“Бул ырчылар мурда кайда эле?»

8-17-декабрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы филармонияга келген элдин саны арбын болду. Конңерт башталаар алдындагы элдин маанайынан алар жаңы бир нерсени жана качанкы бир жылуулукту күтүп аткандарын байкадым.

Кѳрүүчүлѳрдүн көбү орто жаштан ѳтѳ бергендери. Башталгандан 15 мүнѳт ѳткѳндѳн кийин, концерттик зал ыр күйѳрмандарына жык толду.

Кѳшѳгѳ артынан угулган:
Илгерки ыр даарыган элденбиз,
Ырдап жатып түйшүктү да жеңгенбиз.
Ѳрнѳк кылып ѳткѳндѳрдүн ырларын,
Биз аларды бийик тутуп келгенбиз.

Чын ырчылар, сѳздү бузбай ырдашкан,
Чын ырчылар ыр үстүндѳ сырдашкан.
Ѳткѳндѳрдүн элестерин эске алып,
Ыр угалы, замандаштар, курдаштар! – деген ыр саптарынан кийин, Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти, концерттин алып баруучусу Келдибек Ниязов: “Жылдызга жете үн созгондордун, филармониянын концерттик залына чыгып бир ырдасам дегендердин концерттик тобун уюштурган акын, журналист Гүлжамила Шакирова” экенин тааныштырып өттү.

Ѳткѳн доордун даңазалуу ырчыларын эске салган, «Бул ырчылар мурда кайда эле?» аттуу пародия-концертинин программасында ѳткѳн кылымдагы мыкты ырчылар: Сагыйпа Чечейбаева, Бурулча Какишева, Гүлжан Сейиткулова, Анвар Куттубаева, Салима Бекмуратова, Канымгүл Досмамбетовалардын аткарган ырлары жаңырып, элдин көкүрөк көөнүн толтурду.

Эки аккардеончу, бир шылдыракчынын коштооосунда сахнага жаңылык киргизип жаңы көрүнүштөгү концерт менен чыгышкан 7 ырчы айым: Кайырбүбү Чолпонкулова, Айгүл Жумаканова, Гүлмира Стамкулова, Раатбүбү Асыранова, Үрүнса Кадыралиева, Раймакан Исаева, Гүлжамила Шакировалар Жумамүдүн Шералиевдин «Биз ырдайлы» аттуу ыры менен бул күндүн шаңын ачышты. Сахнадагы экрандан 1970-1980-жылдардагы ырчылардын сүрѳттѳрү кѳрсѳтүлүп, алардын ырлары ырдалып, экрандагы эсте калган элестери залдагы элди тээ ошол жылдарга ээрчитип, эргүүгө салды.

Сагыйпа Чечейбаеванын үнүн эске салган ырчы Раатбүбү Асыранова «Долонду»,  «Чий баркыттан кѳрпѳчѳң» деген элдик ырды Анвар Куттубаеванын дал өзүндөй кылып үн созгон Гүлжамила Шакирова, Салима Бекмуратова аткарган «Паризатты», Гүлжан Сейиткулова аткарган «Билгин жигит» деген ырды Үрүнса Кадыралиева, Канымгүл Досмамбетова аткарган «Аёо» ырын Гүлмира Стамкулова, Бурулча Какишова аткарган «Жаштарга» деген ырды Кайырбүбү Чолпонкулова туурап, дал ѳздѳрүндѳй аткарып, кѳрүүчүлѳрдүн шатыраган кол чабуулары менен колдоо таап жатты. Кызыгы, ырчылардын баардыгынын үндѳрү даңазалуу ырчы эжелердин үндѳрүнѳ окшош болгону болду.

Убагында ырчы болом деп жүрүшүп бирок боло албай калган, Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген нукура үндүү айымдарды топтоп, аларга жакшы саамалыкты ойлоп тапкан журналист Гүлжамила Шакирова жана жогоруда ысымдары аталып кеткен алты айым накта кыргыздын улуттук кийимдерин гана кийишип, бүтүндөй концертти уюштурууга ѳзүлѳрүнүн каражаттарын сарпташып, колдорунан келген аракеттердин баарын жумшашты.

Ыр күйѳрмандары ырчы айымдарды кандай ырдашат болду экен деген сын менен да аткаруучунун ѳзүнѳ, үнүнѳ үңүлѳ кулак тѳшѳй карап-угуп жатышты. Таң каларлык. Биринен бири өтөт. Үндөрү кубулжуйт. Угармандардын ой дүйнөсүн ойдолотуп, жагымдуу ыргакка салышат.

Бул ырчылардын ырдоо ыргагын коштоп, кѳрк берип, ырчыларды дагы бир бийиктикке кѳтѳргөндөр аккордеончулар Тѳлѳбек Итигулов, Турсунбай Маматов, шылдыракчы Кадырбек Мураталиевдердин чеберчиликтери болду. Филармонияда көп жылдар бою залкарлар менен бирге иштешип кыяк тартып берген, комузда салмактуу, так черткен Төлөбек Итигулов дагы деле болсо элдин эсинен кете элек экен. “Маданиятынын мыкты кызматкери” наамын алган Итигулов 1964-1980-жылдары филармонияда иштеп турган учурунда биринчи болуп аккардеонго күү салып, «Ибарат» күүсүн жогорку чеберчиликте ойноп чыккан эле.

Келдибек Ниязовдун  Г.Сейиткулова, А.Шаршенов, Б.Какишовалар менен гастролдо жүргѳн кездеринен айтып берген окуялары болсо ѳзүнчѳ бир күлкүгѳ айланып кеткен аңыз экен, аны уккан көрөрмандар филармониянын ичин тимеле күлкүгѳ тѳшѳп салды.

Концерттин экинчи бѳлүгү ырчы айымдардын жүрѳктѳ калган ырлары менен уланды. Ар бири жакшы кѳргѳн ырларын жүрѳктүн каалоосу менен ырдап жатышты. Ал эми  Т.Итигуловдун шакирти Т.Маматов Р.Абдыкадыровдун «Жолугарым билгенмин» аттуу ырын уккулуктуу аткарды.

Ошентип, бул күнү сыртта табияттын аппак борошо кары айланып-учуп, борборду аруулукка чулгап турган учурда, филармониянын ичинде эл астына алгач чыккан ырчы айымдардын канча жылдан берки  ички дүйнѳлѳрүндө тынчтык бербей удургуган таланттары сыртка шаңшып чыгып, нукура үндѳрдү угууга суусап калган эл да ыраазы болуп, өзүлөрү да мындай керемет кечтен, жакшы кабыл алган элдин маанайынан ыраазычылыкта турушту.

Келдибек Ниязов сахнадан тамаша-чыны аралаш айткандай, уул-кызды төрөп чоңойтуп, күйөөгө узатып, келин алып, алардын артынан неберелерин талпынтып багып, эми мына колдору бошогон 7 айымдын концерти 7-декабрь күнүнө, аптанын да 7-күнүнө туш келип, бул ыйык сан күнү көкүрөктү кубанткан, көөдөндү толтурган керемет бир ыр майрам болуп өттү.

«Бүгүнкү күн, эртеңки тарых» демекчи, бир күндүн закымдап ѳткѳн учурундагы эки сааттык концерт бул ырчы айымдардын үндѳрүн шаңшытып, жүздѳрүн албыртып, катылуу таланттары катылуу бойдон калбай обого да, элге да жетип, эртеңки тарыхта да эскерилчү жаңы бир жаратмандык ойдогу концерт болду.

Кайнарбек БИЙЛИБАЕВ

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *