“Назар манасчы камчынын бүлдүргүсүн эт бышым айткан, Жеңижок акын аккан сууну жети күн ырдаган деген сөздөр” эл ичинде айтылып келет. Мунун өзү кыргыздар сөз өнөрүн жогору баалап: “Өнөр алды кызыл тил” деп баа бергенинен, теги манасчылык, (жомокчулук, эпос айтуучулук) жана акындык (төкмөлүк, ырчылык) өнөрдү бийик тутканынан кабар берет. Эми ошол улуулардан калган баалуу чыгармалардын толук бойдон сакталып калышына улуу элдин байыртан келе жаткан УСТАТ-ШАКИРТ ыкмасынын опол тоодой орду бар экени талашсыз. Элибиз устат күтүүнү өнөр үйрөнүүдөгү мектеп, ал эми шакирт тарбиялоону артына из калтырып, улуудан калган мурасты түбөлүк сактоо, кийинки муунга тапшыруу деп эсептешкен. Учурда XXI кылымда жашаганыбызга карабай бул ыкма дагы да маанилүүлүгүн сактап уланып келе жатат.
“Акындын ысмын ыйгаруу эмгек жамаатыбыздын кѳп жылдардан берки демилгеси болчу”
Жакында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына улуу акын Алыкул Осмоновдун ысымы ыйгарылып, «Кылым бүтүп дүйнөдөн жок болсок да, кайра кайтып жолугушчу жолдор бар…» аттуу китеп көргөзмөсүнүн ачылышы жана акындын жаңы чыккан 2 томдук “Тандалган чыгармаларынын” бет ачаар аземи болуп ѳттү.
Манас темасындагы көргөзмө –Түштүк Африкада
Сүрөтчү-промграфик Майрамкул АСАНАЛИЕВ жакында адаттан тыш сапарга чыгып келгендиктен, андан жаңылык угууга, маалымат алууга шашылдык. Эмесе, анын … күндүк саякаты боюнча куруп берген кызыктуу маегине көңүл буралы.
Куйручуктун сырдуу күчүнүн бирдиктүүлүгү
(Же, кыргыз олуясынын күч-кыймылын заманбап спорттун супер чемпиондору менен салыштырганда…)
Эмнегедир жашоомдо тоскоолдуктар өтө көп болгондуктан, мени айрым суроолор кызыктырды: адам өзгөрүп, өсүп жана андан ары өркүндөш үчүн эмне кылыш керек? Канткенде ал бийиктикке, жетишкендикке жетет? Башкалардын бийик деңгээлдеги жетишкендиктеринин сыры эмнеде?
“Бул ырчылар мурда кайда эле?»
«Улуттун уулу болгун!»
“Бош кетпей, ала кет, арзан жана аман жет”
Кыштын кычыраган мезгили башталды. Эртең мененкисин да, түштө да, кечкисин да Бишкек ичинде дароо унаага түшүп кетүү оңой эмес. Үшүгөн мектеп окуучусуна да, кары-жашына да аялдама көпкө чейин унаа күтүп калууга туура келүүдө.
Күткөн маршруттук таксиңе же автобусуңа батып кетсең да жакшы, болбосо, кайра кийинкисин күтүп, сабакка же ишиңе кечигип, суукта убара чегип, кыжалаттанып, жол тиктеп жалдыраган боюнча күнөөнү кимге коёруңду билбей тура бересиң.
Көрсө, мындай жагдайды да жеңилдетсе болот экен!
Тѳрѳкул Айтматов менен Нагима Айтматованын акыркы коштошуусу
«Тѳрѳкул балдарын улам бирден колго алып, акыркы жолу ѳѳп-жыттап коштошту: – Кош болгула, Нагый, кымбатым, жолдо балдарды абайла.
Ал үй-бүлѳсү түшүп кетип бараткан вагондон кѳзүн албай катып турду. Кѳмѳкѳйүн кѳз жашы муунтуп, аза боюн коркунуч сезими каптап, кара терге түштү…»
САГЫНБАЙ МАНАСЧЫНЫН УУЛУ АМАНГУЛДУН АРМАНДУУ ӨМҮРҮ
Таятам Сагынбай Орозбаков тууралуу маалыматтарды жыйноо, аны жана таенем Сайнапты, таеже, таекелеримди эсерүү ар убак жүрѳгүмдѳ жашап келет. Ѳзгѳчѳ Улуу Ата Мекендик согушка жаштайында аттанып кетип, атасынын улуу манасчылыгын уланта турган уулу Амангул таекем тууралуу элге жеткирүүнү парзым деп эсептеп келем…
Жакында – “Боз жол” көргөзмөсү
Канда сакталган касиеттүү узчулук өнөр демин ойготуп, ага аталардын керээзи айкалышып, абалкыны азыркыга жандантууга бел байлаган «Саймалуу Таш» (Ош шаары) галереясынын негиздөөчүлөрү, сүрөтчүлөр Арстанбек Мырзаев менен Гулжан Ирештин чыгармачылыгына арналган «Боз жол» көргөзмөсү кайра жанданууну күчөтөөрү бышык.








