Эки томдук жаңы жыйнак!

3-2Таштан болор, кумдан болор төшөгүм,

Аз болсо да сыртта калар сөздөрүм.

Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү,

Буудан болуп таскак салып өтөрмүн!

“Атаңдын көрү ай, качандыр бир кезде Алыкулдун сүрөттөрү менен коштолгон бараандуу китеби чыгар бекен” деген ойду бир кезде залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков өзүнүн “Акындын элеси” деген макаласында айтыптыр.

Түгөлбай атабыздын ошол тилеги кеч болсо да мына эми, Алыкулдун көзү өткөндөн 65 жылдан кийин ишке ашып, китепке мурда эч жерде учурабаган сейрек сүрөттөрүн кошкондо 50дөн ашык сүрөт киргизилип, чыгармалары да негизинен түп нускасында кетип, айрым чыгармалары болсо биринчи жолу жарык көрүп жатат.

Ар бири 600 беттен турган эки томдук Алыкулду ар тараптан ачып берери анык. Себеби, китептин түзүүчүсү, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү журналист-публицист, жазуучу Мундузбек Тентимишовдун айтымында, “бул китеп Алыкулдун кыргыз адабиятындагы акыл жетпеген масштабын: акындыгын, котормочулугун, драматургиясын, улуу ойчулдугун, тарых-маданиятка мамилесин, чыгармачылыгындагы биз күнүмдүк турмушта элес албаган баамчылдыгын, балдар адабиятынан дүйнөлүк алптарды кыргызчалатканга  чейин из салган бийик ордун туюнтуп турат.  “Менимче, – дейт түзүүчү, – Алыкул узанбаган, анын колу тийбеген кыргыз адабиятында бир дагы жанр калган эмес. Анын генийлиги, баш айланткан масштабы ушунда”.

Урматтуу окурмандар!

Кылымдан кылымга “буудан болуп таскак салып” келаткан акындын жаңы китебинде  акындын элден жыйнаган уламыштары, кыргыздын жер-суу аттары боюнча жазгандары, кыргыз дарыгерчилиги, баатырлык, “Манас” жана манасчылар жөнүндө ойлору, балдар ырлары жана башка дагы көптөгөн буга чейин эч жерде жарыяланбаган чыгармалары  улуу Алыкулду сиз үчүн дагы башка кырынан ачып берип, ага болгон урматыңызды дагы арттырып, жан дүйнөңүзгө жаңы баалуулукту тартуулайт!

Алыкул Осмоновдун жаңы жыйнагын сатып алууну каалагандарга байланышуу телефону: 0556 00-65-65.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *