Агрессия бар жерде кара күч ээлик кылат

Жыпар ТУРДУКОЖОЕВА, ак табып

(Уландысы. Башы ѳткѳн санда)

Кудайдын кудурети менен мээдеги рак шишиктерин Астанадан келген орто жаштагы аялдан «көрүп» диагноз койсом, ал ыйлагысы келип, эки колумду кармап, бардык оорууларымды туура, так айттыӊыз, силерден жардам болооруна ишенип турам деди. Мен жөн гана себепчимин, баардыгы бир Кудайдан, ыйлабай, жашоодон үмүт үзбөгүлө. Эки чыкый, желке жана мээдеги эки бөлүктүн дал ортосунда рак шишиги чырмап турат. Булар 2-3 күндүн ичинде толук кетет» десем, «Үчүнчү жолу келе албайм, саат ондо мээге операция жасалат, баардыгы сүйлөшүлүп, акча төлөгөнбүз. Жолдошум бул жактын хирургдары мыкты деп укканыбыздан келип турабыз. Балдарым жаш, аман каламбы» деп жалооруду. Эртеси да келди. Өӊү ирденип, күч-кубат кошулганын жанындагы кызы да айтты. Себебин изилдеп көрсөм, ал бечара аялга бир канча жолу өлүмгө кара дуба жасалган экен. Боору, өтү, бөйрөгү, жүрөгү, баланын уясына чейин операция жасалыптыр. Эми минтип мээнин ичинде рактын беш шишиги турат. Кара дубанын программасын чечип алып таштамайынча ооруган жерлери көбөйүп, татаалдана берет. Ошентип, мээсине операция жасалган күнү кечинде баягы келип жүргөн кызы баштап 2-3 киши келип, «Операция жакшы бүттү, бат эле апам эсине келди, таӊ калыштуусу, сиз айткан мээнин так ортосундагы чоӊ шишик жука эле ыйлакча «злокачественный» эмес болуп  чыкты. Калган төртөөнү таппай калышты. Врачтар таӊ калып, анализ көрсөткөн шишиктер эки күндүн ичинде кандайча жок болуп кетти деп ала-дөӊ болуп жатышканын айтты. Мен Кудайга миӊ мертебе ыраазы болдум. Ал тургай алыскы Швейцариядан Хенри Штефан аттуу жигит телефон аркылуу мээдеги рак ооруусунан телефон аркылуу айыкканын билдирди. Көрсө, анын тукумунда 40-45 жашка чейин эле ушул коркунучтуу илдеттен өлө беришчү экен. Новосибирскиден,  Хакасиядан улгайып калган аялдар да ушул оор илдеттен айыккандарына күбө болдум. Кудурети күчтүү Кудайдын керемет күчү жетпеген оору–кеселдер жок экенине кепилдик бере аламын.

Кеч күздө өзбек жаш келин күйөөсү менен келди. Сол буту тулуптай шишип кеткен. «Табышмактуу оору болуп жатат, врачтар инфекция кирип кеткен экен, дароо операция жасаш керек дешкенинен сойдургандан коркуп, сизге келдик» дешти. Кудайдан келген маалымат боюнча мээнин төбө тушундагы бир нуктагы «замыканиени» көрсөтүп коюшту. Ал жердеги антенадай чыйралып турган нервди басканда кыйкырып жиберди. Бутум шишип жатпайбы, эмнеге мээни «чукуп» жатасыз дейт келин жактырбай. Эки күн аралыгында шишик тарайт десем ишенбеди. Үч күндөн кийин баягы келин күлүп-жайнап, сизге ыраазычылык билдирели деп аксабай басып келгенине кубандым. «Мындан ары Кудайдын керемет күчүнө ишенип жүргүлө» деп Ак Бата бердим. Ош тараптан да орто жаштагы аялды күйөөсү алып келди. Өзү өмүр бою медицина тармагында иштеп, баш оорудан жабыркагандан кавентон деген дарыдан көбүрөөк өлчөмдө берилип калгандыктан эки жума эс-учун билбей жатып, бир аз жакшы болот, бирок, эки кулагы укпай, буттары жакшы баспай калыптыр. 13 жылдан бери экинчи группадагы инвалид экен. Үч сеанста кулагы бир аз ачылып, уйкусу жакшы болуп калганын айтты. Болбосо дары ичмейинче уктабай калган экен. Күйөөсү 2-3 километрди чарчабай жөө басып келгенин айтып, кубанычын жашыра алган жок. Мындай мисалдарды айта берсе арбын. Келип дарыланып, тазаланып жүргөндөргө мындан ары кандай коргонуп жүрүштү үйрөтүп, ак жолго салам. Эӊ башкысы, жаман ойлордон алыс болуп, Кудайга өзүнүн ниет-пейилин түздөп жүрүү – ар бир адамдын парзы.

Кудайдын Ак жолунан тайбай, бир ченем берилген өмүрдү өкүнбөй жашап өтөлү. Аалам мыйзамына моюн сунуп, ар кандай алааматтан сактаналы. Бар болуӊуздар, баарыӊыздарды Кудайга тапшырдым!

Урматтуу окурмандар!

Эгер Жыпар Турдукожоевага суроолоруңуздар болсо, байланышууну кааласаңыздар, төмөнкү телефон номерине чалыңыздар: (0312) 68-07-01, 0554 43-43-60.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *