Төкмөлөр төккөндөн кийинки сөз

Айтышка айтаар «арызым»

Улуу акын Токтогул Сатылгановдун туулганынын 150 жылдыгынын урматына ушул жылдын 14-15-октябрында Токомдун ысымын алып жүргөн Филармониянын чоң залында 3 миллион сом байге сайылып төкмө акындардын эл аралык айтышы болуп өттү. Андан мурун 6-октябрь күнү баардык облустардын булуң-бурчунан келген 44 кыргыз акыны 22 жупка бөлүнүп айтышып, 8 акын тандалып алынган. Алар: Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев, Кубат Түкөшев, Идрис Айтбаев, Болот Назаров.

Калган 36 акын да кур калышпай, жалпы байге фонд эсебинен 2000 сомдон акчалай сыйлык алышты. Ал эми, 14-15-октябрь күнү Казакстандан келген 8 акын менен 8 кыргыз акыны айтышканда кош байге сайылды. «Кармаш» өтө курч мүнөздө өтүп, казактардан 4, кыргыздардан 4 акын жарым финалга чыгышты. Жарым финалга өтпөй калган 8 акын (4 казак, 4 кыргыз акыны) 40 миң сомдон байге алышты.

Кыргыздын төрт акыны өзүнчө, казактын төрт акыны өзүнчө белет алышып, 4 жупка бөлүнүшүп жарым финалга чыгышты. Биринчи номурлуу белет алышкан казак акыны Нурмат Мансуров менен Аалы Туткучев болуп, 2-жупка казак акыны Серик Калиев менен Амантай Кутманалиев, 3-жуп казак акыны Айбек Калиев менен Жеңишбек Жумакадыр, 4-жуп казак акыны Балгынбек Имаш менен Элмирбек Иманалиев болду.

Финалга казак акындары Айбек Калиев менен Балгынбек Имаш, кыргыз акындарынан Аалы менен Элмирбек чыгышты.

Эми, Баш байге жана 1-орун үчүн «кырчылдашмай» башталды! Финалда Айбек Калиев менен Элмирбек, Балгынбек менен Аалы айтышты.  90 упайдан топтогон Балгынбек менен Элмирбек баш байгени утуп алышып, 500 миң сомдон байге акчага ээ болушту. Биринчи орунга Айбек менен Аалы чыгып, 400 миң сомдон байге алышты.

«Той да болоор, тойдун эртеси да болоор» дегендей, Токтогул атабыздын 150 жылдык маараке тоюна арналган эл аралык айтыш да өз ишин жыйынтыктап, эл ичи уу-дуу болуп, ар кандай пикирлер айтылып жатты.

Биринчиден,  «Кош байгенин» тегерегинде көп сөз болуп, казак акындарына артыкчылык берилгендей болду дегендей ойлор айтылды. Чындап караганда, «Айтыш» өнөрүндө деле «Ат чабыш» сыяктуу күлүктүн күлүгү байге алат. Эмне үчүн тандоо туру кыргыз акындары арасында эле өткөрүлүп, казак акындары катышкан жок? Тандоо туруна казак-кыргыз акындары аралаш катышып улутуна карабай 16 акын тандалып алынса калыстык болмок. Тандоо турунан өтпөй калган акындар: Сапарбек Зулпиев, Баян Акматов, Асылбек Маратов, Жылдызбек Төрөкановдор, жарым финалга өтпөй калгандарды мындай кой, өтүп кеткен казак акындарын бирден «жайлай» турган акындар эле. Кыргыз коногун сыйлап урмат-сый көрсөтүү абалтан бери келе жаткан ата-бабадан калган салт. Бирок, бир байгени эки кишиге берип, анын бири казак акыны болсун деген салтты уккан жок элек. «Боёкчу десе эле сакалын кошо боёптур» болуп, конок сыйлайт деген ушу экен деп аша чаап кеткен жокпузбу, урматтуу Бексултан Жакиевич?

Экинчиден, «Айтыштын» биринчи күнү сатылган белеттин баасы 200, экинчи күнү 300 сом болду. Атактуу төкмө Коргоол Досуевдин 130 жылдыгына арналган «Айтышка» белет 100 сомдон сатылгандай болду эле. Филармониянын мурунку деректири Замирбек Үсөнбаевдин ордун мыйзамсыз ээлеген Кыргызбай Осмонов Токомдун арбагын белетти кымбат сатып сыйлайбы?

Үчүнчүдөн, эмне үчүн «Кыргыз ССРинин эл артисти», төкмө акын, атактуу төкмө Алымкулдун уулу Замирбек Үсөнбаев мындай «Айтышка» конок катары болсо да чакырылбайт? Калыстар курамында бир да төкмө акын болгон жок. «Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун» дегендей, калыстар тобунун төрагасы болуп отурса Замирбекке жарашпайт беле? Ашыке, Эстеке, Тукам, Ысмакемдерден (баса, Ысмайыл Борончиевди эстеген бир киши жок) кийин жалгыз көзгө басар эскилерден Замыке калды. «Өсөөр эл өзүн, өспөс эл жатын сыйлайт» дегендей, биз кыргыздар Замирбекти барктай албай калдык окшойт. Барктамак тургай филармониянын деректирлик кызматын ага ыраа көрбөй «кууп» чыктык.

Төртүнчүдөн, маркум төкмө акын Майра Керим кызындай чыгаан төкмө кыз-келиндер казак-кыргыздан чыкпай калабы? «Эл ичи өнөр кенчи» дечү эле, же жакшылап көңүл буруп издебей жатабызбы? Майра жок залдын бир жак капшыты бөксөргөнсүп турду, бу саам да.

Бешинчиден, 6-октябрдагы төкмө акындардын тандоо конкурсуна 44 акындын келип катышып бериши – «Айтыш» коомунун төрагасы Садык Шернияздын эмгегинин үзүрү деп айтсак болот. Элмирбек, Жеңишбек, Амантай, Азамат, Аалы, алардан кийинки Баян Акматов, Болот Назаров, Кубат Түкөшев, Жылдызбек Төрөкановдордун асты «Народный», арты «Заслуженный» деген ардактуу наамдарга татыктуу болуп калышты. Биздин мамлекет жок дегенде «Почетная грамота» деген эки барак кагазын ушу балдардан эмнеге аяшат?

Кеп соңунда айтарым, 1939-жылы Кыргыз ССРинин маданияты менен искусствосунун декадасы Москва шаарында өтүп, атактуу комузчу Атай Огонбаев СССРдин Чоң театрынын сахна залында комузда кол ойноткон жогорку чеберчилигине ыраазы болгон И.Сталин тура калып кол чапканы тарыхтан маалым.

Көп кырлуу алп талант Токтогул атабыздын 150 жылдык маараке тоюнун урматына өтүп жаткан төкмө акындардын эл аралык айтышына биздин мамлекет, өкмөт башчыларыбыз баштан аяк катышпаса да, элге бир көрүнүп коюп кетишсе эл да, Токомдун арбагы да ыраазы болот эле.

Кеңеш  БАКИР уулу

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *