Dec 27

Улуу устат, соолубас казына – Токтогул

11-Токтогул

“Назар манасчы камчынын бүлдүргүсүн эт бышым айткан,  Жеңижок акын аккан сууну жети  күн ырдаган  деген сөздөр” эл ичинде айтылып келет. Мунун өзү кыргыздар сөз өнөрүн жогору  баалап: “Өнөр алды кызыл тил” деп баа бергенинен, теги манасчылык,  (жомокчулук, эпос айтуучулук)  жана акындык (төкмөлүк, ырчылык) өнөрдү бийик тутканынан кабар берет. Эми ошол улуулардан калган  баалуу чыгармалардын толук бойдон сакталып калышына улуу элдин байыртан келе жаткан УСТАТ-ШАКИРТ ыкмасынын опол тоодой орду бар экени талашсыз. Элибиз устат күтүүнү өнөр үйрөнүүдөгү мектеп, ал эми  шакирт тарбиялоону артына из калтырып, улуудан калган мурасты түбөлүк сактоо, кийинки муунга тапшыруу деп эсептешкен. Учурда XXI кылымда жашаганыбызга карабай бул ыкма дагы да маанилүүлүгүн сактап уланып келе жатат.

Толугу менен