Куйручуктун сырдуу күчүнүн бирдиктүүлүгү

(Же, кыргыз олуясынын күч-кыймылын заманбап спорттун супер чемпиондору менен салыштырганда…)

6-куйручук

 

 

Эмнегедир жашоомдо тоскоолдуктар өтө көп болгондуктан, мени айрым суроолор кызыктырды: адам өзгөрүп, өсүп жана андан ары өркүндөш үчүн эмне кылыш керек?  Канткенде ал бийиктикке, жетишкендикке жетет?  Башкалардын бийик деңгээлдеги жетишкендиктеринин сыры эмнеде?

Мына ушул кызыгуулардан соң белгилүү, атактуу, бийик адамдардын өмүр жолуна, турмуштук окуяларына көңүлүмдү буруп, сереп салып, аларды өзүмчө иликтеп көрдүм. Мындан улам, сиз окуп жаткан азыркы макалам жаралды.

Макаламдын өзөктүү каарманы – куудулдук гана эмес, көрөгөчтүк, билгилик, баатырлык, акындык жайы бар – Куйручук олуя (Кудайберген Өмүрзак уулу). Кыдыр даарыган Куйручук атанын башынан өткөргөн ар кандай керемет окуяларын кыргыз элинин ичинде билгендер арбын. Мен олуянын төмөнкү эки окуясына токтолуп, ошонун тегерегинде бул адамдын өзгөчөлүгү тууралуу ой жорудум.

Биринчи окуя. Кыш күндөрүнүн биринде Куйручук олуя аты менен тоо бойлоп келатса, алдынан карышкыр чыгат. Бирок, анын аты да үркпөй, өзү да коркунучка алдырбай, кандай басык менен бара жатышса, ошондой калыпты жоготпой карышкырдын жанынан өтө беришет. Жырткыч таң калгандай узата карап, анан алардын артынан ээрчип жөнөйт.

Таң каларлык көрүнүш эмей эмне? Эмнеге Куйручуктун аты үркпөйт, өзү коркунучка алдырбайт?

Ошентип, алар ээрчишип келе жаткан маалда алардын алдынан дагы бир экинчи карышкыр чыгып, анысы да ээрчип алат. Куйручук муну карышкырдын дөбөтү экенин түшүнөт. Бир кезде ургаачысы эркегине ырылдап, аны бир тиштейт. Куйручук айбандардын тилин түшүнүп, «чабуулга өт» деп жатканын билет.

Мына ошондо чабуул койгону жаткан дөбөт жырткычтын жасачу кыймылын Куйручук ата анын ыргагынан алдын ала заматта, көз ирмемде көрө билип, секирик жасоо менен тиштегени келаткан дөбөттү эрте эмес, кеч эмес – так өз учурунда булдурсун менен таамай чаап, турган жеринен бир шилтем менен карышкырды өлтүрөт.

Ооба, мындай таамай, бийик деңгээлге жетип, адамдын же айбанаттардын кыймылын, оюн ички дүйнө менен окуп түшүнүш үчүн Кытайда цигун менен машыккандар, Япониядагы айкидочулар же Батыштагы чоң психологдор көптөгөн медитацияларды талбай жасап, өтө чоң эмгек менен жетери белгилүү.

Муну – өз учурунда туура, так аткарылган бирдиктүү бир бүтүн кыймыл дешет.

Демек, касиеттүү Куйручук ата аалам менен, бараткан аргымагы менен, турган турпаты, ою, кыймылы, аракети менен бирдиктүүлүккө жеткен жана бул касиет-шык ага Кудайдан белек болуп берилген деп айтсак болот.

Олуянын экинчи бир окуясына токтололук. Кыш мезгилинде сапарлаш бир адам менен келе жатып, орто жолдон адамдын кардагы чоң-чоң издерин көрүшөт. Олуя издердин мынчалык чоңдугуна кызыгып, «бул кандай алп, дөө адам болду экен» деп, издин артынан жол салып жөнөшөт. Бир нече жерди басып өткөндөн кийин, адамдын изине карышкырлардын да издери аралашканы көрүнөт. Ошондо экөө аттарын тездетип чабышып, жолдон адам менен карышкырлардын жулмалашкан жерине, кан аралашкан издерине туш болушуп, андан ары узашканда өлгөн карышкырга да кез болушат. Кан аралашкан издер барып-барып, арыраак турган сарайдын ичине кирип кетиптир. Алар сарай тарапка бастырып келип ичине киришсе, дөөдөй болгон чоң адам кансырап жаткан экен. Жардамга келгендерди көрүп эле, карышкырга таланган адам өзүн таштап жиберип, ошол замат о дүйнөгө узап кетет. Ошол маалда Куйручук олуя арт жагында ырылдап турган эки бөрүнү бурулуп көрүп, акырын ылдый отуруп жерди сыйпалаганда колуна таш урунат. Көз ирмемди текке кетирбеген ал дароо ыкчам кыймыл менен бөрүлөрдүн бирөөсүн бир күү менен уруп өлтүргөндө, экинчиси уулуп-уңшуган боюнча качып жөнөйт.

Эмне үчүн Куйручук ата таш менен соккондо тийбей калбайт? Же чала тийип  калбайт? Же, тийсе да карышкыры өлбөй калбайт?

Себеби, жогоруда айтылгандай, бул жерде бирдиктүүлүк, бир бүтүндүк негизги ролду ойноду: ой, туюм, акыл, кыймыл жана башканын бирдиктүүлүгү.

Эми карышкырлар менен кармашып, сарайда көз жумган алп, күчтүү адамды иликтеп көрөлү. Ал жолдон карышкырлар менен кармашып келатып, бирөөсүн өлтүрүп, анан Куйручук аталар сарайга кирип келгенче өзүн кармай алып, андан соң гана өзүн таштап салып көз жумду.

Анын кыймылы туурабы? Ооба, өзүнүн деңгээлинде туура. Анткени бул адам өзүнүн күчтүүлүгү, кубаттуулугу, кайраттуулугу менен эки-үч карышкырга туруштук бере алды. Эгерде башка бир адам минтип жырткычтардын арасында калып калганда, алардын бирөөсүн өлтүрүп сарайга чейин жетмек турсун, дароо эле тытмаланган жемге айланып калат беле… Бул алп адамга жыйынтык чыгарсак: анда биримдиктин тууралыгы бар, бирдиктүүлүктүн тууралыгы жок.

Кайран балбан кишинин ошол мезгилде аялы кош бойлуу экен, үйүндөгүлөргө тамак-аш алып барайын деп баратып, анан бөрүлөргө туш болуптур. Бир үйдүн кожоюнун жоготуп зарлап калган үй-бүлөнү ошондо Куйручук атабыз издеп таап, оокат кылгыла деп бир канча мал берген дешет.

Каза тапкан эр жүрөк адамды Куйручук атанын эрдиктери менен салыштыра турган болсок, анын кемчилиги эмнеден кеткен? Бул адамдын кыймылында ырааттуулук, ирээттүүлүк жок болгон. Болбосо, мындай күчүнө, кубатына, эр жүрөктүүлүгүнө ички туюмун, так, таамай кыймылын, туура ыргагын пайдалана билсе, эрте эмес, кеч эмес дал өз учурунун көз ирмеминде ийгиликке төп келе турган кыймыл жасаса, ал тирүү калмак деген ой келет.

Бирдиктүүлүк күчү боюнча мен башка элдердин мисалынан да алып кеп салууну туура көрдүм. Себеби, ал мисалдар кыргыз элинин касиеттүү адамынын кыймылдарына салыштырылып, Куйручук атаны дагы терең жана даана көрүүгө жардам берет деп ойлойм.

6-ТайсонДүйнө жүзүндөгү спорттун нугун, кыймылын өзгөрткөн, спорт багытында бирдиктүүлүктүн деңгээлине жеткен, дүйнө жүзүн дүңгүрөткөн Майк Тайсондун жашоосуна сереп салалы. Майк бала кезинде кичинекей, алсыз болгон. Көзү жакшы көрбөгөндүктөн көз айнек кийип, кыздардан токмок жеп, ар кандай майда  кордуктардан чүнчүп, “баарынан тажаганда үйдүн чатырчасына чыгып кетип, бир канча саат бою көк асманды унчукпай тигилип карап, учуп жүргөн канаттуулар менен бирге өзү учуп бараткандай акыбалда болуп, мындай кыял-ою аны магдыраган сүкүт акыбалына алып келип, кадимкидей эс алып калаар эле» дейт өмүр баянын жазган Валерий Штейнбах. Бара-бара эмнегедир кичинекей Майктын начар көргөн көзү өзүнөн-өзү жакшы көрө баштап, көз айнек кийгендин да кажети жок болуп калат. Күч-кубаты да пайда болуп, көчөдөгү ашынган тентектердин атаманы көгүчкөндүн башын жулуп өлтүргөнү үчүн аны муштап жыгып, сабап, балдарды таң калтыра баштайт. Ошентип, убакыт өткөн сайын баягы “дөлдүр” бала жок болуп, жаш кылмышкерлердин арасында Майк Тайсон «дүйнө жүзүндөгү эң мыкты чөнтөкчү» деген атка конот. Түрмөгө да түшөт. Дал ошол түрмөдөн Тойсонду машыктыруучу Касс Д Амато көп балдардын арасынан өзгөчөлөнүп турганын байкап, үйүнө алып кетет. Анан, аны машыгууларга салат. Амато адашпаптыр – Тайсондун бирдиктүүлүккө келүүсүнүн белгилери ага даана байкала баштайт. Бирок, дагы көптөгөн-көптөгөн мээнет алдыда турган эле.

Тайсондун кийинки кадамдарында ар тараптуу акылдарды бир нукка салып айкалыштыруусу, бирдиктүү күчкө айлантып, бир максатта, бир кыймылда боло алгандыгы билине баштайт. Касс Д Амато мындан соң атайын топ түзөт, топтогулардын ар бири өз багытында иштесе да, бирок, баардыгы чогулуп бир кыймылды кылып кете беришет. Бир нече адам, бир нече иш – бирок, бир кыймыл. Тайсондун машыктыруучусу, психологу, менеджери, массажисти, секунданты, машыгуучу өнөктөштөрү, дарыгери – баары өз багытында, Майк Тайсон дагы өз багытында. Ушулардын баардыгы чогулуп бирдиктүү бир ойду багып, бирдиктүү бир кыймылды кылып, багыттуу, так, даана аныкталган максатты көздөштү – бул, дүйнөлүк чемпиондукка баруу.

Канчалык Тайсондун деңгээли көтөрүлгөн сайын, топтогу катышуучулардын эмгек маянасы, жашоо деңгээли дагы көтөрүлө берди. Топтун кызыкчылыгында  ажырым болбой, бир бүтүн, бирдиктүү, сапаттуу үлгүнү кармашты. Бул жерден айта кетээрим, кайсы бир топ, чөйрө, аймак же өлкө да бирдиктүүлүк тууралыгын бир адамдай карманса, бийик жетишкендикке жете алышат…

Спортсмендердин ичинен Тайсондукундай кыймылды башкалар деле жасады, башкалар деле дүйнө чемпиону болду, бирок алар Майк жеткен бирдиктүүлүккө жана эл суктана таң калган Майктыкындай кыймыл абалына жетише алышкан жок. Майк Тайсон 19 жашында абсолюттук чемпион болуп, башка миңдеген спортсмендерден айырмаланып, өзгөчө жетишкендикти жараткан.

Кийинки мисал, Бразилияга эмгек сиңирген джиу-джитсунун чебери, өз өлкөсүнө эмгек сиңирген спорттун чебери, UFC версиясындагы жана башка версиялардын супер чемпиону, өз убагында дүйнөнүн жылдызы болгон Грейси Ройс боюнча болсун.

6-Греси РойсБул спортсмен өз ишине жашоосун бүтүндөй арнап, профессионалдык менен иш жүргүзгөн. Грейси супер таймашка даярданып жатканда тынч бөлмөгө эч кимди киргизбей, көзүн жуумп сүкүт (медитация) кылып ой толгочу экен. “Эгер каршылашым мени бутумдан кармап калса эмне кылам”, «Эгер оң буту менен чабуулга келатса алдын ала кайсы кыймылды кылам?» деген сыяктуу бир канча каршы кыймылдар боюнча ой толгоп, ал ойлорун ирээтке, ыраатка салып, бир сааттай ошол ыргакта жалгыз иштеп, өзүнчө жыйынтыктап чечим чыгарчу. Таймашка чыкканда атаандаштарынын көбү өз ыктыяры менен Грейси Ройско багынууга аргасыз болушкан. Анткени ал колду, бутту толгоо, адамды муунтуу ыкмаларын бийик деңгээлдеги чеберчилик менен, эрте эмес, кеч эмес ийгиликке төп келе турган кыймылды, өз убагында туура, так аныктап жасай алган.

Көрсө, Тайсондой, Грейсидей бийик деңгээлге жеткен адамдардын ою, жан дүйнөсү, туюму, иши, кыймылы, багыты, билими – баары бир бүтүн бирдиктүүлүктө болот экен.

Сөз аягында, Куйручук олуябызга кайрылалы. Бир нече мезгил бою машыгуу мээнети менен бирдиктүүлүккө жеткен Тайсонго жана  бир саат убакыттан ашуун улам бир күнү сүкүттө олтуруп ойго батуу менен бирдиктүүлүк сапатына жеткен Грейсиге салыштырмалуу биздин Куйручук атабыз кокусунан эле алдынан чыккан жырткычтарга каршы 3-4 секунд ичинде эле бирдиктүүлүк кыймылын көргөзүп, Кудай берген күчүн так, даана, таамай колдоно алган. Ал Грейсидей жеТайсондой болуп машыккан эмес, өмүр бою таш менен карышкырды согуп үйрөнгөн эмес да. Болгону, ошол кыймылдын тууралыгын ой-туюму менен таап, көз ирмем ичинде иш жүзүнө ашырган.

Куйручук атанын жогорудагы келтирилген кыймылдары – бул анын бийик, улуу, акылман, баатыр, өзүндөгү бирдиктүүлүктү төп кармаган адам экендигин далилдейт. Жана анын окуясы азыркы биздин коомдогу өзүнө-өзү ишенбей калган, бийиктөөнүн жолун издеген, алдыга умтулган кыргыздарга сабак болчу керемет мисал деп эсептейм. Себеби, кандай ишти көздөбөйлү, эмне максатты алдыга койбойлу – ойлогон оюбуз, ички туюмубуз, кылган иш-аракетибиз, сүйлөгөн сөзүбүз, кыймылыбыз бир ыраатка, ыргакка түшүп бирдиктүүлүккө келгенде гана жашоодогу турмуш жолубуз оңуна түшөр.

Ал эми Кудай Таалам жараткан Ааламда баардыгы бири-бирине төп келишип, бирдиктүү болгондуктан, табият өз орду менен бир кыймылда болуп жаткандыгын баса белгилеп кетким келет.

Аваз СААЛИЕВ, Бишкек шаары

One thought on “Куйручуктун сырдуу күчүнүн бирдиктүүлүгү

  1. Ооба,Куйручук Атабыздын жеке чукугандай сөз тапкычтыгы,төкмө акындыгы болбостон,ички туюумунун сезгичтиги менен көз ирмемде ыргыткан ташы мээлегенине тийээрин мен да эл оозунан уга калчумун.Майк Тайсон менен Грейси Ройско салыштыргандыгы да туура. Аваз иниме ак жол каалайм.Өзү да спортсмен,жакшы жигит көздөгөн Максатына жетишине Тилектешмин!!!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *