Замандаштарымдын оорулары менен кошо ооруйм

(Уландысы. Башы)

Жыпар ТУРДУКОЖОЕВА, ак табып

Ырайымдуу Кудайдын ысмы менен баштайм. Гезит бетинде бу жолку кездешүүнү, кадырлуу окурман, Сизге, үй-бүлѳ, туугандарыңызга, жалпы журтка аруулукту, актыкты, ыйманды алууга ѳбѳлгѳ түзүп, кулк-мүнѳз, адеп-ахлактын оңолушуна түрткү болсун деген ниетте сѳз учугун улайлы.

Алды менен, макалаларыма кайдыгер  калбай ѳздѳрүнүн кѳйгѳйлѳрүн, ой-пикирин, суроо-талаптарын айтып кайрылган окурмандарга терең ыраазычылыкты билдиргим келет. Ар кандай оору-илдеттердин медицина жагынан жардам ала албай кыйналгандарын айткан пенделер басымдуулук кылууда. Телефон аркылуу диагноз коюлуп, оорунун себептери айтылгандан 3-4 күндѳн кийин ошол адамдар абалдары оңолуп калганын билдирип, дарек боюнча кабылдоого келишерин алдын ала айтышууда. Бардык кубулуш кудурети күчтүү Кудайдын буйругу менен болуп жаткандыктан, сѳзсүз түрдѳ оң натыйжа болоруна барган сайын ишенимим артып барат. Анткени, мен жѳн гана себепчимин. Кудайга ишенип ниет кылган пенденин суроо-талаптары, тилектери кабыл болбой койбойт.

Кѳпчүлүк пенделер уул-кыздарынын тагдыры, оор мүнѳздѳрү, келиндеринин, күйѳѳ балдарынын жосунсуз жоруктары, куда-сѳѳк арасындагы араздашуу, ѳзгѳчѳ мал уурдаткандар, акча жана алтын буюмдарын, баалуу документтерин таппай жаткандар, үйүнѳн чыгып кетип кайтпай калган кыз-уулдарын, күйѳѳсү же зайыптарын зар какшап айткан замандаштарыма зээним кейип, алардын акыбалдарына эрксизден аралашам, кыйналам, ошолордун оорулары менен кошо ооруйм. Азыткы кара күчтѳр күчтүүлүк кылып, элимдин эсин оодарып жатат. Кара дуба каптап, эс-акылынан танган кѳр пенделер үй-бүлѳсүн таштап качканы арбын келет. Ѳмүр бою балдарына кара жанын карч уруп баккан жесир энелердин кѳз жашы, тирүүлѳй жетим калган балдардын армандуу кѳз карашы үрѳйдү учурат. «Ак менен кара жарышат, акка Кудай болушат» деген бабалардан калган сѳздүн маанисине эми түшүнгѳндѳй болушубуз керек. Бардык нерсени баштан ѳткѳрүп, чеке томпойгондо гана Кудайды издеп, андан жардам күтѳбүз. Душманды четтен издебей, душман ичибизге кирип алганын дагы бир жолу баса белгилегим келет. Ар бир оорунун ээси – кара күч бар. Ал ооруну  уу коргошун же дары чѳптѳрдү кайнатып ичүү менен, же болбосо дарылыкка деп бака, жылан жеп, же дагы бир кандайдыр коркутуп-үркүтүү менен денебизден, аң-сезимибизден чыгара албайбыз. Кудайдын гана керемет күчү менен биротоло кутуларыбызга кепилдик берем. Башы ооруп, чуулдап, кулактары укпай бараткан пенделер кѳп кайрылышат. Кулагыма баткакка тыгылган трактор, тынымсыз кыйк-чыйк болуп кайралып турган металлдар, ѳлүм алдында чыккан ач айкырыктар, онтоолор угулуп турат. Андан кутулууга жардам бер деген пенделер андан кѳп. Мындай шумдук адамдардын мээсинин катмарына кантип кирди? Албетте, Иблистин балдары аркылуу кирип жатат. Тазаланбагандар психиатриялык ооруканаларды толуктап турушат. Бул улуттук трагедия эмей эмне!

Адамдын ооз кѳңдѳйү дуулдап, тиштерин кажып, тил тилинип же шишип, айыкпаган парадантоз, эриндерди калдайтып ооруткан, дайыма сасык жыт берген түрлүү илдеттер Кудайдан келген нурлар аркылуу чыгып жатканына миң мертебе ыраазымын. Жаңырган жылдын башталышында Кѳлдүн Тоң районунан бир аксакал келди. Кичүү кызынын башы катуу ооруганына кѳп болду деп, баштын томографиясын алып келди. «Жылына 3-4 жолу ооруканага жатып чыгат, бирок оорусу күч алып келет» деп, камкор ата башын шылкыйтып, оор улутунуп алды. Балдарынын канчалык кыйналганын элестетүү кыйын эмес эле. Эртеси кызы экѳѳнѳ сеанс кылып аурасын тазалап, дарылап баштадык. Бала кезинен чочуп, жүрѳгү ордунан козголуп калган экен. Ошондо мээ менен мээнин кабынын ортосунда да жарака кеткен. Медицинада баш сѳѳгү сынып же гематома кетмейинче мындай майда кылдат ѳзгѳрүүлѳрдү кѳрѳ алышпайт УЗИ аркылуу. Мындан тышкары, жаштайынан үй-бүлѳ күтүү, удаа үч балалуу болуу оңой эмес. Тѳрѳттѳн кийин 40 күн тыңып алуу болбосо, ден соолукка чоң залакасы тийбей койбойт. Ошол жаш келин тѳрт күндѳн кийин эч бир жерим оорубай калды, үйүмѳ кетейин деп жаркылдап калыптыр.

Балыкчыдан баланын уясында рак оорусу менен келген келин да тез арада жакшы болду. Экинчи сеанста кара кочкул кан, ириң чыгып жатат деп, шишикче жарылганын сезип турганын айтты. Ошол эле Кѳл тараптан  жаш мугалим жигит бирѳѳлѳр менен келип, «бир жолу гана сеанска киргем, тилим жарылып турчу,  тѳрт жашымда терең аңга кулап түшүп, бутумдун кырдуу сѳѳгүндѳ алган жаракат ар дайым лукулдап оорутчу, буттун таманы кургап жарылып, бастырбай кыйначу, жүрѳгүм лакылдап, сайгылашып калчу, ушул сыяктуу башка да оорулар кетип калды» деп, кийинки келгенинде кубанып айтып берди. Ѳзү ээрчите келген туугандарын да кѳрүп айыктырып берүүнү ѳтүндү.

Кочкор ѳрѳѳнүнүн бир айылынан алтымыштан ашкан эки апа келди. Жаңы жылдын алдында тагдырыбызды карап бербейсизби деп бир топ келиндер телефон чалышкан эле мага. «Ошолор биздин келиндер эле. Суроолорго жооп алдык. Иш жүзүндѳ туура болду» дешти алар.  «Сегиз жылдан бери боюна болбой жүргѳн бир келин сураганда, «тѳрттү тѳрѳйсүң, каргыш бар турбайбы, ошол кетсе бир жыл ичинде балалуу болосуң» деп айткансың. Азыр курсак кѳтѳрүп, кубанып жүрѳт. Ысык салам айтып бизди жѳнѳттү» деген баяндамасы менен мени да кубантышты алар. Мындай жагдайларга токтоло берсек арбын.

Урматтуу замандаштар, пейил-ниеттерибиз агарсын, ой жүгүртүү, кѳз карашыбызды бир гана Кудайга буруп, жакшы тилектерди жылоолойлу. Бардыгыңыздарды Кудайга тапшырдым. Аман-эсен болуңуздар!

0777 08-13-43

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *