КЫРГЫЗДЫН БАКТЫСЫНА ЖАРАЛГАН НУКУРА ТАЛАНТ

listing_original_14156808017162399346

Таштан МАМБЕТАЛИЕВ, улуттук коопсуздук кызматынын жана финансы полициясынын запастагы полковниги    

Кыргызды дүйнөлүк коомчулукка тааныткан, элибиздин сүймөнчүгүнө айланган, жалпы кыргыз улутунун сыймыгы Сүймөнкул Чокморов тууралуу айтылып, жазылып, тартылса дагы, анын тагдыры, өмүрү, эмгектери ар түрдүү себептер менен жогорку деңгээлде изилденбей, туура маалыматтар элибиздин калың катмарына жеткирилбей келет.

Мен бүгүнкү макаламда Сүймөнкул Чокморовдун тегин, тагдырын, эмгектерин учкай изилдеп, ал тууралуу айрым эскерүүлөрдү, фактыларды ар кандай булактардан алып кыска түрүндө берип, муну менен окурмандардын көңүлүн бурууну туура көрдүм.

Сүймөнкул Чокморов

Сүймөнкул Чокморов (09.11.1939-26.09.1992) –  дүйнөгө белгилүү залкар сүрөткер, залкар киноактер, Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Кыргыз Эл артисти, СССРдин Эл артисти, СССР сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү, Кыргыз Эл депутаты, көптөгөн Эл аралык, Бүткүл союздук, Республикалык сыйлыктардын, баш байгелердин ээси, жыйырмадан ашык кинотасмаларда башкы ролдорду ойногон. Ал көркөм сүрөт (пейзаждык жана портреттик жанр) жана графика түрүндөгү 800гө жакын чыгарманын автору. 27 полотносу дүйнөнүн атактуу музейлеринде илинип турат. Ленинграддагы көркөм Сүрөтчүлөр Академиясын 1964-жылы бүтүргөн. Волейбол боюнча спорт чебери, Кыргызстандын жана Ленинград шаарынын курама командасында ойногон.

Жылуу мамиледеги адамдары

Сүймөнкул Чокморовдун турмуш жолуна көз чаптырсак, ал дүйнөгө белгилүү көптөгөн залкар инсандар менен чыгармачылык жана досчулук жылуу мамиледе болгон. Алар: XX кылымдын Гомери деген атка конгон Саякбай Каралаев; Кыргыз Эл жазуучулары Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков; япониялык кинорежиссер Акиро Куросава; Казак жана Кыргыз Республикасынын Эл акыны М.Шаханов; СССРдин Эл сүрөтчүлөрү С.А.Чуйков жана Т.Сыдыков; СССРдин Эл артисттери С.Бондарчук, С.Ростоцкий; Кыргыз Эл баатырлары С.Эралиев, Б.Жакиев; жазуучулар Ю.Семенов (Москва), Ж.Медетов; кинорежиссерлор: И.Поплавская, А.Кончаловский (Москва), С.Бачварова (Болгария), А.Хамраев (Өзбекстан), Т.Океев, Б.Шамшиев; киноактёрлор: Т.Мифуне (Япония), Н.Аринбасарова, Е.Борзова, Л.Чурсина (Москва), Д.Банионис (Прибалтика), А.Джирханян (Армения); белгилүү акын Ж.Мамытов; Кыргыз Эл сүрѳтчүлѳрү Ж.Үмөтов, Ж.Кадыралиев… Бул тизмени уланта берсе болот.

Сүймөнкул Чокморовдун ден-соолугу начарлаганда, ага ошол убакта алгылыктуу көмөк көрсөткөндөр болуп ал кездеги  КП Борбордук комитетинин  биринчи секретары Т.Усубалиев, Министрлер Советинин төрагалары С.Ибраимов (маркум) жана А.Жумагулов, мурдагы тышкы иштер министри, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева жана башка кыргыздын чыгаан атуулдары айтылып да, жазылып да келет.

Чокморов – коомдук жана саясый ишмер

Сүймөнкул Чокморов коомдук жана саясый ишмер катары да айырмаланган. Алсак, Кыргызстан комсомолунун Борбордук комитетинин жаштар Советинин төрагасы, СССР сүрөтчүлөр союзунун катчысы, Кыргыз Эл Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун төрагасы (1987-1991 жыл), Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты (1981-1990, Чүй жана Ысык-Көл облусунан көрсөтүлгөн), СССРдин кинематографисттер жана сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон. Жаш муундарды тарбиялоого кошкон зор салымдары үчүн республикалык жана бүткүл союздук көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон.

Теги

Сүймөнкул Чокморов кырк уруу кыргыздын тектүү салааларынын бири болгон байыркы Жетиген уруусунан чыккан. Кыскача санжырасы: Эшенкарек-Ыбырайым-Кыбал-Байсаба-Чокмор-Сүймөнкул. Солто элинин сыймыктуу инсаны Байтик баатырдын энеси менен Байсабанын энеси бир тууган болгон. Байтик баатыр тагдырдын талабына ылайык Таластагы таякелеринен өз солто элине көчүп келгенде, Байсабаны өзү менен кошо ала келип, Саз деген жерге (азыркы Чоң-Таш айылдык  округу) отурукташтырган. Байсабанын Чокмору 11 балалуу болгон,  Чокмордун эң кенжеси – Сүймөнкул.Сүймөнкулдун уулу Бактыгул жана небереси Атай Канадада, экинчи баласы Эргул болсо Бишкекте жашайт.

Асыл сапаттары

Мүнөзү сабырдуу, көп сүйлөбөгөн, токтоо, калыс, адилет, жаман менен жакшыны ажырата билген, боорукер, шыктуу, бир көргөндө адамдын жан дүйнөсүн түшүнгөн, досчулукту бекем сактаган, чыдамкай, айткан сөзүнө турган, кайраттуу, эрктүү, эмгекчил, элин-жерин сүйгөн, Манас бабабыздай антка бекем, эр-жүрөк, тайсалдабаган, намыскөй, ички дүйнөсү таза, айкөл адам. Кыргыздын нарк-насилин, каада-салтын, көркөм кол өнөрчүлүгүн жакшы билген, элибиздин улуттук кийимдерин жакшы көргөн, жан-жаныбарды ыйык сезген, табиятка аяр мамиле кылган. Сөзгө маани берип, сөзүнө турбаган адамдарды жактырган эмес. Эч кимдин көңүлүн калтырбаган, кечиримдүү адам болгон. Үнү бийик, жакшы ырдаган, комуз, домбрада ойной билген жана атка мингендин түрдүү сырларын өздөштүргөн, ичкилик ичпеген, тамеки тартпаган жигит эле.

Кыргыз Эл акыны Эсенгул Ибраев С.Чокморовдун образын мындайча сүрөттөйт:

Жүзүнөн, жүрөгүнөн жанган нуру,
Жан элең, күндөй жаркын, гүлдөй сулуу.
Кыт болуп уюгансып көңүлдөргө,
Кыргыздын кыйын чыкма Сүймөнкулу!

Сүймөнкул адам деген сөздү бийик тутчу, анын: «…талант – бул Кудайдын берген олжосу, касиети, …сүрөтчүлүк – адамдын ички дүйнөсүн ачса, киноактер – аны жарыкка алып чыгат. Түбөлүк кызмат жок, адам болуш керек» деп айткан ойлорун Намыркул Чокморов өзүнүн китебинде жазып калтырган.

Бою шыңга бойлуу (186 см), кең далылуу, сөөк-саактуу, колу шадылуу, кырдач мурун, жазы маңдай, кыргый көз, шамдагай, сымбаттуу, элпек, сылык, сергек, эмгекчил, сүйкүмдүү жылмаюсу бар улуу талант Сүймөнкул Чокморов ушундай ички-сырткы сулуулукка ээ адам болчу.

56 жолку операция, кыйнаган оору

Сүймөнкул Чокморов 15 жашына чейин муун оорусу менен ооруган. Туулгандан баштап бир бөйрөгү болгон эмес (поликистоз). Ушуга карабай өзүн аябастан иштеп, ролдорду дублёр-каскадёрсуз ойногондуктан, 1982-жылы апрель-май айларында катуу бөйрөк оорусуна чалдыгып, өпкөсүнө суук тийген. 1992-жылдын сентябрь айына чейин жалпы наркоз менен бөйрөгүнө, кан тамырларына 56жолу оор жана кымбат операция жасалган, аны негизинен дүйнөгө белгилүү москвалык профессор О.С.Белоусов жасаган, башкача айтканда, гемодиализ менен, катуу режимди кармап жашоого мажбур болгон (бир күндө эки стакан гана суу ичкенге уруксат беришкен). Ар бир эки-үч күндүн ичинде “Фристул” аппараты менен каны тазаланып турган. Ал эми Кыргызстанда болсо, каражат жетпей калганда, бир нече жолу операцияны хирург-профессор Макен Намазбеков жасаган. Канча кыйналуу, канча азап, канча убара, канча чыгым менен жасалган операциялар!

Сүймөнкул тууралуу ой-пикирлер

Чыңгыз Айтматов: ”Сүймөнкулдун кош канат таланты – сүрөтчүлүгү менен киноактёрлугу жалаң гана кыргыз искусствосу үчүн эмес, жалпы дүйнөлүк маданиятка таандык”.

Эл аралык Олимпиада комитетинин мурдагы президенти Хуан Антонио Самаранч: “…мындай сүрөттү жаратыш – ушундай таланттуу адамдын гана колунан келет”.

А.Белоусов, дүйнөгө белгилүү хирург: “…в своей практике я видел тысячи больных. Однако, такого удивительного мужественного, сильного духом человека, способного каждую тяжелую операцию переносить как укус мошки – никогда не встречал”.

Геннадий Базаров, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссер: «…ички маданияты өтө жогору болчу, …бирөөнүн кайгысын өз кайгысындай кабылдап, кабыргасы кайышчу. Сүймөнкул агабыз атакка да жеткен, абийир да тапкан сейрек инсандардын, сүрөткерлердин катарына кирген бирден-бир адам эле. Ал кайраттуу, чыдамкай адам катары биздин эсибизде түбөлүк кала берерине мен терең ишенем».

Шаршеналы Усубалиев, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ишмер: “…Сүймөнкул бардык кыйынчылыктарга чыдады. Баягы эле оор басырыктуу, ашык сөзү жок, назик кыял, эч кимге атаандашпаган, кең пейил, бийик адам эле. … Сүймөнкулдун магнити бар эле, …кинокөрүүчүлөр сүйкүмдүү тосуп алганына мен көп ирет күбө болдум, … Сүймөнкулдун таланты – дүйнөлүк деңгээлдеги кайталангыс чоң талантка айланды”.

Атаулда Боромбаев, Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги, олимпиада чемпиону С.Жуманазаровдун биринчи тренери: “…ал башкалардан кичипейилдүүлүгү менен айырмаланып турчу. Анын жүзүнөн, сымбаттуулугунан, турпатынан, маданияттуулугунан кыргыз элинин рухий жүзү, жыты көрүнүп тургандай сезилчү. Сүймөнкулду көргөндөр кыргыздар ушундай адамдар турбайбы деген ойго келчү. Ал улут эталонундай жигит болчу. Сүймөнкул өз элинин патриоту эле. Москвада кыргыздын ак калпагын кийип жүрчү. Кыргыз мамлекетинин желекчесин жюриде отурганда дайым столдун үстүнө коюп койчу. Сырттан келгендерге атайын улуттук тамактарды жасаттырып, кыргыздын салты менен конок күтчү”.

Жамал Сейдакматова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Сүймөнкул – бул улуттук баатыр, тубаса талант, Кудайдын берген олжосу, … Сүймөнкулду унутуп баратканыбыз, бул тоо урагандай эле кеп да, …эң негизгиси артыбызда өсүп келаткан муундарга үлгү, тарбия берүүчү образдарды биз Сүймөнкулдан үйрөнсөк болот. Сүймөнкулдай ыйык адамдын элесин унутуп койсок, бул биз үчүн чоң күнөө, …анын замандаштары, жолдоштору, туугандары Сүймөнкул тууралуу китеп жазышса дейм, алардын көзү өтүп кетсе, Сүймөнкулдун табышмактуу көп сырлары ачылбай калышы мүмкүн”.

Өчпөс эмгектери 

С.Чокморов ооруп кыйналганына карабай, өз өмүрүнүн аягына чейин 500дөн (кээ бир маалыматтар боюнча 800дөн ашык) сүрөт жаратты, кинодо 20дан ашык ролдордо ойноп Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан кинотасмаларын дүйнөлүк аренага алып чыккан инсандардын бири. Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн Эл аралык жана СССРдин кинофестивалдарында беш жолу катары менен биринчи байгени жеңип алган. Оорунун азабынан С.Чокморовдун көп кырдуу таланты толугу менен ачылбай кетти, Манас, Чынгызхан, Темирландын ролдорун аткарсам деген ойлору ишке ашкан жок. Бул тууралуу кинорежиссер Т.Океев: “…Сүймөнкул экөөбүз кино өнөрүнүн күлүгүн узакка чабабыз деп ойлочумун, …оорунун дартынан ал кинодон алыстай түштү, …Чынгызхандын ролун аткармак, …Манасты да Сүймөнкулга ойнотсом деп болжогом” деген.

Кандай болгон күндө да,  С.Чокморовдун элеси кылымдан кылымга өчпөй сакталып кете берет, бул Кыргыз Эл баатыры, Кыргыз Эл акыны С.Эралиевдин “Сүймөнкулга” деген ырында таамай айтылган: “Элеси бул кылымдын калды эсинде, Алкынтып бара жаткан асый атын”, а белгилүү акын Ж.Мамытовдун “…Элестелип бүт дүйнөгө таркады, Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” аттуу саптары эл оозунда унутулбай сакталып келет.

С.Чокморовдун тарткан сүрөттөрү кыргыз элинин атынан Эл аралык Олимпиада комитетинин мурдагы президенти Хуан Антонио Самаранчка белекке берилген. Кыргыз Өкмөтүнүн атынан Россия Федерациясынын мурдагы президенти Б.Н.Ельцинге, Казак Республикасынын президенти Н.А.Назарбаевге, Өзбек Республикасынын президенти И.А.Каримовго тапшырылган, ал сүрөттөр Кремлде, Алматы, Ташкен шаарларынын музейлеринде сакталып турат. Мындан тышкары анын эмгектери расмий мамлекеттик делегациялардын да, өзүнүн да атынан Япония, Куба, Египет, Африка өлкөлөрүнө белек катарында тапшырылган. Мисалы, итальян айымы, атактуу Джина Лоллобриджа, француз айымы, белгилүү Марина Влади, америкалык актёр Дин Рид жана башкаларды атап, бул тизмени уланта берсе болот.

Ал сүрөтчүлүк өнөргө басым кылгандыктан, анын акындык өнөрү кала берген.

Залкар инсандын искусство дүйнөсүндө жеңип алган сыйлыктары, алган наамдары, эмгектери тууралуу толугураак маалымат Намырбек Чокморовдун “Сүймөнкул Чокморов” китебинде камтылган.

Музейинен белгисиз жоголгон мүлктөрү

Азыркы мезгилде, ар түрдүү себептер менен  Сүймөнкул Чокморовдун кыргыз элине калтырган мурасы мамлекеттик деңгээлде жеткиликтүү сакталбай келет. 1993-жылдын август айындагы Бишкек шаардык мэриянын чечими (№780-1, 2-август 1993 жыл; Токтогул көчөсү, №170 үй) менен уюштурулган С.Чокморов атындагы музей-мастерской азыр иштеп-иштебей турган мезгил. Каражат жоктугунан электр жарыгы, телефон зымы кесилген, терезелери талкаланган деп айтылат, ремонт жасалган эмес, имарат кароосуз калган. Музейге берилген С.Чокморовдун көлөмдүү эмгектери (5-октябрь, 1993-жылы Кыргыз Эл сүрөтчүсү А.Осмонов жетектеген жети адамдан турган комиссия С.Чокморовдун 427 сүрөтүн тизмелеген, ал тизмени Намырбек Чокморовдун китебинен алса болот), музейдин ичиндеги мүлктөрү кайда экени белгисиз. Музей иштебесе да, анын кызматкерлери айлык маянасын алып турат, мүдүрлөр алмашканда  кабыл алуу-берүү актылары түзүлгөн эмес деген да такталбаган маалыматтар арбын. Кыскача айтканда, тиешелүү көзөмөлдүн, эсеп-кысаптын, жоопкерчиликтин жоктугунан жогоруда аталган музейдин таланып кетишине шарт түзүлгөн. Бул фактылар Парламенттин деңгээлинде каралып, комиссия түзүлүп, кызматтык тескөө, керек болсо тергөө иштери жүргүзүлүшү керек. Өкүнүчтүүсү, залкар сүрөтчүнүн “…жараткан өнөрлөрүмдү, сүрөттөрүмдү сактагыла, …алар жаштар үчүн керек, …бардыгы элдин мүлкү, жалпы элге таандык, …кийинки муундарга калтырган белегим, …баардыгын мастерскоюма таштап кеттим” деген керээзи жеткиликтүү деңгээлде аткарыла элек.

Мындан тышкары, борбор шаарыбыздын Фрунзе көчөсүндө жубайы маркум С.Шабазова экөө  жашаган  497-үйдү үй-музейине айландыруу зарылчылыгы тууралуу ой-пикирлер да арбын. Эмне үчүн, Чуйковдун, Фрунзенин үй-музейин барктап сактайбыз да, ал эми кыргыз эли үчүн ден-соолугун, жанын аябаган, кыргыз улутун барктаган, даңктаган залкар киноактёр-сүрөтчүнү жогорку деңгээлде баалабайбыз? Бул бүгүнкү кыргыз баласынын начардыгыбы же айкөлдүгүбү деген ойлор мекенчил кыргыз баласын ойлондуруп, тиешелүү чечимдерди кабыл алууга түртөт.

Мамлекет улуу талантыбызды колдоого ала элек

Сүймөнкул Чокморовдун дүйнөдөн кайтканына быйыл 22 жыл болду. Ушул аралыкта Сүймөнкул Чокморов атындагы көчө, айыл, мектеп, сүрөт окуу жайы бар. Бишкек шаарынын Чуйков көчөсүндө, Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында эстелиги тургузулган. Улуттук банк 5000 сомдук банкнотко элесин түшүргөн. Мезгил-мезгили менен республиканын кээ бир аймактарында конкурстар, спорттук таймаштар, көргөзмөлөр, конференциялар, көркөм окуулар өткөрүлүп турат. 2009-жылы баласы Бактыгулдун демилгеси жана Т.Океев атындагы фонддун, “Азияуниверсал” банктын, республикалык кинематографисттер департаментинин жардамы менен Сүймөнкул Чокморовдун 70 жылдык мааракеси белгиленген жана 2014-жылы 7-ноябрда Аламүдүн районунун деңгээлинде анын 75 жылдыгы белгиленди.

Бирок, мамлекетибиз ушул убакка чейин улуу талант Сүймөнкул Чокморовду колдоого ала элек. Мамлекетибиздин борбор шаарынын көрүнүктүү жерине анын эстелиги тургузула элек. 1997-жылдын 13-февралында Кыргызстандын көрүнүктүү искусство жана коомдук ишмерлеринин кайрылуусунун (борбордогу “Ала-Тоо” кинотеатрынын алдына эстелик тургузуу) негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 1997-жылдын 10-апрелинде №101 токтому (мамлекеттик резервдик фонддон эстеликтин долбооруна, аны тургузууга 30 миң сом бөлүнгөн, А.Жумагулов кол койгон ) кабыл алынган. Ал токтомдо эстеликтин долбоорун түзүү, аны тургузуу Бишкек мэриясына жана маданият министрлигине тапшырылган. Бишкек шаардык мэриясы конкурс өткөрүп, 1997-жылдын 1-декабрында 613 номерлүү токтом (билим, илим, маданият министрлигине эстеликтин долбооруна, аны тургузууга уруксат берилген, курулушту 1998-жылдын 1-сентябрына чейин башталсын деп милдеттендирилген, токтомго Б.Силаев кол койгон) кабыл алынган. Мындан тышкары, 2002-жылы июнь айында Бишкек мэриясы тарабынан С.Чокморовго арналган (увековечении памяти) иш-чаралар иштелип чыккан (конкурс, көргөзмө, кинокече, телеберүүлөрдү уюштуруу; кинофильмдерди көрсөтүү; “Россия” кинотеатрынын алдында С.Чокморовдун эстелигин ачуу, анын тегерегин жашылдандыруу; Сүймөнкул Чокморов атындагы музейди калыбына келтирүү; иш-чараны Бишкек шаарынын мэри М.Керимкулов бекиткен). Мамлекеттик түзүмдөр тарабынан бул аталган токтомдор, иш-чаралар бүгүнкү мезгилге чейин толугу менен аткарыла элек. Жогоруда аталган токтомдордун, иш-чаралардын аткарылбаганын белгилеп, Казакстандын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Мухтар Шахановдун Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти А.Акаевге жазган сураныч каты (№1094, 22-ноябрь 2001 жыл), айрым Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгек ардагерлеринин, жаштардын кайрылуусу (2004-жылдын 10-ноябрында “Слово Кыргызстана” гезитине жарыяланган), Социалисттик Эмгектин баатыры, Баатыр Эне Гүлсара Сулайманованын Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти К.Бакиевге жазган сураныч ачык каты (2005-жылдын 19-августунда “Жаңы Ордо” гезитине жарыяланган) бийлик тарабынан жоопсуз калган. Өзбек режиссёру Али Хамраев Ташкент шаарына Сүймөнкул Чокморовго эстелик тургузабыз деп да демилге көтөргөн.

Чүй облусунун мурдагы губернатору Сагынбек Абдрахманов баш болгон чүйлүк эр азамат жигиттердин, айрым искусство чеберлеринин колдоосу менен Сүймөнкул Чокморов атындагы түзүлгөн коомдук фонддун эң биринчи негизги максаты – Сүймөнкул Чокморовго эстелик тургузуу болгон.  Фонд тарабынан республиканын ар бир райондорунда, шаарларында  эстафеталык марафон өткөрүлгөн, натыйжасында эстелик тургузууга 3 млн. сомдон ашык каражат топтолгон. Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин жасоо боюнча конкурс жарыяланган. Жүздөн ашык архитекторлор, скульпторлор катышып, эки турдан кийин Жоомарт Кадыралиевдин тобу менен Садырбек Макеевдин тобу актёрдун эстелиги даярдоонун үстүндө иштеп жатышат. Анын эстелигин Иса Ахунбаев көчөсү менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишинин төмөнкү жагындагы паркка (Дене-тарбия институтунун батыш тарабы) орнотууга сунуштар болуп жатат.

Мындан тышкары, эл арасында, Аламүдүн районуна караштуу Орто-Сай айылындагы “Байтиктин бозбөлтөгү” жеринин экс-премьер-министр Ө.Бабанов орноткон туунун жанына, же Сүймөнкул Чокморов атындагы мемориалдык-маданий комплекстин аянтында (Байтик айыл өкмөтүнөн жер бөлүнгөн), ошондой эле Иса Ахунбаев көчөсү менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишиндеги аянтчада, “Ала-Тоо”, “Россия” кинотеатрларынын алдында коюлушу керек деген ойлор да арбын.

Залкар сүрөтчү, залкар киноактер, айкөл инсан Сүймөнкул Чокморовдун тургузула турган эстелиги, мемориалдык маданий комплекси бара-бара ар бир кыргыз муунунун сыймыгына, элдин руханий кенчин байыта турган жайга айланат го деген элдин үмүтү зор.

Аягы

Залкар Сүймөнкул Чокморовдун сүрөт тартуудагы өнөр кудурети, актерлук кайталангыс чеберчилиги, мекенчилдиги, адамдык сапаттары, тагдыры, өмүр жолу тууралуу көлөмдүү роман, драма жаралышы керек эле. Анын эмгектери терең изилденип, кийинки муундарга калтырылышы абзел экендигин эч ким тана албайт.

Менин билишимче, Сүймөнкул Чокморов тууралуу Эльза Лындина “Сүймөнкул Чокморов” китебин (1985-жылы Москвадан жарык көргөн), Намырбек Чокморовдун “Сүймөнкул Чокморов” аттуу даректуу баяны (2007-жыл), казак жазуучусу С.А.Кинеевдин “Великолепный Суйменкул” (2012-жыл) китеби, Б.Чотурованын “Чокморовго ыр десте” ырлар жыйнагы (2006-жыл), А.Матисаковдун “Сказание о Суйменкуле” эссеси (2000-жыл), Ж.Сулаймановдун “Прикосновение” (2012-жыл) чыгармасыбар, үй-бүлөлүк видеофильм жаралган. Мындан тышкары көптөгөн акындардын ыр саптары ага арналып, ондогон обондор жаралган, массалык маалыматтарына жарыяланган макалалардын саны да арбын. Мезгилдин талабына ылайык шаардык, райондук, облустук деңгээлде ар кандай иш-чаралар иштелип, өткөрүлүп келет, бирок республикалык, эл аралык деңгээлде жокко эсе, мамлекет тарабынан көп көңүл бурулбайт. С.Чокморовдун 80 жылдык мааракеси республикалык, эл аралык деңгээлде өтсүн деп тилек кылалы, буга мамлекет аракет кылса, коомчулук, элдин тагдырын чечем деген саясатчылар колдосо, тез эле аткарыла турганына ишенем.

Кыргыздын бактысына сейрек жаралган нукура талант Сүймөнкул Чокморовдун эмгеги азыркы жаштардын жана келечек муундар үчүн  тарбиялык мааниси өтө зор экендигин унутпасак. Анын өмүр жолун, ишмердүүлүгүн терең изилдеп, залкар инсандын мурастарын сактап, кылым карыткан кыргыздын тарыхына калтыруу – залкар инсандын талантына таазим эткен ар бир кыргыздын, анын жакын туугандарынын, балдарынын, өзгөчө бийлик түзүмдөрүнүн милдети, айттырбай аткара турган парзы!

Сүймөнкул Чокморов тартылган көркөм кинотасмалардын тизмеси:
1. 1968-жыл, “Караш-караш окуясы”
2. 1968)-жыл, “Жамийла”
3. 1970-жыл, “Өзгөчө кырдаалдагы комиссар”
4. 1971 (1972)-жыл, “Уркуя”
5. 1972-жыл, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”
6. 1972-жыл, ”Жетинчи ок”
7. 1972-жыл, “Мен Тянь-Шань”
8.1973-жыл, “Көк серек”
9. 1975-жыл, “Дерсу Узала”
10. 1975-жыл. “Кызыл алма”
11. 1976-жыл. “Фердинандо Люстун өмүрү жана өлүмү”
12. 1977-жыл, “Көз кареги”
13. 1977-жыл, “Улан”
14. 1977-жыл, “Каныбек”
15. 1979-жыл, “Эрте келген турналар”
16. 1983-жыл, “Бөрү зындан”
17. 1981-жыл, “Аялсыз эркектер”
18. 1984-жыл, “Дем алыш күнкү сейил”
19. 1984-жыл, “Биринчи”
20. 1986-жыл, “Толкундар жээкте өлүшөт”.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *