«КУРМАНЖАН ДАТКА» ТАСМАСЫН СЫНДОО ЖАНА ЖАКТОО

ЭКИ АВТОР – ЭКИ КӨЗ КАРАШ

maxresdefault

РЕДАКЦИЯДАН:  «Курманжан Датка» жаңы тасмасынын  элге тартууланып жатканына 2 айдан ашты. Бул тарыхый тасманы мактагандар четтен чыгып жатса, ошол эле учурда сындагандар, кабыл алгысы келбегендер да бар.  Тасманын кинотеатрларда көрсөтүлүүсү менен катар эле, улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата төкмө акындардын эл аралык айтышы да өтүп, көрүүчүлөргө жык толгон Мамлекеттик филармониянын чоң залындагы эки күндүк айтыш телеканалдардан эфирге кетип, коомчулукта бул да кызуу талкууну жаратты.

Бул эки маанилүү окуя тууралуу жеке сын көз караштагы оюн билдирген окурманыбыз Кеңеш Бакир уулу өзүнүн макаласын электрондук дарегибизге жөнөтсө, ошол эле учурда «Курманжан Датканын» айрым көрүнүштөрүн кескин сындагандарга жаны ачып каршы чыккан парапсихолог Лариса Асанбекова да өз пикирин редакциябызга жиберген.

Эки жактын тең пикирин жарыялоо менен бирге,  «Көк асабага» жарыяланган макалалар редакциянын көз карашын билдирбесин окурмандарга эскерте кетели жана «Курманжан Датка» тасмасы жана айтыш боюнча пикирлерин мындан ары да билдиргиси келген окурмандарыбызга гезит бетинен орун берүүгө даяр экенибизди айта кетели.

СЫНДОО

кенеш бакируулуКеңеш БАКИР уулу
Касымаалы Жантөшев белгилүү «Каныбек» романын жазганда Мидикем (Мидин Алыбаев):

Түзүк жазылды «Каныбек» –

Кара шакылдак.

Автордун оюна койсо:

…Каныбек,

Акыры министр болуп жаны тынмак, – деп жазганы бар.

Анын сыңарындай, «Курманжан Датка» фильми жакшы тартылды. Көп эмгек, оңой эмес каражат жумшалды. Ошондой болсо да, «Бүткөн ишке сынчы көп» дегендей, фильм жөнүндө ой-пикир айтууну эп көрүп турам.

Кандай гана чыгарма жаралбасын, эл андан таалим-тарбия алып, кийинки урпактарга  өткөн тарыхтын кемчилиги кайталанбагандай тарбиялык мааниси болуш керек. Курманжан Датка, Алымбек Датка, Шабдан баатыр, Датканын балдары: Абдылдабек, Камчыбек ж.б. кечээ эле турмушта жашап өтүшкөн тарыхый адамдар. Кийинки муун алардын кылган иштери, жүрүм-турумунун оң жана терс жактарынан сабак алып, тарбияланат. Ошондуктан фильмдин сценарийи  Курманжан Датка жөнүндөгү тарыхый чындыкты терең иликтешкенден кийин гана жазылып, ошол чындыктын өзөгүнүн негизинде көркөм боёк ыгы менен кошулуп тартылса, фильм мындан да мазмундуу жана даңазалуу чыкмак. Мисалы, Камчыбектин орус бийлиги тарабынан дарга асылышы Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романынын негизинде тартылып, тарыхый чындык толук ачылбай калган.

Мына, менин колумда Мурзали Исраил уулунун  «Качыбек уулу санжырасы» (Бишкек-2011) аттуу жука китепче турат. Бул китепте «Чыгашалуу малга ээси баш» дегендей, мындай кайгылуу окуяга Камчыбек өзү төмөнкүдөй  болуп себепкер болгон.

Алымбек Датканын кичи уулу Камчыбек Ошто бек болуп турганда,  Алайдан бир адам бир куржун алтын-күмүш алып Кашкардан Алай-Куу аркылуу өтүп кетип бара жатып, Ой-Тал деген жерге барганда аттан түшүп,  бешим намазын окуп жатканда белгисиз бир адам баягы куржунду алып качып кетет. Жардам сурап элге кайрылгандан майнап чыкпагандан кийин ал киши Алайга «ыйлаган» бойдон кетип, Камчыбекке барып арызга отурат. Камчыбек, кыш чыгып жай келгенде баягы буюмун уурдаткан адамды ээрчитип, Алай-Кууга жолго чыгат. Ой-Талга барып, элди чогултуп жоголгон буюмду таап, ууру ким экенин көргөзүп берүүлөрүн талап кылат. Эл эч нерсе айтышпай тунжурап туруп беришет.

Бек айласы кеткенде ошол элди башкарган, жашы илгерилеп өтүп калган Ибраим бийди алдырып, эли менен сүйлөшүп жоголгон буюмду таптырып берүүсүн сурайт. Ибраим бий эл менен тууганча сүйлөшүп, ууруну табууга катуу аракет кылат. Бирок, бийдин бул аракетинен натыйжа чыкпагандан кийин, аргасыздан ууру табылбаганын бекке кабарлайт.

Камчыбек Ибраимдин баласындай болгону менен бийди кагып-силкип, чачын устара менен такырайта кырдырып, Ой-Талдын сайына, ысык күнгө жылаңбаш чөк түшүрүп отургузуп коюп катуу ыза кылат. Ортого түшкөн элге да карабай бийди кечке отургузуп, жоголгон алтын-күмүштүн ордуна мал-пул, буюм түрүндө өндүрүп, Камчыбек жолго түшөт. Катуу ызаланган Ибраим бий: «Канчыктын баласы сенчелик болбосом эле…» деп ичине катуу кек сактап калат.

Камчыбек Алайга барганда Алай-Кууга кандай барып, эмне иш бүтүрүп келгенин энесине төкпөй-чачпай мактаныч кылып айтып бергенде, Датка энебиз аябай капа болуп: «Балам, бекер кылыпсың. Ибраим бий жашы өйдөлөп калган, далай жерге таанылган, абийир-ызаты чоң, атаң да, мен да жакшы тааныган акылман кексөө адам эле. Сенин түбүңө ошол адам жетет. Эми, арга жок, өз кылганың өз башың муш» деп катуу кайгырат.

Камчыбек кеткенден кийин бектен кантип өч алыштын жолун Ибраим бий көпкө ойлонот. Акыры Алайга – Курманжан Датканын жерине турмушка чыккан эки кыздын күйөөлөрү Сатыбалды менен Кожого атайы өз кишилерин жиберип кеңеш курат. Ошол кезде Сатыбалды Алымбек Датканын балдары менен бийлик талашып тымызын «кырчылдашып» турган убагы экен. Кеңешип отурушуп Камчыбектин адамдары Кытай тарапка барышып  контрабандалык товарлар (апийим, алтын, бермет ж.б.) менен соода-сатык кылышкан мыйзамсыз иштерине токтолушат.

Камчыбектин адамдарынын контрабандалык иштери боюнча Ибраим бий Фергана уездинин начальниги генерал-губернатор Скобелевге арыз кийирет. Генерал жиберген үч бажы кызматкери арызды текшергени адегенде Алай-Кууга – Ибраим бийге барышат. Бий бажычыларга адам кошуп берип Алайдагы Сатыбалды менен Кожого жиберет. Андан ары Сатыбалды орустарга атайын адам кошуп берип Камчыбектин Кытайга бара жаткан кербенин тостуруп текшерткен. Текшергенде контрабандалык товарлар чыгып, арызда көрсөтүлгөн фактылар далилденген. Бирок, Камчыбектин Акбалбан баштаган жигиттери баягы үч орусту өлтүрүшүп, корумдап салышат.

Бул мыкаачылыкты орустар менен кошо барган Сатыбалдынын адамы көрүп туруп айтып келген. Сатыбалды бул окуяны толугу менен баяндап Ибраим бийге киши жиберет. Ибраим бий болгон кылмыш боюнча Скобелевге экинчи жолу арыз жиберет. Бул арызды текшергени бул жолу беш адам келип, Сатыбалдынын адамы үч орустун өлүгүн таап берген. Баардык иш аныкталгандан кийин Акбалбан баштаган Камчыбектин жигиттери камакка алынат.

Бул окуяны уккан Камчыбек түнү менен Алайга – энесине келет. Ошондо иштин чоо-жайын уккан датка: «Баягында айтпадым беле балам, өз кылган ишиң өз башыңа муш деп… акыры түбүңө Ибраим бий жетти, эми башыңа түшкөндү көр. Арга жок» дейт. Камчыбек болсо түнү менен кайра Ошко жетет. Эртеси камакка алынат да, кийин Акбалбан экөө даргага асылып, калгандары Сибирге айдалат.

Курманжан Датка кийин ортодо кек болбосун деп Ибраимдин чоң баласы Кыдыршага кыз бердирген. А Ибраим бий болсо бул жаман иш ушул бойдон жакшылыка айлансын деп өзүнүн Бүбүкан деген кызын Алымбек, Курманжан даткалардын уруктарына берген.

«Курманжан Датка» фильминдеги жанагы аягы суюк келинди таш бараңга алган ашыкча эпизоддун ордуна Камчыбектин өлүмүнө байланыштуу чындык камтылса, Датка энебиздин жүзү мындан да жарк этип, көргөн адам көп тарбия алмак.

Фильмдеги көп эле окуялар чындыкка дал келбейт. Шабдан баатыр убагында орус бийлигине кадыры арткан, мезгилдин талабын туура баамдаган зор коомдук ишмер болгон. Шабдан баатырдын кеңешин туура кабыл алып, Курманжан Датка элин кыргындан сактап оруска кошкон. Фильмде болсо Шабдан баатырды жөнөкөй эле боз бала кылып, чаап келатып аттан ыргып секиртип койгон. Шабдан баатырдай улуу адамга андай мамиле кылган туура эмес.

Алымбек датканын өлүмүнүн себеби да даана ачылбай калган. Кокон ханынын аскер башчысы Канат-Шаа отуз миң колу менен 1860-жылы орус армиясынын Узун-Агачтагы коргонуу чебине чабуул коюп, орустар замбирек, пулемет ж.б. ок атуучу куралдардан ок чыгарганда, Кокон жоокерлери чөп чапкандай сулашып, орустун эки миңдей солдаты ээлеп турган чепти  ала алышпай,  көп жоготуу менен артка кайтышкан. Алымбек датка ошондой күнгө туш болорун билип туруп колун согушка кийирбей Ат-Башы жакка алып кеткен. Кокон бийлиги ошондон кыйыктап Алымбектин көзүн тазалаган.

Тасмада көрсөтүлгөндөй, Курманжан Датка ат менен чаап баратып жардан сууга секиртип түшүп тарыхта калган эмес. Датка өзүн баалай билген, ар бир айткан сөзү терең маанилүү, акылман, көрөгөчтүгү, беш убак намазын жазбай, боюн таза, тыкан алып жүргөндүктөн орус генералдары ал кишиден сестенип тургандыгы менен тарыхта калган. Бир мисал. Майор Ионов келгенде:  «Менин Датка даражам Генералга тете, сиздин майор чиниңизден жогору турат» деп майор менен сүйлөшпөй койгон.

Эми, айта берсе сөз көп. «Кой аксагы менен миң» дегендей, фильм жакшы тартылды. «Кыргыздын кыздары  ушундай болсо, жигиттери кандай болду экен» деп дүйнө элин бул тасма суктандырып, ылайым кино «Оскар» сыйлыгын алсын.

 

ЖАКТОО

9-АсанбековаЛариса АСАНБЕКОВА

«Курманжан датка» тасмасын эки жолу удаа көрүп чыктым. Мүмкүнчүлүгүм болсо дагы кайталап көрө берем деген оюм бар. Себеби, бул тасманы көргөн сайын улам бир кырын ачып, улам бир сырларын сууруп чыга берет экенсиң. Башкаларды билбейм, менин бул тасмага болгон мамилем ушундай болууда.

Бирок, жакшы менен жаман, ак менен кара дайыма эриш-аркак жүрөт дегендей, өзүмдүн  “Курманжан Даткага” болгон суктануум укмуш болгону менен, коомчулук ичиндеги айрым адамдардын жаңы киного болгон нааразычылыгын, сындарын укканда – чынында эле таң калдым. Ошондуктан, сын айткандарга каршы өз пикиримди “Көк асаба” гезити аркылуу билдирүү менен бирге, “Курманжан Датка” тасмасы кыргыздын идеологиясын, байыркылыгын, даанышмандыгын, улуулугун, көсөмдүгүн далилдеген тасма деп бекем ишенүү менен тартынбай айта алам. Төмөндө, сындардын айрымдарына токтоло кеттим.

1. “Курманжан Датканы эмне үчүн тастаңдатып эл алдына чыгарып сүйлөтүп коюшкан? Дин күчөп турган убактагы мезгилге бул коошпой калыптыр” дегендерге жооп.

Кыргыздар жоокер эл болуп, көптөгөн уруш-согуштарды баштарынан кечирип, кыйынчылыктарда аялдар эркектердин камын көрүп, зоот кийимдерин, азык заттарын даярдап мээнеткеч болушкан, алардын арасынан эркектер менен кошо согушка аттанып кеткени да болгон. Эркектер акылгөй аялдардын акыл кеңешин, зиректигин, көрө билгендигин баалашкан. Ал эми “Курманжан Датка” тасмасында Курманжан энебиз  аркылуу адам өз тагдырын өзү жасай тургандыгын чагылдырышып, тагдырым ушул экен деп эч бир аракети жок олтуруп калбастан, чечкиндүү болгонун, жоокердик кайратмандыгын, айдаганга жүрүп, алдаганга көнгөн кыял-мүнөз эмес экендигин даана ачып беришкен.

Курманжандын кыз кезиндеги чечкиндүүлүгүн келинди ташбараңга алып жатканда топту шжарып ал келинге суу сунуп жатканы менен да беришкен. Мында, кыргыздын канындагы чындык үчүн күрөшүүнүн эркиндиги жатат. Паранжы кийип чүмкөнбөсө да, кыргыз кыз-келиндери да, эркектери да өз ордун, өз милдетин жазылбаган мыйзам боюнча билишкен. Бул жазылбаган мыйзам – биздин каада-салт. Каада-салттагы көптөгөн көрүнүштөрүбүз сүйлөнүп, айтылып олтурбай эле, ролдорду аткарган кээ бир тагдырлар аркылуу чагылдырылган.

2. “Эмне үчүн башы алынаар алдындагы Алымбек Датканын намаз окуганын бут кийимчен берип коюшкан? Бул, ислам динин жаман көрсөтүү аракети…”

Бул сынга мыйыгыңан күлгөндөн башка арга жок. Биринчиден, Алымбек Датка ошол өмүрү кыйылаар алдында өзүн жоготпой, динге болгон ишениминин бекемдигин далилдеп, Кудайды гана ойлоп, өзүнүн намазына жыгылып атат. Бут кийимчен окуйбу,  бут кийимсиз окуйбу, эң негизгиси, ал ошол башы алынаар алдында жеке керт башын ойлогон жок, бир гана Кудайды ойлоду. Анан эле эптеп кынтык тапкысы келгендер сырткы көрүнүштөрдөн эле бирдеме таап турушат. Негизи эле азыркы мезгилдин адамдары сырткы факторго гана карап калышты, хиджабы бар экен, жок экен, бети жабык, ачык жана башка, жана башка. А чындыгында, Кудай үчүн адамдын жан дүйнөсү биринчи орунда турат эмеспи. Тасманы көрүп жатканда эмне үчүн Алымбек Датканын бут кийимин тиктеп олтургандар анын көз карашына, ички абалына баам салып тиктеп карашкан жок? Булар өздөрүн өлүм алдындагы Алымбек Датканын ордуна коюп көрүштү бекен?

3. “Арыбаңыз” деген учурашуу көп жолу айтылып, “Салоом алейкум” деген эки эле жолу айтылыптыр” дегендерге.

Муну укканда менин таңкалуума чек жок эле. Минтип айткан адам кыргызбы же кыргыз эмеспи, бу кандай неме деп ойлодум. Себеби, “Арыбаңыз” деген – кыргыздын эң сонун сөзү да. Бул сөздүн ичинде “арыба, кемибе, жакшыдан кем болбо” – кыскасы, эң жакшы тилектер жатат түпкүрүндө. Токтогул атабыздын да жалпы элге белгилүү ыры бар эмеспи, “Ат арыбас болсочу ай, жигит өлбөс болсочу ай” деген. Арыган адам ооруйт, арыган адамдын иши артка кетет, арыган адамдын эч нерсеге күчү келбейт. Ошондуктан кыргыз “Арыбаңыз!” деп учурашат. Мунун эмнеси жаман?

4. “Курманжан энени жылаңачтап сууга түшүрүшүптүр” деп чалкасынан кеткендер бар.

“Эл оозунда элек жок” деген ушул. Ал жерде чий турат. Биринчиден, жуунуп аткан чийдин ары жагындагы аял көрүнбөйт. Ооба, башынан ылдый суу куюлуп жуунуп атат. Бирок көрүнбөйт да. Экинчиден, бул жерде жашоонун улуу сыры катылган.

Бул сыр жөнүндө айтаардан мурда, алгач бир нерсеге токтоло кетейин. Мен “Курманжан Датка” тасмасын Тибетке болгон жыйырма күндүк сапарыман келээрим менен эле ошол күнү барып көрдүм. Көрүп олтуруп, Тибеттен билип-көрүп келген нерселерим улам бир кадрларда мен үчүн тастыктала берди. Мына ошонун бири – сууга жууну ырымы. Тибеттиктерден укканым боюнча, адамдын өмүрүндө үч эң негизги, баалуу жууну – суу менен тазалануу ырымы болот экен. Суу менен тазалануу – бул жанагы кирене кирген баланы аруулагандай, сук өтүп кеткенде аурасын тазалагандай эле кеп. Ырымдап тазалануунун ар кандай даражадагы, деңгээлдеги жолдору бар. Бирок төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки жолдо үч эң негизги жолу жүрөт. Бул, кыргыздарда да байыртан болгон. Биринчиси – бала төрөлгөндөгү кырк кашык сууга салып, кыркын чыгарып жуунтуп ырымын кылуу. Экинчисиси – турмуш курганда эркек болобу, аял болобу жаңы жашоого аттанаарда, өздөрүнүн бир кичинекей жаңы мамлекетин түптөөрдө сууга жуунуп тазалануусу, жан дүйнөсүн аруулоосу. Үчүнчүсү – адам өлгөндөгү майрам сууга алып, о дүйнөгө аруулап, тазалап узатуу.

Бирок, бизде азыркы убакта төрөлгөндөгү жана адам өлгөндөгү сууга алуу сакталганы менен, баш кошуу алдында денени, жан дүйнөнү тилек кылуу менен тазалоо ырымы  сакталбай калган. Мына ушундай улуу сырды тасмага камтып, кыргыздын философиясын тааныткан тасма тартуучуларга таазим кылса гана болот.

Бул сыяктуу ырымдар башка элдерде да бар. Мен Индияга барганда эки жаштын үйлөнүүсүнө күбө болуп, жарлардын бири-биринин буттарын жууганын көргөм. Мындай көрүнүш арабдардын “Клон” аттуу телесериалында да бар. Ал жерден күйөөсү аялынын бутун жууп жатканын көрсөтөт эмеспи. Бул көрүнүштөр да албетте ырым-жырымга кирет. Ал эми тасмага көө жаап, “уят жери бар экен, ушинтип тартыптыр, Курманжан энени жылаңачтаптыр” дегендердин деңгээли, түшүнүгү өздөрү менен эле калсын.

5. “Камчыбекти даргага асканда “өлүмгө тике кара” деп айтылбай калыптыр…”

Ойлоп көргүлөчү, кайсы эне баласын дарга асканы жатышса ага бир нерсе деп өктөм сүйлөй алат. Канынан жаралган уулуна кандай болго күндө да эненин ичи эңшерилет, кабыргасы кайышат. Бирок, эки элдин ошол жердеги тирешип турганын, тирешүү чыңалып турганын көрүп туруп, бир нерсе болсо эле кан төгүлүп кыргыздар орустардын замбиреги астында сулк кыйылышаарын билип туруп, Курманжан эненин ал көз ирмемде уулуна да, каршылаштарына да унчукпагандан башка аргасы бар беле.

“Өлүмгө тике кара” деп айткан күндө да, уулу Камчыбектин эр-жигиттигине шек келип калат да бул жерде. Минтсе ал бир байкуш болуп көрүнүп калбайбы баатыр эмес эле.

Мындай сынды айткандардын көбү “Элүү сомдуктагы” Курманжан Датканын элеси түшүрүлгөн видеороликтен улам салыштырып айтып жатышт. Ар бир нерсенин формасы, форматы ар кандай болгондой эле, кыска видеоролик менен тарыхый-көркөм тасманын да өз-өз орду бар.  “Курманжан Датка” тасмасында турмушта болгон чындык чагылдырылган. Мына азыр канчалаган улут өкүлдөрү тасманы көрүп өткөн тарыхыбызга күбө болушууда. Эгер чындыкты бурмалап, “өлүмгө тике кара” деп апасы аркылуу кайратка келтирип Курманжан Датканы сүйлөтсөк, анда Камчыбек апасына жалдыраган баладай эле болуп калмак. Бул жерде болсо, экөөнүн бир сөз катпай көздөрү менен сүйлөшкөндөрү – уулдун да, эненин да эрдигин баса белгилеп жатат.

6. “Кыргыздын байыркы жазуусу болгон эмес”

Тасмадагы кумарадагы жазуу – кыргыздын байыркы рун тамгалары тууралуу айтат. Өзүбүздүн жазуубуз, тарыхыбыз, маданиятыбыз болгондугун, түпкүлүктүү эл экенибизди кино адистери бир эле кумаранын жазуусу менен берип кетишкен. Ушул учурда менин тагынып жүргөн билеригимдин да ички бетинде ушундай тамгалар чиймеленген. Бул билерик чоң энемдин чоң энесинен калган мага. Буга окшогон далилдер бизде жетишээрлик.

7. “Тасмада сөз аз сүйлөнгөн…”

Биздин эл түпкүлүгүнөн эле аз сүйлөгөн. Акыл айтса кыска жана нуска айткан. Ооздон чыккан сөзүнө жооп берген. Курманжан энебиз жашаган мезгил учурунда да сөз баасы бар болчу. Азыркы биздин учурдагыдай майдаланган көп сөздөр менен эмес, таамай, курч жана орду менен сүйлөшүшкөн. Кыргыз сөздүн баркын кетирген эмес, маңызын сактаган.

Тибеттиктер дал ушул учурда ушундай экенин алар менен баарлашканда байкадым. Биздин эл кыймыл-аракет, көз караш, кыска жаңсоо менен гана баарын билдирип, окуп койчу. Тасмада да Курманжан Датка замбирек тарапты башынын кыймылы менен көрсөтүп койгондо – дарга алдында турган Камчыбек баарын түшүнүп, түздөнүп калат.

Тасманын негизги өзгөчөлүгү ушунда – көп нерсени сөз менен чубалжытып олтурбай эле, табияттын көрүнүшү, адамдын көз карашы, кыймыл-аракеттери аркылуу ар кандай жагдайды, окуяларды берип койгондору.

“Курманжан Датка” тасмасы тууралуу уланта берсем сөз бүтпөйт. Андагы кыргызга тиешелүү касиет, белги, төлгө, аяндардын берилиши, ошол белгилер аркылуу адамдар бири-биринин тагдырын айттырбай билишкени, табият менен жуурулушуп жашай билгендери, кыргыздардын кыз кишиге, аял затына болгон урмат-сыйы, каада-салттагы улуу сырлар, баардык заманда эл ичинде боло жүрчү жат көрүнүштөрдүн себептери, ж.б. көптөгөн нерселерди окурмандарга улам ачып берип жаза берсек болот. Бирок, бүгүнкү сөзүмдү көкүрөгүмдө уюган бир-эки сүйлөм менен бүтүрбөсөм болбойт:  Тасма – башталганда эле Манас менен башталат. Манас менен башталганы – бул гениалдуулук.

Тереңдикти сезген, бийиктикке умтулган, аң-сезимин жогорулатып ачкысы келген адамдар тоо-ташка, үңкүрлөргө кетип калышат эмеспи. Бул жерде да Манас үңкүрдөн айтылып жатканы – “аң-сезимиңерди ачкыла, адамдар!” дегендей туюлду мага… 

2 thoughts on “«КУРМАНЖАН ДАТКА» ТАСМАСЫН СЫНДОО ЖАНА ЖАКТОО

  1. . “Курманжан датка” эпикалык корком тасмасын, уй-булом менен чогуу кордук. Мындай зор эмгекти толкундабай, дене бой дуркуробой, сегизинчи сезимдерин серпилбей, жон жай олтуруп коруу мумкун эмес. Мындай кубаттуу таасир алган жалгыз биз эмес элек ал жерде. Курманжан аркылуу Манастан берки каада-салт сыйлаган кочмондордун карт тарыхы даназалаптыр. .Тарых бурмаланыптыр дегендерге айтарым, бурмаланбаган тарых дуйнонун кайсы бурчунда бар. Тарыхый кинонун негизги милдети, откон окуялардын мыкты, улгу ала турган жактарын карап туздон, кетирген каталардан сабак ал, бил, озгор деген таалим-тарбиялык маани, эркиндике умтулуунун бийик баасы сыяктуу идеялык стратегиялуу багыттарда. Андай ак кызматты алар аркалай алган. Ооба, Кенеш Бакир уулу айткандай, Камчыбектин олоумуно байланыштуу варианттын да чындыгы бардыр. Бирок ошол окуя аркылуу, эмне деген асыл ойду элине жеткиргиси келип жатат. Ал бугункуго жана эртенкиге кандай кызматтагы миссияны аркалайт. Маселе ошондо. Бугун ар кимибиз ар кандай пикирлерди айтышыбыз ыктымал, айрымдарыбыз диний догмаларга алдырдык. Фильм аркылуу, биз коомдогу азыркы абалыбызга байкоо жасадык. Он коз караштардагы Лариса Асанбекова эженикиндей бийик ишенимдер, жаныча ойлоно алгандар копчулук экен. Ушунусуна шугур, тоо-бо дейли. Суйлош оной, мындай кен масштабдагы иш жасоо кыйын. Эмгек жасаган адамдарды ардактайлы. Бул ошол фильмди тарткандардын гана ийгилиги эмес, биринчи кезекте ушул фильмди коргондо козунон жаш ала кубанып, кубаттаган, сурогон копчулук элдин да ооматы оодарылган улуу жениши.

  2. Кеңеш БАКИР уулу деген баягы эле оруска тарткан калмакчалыш агенттер.. Ичтен чыккан ийрилер.. Кыкелердин сырын тартып ичине кирип канын соруп жургон.. Лариса деген аялдын пикири туурадай. Бирок, буга да ишнеч жок. Бул аял акаевди жакшы кылып корсотом деп аракет кылып журот. Мактаган кыз (аял)…тойдо… Cыйынганы ошол экен
    УШУЛ кок асаба УШУНДАЙ немелердин пикирин жарыя кылып ЭЛДИК гезит ММК айланам деп умуттонушобу? Же козу жеткен билген АДАМы жокбу? Чыгаргандардын арасында?

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *