Эр таймаштын шерлери

Айпери СЫРАЖИДИН кызы

5-6-апрель күндөрү Кожомкул атындагы спорт ордосунда «Кулатуу» күрөш федерациясынын «Эр таймашы» өттү. «Эр таймаш»  күрѳшү – бул, Кулатуунун тѳрт түрүнүн бири – эрежесиз эр уруш.Бул чемпионатка Кыргызстандын баардык облустарынан балбандар келишип катышты.

5-апрель күнү жарым финалы өтүп, ага 120дан ашык балбан катышты. Ал эми финалга 8 салмактык (55, 60, 65, 70, 75, 80, 85,90 килограмм) категориядан 18 балбан өтүп, 6-апрель күнү өткөн финалдык таймашта жеӊүүчүлөр аныкталды. Ар бир жеӊүүчүгө жана 2-3-орунду алган балбандарга медаль, граммоталар ыйгарылды. Таймаштын аягында «Супер мушташ» деп аталган таймашка  Казакстандын спортчулары  менен Кыргызстандын спортчулары  чыгып, мындан  кыргыз балбаны утуп, жеӊишке ээ болду. Жеңүүчүсү болгондон кийин, албетте жеңилгендери да болуп, кѳз кѳгѳрүп, баш шишип, мурдуларынан кан кеткен кѳрүнүштѳр болбой койгон жок…

Кыргыздын мырзаларынын басымдуу бөлүгү спорттун бул түрүнө кызыгаарын  кары-жаш дебей 200 сомдон белет алып залдын  70%ын ээлегендеринен билдик. Ушул күндѳрдѳгү эр таймаш кандай ѳткѳнүн тѳмѳндѳ берилген маек-пикирлер аркылуу таанышып алсаңыздар.

Адамалы ОСМОНАЛИЕВ, «Кулатуу» федерациясынын вице-президенти:
– Мына бүгүн Кулатуунун финалынын башталышына ѳзүңѳр күбѳ болуп турасыңар. Калыстарды атайын Казакстандан, калыстык категориялары бар эл аралык калыстарды чакырганбыз, жеӊүүчү таза аныкталсын деп. Жыл сайын Кулатуунун жүрүшү жакшырып, өнүп-өсүп баратат. Бул жылдагы таймашты «Улуттук оюндарды өнүктүрүү» борбору  түздөн-түз каржылап, өткөрүп жатышат. Таймаштын жеӊүүчүлөрү Кыргызстандын тандалма тобуна кирип, чет өлкөдөгү мелдештерге барганга мүмкүнчүлүк алышат. Эӊ негизги утушу болуп, балбандардын алган тажрыйбалары болот.

Таалайбек АЛИШЕВ,  Кулатуунун «Жекеме-жеке» лигасынын президенти:
– Азыр Кулатуунун 21-чемпионаты өтүп жатат. Финалга эр жүрөк, темир муштуу балдар аныкталды. Жакында Америкада «ММА» аттуу турнир өтөт. Мындагы жеӊүүчүлөр ушул таймашка барышат. Быйылкы өтүп жаткан турнирибиздин мурдагылардан айырмасы – балбандар 8 бурчтуу клетканын ичинде күрөшүүдѳ.

Талгат СЕЙТАЛИЕВ, 1-орундун ээси, Талас облусунун Кара-Буура айылынын кулуну, күрөштөгү аты «Брюс Ли», 60 килограмм салмакта:
– Кулатуу күрѳшү менен 2008-жылдан бери машыгып келем, 8 жыл эркин күрөш менен машыккам. Андан сырткары кикбокс, таэквондо, каратэ менен машыгып, алдыӊкы орундарды багынтып келем.  Евразиянын грек-рим күрѳшү боюнча таймашында 1- орунду алгам, кулатуу боюнча Кыргызстандын 2 жолку жеӊүүчүсүмүн. Азыркы учурда 3-4 баланы кулатуу күрөшү менен машыктырып, үйрөтүп жатам.

Рамазан НИКАРАМАЗАНОВ, 1-орундун ээси, күрөштөгү аты «Смерч», 80 килограмм салмакта:
– Кулатуу күрѳшү кыргыз улуттук оюну болгондуктан тандап алгам. Бүгүн күрөшкө өзүмдү дагы бир жолу сынап чыктым эле, жеӊишке ээ болдум. Буга чейинки ийгиликтеримди айтсам, эрежесиз күрөш боюнча Азиянын чемпионумун. Биринчи орунду алганым үчүн сүйүнүп жатам, эми мындан аркы таймаштарга да катуу даярдык кѳрѳм.

Азирет ТУРДУБЕК уулу, 1-орундун ээси, Ош облусунун Ноокат районунун кулуну, күрөштөгү аты «Чагылган», 90 килограмм салмакта:  
– Спорттун бул түрү менен 3 жылдан бери машыгып келем, буга чейин бокс боюнча 2-орунду ээлегем. Буюрса, Кыргызстандын атын дүйнөгө чыгарып, желегин башка мамлекеттерде желбиретүү үчүн баардык күч-аракетимди жасайм.

Бакыт БЕКБОЕВ, 1-орундун ээси, Нарын облусунун кулуну, күрөштүгү аты «Добрый», 85 килограмм салмакта:
– Негизи мен тайбокс менен машыгам, жакында Америкага кетип жатабыз, ошонун алдында ырым кылып, тажрыйба алуу үчүн  бул турнирге катыштым, буйруса ийгиликтүү болду. Буга чейин Азиянын чемпиону, Кыргызстандын көп жолку чемпиону болгом.

Эмил ТОКТОГОНОВ, Эр таймаш боюнча башкы машыктыруучу:
– Эмил мырза, канча жылдан бери машыктыруучу болуп иштеп жатасыз?
– Он жылдан бери машыктыруучумун. Арасында өзүм да күрөшкө чыгып жүрдүм. Акыркы 4 жылда жалаӊ машыктыруу менен алектене баштадым.

– Машыктыруучунун түйшүгү кандай?
– Негизи биздин кесип абдан кызыктуу жана татаал. Себеби, чийки нерсени бышырабыз. Машыктыруучуну да скульптор деп койсо болот, себеби, пластилинди кантип түздөп ыкка келтирсе, биз да балдарга ошондой эмгек жумшайбыз. Бир четинен балдарга ата да болуп каласың, адашкан жерлерин оӊоп, бир нерселерди үйрөтүп, алар менен чогуу жашап. Түйшүктүү жагы – түнү-күнү машыгып, спортчуларды «жылдыз» кылууга жан үрѳп иштейбиз. Машыктырган адамыӊдын чемпион болгонун көргѳндѳ, чын дилиңен  сүйүнөсүң.

– Канча жаштагы балдарды машыктырасыздар жана чоӊ балдар менен иштешкен жеӊилби же кичине балдар мененби?
– Негизинен бизде чоӊ балдар машыгат. Бирок 7-8 жаштан келип машыгышса болот, ал өздѳрү үчүн. Жаш балдарды машыктыргандын бир чети жакшы. Алар менен ойноп, чарчабайсың, бирок, түйшүгү көп. Бир нерсени түшүнүшпѳйт, угушпайт, аларга ар бир нерсени бирден чайнап берүү керек. Чоӊ балдарды машыктыруу болсо оӊой,  чоӊдор айтканды айткандай аткарышат, бирок, жаш балдардыкындай кызыктуу болбойт. Бир сөз менен айтканда, чоӊдору менен машыккан, жаш балдар менен оюн уюштурган жакшы.
– Өзүӊүздүн жетишкендиктериӊиз тууралуу айта кетсеңиз?
–  4 жолу Азиянын чемпиону болдум эркин күрөш боюнча, Евразиянын профессионалдар арасында болуп өткөн мелдешинде да 1-орунду ээлегем. Спорттун көп түрү боюнча Казакстандын, Кыргызстандын бир нече жолку чемпионумун. Спорттун 6 түрү боюнча мастер деген наамга, 2 түрү боюнча эл аралык мастер деген наамга жетиштим. Дүйнөлүк чемпионаттан 3-орунду алгам.

– Бүгүнкү  таймаш боюнча оюңуз кандай?
– Бу жолу мурдагы жылдарга салыштырмалуу алда-канча жогорку деңгээлде ѳттү. Ѳзгѳчѳлүгү – балбандар күрѳшѳ турган жайга сетка коюлуп, күрѳшүп жаткандар алыска качпай, мыкты салгылашуу жүрдү. Бул таймашты толугу менен улуттук спорт борбору каржылап, залдын жасалгаса да жакшы жасалды.

Таймаштан 1-2-3-орунду алган балбандардын тизмеси:
55 килограмм салмакта
1-орун – Каныбек Бейшеев
2-орун – Алимардан Абдыкаров
3-орун – Азамат Балтырбек уулу
жана Максат Кайдыбаев

60 килограмм салмакта
1-орун – Талгат Сейталиев
2-орун – Нурбай Мурзалиев
3-орун – Адис Касенов
жана Азамат Балтырбек уулу

65 килограмм салмакта
1-орун –  Тѳлѳгѳн Сарыков
2-орун –  Руслан Ниязакунов
3-орун –  Айбек Абдулдаев
жана Нурбек Рахманкулов

70 килограмм салмакта
1-орун – Эрлан Нурбек уулу
2-орун – Адилет Рысбай уулу
3-орун – Руслан Эмилбек уулу
жана Толкунбек Канат уулу

75 килограмм салмакта
1-орун – Жаштык Калмырза уулу
2-орун – Санжарбек Кудайберди уулу
3-орун – Курманбек Курманкожо уулу
жана Нурсултан Ирисбай уулу

80 килограмм салмакта
1-орун – Рамазан Никарамазанов
2-орун Улан Орозалиев
3-орун Уларбек Токоев
жана Аскар Айдаралиев

85 килограмм салмакта
1-орун – Бакыт Бекбоев
2-орун – Асылбек Ракым уулу
3-орун – Кубаныч Кайназаров
жана Байышбек Тажыгулов

90 килограмм салмакта
1-орун – Азирет Турдубек уулу
2-орун – Кубатбек Карыбаев
3-орун – Эламан Бейшеев

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *