1916-жылдагы кыргын: күнѳѳ кыргыздардабы?

Бактыбек МАКСҮТОВ, «Айкѳл Манас баяны» фондусунун тѳрагасы

(Башы ѳткѳн сандарда)

ВЕРНЫЙДАГЫ КЕҢЕШМЕ

1916-жылдын 16-октябрында Верныйда Түркстан крайынын г-н генерал-губернатору генерал-адъютант А.Н.Куропаткиндин төрагалыгы астында кеңешме өткөрүлгөн. Кеңешмеге Жетисуу областынын аскер губернатору М.А.Соколов-Соколинский ( Буга чейинки фамилиясы Фольбаум болгон) жана башка падышачылык бийликтин жогорку даражадагы адамдары катышышкан.

Кеңешмеде Пишпек, Пржевальск жана Жаркент уездеринде жашаган 37355 түтүн кыргыз-казактардын 2.510.361. саржан жерин алуу каралган.

Көтөрүлүш чыгарган кыргыздардан бошогон  Ысык-Көлдүн күңгөй-тескейиндеги жерлерге  ар бири 60 түтүндөн кем эмес 5 казак станицасын түзүү белгиленген. Алар Өрүктүдө, Корумдуда, дунгандар мурда жашаган Мариинскиде, мурдагы Гоголевкага жакын жерде жана Улаколдо курулмак. Калган кыштак салууга ыңгайлуу жерлерге жалаң гана орустарды отурукташтырууга, башка калган жерлерди казынанын карамагына алууга көрсөтмө берилген. Ошентип, Текес дарыясынын өрөөнү, Чалкуде-су (Каркыра), Ысык-Көлдүн күнгөй-тескейи, мурдагы Столыпино (Кочкор) айылын кошуп, жалаң орус калкы жашаган  өзгөчө уезд түзүү жагы белгиленген.

Көтөрүлүш чыгарган Пржевальскинин жана Пишпек уездинин Сарыбагыш жана Атаке болуштугунан башкасы Нарын тарапка көчүрүлүүгө тийиш болгон.

Ал эми өзгөчө күнөөлүү деп табылган Сарыбагыш жана Атаке болуштарындагы жашаган элди ар кайсы болуштарга таратып жиберүү же Балхашка көчүрүү каралган.

 Ошентип, кылымдар бою ата-бабалары канын төгүп, жанын берип келген жерлерине кыргыздар ээ боло албай, болуп көрбөгөндөй зордук–зомбулук жана чексиз ырайымсыздык менен табияты татаал, жашоого кыйын, дыйканчылык жүргүзүүгө ылайыксыз жерлерге сүрүлүүгө аргасыз болушкан.

ПЕТРОГРАДДА

1916-жылдын 13,15-декабрында Мамлекеттик думанын 4-заседаниесинде Түркстанда жана Казакстандын Степной областарында болгон көтөрүлүш жөнүндө депутаттардын суроо-талабы талкууланган. Бул маселе боюнча Керенский (Саратов губерниясы) биринчилерден болуп сүйлөп, 1916-жылдын жай айларындагы Түркстанда жана Казакстандын айрым областтарында болгон көтөрүлүштүн жүрүшү, жазыксыз элге каршы жүргүзүлгөн куралдуу баскынчылык, кан төгүүлөр, кызыл кыргын жөнүндө айтып келип, мындай деген:

«…Господа, вот те результаты, которые мы теперь переживаем, что будет в Туркестане, я не знаю; я знаю только одно, что кроме последствий политических, которые, может быть, их не интересуют, уже сказываются и экономические последствия. Но все, что произошло, мне кажется, должно поставить перед нами гораздо более серьезный и более важный вопрос. Я думаю, господа, что кровь невинных, которая пролита, она может быть и должна дать свое возмездие…»

Керенский сөзүн мындай деп аяктаган:

“…Мы должны сказать, что вся вина за события падает исключительно на русскую власть совершившую недопустимое, невероятное беззаконие. Мы должны сказать, что кроме возмездия, которое должны понести преступники, на совести которых десятки тысяч невинно убитых, мы должны еще немедленно потребовать и поставить на очередь проведение новых форм управления Туркестана и других наших окраин…”

(Грозный, 1916-й год; Алматы; Казакстан, 1998.Т.1. стр.189.)

Керенскийдин узакка сүйлөгөн сөздөрү залда отурган думанын депутаттары тарабынан кызуу кубатталып турган.

Андан кийин чыгып сүйлөгөн Мамлекеттик думанын мүчөлөрү: Джафаров (Бакинская, Елисаветпольская и Эриванская губ.) кн. Мансырев (г.Рига), граф Капнист 2-й ( Полтавская губерния), Аджемов (Область Войска Донского) падышачылык бийликтин башка элдерге жасаган ырайымсыздык мамилесин баса белгилешип, алардын кетирген катачылыктарын таамай сындашкан.

Ал эми Отец Трегубов бул жолу чыгып сүйлөөдөн баш тарткан.

Мамлекеттик Думада ар бири 30-35 депутаттан турган депутаттардын үч тобунан министрлер Советинин председателине,  ички иштер, согуш жана юстиция министирликтерине сунушталган үч  суроо талап  кабыл алынган.

* * *

Кыргыздардын көтөрүлүшүн изилдөө үчүн Петрограддан комиссия жиберилет. Бул жөнүндө телеграмма алгандан кийин генерал Фольбаум кокустуктан каза болот. Ошондой эле Верныйдын түрмөсүндө жаткан Канаат хан да каза табат. Айрым маалыматтарга караганда ага уу берип өлтүрүлгөн экен. Ошентип падышалык желдеттердин жергиликтүү элдерге кылган кылыгы, жырткычтык жана зөөкүрлүк иштери узакка чейин ачылбай, көмүскөдө калат.

Романовдордун үйүнүн биринчи өкүлү 1613-жылы Ипатьев монастырында ( Кострома ш.) такка отурса, 1917-жылдын 2-мартында Псковдо Николай 11 тактыдан кулаган.  1918-жылдын 16-июлунан 17-июлуна караган түнү Романовдордун үйүнүн акыркы императору Николай 11 жана анын үй-бүлөсү, жакын адамдары Ипатьев үйүндө (Екатеринбург ш.) атылган.

ТЫЯНАК

1916-жылдын 25-июнундагы тылдагы иштерге жумушчуларды алуу жөнүндөгү ак падышанын указынан кийин Орто Азияда, Казакстанда, түштүк Сибирде, Калмак талааларында жашаган калк көтөрүлүп, аягы миллиондогон эл катышкан боштондук көтөрүлүшүнө айланган. Орто Азияда жана Казакстанда жашаган бардык элдер: өзбек, казак, кыргыз, түркмөн, тажик, каракалпак, дунган ж. б. катышышкан.

 Ал эми кыргыз жергесинде боштондук үчүн болгон бул Улуу көтөрүлүш падышачылык бийлик тарабынан аеосуз түрдө басылды. Күнөөсүз миңдеген наристелер, кары-картаң кемпир-чалдар, солкулдаган жаш жигиттер, бойго жетип толукшуп турган айжаркын кыздар баскынчылардын колунан бей ажал табышты. Миңдеген үй-бүлөлөр өмүр бою жыйган-терген оокатынан, мал-мүлкүнөн ажырап, кыш чилдесинде үйсүз-жайсыз калып, ата-бабасы көрбөгөн чет жерге тентип кетишти.

Бирок бул Улуу көтөрүлүш Орусия мамлекетинин аймагында жашаган бардык элдерге да зор таасирин тийгизди. Буржуазиялык-демократиялык Февраль революциясынын жүрүшүнө, ошондой эле Октябрь революциясынын жеңишине, падышачылык бийликтин түп-тамырынан бери кулашына шарт түздү.

 «Жыйынтыктап айтканда, ошол учурда кыргыз элинин Орусия падышачылыгынын колониалдык эзүүсүнө, теңсиздигине ачык каршы чыгуудан башка айласы калган эмес. Бактыбыз бар экен. Эгерде Октябрь төңкөрүшү, Совет бийлиги болбогондо жазалооочу отряд, ага кошулган орус оторчу көпөстөрү өз жерине эптеп сандалып кайра келген бир ууч кыргыз элинин тукумун курут кылып коймок экен. Ошондуктан биз, кыргыз эли, бизди улут катары сактап калган Октябрь төңкөрүшүнө, ал орноткон Совет бийлигине түбөлүккө милдеттүүбүз». («Кыргызстан Туусу», № 161-162, Теке айынын 13ү, 1991-жыл)

 Ошентип, саясый жактан билимдүү, согуш өнөрүн жакшы өздөштүргөн, мамлекеттик түзүлүш жөнүндө түшүнүгү бар, ар тараптан такшалган уюштургуч жетекчиси жок, ошол учурдун талабына ылайык куралданбаган, башка жактардан каражат жана курал-жарак менен колдоо көрсөтүлбөгөн, күч-аракеттердин биримдиги болбогондуктан, мындай кандуу окуяны мурда башынан өткөрбөгөн карапайым калк зор жоготууларга, адам баласы көтөрө алгыс азап-тозокко учурап, Россия өңдүү зор империянын баскынчы желдеттерине каршы туруштук бере албады.

Падышачылык бийликке каршы найза менен куралданган эл күчтүү курал-жарак менен куралданган жазалоочу отряддын желдеттеринен жеңилиш менен аяктаганына карабастан, кыргыз элинин тарыхында зор мааниге ээ болуп калды. Дос ким, душман ким экенин дааналап айрый албаган, үйүнө жылан кирсе ак чачып сыртка чыгарып койгон момун элдин көзү ачылып, он миңдеген , жүз миңдеген адамынан айрылып, өмүрдүн кымбаттыгын бүткүл дити менен туйду, ажал отун бүрккөн октон качып, бороон-чапкында, ызгаардуу суукта, белде, аска-зоолордун арасында ач-жылаңач калып, жашоонун даамын сезди, ата-бабасы көрбөгөн чет жерге тентип, өлүп калса сөөк коерго жер табылбай калганда эл-жердин, мекендин баркын билди.

Ата-бабалардан укумдан тукумга баа жеткис энчи болуп калган, нечен миңдеген жылдар жашап келген касиеттүү жерди, Ала-Тоону, мелтиреген Ысык-Көлдү коргоодо, өз эркиндиги, теңдиги, боштондугу, укугу үчүн болгон бул адилеттүү көтөрүлүш-кыргыз эли үчүн Улуу көтөрүлүш эле. Бул бүтүндөй бир улуу журттун келечек тагдырын чечүүчү кандуу көтөрүлүштө кыргыз эли миңдеген, он миңдеген жазыксыз адамдарынан ажырады. Нечен мыкты азамат жигиттер канын төгүп, жанын берип, «элим деп, жерим деп»курман болушту. Алардын эл үчүн кылган ак кызматы кийинки муундар үчүн үлгү болуп, тарыхка жазылып, кылымдан кылым өтсө да элдин жүрөгүндө түбөлүк сакталып калмакчы.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *