Лариса АСАНБЕКОВА, парапсихолог: “Кайлас тоосун айланганда эки дүйнөнүн ортосу бир кадам болуп калат”

8-6Өткөн айда, сентябрдын башында парапсихолог, академик, эниоинженер Лариса Асанбекова россиялык адамдардын тобу менен бирге Тибеттин касиеттүү Кайлас тоосуна зыярат кылып, Манас көлүн көрүп, Кыргызстандын туусун жана Манас тамга белгиси бар көк асабаны Тибеттин ыйык жерлерине сайып келди.

Жер жүзүнүн ар тарабынан, ар кайсы мамлекеттеринен улутуна, динине карабай зыярат кылууга жыл сайын агылган бул касиеттүү Кайлас тоосу дале далай адамдардын көзүнөн учуп, далайларды ал жакка барууга умтултуп, өзүнүн сырдуулугу жана табышмактуулугу менен байыртан бери элди аң-таң кылып келет…

Көп жылдардан бери руханий жолдо келаткан Лариса Асанбекованы кыргыздын каада-салтын, касиетин, өнөрүн жеткиликтүү билген, табиятты терең сүйгөн, жер кыдырып көптү көргөн, көргөнүн башкалар менен сөзсүз бөлүшкөн адам катары билгендиктен, бу жолку Кайласка болгон сапары тууралуу кенен маек куруп берүүсүн өтүндүк.

 – Лариса эже, Тибетке болгон 20 күндүк сапарыңызга жалаң россиялыктар менен аттанып кеткениңиздин себеби эмнеде?

– Тибеттин Кайласына негизинен май айынан октябрга чейинки убакытта барышат. Зыярат кылчуларды ушул мезгилде гана кабыл алышат. Буга чейин деле Тибетке барууга аракет кылгам, ушул эле жылдын жаз мезгилинде да бул жактагы айрым адамдар менен Кайласка баралы деп сүйлөшкөнбүз. Бирок алардын тандап алган убактысы мен тандаган  убакка туш келбегендиктен, башка жолдорун издедим. Так ошол учурда, тагыраагы июль айында, Москвадан менин орус устатым, 9 жыл Гималайда ошол жердин монахтары менен бирге жашап көп нерсеге ээ болгон мугалимим интернет аркылуу кат жөнөтүп жибериптир. Катта, быйыл толгон айдын жерге эң жакын келген учуру экенин, бул жыйырма жылда бир жолу кайталанаарын, андан тышкары быйыл жашыл аттын жылы экенин, ал эми бул Будданын туулган күнү жана ал алтымыш жылда бир кайталанаарын жазып,  эгер мүмкүнчүлүгүң болсо быйыл барып Кайласты айланып чыксаң, анда бир айланганың 13 жолу айланганга тете болот, абдан чоң энергия аласың дептир. Эми карабайсыңбы, бул да ааламдын мыйзамы да, керектүү учурда керектүү маалымат алдым күтүүсүздөн.

Ошентип, устатым менен кайра кат аркылуу байланышып кандайча барсам болот десем,  россиялыктардын бир телефон номерин берди. Алар менен сүйлөшкөнүмдө 1-сентябрда жөнөп кетээрибизди айтышты. Себеби, 8-9унда ай толуп, так ушул сентябрда ай жерге эң жакын келет экен. Ошону менен дароо жазылып алдым бул топко. Кыргызстандан Тибетке барам деп жүрүшкөн адамдарымды издеп чалсам, бири барбайм деп, бири кечирээк барам деп койду. Мындай буйруктуу мезгилден калбайын деп, жалаң россиялыктар менен кете бергенимдин жолу ушундай.

 – Ал топко кайсы жерден кошулдуңуз?

– Бул жерден Шарж шаарына, андан Катмандуга учуп, ошол жерден топко кошулдум. Ал топто жалаң орус улутундагылар экен. Москвадан бирөө, Петербургдан экөө, калганы Россиянын башка аймактарынан. Баардыгыбыз болуп 16 киши болдук. Программа боюнча Катмандуда эки күн турдук. Акырындык менен бийиктикке көнүп, адаптация алууңар керек дешти. Ал жерден дароо эле бизге тоо дары-дармектерин, тоого кийе турган атайы ботинке, жамгырдан коргонуучу плащ кийимин, таянып басканга таяк сатып алгыла дешти. Атайы тоо үчүн жасалган учу учтуу таяктары кыска болуп жыйналат экен, керек учурда аны узартып алып колдоно берет экенсиң. Учурунда маани бербесек дагы, кийин ал таяктардын абдан кереги тийди, анын жардамысыз Кайлас тоосун айлануу мүмкүн эмес экен.

 – Россиялык адамдардын баары сизге окшоп руханий жолдо жүргөн, Кайлас тоосуна ниетин коюп зыярат кылганы бараткан адамдар бекен?

– Ооба, баардыгы эле ошондой экен… Бирок, алардын көпчүлүгү менин көңүлүмө туура келбеди. Себеби, өздөрүн рух жолундагы адам катары эсептешкени менен, мени алар экинчи-үчүнчү сорттогу адам катары карап, өйдөсүнүп, жагымсыз мамилелерин көрсөтүп атышты. Биз йога менен алектенген адамбыз деп таңкы төрттө туруп алып йогасын да, башкасын да жасап, бирине-бири кыйын болуп, биринен-бири өтүп ар кандай кыймыл-аракеттерди жасап атышты. Аларды карап коюп мен унчукпай жатсам, “Сен эмнеге келдиң эле?” деп сурап калды ал аялдардын бири. “Жөн эле, бул жакта кыргыздар бар деп уккам, ошол үчүн эле келдим, бул жакты да көрөйүн дегем” десем, “ошол үчүн эле келатасыңбы?” деп шылдыңдап күлүштү. Мен болсо эч нерсени билбеген, түшүнбөгөн, руханий дүйнөдөн эч кабарым жок кишидей болуп сыр бербей, ашыкча сүйлөгөнүм жок.

– Катмандудан аркы жолуңуздар кандай болду анан?

– Биз, Катмандудан  чыгаар убактыбыздан эртерээк чыгууну кааладык. Себеби, Тибеттин чегарасына барып, ошол жерден бийиктиктин абасына көнөлү дедик. Бирок дал ошол Катмандудан Тибеттин чегарасына чейинки жерди, биз жүрчү 7 километр жолду жер көчкү, сел алып кетиптир биз бараардын эле алдында. Мейманканабыздын жанынан автобуска салышып, шаардан чыгарып жер көчкү болгон жерге чейин алып келишкенде, көптөгөн карапайым непалдыктардын – күнгө күйгөн, беттери туурулган аял-эркектери жаш-карысы аралаш болуп ал жерде олтурганын көрдүк. Көчкү жүргөн жерде кадимкидей эле тоо көчүп, көл пайда болуп калыптыр. Жол таптакыр жок. Карайган баткактуу жер, таш, шагыл, суу. Биздин оозубузга сөз келбей, унчукпай эле турдук ошол жерде.

Бизди жетектеген тибеттик гид – англисче да, орусча да таза сүйлөгөн жигит мындан аркы иш-аракеттерибизди түшүндүрүп берип жатты. Жанагы карапайым адамдар, биздин жүктөрүбүздү көтөрүп жети километр жерге чейин барчу адамдар экен. Ар бир жеткирген жүк үчүн 15 доллар төлөөрүбүздү айтты башчысы. Карапайым адамдарды каалагандай калчаган ал башчы биздин сумка, чемодан, рюкзактарыбызды тизип коюп, узун кезекте турган тигил адамдарга четинен карматып жатты. Башчысы жүктүн салмагы менен адамдын ал-күчүнө, арык-торугуна карабайт экен. Кимге эмне туш келсе эле көтөртүп жүктөп салат экен. Төлөнчү акы болсо баарына бирдей. Бир маалда 27 килограммдык бир чемодан илмийген бир жаш кызга туш келип калды. Аларды четте туруп жанатан байкоо салып карап турган элек, тигил арык кызга чоң жүктү артканда баарыбыз кыйкырып жибердик. Бирок башчысы айтканынан кайтпай, бу непалдык аялдар баарына көнгөн деди да, тигил кыздын жонуна жүктөп, белинен аркан менен байлап башынын төбөсү аркылуу өткөздү да, аркандын учун эки көзүнүн ортосунан түшүрүп колуна карматып койду. Биз аң-таң болгон боюнча боорубуз ооруп калып калдык. Тигил кыз болсо көтөргөн боюнча кетти. Менин сумкам өтө чоң эмес болчу, жашы өтүп калган аялга туш болду. “Ии, ырас буга жеңил болду” деп сүйүнүп атсам, башчысы менин сумкамдын үстүнө дагы бир чоңураак рюкзакты кошуп көтөртүп койду. Аны менен ал кетти.

Ошентип, адыр-будур, баткак-таш, суу аралаш жер менен жети километрлик жөө сапарыбыз башталды. Ошондой жол болсо да жайык жер болсо эмне, улам өйдөлөй берген тоолуу жер экен баса турган жети километрибиз. Жүк көтөргөн непалдыктардын баары астыга кетип, биздин топтогулардын кимиси кайда экени белгисиз эле баарыбыз чачырап калдык жол тандап басып баратып. Ар ким өз жаны менен убара болуп кете бердик. Оозубуз катып, ысыктан кийимибиз сыгып алма суу болуп, жолдун кыйындыгынан араң эле бут шилтейбиз. Ал эми тигил непалдыктардын кантип алдыга кетип калышкандарына акыл жетпейт. Тез эле караандары көрүнбөй калды.

 – Россиялыктар го тааныш-билиш, тууган-туушкан болуп биригип барышыптыр, бул кыйын жөө жолдо сизге ким жөлөк-таяк болду?

– Жалгыздын иши жалгыз экен. Жүк көтөргөндөр көрүнбөй калганда артымды карасам, биздин топтогулардын эч кимиси көрүнбөйт. Артта калдым го деп шашып, кышылдап дем алганыма карабай алдыга жүрө бердим. Мага жанаша жүк көтөргөн бир непалдык жигит бараткан эле. Шагыл таштуу жерге келгенде өйдө көздөй чыга албай сыйгаланып, кыйналып жатсам, колун сунуп ал жерден чыгууга жардам берди. Ошол бойдон ал мага жөлөк болуп, тил түшүнүшпөсөк да жардамын берип жанаша басты. Анан бир жерге келгенде жалпайып ураган үйлөрдү көргөзүп, бир нерсе деп айтты. Анын жаңсап түшүндүргөнүнөн улам, бул үй ошол жигиттики экенин, көчкү алдында калганын түшүндүм. Ал бир азга кайгылуу маанайда көчкүдө калган үйүн карап турду да, анан экөөбүз андан ары кайра чогуу басып жөнөдүк. Кийин уксак, көчкү күндүзгү убакта болгондуктан, эл аман калыптыр. Эгер түнкүсүн болгондо, жанагы жүк көтөрүп үйсүз калган адамдын баары мерт болуп кетмек экен.

Жети километрди багындырып, жетер жерибиз Тибет чегарасына келгенибизде, жанагы непалдыктардын баары жүктөрүбүздү жыйнап коюп, ошол жерде олтурушуптур. Ал эми 16 адамдан турган биздин топтун адамдарынан 3-4өө эле жүрүптүр. Эң аягында келдим го деп ойлоп жаткан мен бир чети таң калып калдым. Анткени россиялыктардын жарымынан көбү спортсмендер, тың адамдар эле. Башкаларга салыштырмалуу эрте эле келгенимди билгенде, өзүм үчүн бир чети сүйүнүп да алдым. Бирок ылай, шагыл-таш аралаш тоону өрдөп келгендиктен көкүрөгүм аябай ачышып, кыйнап жиберди. Тобубуздун баары келгенче эс алып күтүп олтурдук, эң акыркылары мен келгенден бир жарым сааттан кийин келишти. Топ дагы, жүк көтөргөн непалдыктар дагы чогулуп бүткөндө, жанагы башчысы тигилердин чогултуп алган паспортторун таратып, аны менен кошо 5 доллардан бере баштады. 10 долларын болсо өзүнө алат экен. Араң басып келген биздин таңдануубузга бул учурда чек жок эле. Тигилер үчүн жаныбыз ачыды. Мени жолдон улам жөлөп-таяп келген жанагы балага ыраазы болуп, биз жаңы жеткенибизде 10 доллар берип койгон элем. Ал аябай сүйүнүп, кайра-кайра ырахматын айткан эле. Эгер жүк көтөргөндөрүнө 15 берип жатышса, 10 туура эле болот го, же аз болуп калабы деп ойлонуп жатып бергем. Көрсө, алардын башчысына салыштырмалуу абдан эле жакшы бериптирмин.

Ошентип, ал жерден бизди күтүп турган автобуска түшүп, чегарадагы мейманканага келдик. Эки жагынан тең заңкайган аска тирелген, жолуна бир гана унаа батчу өтө кууш жер экен ал чегара. Жатчу меманканабызда жарык жок, шарт жок, шам жагып эптеп түнөдүк. Капталынан күркүрөгөн чоң суунун дабышы кулак жарат. Ошол эле суунун ары жагы жаркырап, жарыктары жайнап, көздүн жоосун алат. Бул эми өнүккөн Кытай тарап экени дароо эле түшүнүктүү да: Тибет.

Ортону күркүрөгөн суу гана бөлүп турган бул эки башка мамлекеттин эки башка жашоосунун, жаркыраган жана үңүрөйгөн эки башка көрүнүшүнүн ортосунда туруп, бир топко бул ак-карасы бирдей жүргөн адамдардын өмүрү тууралуу ошол жерден ойго баттым. Бирок, Непалдагы Гималай тоолорунун керемети, токой, сууларынын кооздугу суктандырып бүтпөдү мени. Ушул убакка чейин элесиме келтирип таңдана берем.

Чегарада түнөгөндөн кийин, эртең менен автобусубузга түшүп, мелтиреген, түптүз жолдор менен Тибеттин аймагын аралап жөнөдүк. Жолдо баратып ушуну байкадым, Тибет жергесинин аймактары Сары Өзөн Чүйдөй кең жайык келип, ар бир аймак тоолор менен тегерете курчалып, экинчи бир өрөөнгө өтөөр жериндеги тоолору кууш болуп келип ашуу жол экен. Мындайча айтканда, сегиз санындай болуп кете берет. Кудайдын жараткан табияты чынында эле таң каларлык, атайы жасап койгондой тоо ичиндеги жайык өрөөн, ашуу, кайра тоо ичиндеги жайык өрөөн, ашуу… Ушинтип кете берген бир нече окшош аймакты басып өттүк.

– Ал жайык өрөөн эл жашаган аймактарбы?

– Кээ бир жерде эле таш короо көрүнүп мал жайылып жүрбөсө, эч ким жок, бир да адам көрүнбөйт. Бизди жетектеген гидден бул жердин адамдары кайда деп сурасам, мал менен жүрүшөт деп айтты. Үйлөрдүн аралыгынын ортосу 1-2 километрден жайгашып, алыс-алыс салыныптыр. Тибеттеги элдер материалдык байлыкты байлык деп эсептешпейт экен. Үйлөрү таштан эле курулуп, өтө жөнөкөй. Ар биринин сөзсүз таш короосу бар. Башка ашыкча эч нерсе жок. Бирок, ар бир үйдүн терезесинде, эшиктеринде кыргыздын оюларындай оюу сөзсүз түшүрүлүптүр – ар бир үйдүн ар бир терезе-эшигинде.  Ушундай эле оюларды Тибеттин борбору Лхас шаарынын имараттарындагы, үйлөрүндөгү терезе-эшиктеринен да көрдүм. Тибеттин башка аймагына салыштырмалуу, Лхас өзү абдан өнүккөн, кооз борбор экен.

 – Өрөөндөрдү аралап өткөндөн кийин дароо эле Лхаска келдиңиздерби?

– Жок, он эки саатык жол жүргөндөн кийин Неолам деген чакан шаарчага келип түнөдүк. Андан анан эртеси Манас көлүнө келдик. Келсек, шамал болуп жатыптыр. Бирок, Манас көлү сырттагы шамалга карабай тыптынч болуп жайкалып тура берет экен. Көлдүн өзүнө индустар гана түшпөсө, тибеттиктер бул көлдү ыйык көрүп таптакыр түшүшпөйт, колу-беттерин гана жуушат дешти. Мен дагы Манас көлүнө колу-бетимди жууп чайындым. Тегерете курчалган тоолордун так ортосундагы көлдү көрүүгө эңсеп келген жаным, Манас көлүн көрүп турганыма абдан сүйүндүм. Ал эмиМанас көлүнөн алыс эмес жайгашкан “Шайтан көлү” ар дайым тынч эмес болуп, толкун уруп турат экен.

Манас көлүнө келгенде касиеттүү Кайлас тоосун алгач көрө алдык. Бул жерде да биз эки күн болдук. Мейманканада түнкүсүн жарык болбой, генератор менен бир-эки саатка гана  жарык беришет экен. Дааратканасы да сыртта. Келгенибизде эле биздин топтун адамдары жетекчилерибизден кайдан жуунсак болот деп сурашты. Караңгы киргенге чейин ысык булак суусунан даярдалган ванналарга түшсөңөр болот дешти. Көрсө, бул жердеги ысык булактардын суусуна жууна тургандай кылып карапайым шарт түзүп коюшуптур: имараттын ичине жыгачтан жасалган ваннасы бар 10 бөлмөчө орнотушуптур. Киши түшөөрдө аны тазалап-жууп туруп жаңы целлофан кийгизишет экен. Кранды ачсаң түтүктөр аркылуу ысыктыгы 52 градустагы булак суусу ага баштайт. Биз ошол сууларга жуундук.

 – Көлдүн Манас деген аталышы боюнча жаныңыздагы орустарга айтып бере алдыңызбы?

– Алардын арасындагы 2-3 аялдын мага болгон баштапкы “билерман” мамилесинен кийин эч нерсе айткым келген жок. Манас боюнча айтайын дегенде деле көңүл бурушпады. Бирок мен өзүмдүн жасай турган ырымдарымды эч кимисинин мага болгон мамилесине карабай жасай бердим. Бул жактан “Кыргызстан” деп жаздыртып алган Кыргызстандын туусун жана Манас атанын көк асабасынан үчтү ала барган элем. Көк асабанын бирин жана Кыргызстандын туусун ушул Манас көлүнүн жанында жайгашкан өтө бийик эмес тоодогу мазар жерге алпарып сайдым. Тибеттеги ыйык жерлердин бардыгында беш түстөгү желектер кыйма-чийме болуп илинип турат. Алардын ар биринде мантралар жазылган. Мен сайган биздин желектер ошолордун катарынан орун алды. Анымды көрүп алышып россиялыктар мунун сага эмне кереги бар дешкенде, өзүмдүн ушундай ырымым бар деп койдум. Кыргыз эли, кыргыз жери үчүн тилендим ал жерден. Мазардагы ламалардын жашаган жайларын, сыйынган бөлмөлөрүн көрүп чыктым. Алар жарык үчүн кебезден жасалып майга чыланган шамдарды гана колдонушат экен. Ошентип Манас көлүндө ырахаттана эс алдым.

 – Ушундан соң анан көздөгөн Кайлас тоосуна жөнөдүңүздөр…

– Манас көлүнөн соң Кайлас тоосунун түбүндөгү Дарчен аттуу чакан аймакка келдик. Дарченде да биз эки күн жаттык. Бул жерге жеткенге чейин биздин топтон оорубаган киши калган жок. Ар кимисинин ар кайсы жери ооруп, же алсырап, же түшүнүксүз кыйналуу болуп жатты.  Бийик жерден түтөктү көтөрүш баарына оор болду.

Кайласка барган элдин зыяраты ушул – аппак болуп турган Кайлас тоосун тегерете курчаган кара тоону айланып 54 километр жөө басышың керек, ага үч күн кетет. Бирок, тибеттиктер өздөрү бир күндө эле айланып чыгышат экен. Тоого чыга турган күнү, түнкү саат 3тө бир спортсмен балабыз түтөктү көтөрө албай комага түшүп калды. Же врачтар жок. Дарчен аймагы май айынан октябрга чейин элди тейлеп убактылуу иштеген гана жер экен. Чакан оорукана, медпункт, тамак-аш саткан жерлер эле бар. Ал жигитти ооруканага жаткырып коюп, биз Кайласты айланганы жөнөп кетсек, бир убакта биздин гидке ооруканадан чалып калышты, комадагы жигитти үч жарым километр нары,  ылдыйкы аймактарга алып кетпесеңер өлүп калат дешип. Ошону менен, орусча сүйлөгөн гидибиз тигил оорулууга кетип, биз Кайласты айланууга өзүбүз жөнөдүк. Тоону айланта кеткен бир чыйыр жол Дарченден башталып, аны менен кошо Кудайга болгон сыйынууң көкүрөгүңдө ар бир кадамың менен кошо жашап кете берет. Качан каерден эс аласың, чуркайсыңбы, бат басасыңбы, жай басасыңбы, өзүң билесиң.

 – Кайлас тоосунун касиетин сезгенде кандай болдуңуз?

– Касиетинин күчтүүлүгү экинчи күнү катуу сезилди. Аны анан айтайын. Азыр биринчи күнүбүзгө токтолоюн. Биринчи күнү коно турган жериңе чейин 8-9 саат жол басат экенсиң. Кээ бирөө 6 саат эле басса, кээ бири 10 саат басат, өзүнүн алына жараша. Мен 8 саатта келдим. Анча-мынча кийимдерибиз, буюмдарыбыз салынган баштыктарыбызды болсо топоздорго жүктөп алдыга жиберип жиберишет. Жаныңда бир күндүк тамагың гана болот. Мен жолдо баратканда суу менен чай гана ичип жаттым. Суусай эле берет экенсиң. Жатаар жериме аз калганда күн бүркөлүп, булуттар каптай баштады. Мурунку күнү катуу жаан жааганын, жөө баскандар үшүп калганын укканбыз. Көктү карап, “Жайчы ата коё тур, жайыма жетип алайын” деп сурандым. Жакын эле жерден көрүнгөн ак тамга жетиш азап болду, басасың, же жол арбыбайт. Ошентип, Жайчы атадан суранып атып жетип, мен үйгө кирээрим менен эле жаан аралаш майда мөндүр шатырата жаап кирди. Артымда калгандар суу болуп, тоңуп калышты. Баарыбыз тең эле алсырап жатып калдык. Бирде ысып тердетип, бирде суук болуп үшүткөн аба-ырайы кишини чарчатып салат экен. Палаткаларды ысык чай сатылат экен. Бизге тоонун абасын көтөрүш үчүн ысык чайдан ичип тургула дешкенинен, кайнак суу сатып алып ичип, бир аз эс алып калдым. Бирок түнкүсүн мурдум аябай канап, таноолорума басып жаткан сүлгүм канга бүтүндөй чыланып калыптыр.

Экинчи күнү жол жүргөндө да суук болду. Эң кыйын жол – ушул жол экен. Өр таяп бийиктикке чыгып кете бересиң. Дем жетпейт, өпкөң сыртка суурулчудай болуп кыйналып, кантамырларың жарылып кетчүдөй акыбалга келесиң. Тилиң кургап, оозуңа батпай кетет. Таза баса албай калганда бир кадам эле басып, эс аласың, кайра бир кадам басып, кайра эс аласың. Себеби, артка жол жок, бир орунда да тура берген болбойт. Мына ушунда, ушул жолдун эң бийик жерине, чокуга  келгенде, канча бир мүнөттөргө чейин өзүңдүн ким экениңди, бул жакта эмне кылып жүргөнүңдү түшүнбөй, өзүңдү жоготкон акыбалда калат экенсиң. Мээңдеги ой деген таптакыр токтойт экен. Бир нерсени эстейин десең, эч нерсе эстей албайсың. Муну сөз менен жеткирип бере албайм. Бул – ошол жердин энергетикасынан улам экен. Кийин, жата турган жерибизге жеткенде топтогулардан сурасам, баардыгы тең ошол жерден ушундай акыбалга түшүшүптүр. Көрсө, так ошол жер “өлүк өрөөн” деп аталат дешти. Биздин сезимибиз да өлүп кайра тирилгендей болгон эле… Бул, өткөнүң өлдү деген маани экен. Анан акырындан-акырындан дендароо абалдан чыгып өзүңө келе баштайсың. Ошол жерде көп эски кийимдердин жатканын көрүп, кийимдердин бирин ташташың керек экенин түшүнүп, бир жемпиримди таштадым. Ушуну менен эски нерсенин баары калсын, жаңы жашоо башталсын деген маани экен ал. Кээ бирөөлөр чачын же тырмагын кыркып калтырышат экен. Бул чокудан түшчү жол анан эңкейиш болуп, жеңил кете баштайсың.

 – Бул, бийиктиги канчалык жер экен?

– Биз 5750 метр бийиктикке чыгыптырбыз. (Манас көлү 4500 км бийиктикте орун алса, Дарчен болсо 4900 км бийиктиктен орун алыптыр). Чокуга жетээрде беттерим чымырап, тилим кургап, мээм чыңалып чыкканда таягыма таянып, башымды жерге салып эле туруп калдым. Тибеттиктердин абдан боорукер, кайрымдуу экенин ошондо билдим. Жанымдан өтүп баратышып токтоп, эмне болду дегендей жаңсап сурашты. Мен башымды колум менен кармап, ооруп жатканын түшүндүрдүм. Ошондо алар кадимки биздикиндей сокмо куржунунан кичине бөтөлкөдөгү дарысын алып чыгып, оозума куйду. Таттуу экен, глюкоза го деп ойлодум. Кете аласыңбы дешти жолду көрсөтүп, мен баш ийкеп, ыраазычылыгымды билдирип, андан ары жөнөдүм. Владивостоктук бир орус адам мага түтөктөн деп, эки саатта бир иче турган бир пачка дары берген эле. Аным түгөнүп, өзүмдүн болсо болгон эки дарым Манас көлүндөгү мейманканада калып калыптыр.

Бийиктиктен аба жетишпейт түтөк болгондун эки оорусу бар экен, биринде, аба жетпей калганда абанын ордуна өпкөгө суу толуп кетет экен. Экинчисинде мээге суу толуп, кантамырлар жарылып кетет экен. Биздин топтогу комага түшүп калган баланын өпкөсүнө суу толуп кеткен дешти.

 – Экинчи жолду канча саат бастыңыз? 

– 11 саатта келдим.Чокуга чыккандан кийин эңкейиш жол болгондуктан, кум-таштар сыйгалантып, утур бир ашуу ашып ылдый тїшүүчү жол деле оңой болгон жокБирок түнкүсүн мурдум аябай канап, таноолорума басып жаткан сүлгүм канга бүтүндөй чыланып калыптыр.

Жаштар, спортсмендер 8-9 саатта келишиптир. Үчүнчү күнү жол түз болгондуктан үч жарым саатта басып, Дарченге кайра келип калдык. Бирок эңкейиш жол болгондуктан, кум-таштар сыйгалантып жол оңой болгон жок. Ал эми ушул зыярат кылуу сапарыбыздагы ден соолугум боюнча айтсам, бир күнү гана мурдумдун канаганы болбосо, мени негизинен ата-балар колдоп, жөлөк-таяк болушту деп айта алам. Жанымдагылар дары-дармектин түрүн жарым чемодан кылып салып алышканын көрдүм. Угуп олтурсам, алар жарым жыл, бир жыл бою Кайласка даярданышып, 20 километр жерди жөө басышып, спорттук машыгуу, йога, көнүгүү деген нерселер менен алектенгендер экен. Ал эми бул тоонун касиети ушунчалык күчтүү болгондуктан, барып алып туура эмес ниет-ой кылгандар сөзсүз бир нерсеге учурап, же буту-колун сындырып алышат, же дагы бир нерсе болушат. Кайлас сенин физикалык чоң даярдыгыңа карабайт экен, ал адамдын ички дүйнөсүнүн даярдыгына, көкүрөгүнүн тазалыгына карайт. Жанагы комага түшкөн жигит тынбай эле Россия менен байланышып, жалаң эле бизнесиндеги иштери боюнча  башкаруу жүргүзүп жаткан. Анын сөзүнөн эт менен иштээрин түшүндүк. Анын буту касиеттүү жерди басып турса да, көңүлүнүн баардыгы Россиядагы бизнесинде эле. Дагы бир жаш балабыздын буту сынып, ал да Кайласты айланбай калды.

 – Дарченден кайткан жолуңуздар кандай болду? 
– Биз кайра Манас көлүнө келдик. Кайра ысык булактын суусуна түшүп эс алдык. Андан аркы артка кайткан жолубузда болсо ар кимибиз өз ойлорубуз менен алектенип, өз сапарыбызды өзүбүзчө түйшөлүп уланттык.

 – Кайластан тарта мекенге чейинки жолдо көкүрөгүңүздө кандай ойлор багылып келди?

– Кудай алдында баардык адамдар бирдей болгондой эле, касиеттүү Кайлас үчүн да зыярат кылып барган адамдар бирдей. Зыяраттын кыйынчылыгы, 5750 метр бийиктикке чыкканча, татаал жолду басып кыйналасың. Ошол кыйналууда өмүр менен өлүмдүн ортосу бир көз ирмем экенин түшүнөсүң. Эки дүйнө бир кадам болуп калат. Кайлас тоосун тегеренип баратканда төрөлгөндөн ушул күнгө чейинки баардык өмүр күндөрүң көз алдыңа тартылат. Ал жерден миңдеген адам жаныңдан өтүп жатса да – сен жалгызсың. Өзүң менен өзүңдүн кездешүүңө туш болосуң. Ички руханий дүйнөң менен кездешүү деп айтса болот муну. Ошол чыйыр жолдо өзүңдү-өзүң чыйралтып жеңип, өзүңө кайрат берип кете бергенден башка арга жок. Ал жерде – сен жана Кудай. Кудайга гана сыйынып басып кете бересиң. Жан дүйнөң менен толгонуп, тазаланасың ал жерден. Кудайга болгон ишеничиң күчтөнөт. Физикалык да, моралдык да көргөн ал жердеги кыйынчылыкты сен өз эркиң менен жеңесиң. Ар бир нерсени жана ар бир көз ирмемди  баалоо түшүнүгү келет, аң-сезим ачылат, рух көтөрүлөт. Келгенден  кийин, турмушуңдагы баардык нерсеге ыраазы болуп жашаганга үйрөнөсүң.

Илимий жактан ачыла элек, энергетикасы ушунчалык күчтүү Кайлас тоосунун сырын ачууга окумуштуулардын дарамети жеткен эмес жана жетпейт…

– Маегиңиз үчүн чоң ырахмат!

Салтанат КЫДЫРМАЕВА

One thought on “Лариса АСАНБЕКОВА, парапсихолог: “Кайлас тоосун айланганда эки дүйнөнүн ортосу бир кадам болуп калат”

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *