ал дисциплина эӊ негизи адамдын Мекенге, Элге, Жерге болгон мамилесин тарбиялайт. Жана ошондой эле коомчулуктун социалдык мамилесин тартиптүүлүккө алып келип, руханий-нравалык баалуулуктардын авторитетин пайда кылмакчы. Аскердик өнөрдүн принциптерин өнүктүрүү эч кандай согуштук аракеттерге тиешеси жок. Ал тынчтык жана бейпил жашоону гана багыттаган система болуп саналат. Ал эми аны ишке ашырууда биздин улуттук оюндар эӊ башкы жана негизги ролду ойномокчу. Улуттук оюндар Кыргыз мамлекетинин кубаттуу өнүгүшүндө стратегиялык маанилүү орунду ээлейт. Ат оюндары,  күрөш, тогуз-коргоол, ордо жана башка өнөрлөр улуттун ички потенциалын кармап турат жана улуттун эркин, ошондой эле дымак күчүн демонстрациялайт. Улуттук оюндарды өнүктүрүү жана уюштуруу – биринчи кезекте ишке ашыра турган саясат. Себеби ал элдин, жалпы мамлекеттин ички жана сырткы коопсуздугун камсыз кылат эмеспи.

СИМВОЛ-БЕЛГИЛЕРСИЗ ЖАШОО АРХИТЕКТУРАСЫ КУРАЛБАЙТ

УЛУТТУК СИМВОЛДОР ЖАНА БЕЛГИЛЕР – дүйнөнү символ жана белгилер башкарат деген туюнтма баарыбызга маалым. Бул айтылгандын негиздүү себеби бар. Элдин улуттук аӊ-сезимин көтөрүүдө символизмди колдонуу адамдардын аӊ-сезимин багыттого жардам берет. Ар бир символ өз алдынча жана бир канча белгилер менен ар кандай комбинациялардан турган формула жарата алат. Ал формула белгилүү бир түшүнүктү жана философиялык мазмунду камтыйт. Маданият  – өзү символизм. Себеби, анын ар бир элементинде сакралдык маани чөгөрүлгөн. Символ бир жактуу же бир беткей болушу мүмкүн эмес, антпесе анда символ жаралбайт эле.  Ал биз жашап жаткан дүйнөгө башка дүйнөнүн чагылышын көргөзүп келет. Эки дүйнөнүн ортосундагы белги символизмди берет. Башкача айтканда, символизм бул дүйнөнүн туруксуздугун жана анын шарттуулугун, ошондой эле дүйнө кабылдоонун чексиз мүмкүнчүлүгүн ачат. Кыргыздын салттуу маданияты дал ушул мазмунду камтыган символдук белгилердин жыйындысынан турат. Улуттун бирден бир символдору болгон ак калпак, боз үй, асаба, уруулардын эн тамга белгилери, саймалуу-таш, оюм-чиймелери  – элдик дүйнө таанымдын ачкычы, элдик маданияттын уюткусу, дүйнөгө болгон жарыясы жана кабары. Улуттук символдор кол тийгис жана ыйык, ал ар дайым элдин коопсуздугунда турушу керек. Улуттук символ-белгилер элдин мамлекеттик жашоосунун туруктуулугун жана бекемдигин камсыз кылган метафизикалык түшүнүк. Ансыз жашоо архитектурасы куралбайт. Символ белгилерди туура колдонуу жана түшүнүү жашоону жеӊилдетет. Ансыз болуп жаткан окуялардын объективдүү чындыгын билүү мүмкүн эмес. Кыргыз маданиятынын уникалдуулугу анын символизминин күчтүүлүгүндө жатат. Бул универсалдуу формула бардык убакта жана бардык учурда жаӊы жашоого негиз болуп бере алат. Анткени анын мазмуну биздин дүйнө менен чектелбейт, анын чеги космикалык чексиздикке кетет. Ошондуктан символ-белгилер бизге бул дүйнөдөн эмес, шарттуу түрдө айтканда трансценденттик дүйнөдөн келет. Жалпылап айтканда, улуттук дух символизмден турат.

СОҢКУ СӨЗ

Салттуу маданиятты коомдук-саясый турмушта ишке ашыруу жана уюштуруу улуттук интеллигенциянын жана жаштардын активдүү катмарынын колунда. Коомдук-саясый, ошондой эле социалдык-экономикалык турмушта ишке ашыруу деген сөз салттуу маданияттын идеологиялык таасирин орнотуу жана жалпы улуттук маданияттын үстөмдүгүн бекитүү дегенди түшүндүрөт. Бул революциялык ишмердүүлүк болуп саналат, себеби азыркы жашоо образы толук түрдө жаӊы формада, башкача айтканда улуттук баалуулуктардын системасы тескей турган түзүлүштѳ болмокчу. Революцияны ашыруу ишмердүүлүгүнѳ азыркы мамлекеттик бийликтин бар турушу себепчи болуп бере албайт.  Ал, дүйнө таанымдык, тарыхый-идеологиялык деӊгээлдеги башкаруу системасына жетишкен улуттук интеллигенциянын катмарында жатат.

Бизде кайра жаралууга бардык тийиштүү зарыл руханий-информациялык материалдар бар, болгону уюштуруу жана координациялык тартип жетишпейт. Жогоруда айтылгандай, моралдык-интеллектуалдык позицияны иштеп чыгуу биринчи кадам болуп турат. Бул позициянын максаты элдин түшүнүгүн жана маданий деӊгээлин жогорулатуу, адамдардын жашоосуна руханий-интеллектуалдык тартип алып келүү, ошондой эле идеялык образ берүү менен максаттуу багыттамаларды орнотуу болуп саналат. Башкача айтканда, салттуу маданият идеологиялык мүнөздө жалпы улуттук маданиятка айланышы керек. Улуттук маданият биздеги башка бардык маданияттарды өзүнө камтып, жалпы мамлекеттик масштабдагы идеялык биримдикке алып келмекчи. Улуттук маданият бардык жарандардын, биздеги бардык улут өкүлдөрүнүн патриоттук ордосуна, мамлекетчилдик сезимдин сыймыгына айланышы зарыл.

One thought on “Моралдык-интеллектуалдык позицияны иштеп чыгуу – биринчи кадам болуп турат

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *