Каптал-Арыктагы Нооруз жана Алыкул акынды эскерүү

Канат КЫДЫРМАЕВ

Тѳгүлдү, балкыды нур, мемиреди,
Гүлдѳрдѳй, күлмүң-күлмүң берди белги.
Жыргал да, кубаныч да жана бакыт
Каптады, карагыла, биздин жерди!
(Алыкул Осмонов, 1932-жыл)

Нооруз – жаратылыштын кайрадан жаңырып, жаралышы, Күн менен Түнү теңелген ѳзгѳчѳ күнү. Бул улуу күнү байыртан элибиз жакшылыгын,  той-топурларын белгилеп, жаңы саамалыктарды баштап, жаңы тилек, жакшы үмүт менен келечек турмушка карай ар кандай ырым-жырымдарды жасап, там-туң эткен баланын тушоосун кесишкен, жаңы үйгѳ кѳчүп киришкен, жаштар баш кошушкан, жалпы элге жана Жер энеге тынччылык, молчулук тилешкен. Ошондой эле, дал ушул майрам алдында журтчулук ѳз короо-жайларынын тегерек-четин тазалап, үйлѳрүн аластап аруулап, бак-шактарды бутап, таарынышкандар бири-бирин кечиришип, ырыскы-ынтымакка дилдерин коюшкан.

Ушул жылдын 21-март күнү  Кыргызстандын баардык аймактарында Нооруз майрамы белгиленгендей эле, Панфилов районунун Каптал-Арык айылында да Жаңы Жыл майрамын айылдыктар бирге тосушту.  Бирок, бул айылдагы  Нооруздун ѳзгѳчѳлүгү –  ушул Каптал-Арык айылында туулган  кыргыздын залкар акыны Алыкул Осмоновдун туулган күнү 21-мартка туш келгендигинде.

Бу жылы да Алыкул акындын музейи менен эстелигинин жанында ѳтчү Нооруз улуу акынды эскерүү менен башталды. Бишкектеги Ала-Арча кѳрүстѳнүндѳгү эртең мененки саат 8деги Алыкул Осмоновду эскерүү аземинен кийин Кыргызстандын ар тарабынан чогулган улуу акындын күйѳрмандары Каптал-Арыкка келишип, акындын туулган жеринде сѳз сүйлѳшүп, айылдыктардын Нооруз майрамына күбѳ болушту.

Бишкектен барган «Алыкул үй борбору» коомдук бирикмесинин директору, «Алыкул – 100» коомдук уюштуруу тобунун демилгечиси  Памирбек КАЗЫБАЕВ ѳз сѳзүндѳ 2015-жылы Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгын Кыргызстан боюнча жогорку деңгээлде ѳткѳзүү, айылындагы музейдин статусун кѳтѳрүп музей-корукка айлантуу, Чолпон-Ата шаарына парк түптѳп акындын ысымын берүү, Кѳлгѳ эстелигин тургузуу жана башка олуттуу сунуштары менен кайрылуу жасады. Ал эми Алыкул жѳнүндѳ жазган поэмасын «Кыргыз акыны» аттуу китеп кылып чыгарган  Низамидин МУРЗАЕВ Чоң-Алайдан сапар карытып келип сѳз сүйлѳп, музейге жана Алыкул Осмонов атындагы мектепке китептерин расмий тапшырды. Мындан тышкары Нарын, Кемин, Кара-Кулжа, Ала-Бука жана башка аймактан чогулган инсандар жана Бишкектеги «Кыргыз ресурсу» мамлекеттик ишканасынын диретору Асейин Аракеев, философия илимдеринин доктору Карыбек БАЙБОСУНОВ, борбордогу №3 лицейдин окутуучусу Эгемберди УСУПОВ, Жалал-Абад университетинин ардактуу профессору Эркин БЕГИМКУЛОВ, «Кыргызнефтегаз» директорлор кеңешинин тѳрагасы Аманбай ѲМҮРЗАКОВ, экс-депутат Турсун МАРАЛОВ, санжыра иликтѳѳчү Ѳмүрбек КОЙГЕЛДИЕВ жана башкалар акындын ѳз айылында анын талантына таазим этишип, музейин кыдырып, дагы бир жолу Алыкулдун ата журтчул ыр саптарын кѳкүрѳктѳрүнѳн сыдыра ѳткѳрүшүп, бул эскерүү аземинде Ысык-Кѳлдүн «Кѳл толкуну» аттуу картинасын музейге белек кылып тапшырышты.

Ал эми айыл элин жана айылга келген меймандарды Панфилов районунун Курама айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ѳзгѳрүш САТАРКУЛОВ, айыл ѳкмѳтүнүн депутаты, «Кичи жана орто бизнес ишкерлер» союзунун тѳрагасы Таалайбек АЗЫЛОВ, Алыкул Осмоновдун музейинин директору Нурдин ЖУМАЛИЕВ, райондун ардагер аксакалдары: 14 жыл бою райондун 1-секретарлык кызматында иштеген Кеңеш КѲКѲЕВ жана райондогу Эфир заводун убагында жетектеп, Нарын обкомунда да 3-секретарлык кызматта эмгектенген Асанбек СЫРГАТАЕВ Нооруз майрамы менен куттукташып, Алыкул акындын 100 жылдыгына карата даярдык кѳрүлүп жаткандыгын, бул мааракени тиешелүү деңгээлде татыктуу ѳткѳрүү боюнча ѳз ойлорун ортого салышты.

Ал эми Нооруз улуттук жѳрѳлгѳлѳр менен шаңга бѳлѳнүп, карылардын ак тилектери айтылып, жаштардын оюн-зооктору менен коштолду.

АЙЫЛЫМА

Убактым жок бир кайрылып барууга,
Унутулган жер аттарын табууга.
Колу туурук ударникке жолугуп,
Азамат деп далысынан кагууга.

Убактым жок бир кайрылып барууга,
Унутулган кары аттарын табууга,
Ударниктин колу туурук болсо да,
Катуу кысып ѳѳп-ѳѳп алууга.

Кѳргүм келет ѳзѳндѳрүн, сайларын,
Энем менен атам баскан жайларын.
Кѳргүм келет, кѳргүм келет айлымды,
Кѳргүм келет эмгек бѳлгѳн айларын.

 

КУРДАШТЫК СѲЗҮМ

Жарашпас ичи тарлык азаматка,
Тар болбо, тардык жаман тирүү чакта.
Арамдык, кытмыр кыял, кѳрѳ албастык,
Ѳзүңдү ѳйдѳлѳтпѳй тартар артка.

Жакшынын жакшы жагын бѳлѳ билгин,
Жамандын жаман жагын кѳрѳ билгин.
Эр жигит бекер келип, бекер кетпейт,
Таштаба экен го деп бири миңдин.

Ар куштун алсам деген талабы бар,
Ар аттын чыксам деген кадамы бар.
Курдаштар ѳзүңдү ѳзүң сыйлай билгин,
Ар жандын мактай турган тарабы бар.

Эр жигит бирде жанар, бирде азар,
Деңиздей кээде кемип, кээде ташаар.
Адамдын адам болор жан жѳлѳгү,
Унутпас, азган жигит, салсаң назар.

Кызыктуу баарыга тең ѳмүр ѳтѳр,
Бирок да эстен кетпес жакшы сѳздѳр.
Суу жеткен балбан кучак бай теректей
Жигитти сѳз семиртер, сѳз кѳтѳрѳр.

Эң калыс, эң адилет улуу заман,
Энедей баарыга тең кѳңүл салган.
Менсинип эч нерсени жактырбаган
Жок эмес арсыз адам, алсыз адам.

 

ЫСЫК-КѲЛ

Жаш белем…
Тентек белем…
Ысык-Кѳлүм,
Ойноткон толкунуна каз, ѳрдѳгүн,
Жаз күнү, күн батаарда карап турсаң,
Уялчаак кызды ѳпкѳндѳй сергийт кѳңлүң.

Шок белем,
Ойноок белем Ысык-Кѳлүм,
Кубанган, кубалатып ѳзүнѳ ѳзүн…
Кечинде жалгыз келип карап турсаң,
Жуткандай жайлоо желин, сергийт кѳңлүң.

Жараган
Күлүккѳ окшоп кѳп жол басып,
Бүркүттѳй, нечен бийик зоолор ашып,
Кымыздай чѳйчѳгүнѳн сапырылып,
Жаштыктай күр-шар этет кѳбүк чачып.

Ак шуру
Күмүш алкак тоо кызындай
Шарактайт, жорго минип мени карай.
Шарп этип, чала-була тийип кетип,
Тартылат кайра артына, уялгандай…

Кѳл тынчыйт…
Толкундары тарап-тарап…
Бизге окшоп, согушу жок күндү самап,
Эртеңки ыракаттуу келечекке,
Турмуштун дал ѳзүндѳй тунук карап.

Ар кандай
Күн батарда кѳл укмуштуу,
Кандайдыр жана салкын мындагы уу-чуу…
Кечеги ѳтүп кеткен балалыктай,
Аралдын ар жагына сүзгѳн ак куу.

Жараган
Күлүккѳ окшоп кѳп жол басып,
Бүркүттѳй, нечен бийик зоолор ашып,
Кымыздай чѳйчѳгүнѳн сапырылып,
Жаштыктай күр-шар этет кѳбүк чачып.

Алыкул Осмоновдун дагы башка ырларын бул жерден тапса болот.

Фотолор Бакытбек АБДИВАЛИЕВДИКИ

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *