Таятам Сагынбай Орозбаков тууралуу маалыматтарды жыйноо, аны жана таенем Сайнапты, таеже, таекелеримди эсерүү ар убак жүрѳгүмдѳ жашап келет. Ѳзгѳчѳ Улуу Ата Мекендик согушка жаштайында аттанып кетип, атасынын улуу манасчылыгын уланта турган уулу Амангул таекем тууралуу элге жеткирүүнү парзым деп эсептеп келем…
Category Archives: Чачыла
КЫРГЫЗДЫН БАКТЫСЫНА ЖАРАЛГАН НУКУРА ТАЛАНТ
Таштан МАМБЕТАЛИЕВ, улуттук коопсуздук кызматынын жана финансы полициясынын запастагы полковниги
Кыргызды дүйнөлүк коомчулукка тааныткан, элибиздин сүймөнчүгүнө айланган, жалпы кыргыз улутунун сыймыгы Сүймөнкул Чокморов тууралуу айтылып, жазылып, тартылса дагы, анын тагдыры, өмүрү, эмгектери ар түрдүү себептер менен жогорку деңгээлде изилденбей, туура маалыматтар элибиздин калың катмарына жеткирилбей келет.
Мен бүгүнкү макаламда Сүймөнкул Чокморовдун тегин, тагдырын, эмгектерин учкай изилдеп, ал тууралуу айрым эскерүүлөрдү, фактыларды ар кандай булактардан алып кыска түрүндө берип, муну менен окурмандардын көңүлүн бурууну туура көрдүм.
Мезгил күткөн Сүймөнкул
“Роза гүлүнүн тикенектүү ичке талын сүрөттөп жатып, адамдын бүтүндөй өмүрүн айтып койсо болот”.
Чыңгыз Айтматов
Сүйөркул экөөбүз көп жыл кошуна жашадык. Иниси Сүймөнкул келип калганда учурашып, баарлашкан учурлардын биринде: “Тестиер бала кезим. Айылдын четиндеги тектир талаада жападан жалгыз бир түп өрүктүн жазында аппак болуп гүл ачканын карап эле тургум келчү. Бир күнү ошол жер айдала баштап, трактор менен челип өтүп, тамырынан бери жулунуп, гүлү жер бетине чачырап калган абалына жаным кейип эңшерилгеним эсимен кетпейт” деп сөз арасында айтканы бар.
Улутчул платформа: Кыргызстан кандай болуш керек?
Бул платформа 2010-жылы улутчул позицияны карманган атуулдар тарабынан иштелип чыгып, ошол кезден бери ар кайсы идеологиялык талкууларда жарандарга сунушталып келатат. Андан бери эч кандай өзгөрүүгө дуушар болгон жок. Платформанын азыркы тапта эч кайсы партияга же уюмга тиешеси жок. Ага өзгөртүү, алымча-кошумча киргизилбейт, колдогусу келгендер ушул турган турпатында колдошу зарыл. Интернетте жакындан бери жарыя болуп келаткан бул платформаны азыркы учурда 77 киши колдоп, тизме күндөн-күнгө уланууда. Платформада айтылгандарды туура көрүп, толугу менен колдогондор интернеттеги https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=306871066162509&id=100005188544374 дарегине кирип, аты-жөнүн, жашаган жерин ачык жазып, кошула берсе болот. Улутчул платформанын авторлору бул идеялардын келечеги кең экендигине ишенет. Толугу менен
Төкмөлөр төккөндөн кийинки сөз
Айтышка айтаар «арызым»
Улуу акын Токтогул Сатылгановдун туулганынын 150 жылдыгынын урматына ушул жылдын 14-15-октябрында Токомдун ысымын алып жүргөн Филармониянын чоң залында 3 миллион сом байге сайылып төкмө акындардын эл аралык айтышы болуп өттү. Андан мурун 6-октябрь күнү баардык облустардын булуң-бурчунан келген 44 кыргыз акыны 22 жупка бөлүнүп айтышып, 8 акын тандалып алынган. Алар: Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев, Кубат Түкөшев, Идрис Айтбаев, Болот Назаров.
«КУРМАНЖАН ДАТКА» ТАСМАСЫН СЫНДОО ЖАНА ЖАКТОО
ЭКИ АВТОР – ЭКИ КӨЗ КАРАШ
РЕДАКЦИЯДАН: «Курманжан Датка» жаңы тасмасынын элге тартууланып жатканына 2 айдан ашты. Бул тарыхый тасманы мактагандар четтен чыгып жатса, ошол эле учурда сындагандар, кабыл алгысы келбегендер да бар. Тасманын кинотеатрларда көрсөтүлүүсү менен катар эле, улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата төкмө акындардын эл аралык айтышы да өтүп, көрүүчүлөргө жык толгон Мамлекеттик филармониянын чоң залындагы эки күндүк айтыш телеканалдардан эфирге кетип, коомчулукта бул да кызуу талкууну жаратты.
Лариса АСАНБЕКОВА, парапсихолог: “Кайлас тоосун айланганда эки дүйнөнүн ортосу бир кадам болуп калат”
Эки томдук жаңы жыйнак!
Алыкул Осмоновго – 100 жыл
Аскербек ЭРМАТОВ, коомдук ишмер: “Ак боз атчан Алыкулду өз деңгээлинде баалабай, көмүскөдө калтырып койгонубуз чындык”
Алп акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата даярдыктар ар тарабынан башталганын, Панфилов райондук жана өкмөттүк деңгээлдеги комитеттер түзүлгөнүн буга чейин гезитибиздин беттеринде жазганбыз. Ушул ишке байланыштуу учурдагы эң алгылыктуу жана сүйүнүчтүү иш-чара – акындын тандалма чыгармаларынын эки томдук жыйнагынын жарыкка чыгышы болду. Алыкулду сүйүүчүлөргө жана жалпы эле окурмандарга баалуу белек болчу бул эки томдук азыркы убакта сатыкка түшүп, кыргыз элине акырындан тарай баштады.







