«Спецназ болууну бала кезден тилечүмүн»

Айпери СЫРАЖИДИН кызы

Азыркы учурда Кыргызстанда спорттун жаӊыдан жанданып келе жаткан мезгили. Бул албетте адамды кубандырат, бир чети өкүндүрөт. Себеби, эмне үчүн бул убакка чейин ѳнүккѳн эмес, башка коӊшу өлкөлөрдөй эле бизде да 10-15 жыл мурда өнүксө, азыр спортубуз гүлдөп калбайт беле деген собол оюӊа келет. Бирок, кандай болгон күндѳ да, жаштарыбыздын спортко болгон кызыгуусу ушул учурда күчүнѳ кирип жатат. Мына ушундай жаш спортчубуздун бири АБДЫМАНАП кызы Бүбүсара менен маек курдук. 22 жаштагы спортчу кыз Кыргызстандагы спорттун өсүшүнө ѳзүнүн салымын кошуп, жөн эле көчө таптап жүргөн балдар-кыздарыбызды спорт менен машыгууга үндѳп келет.

Жакында эле, 13-мартта, Кожомкул атындагы спорт сарайында ѳткѳрүлгѳн эркин күрѳш боюнча мелдешке катышып, Бүбүсара 2-орунга ээ болду. Биз аны бул ийгилиги менен куттуктап, гезит окурмандары үчүн спорттогу жетишкендиктери, спорт дүйнѳсү жана ѳзү тууралуу айтып берүүсүн ѳтүнүп маек курдук.

Бүбүсара Абдыманап кызы
1990-жылы, 10-майда туулган.
Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.
ЖОЖдон соң Ошто 2012-жылы ГУВД СОБРда (специальный отряд быстрого ре
агирования) эмгектенген.
Азыркы учурда Бишкек шаарында ГУВД СОБРда эмгектенет.
Спорттун дзюдо, самбо түрү менен 5 жылдан бери машыгат.
Дзюдо боюнча спорттун мастери.
2010-жылы Өзбекстанда ѳткѳн самбо боюнча жаштар арасындагы азиялык чемпионатта 3-орунду ээлеген.
2011-жылы Түркмѳнстанда өткөрүлгөн орто азиялык таймаштан экинчи орунду алган.
2010с-жылы Грузиядагы самбо боюнча дүйнөлүк чемпионатта 5-орунга татыган.

– Бүбүсара, спорттун кандай оӊ, терс таасирлери бар?

– Спорт менен машыгуунун терс таасири жок деп айтат элем. Ден-соолукка абдан пайдалуу. Кыздар өзүн-өзү коргоосу үчүн да жакшы болот. Спорт менен машыккыла деп кыздарды да, балдарды да чакырат элем. Себеби, азыркы учурда балдарыбыздын көпчүлүгү ичимдикке берилип, өздөрүн карабай калышты. Спорт ден соолукту чыӊдап, өзүӊдү-өзүӊ жакшы алып жүрүүгө өбөлгө түзөт.

– Спорт менен машыккан кыздар менен машыкпаган кыздардын айырмасы турмушта кандай болот?

– Спорт менен машыккан кыздардын да, машыкпаган кыздардын да турмуш жолу окшош эле болот. Бирок, спорт менен машыккан кыздар көпчүлүк учурда өздөрүнө тыӊ болушат. Турмушка чыккандан кийин да, боюнда бар кезде да өздөрүн жеӊил алып жүрүшөт. Бир сөз менен айтканда, аябай эле чыдамкай болушат.

– Өзүӊүздүн машыктыруучуларыӊызды тааныштыра кетсеңиз…

– Дзюдо боюнча Оштогу машыктыруучуларым Сатиев Таалай жана Махмудов Юнус. Алар менин спорттогу тушоомду кесишкен. Ошто «Алыш» мектебинде машыктыруучу болуп иштешет. Азыр эркин күрөшкө өттүм, машыктыруучум Рысбек агай. Ал спорт мектепте машыктыруучу болуп иштейт.

– Ата-эне, бир туугандарыңыз тууралуу кеп салсаңыз, алардын да спортко жакындыгы барбы?

– Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз, 3 уул, 2 кыз. Мен экинчисимин, агам, сиӊдим, 2 иним бар. Инилерим грек-рим күрөшү менен машыгышат. Алар да жакшы ийгиликтерге жетишип келатышат. Менин күрөшкө катышып калуума инилерим себеп болушкан. Байкем менен сиӊдим спортко анча жакын эмес, алар билим жагын алып кетишүүдө. Менин 15 өлкөгѳ барып күрөштөргө катышуума ата-энем себептүү болушкан. Чет жактарга чыкканымдын каражаттарынын 90 пайызын ата-энем көтөрөт. Атам Үсөнов Абдыманап мага аябай көп жардам берип, спорттогу аракеттеримди, ийгиликтеримди колдоп-коштоп турат. Негизи биз үй-бүлөбүз менен эле спортко жакынбыз. Атам өзү эркин күрөш боюнча спорт мектебин бүтүргөн, апам да спортко кызыгат. Азыр ал үйдө чакан бизнес менен алек болууда. Менин чоӊ аталарым да күрөш менен машыгышчу экен. Башкача айтканда, күрөш, спорт биздин үй-бүлөдө салттуу көрүнүш катары каралып келет.

– Спортчуларга мамлекет тарабынан кандай жардам берилип келет жана кандай жардам берсе деп ойлойсуз?

– Азыр өлкөбүз спортчуларга жакшы көӊүл бура баштады. Быйылкы жылы баарыбызга спорт формасын тиктирип беришти. Куртка, шапка, спорт шымы жемпири менен. Эми дагы кандай жардам болоорун көрөбүз да, жыл эми эле башталды. Анан, эгер мамлекет тез-тез сборлорду өткөрүп турушса, чет өлкөлөргө бат-бат алып чыгып башка өнүккөн өлкөлөрдүн спортторун жандуу көргөзсө, бизге жардам болот эле. Ушул нерселер ишке ашып турса, бизден улам-улам мыкты спортсмендер чыга баштайт. Азыр биз Кыргызстандын ичиндеги гана мелдештерге катышып атабыз. Эгер жогорку деӊгээлдеги таймаштарга катышсак, көрсөк, жакшы жыйынтыктарга жетмекпиз.

– Машыгуу процесси күнүнө жүрөбү?

– Ооба, мен күнүнө эки маал, эрте менен саат 8ден 9.30га чейин, кечинде 6дан 8ге чейин залга барып машыгам. Жумасына алты күн, жекшемби күндѳн тышкары машыгам. Дайыма эле бир калыпта күрѳш менен машыга бербей, шаршемби күндөрү кросс жасап, ишемби күнү чуркайбыз.

– Спортчулардын жан дүйнөсүндө эмнелер жашайт?

– Мен ѳз жашоомдо «ар дайым алга» деген ураан менен жашайм. Ошондуктан спортчу болгонума байланыштуу, ар дайым ички дүйнөмдө өлкөбүздү алга чыгаруу, тайманбай күрөшүү, баштаган ишимди аягына чыгаруу, башкача айтканда, акырына чейин күрөшүү керек деген ой жашайт. Биринчиден өзүмдү, ата-энемди уят кылбоо үчүн дайыма намыска туруп, алдымдагы кыйынчылыктарды ак жол менен жеӊүү. Ушулар азыркы учурда менин жан дүйнөмдүн байлыгы болуп саналат.

– Сыймыгың эмнеде?

– Мен өзүмдүн спорттогу жетишкендиктерим менен сыймыктана алам. Дагы, колумда дипломум бар, карьерамды Ош облусунан баштадым. Азыр ошол эле ишти Бишкекке которулуп келип бул жактан иштеп жатам. Окууну аяктаганымдан кийин кур калбай, келечекте менин оокатым болуучу жумуштун башатын азыр түзүп алдым. Буга спорттун көп жардамы тийди. Жумушум өзүмө аябай жагат, балалыгымдан бери эле спецназ болом деп тилечүмүн. Балалыктагы ойлорумдун баары, Кудайга шүгүр, ишке ашып келатат.

– Тилегинди билсек болобу?

– Тилеген тилегим – жаштарыбыз жаман жолго баспай, ар дайым жүрөктөрү ыйманга толсун. Ата-энени, кичүү-улууну сыйлап, көкүрөгүндө патриоттук сезим күчөй берсин. Ѳлкөбүздө эч качан уруш болбосун, босогобузда дайыма тынчтык орноп турсун. Мына ушуларды каалайм.

– Маегиңизге ырахмат!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *