Үй-бүлө жөнүндө сөз кыла турган болсок, эң биринчи атадан баштайлы, себеби, атанын жолу улук. Үй ээси – эркек.
Үй-бүлөдө атанын ролу абдан маанилүү. Биринчиден, ата-эне менен чогуу, ынтымактуу үй-бүлөдө жашаган бала – толук үй-бүлөдө жашаган бала. Мындай бала – ырыстуу бала. Атанын мээримин, тарбиясын, таалимин, камкордугун көрүп чоңойгон бала – бактылуу бала. Андай баланы «жакшы атанын уулу экен», же «атанын таалимин көрүп өскөн бала






