Apr 30

Садага чабуу

Бул – адамдын алтын башынын алыстан, кан майдандан, кандайдыр бир кырсыктан кудай жолунан аман келгенин, эл-журтун кѳргѳнүнүн шарттуу белгиси катары улакты мууздап, ѳпкѳ-жүрѳгүн дароо сууруп, башынан ырымдап тегеретүү, кудайга жалынуу, үйдѳгү сүйүнүч, ыраазылык, адамды урматтоочулук. Бул үрп-адаттын мааниси терең.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Apr 27

Түлѳѳ берүү

Бул – ар кандай кырсыктардан аман калганы же алыска аман-эсен барып келгени үчүн жаратканга ыраазы болуп мал союп, этин бышырып, элге таратуу, бата алуу. Түлѳѳ кбүнчѳ катуу ооруп айыкканда, кыйналып аман-эсен кѳз жарып алганда, бийик жерден жыгылганда, оор кырсыктан башы кутулганда берилет. Түлѳѳгѳ, адатта, кой-эчки, козу-улак, тай-торпок ѳңдүүлѳр союлуп жүрѳт.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Apr 24

Жүгүнүү

Жүгүнүү – салам берүү, улууларга жаштардын ызааты. Жаш келиндердин кайнагаларына, кайын аталарына, деле сакалдууларга кашкайып барып, кол берип,  колун кысууга караганда эки колун бооруна алып, ийилип коюу эмне деген сылыктык, назиктик! Ушинтип жүгүнүүнү эл ѳзү шайлаган. Уяң, жаш колуктулар үчүн ушунун ѳзү даана, так, тѳп жобо юолуп, улам кийинкилерге ѳткѳн. Жүгүнгѳн келиндерге берилген улуулардын баталары ѳзүнчѳ керемет болчу. Алардын баталары “кыдыр даарыгандай” келип, келин келген жеринен орун-очок алып кала турган.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Apr 21

Бата алуу

Бул – эл ичинде кадыр-барктуу, отуруп-турганы нарктуу, айткандары эм, улуу-кичүүлѳргѳ дем, урмат-сыйы бирдей, жекече касиет жылоологон карыя-байбичелерге атайын жолдук менен баруу. Бата алуу – балалуу болууга, алыс сапарга аттанууда, сапардан аман-эсен кайтууда, ойлогон оюна, тилеген максатына ийгиликтүүгѳ кылган далалат.

Мында үйүнѳ чакырып, чүйгүн тамактар менен даам сыздырып, кийит кийгизүү аракеттери да жүзѳгѳ ашат. Бата даам таткандан кийин берилет.

Бата тилеген келин-кесектер алгач жүгүнүп, улууларга баш ийип, таазим кылышат. Бата алаарда турушуп, эки колун бооруна алышат.  Артында «Тегин кишиден бата албаган», «Анын батасы тийген», «Батадан жаралган бала»… ѳңдүү сѳздѳр айтылып калат.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Apr 18

Жуучу түшүү

«Жакшыга жуучу келет, «жаманга куучу келет». Мунун ар кандай жагдайы бар. Баланчанын уулу кыз тандап жүрүп, ошол кызды жактырып калса, ал адептүүлүк менен үй-бүлѳсүнѳ билдирет. Ата-энелер кѳбүнчѳ сырдана жеңелери, теңтуштары аркылуу билет).  Кээде, балага кызды ата-энеси, ага-туугандары тандайт. Ошентип, жуучу шайлашат. Айыл ичинде алымдуу, оозунда сѳзү бар, салт-санааны билген аксакалдар аттуу-тондуу болуп барып, жуучуга түшѳт.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Apr 15

Сѳйкѳ салуу

Бул – куда түшүүнүн башталышы, сыр билги адамдардын сырдана мамилеси, ич ара кадыр туткан каада-салты. Мал алып келишип, кыргызда күмүш нарктуу деп, күмүш сѳйкѳ салышчу. /й ээси урматтап тосуп, кайра кийит менен жѳнѳтчү. Мында куда болуучулар бири-бирине кулдук уруп, ѳз ара ызатташып, болочок жаш үй-бүлѳлѳргѳ түбѳлүктүү камкордук кѳрүшѳт.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Apr 12

Бешик той – бешикке салуу

Наристенин тѳрѳлүшү – ошол үйдүн ашкан кубанычы. Бешик той берилет. Колдо бар мал союлат. «Илгери анын бешик тоюна ак кочкор союлган» деген сѳз бар. Тойго чакырылгандар кѳйнѳк-кече, ороо-чулгоо, акча-тыйын ыроолошот, мал алпарышат. Адатта, таеке-тайындары бешик, шимегин жасатып, анын тѳшѳнчү-орунчусун жасалгалап барышат.

Набаттуу байбичелер чоң дасторконго отуруп, оң-сол чүкѳлѳрдү бешиктин баш жагынан кѳтѳрүп эңкейтип, «оң бол, оң бол» дегенде, ал чүкѳлѳр күлтүгүнѳ түшүп кетет. (Ага дейре бешик менен шимекти майлап, арча аркылуу аластап алат). Колдорун тийгизип ич ара ырымдашкан байбиченин жанындагылар менен чогуу наристени жаткырышат. «Бешик апа, бек карма, умай эне, уйку бер» деп баланы таңат. Жуурканы, куржуну, кабы, баштыгы… болуп, жети нерсени бешикке жаап, энесине карматат. Ал кѳтѳрүп алып, тѳрдѳн эшикке, эшиктен тѳрдү карай жүгүнѳт. Байбичелер алкайт, баталарын берет. Эми бешик терметилет.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Apr 06

Ажырашаар аяк (кѳчүп кетүү)

Башка жерге кѳчүп кетүү алдында айылга тамак-аш берип, эл-журттан бата алуу. Бул, алга жараша болот. Мында козу менен деле ажыраш аяк берет. «Коюу чай» да жарайт. Айрымдар жылкыны баш кылып соет. Бозо кордолот, кымыз кѳрѳңгѳлѳнѳт. Айрым «ажыраш аяк» даңазага ээ болот. Жүгүн салышат. Кыйышпастар кѳчүп кетип жаткандарды жерине чейин жеткизет. Же баланча жерден «коштошту» болду менен кайтышат. Мындан ынтымак куралат. Дос-тамыр күтүлѳт. Илгери-кийин салам беришет. Элине-жерине ыраазычылык билдиришет. Ажыраш аяк бербегендерге «Беш киши чакырып бата алганга жарабады», «Түн жамынып кѳчүп кетти», «Эл-жердин сыйын кѳрүп, ушул жерден бала-бакыралуу болду эле»… деген себеп сѳздѳр айтылат.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Apr 04

“Караѳзгѳй” күүсү

Кенжебек АЛДАЯР, күүчү 

Кыргыз санжырасындагы Ормон хан менен Балбай баатыр эрегиши кадимки кыргыз күүлѳрүнүн кайталангыс ѳзгѳчѳ жаралган залкар кара күүлѳрүнүн бири «Караѳзгѳй» күүсүнүн жаралышына себепкер болгондугун бүгүнкү күндѳ кыргыз элине таанымал залкар күүчү, комузчу Н.Абдрахманов айтып жүрѳт.

Ѳз доорунун атактуу шайыры, залкар күүчү Боккѳтѳн кара күүлѳрдүн каймагын калпыган, улуу кайрууларды жаратып эллине калтырган улуу инсан болгон. Ал ѳзүнүн заманында кыргыз ичинде болуп жаткан окуялар, ич ара ыйкы-тыйкылар улуу күүчүнү кайдыгер калтырбай, ошол окуяларды Эстен кеткис түбѳлүк комуз кылына салып, жан дүйнѳнү сыдыргыдан ѳткѳргѳн керемет кайрыктарга ширетип, элдин жан дүйнѳсүнѳ киргизген.

Толугу менен

Apr 03

Ѳрүүлүк (кѳчүп келүү)

Жакын кѳчүп келген үй-бүлѳнүн жакын-алысына карабай, куржун кечеге тамак-аш (бышкан эт, каймак, май, боорсок, кымыз, бозо, ж.б.), айрымдарына кездеме, мал, буюм-тайым (шырдак, туш кийиз, тѳшѳк, кийит ж.б.) алып барып, жаңы конуштагы эшик-тѳрүн кѳрүү. Ал үй да жетине албай, бар оокатын аябай, кабыл алат. Жандык союп да коет.

Айрым учурда ѳрүлүктѳп баргандарга кайра кийим да кийгизет. Сыр билги немелер бири-бирин сыйлап турат.  Жакшы кошуналар ырыстуу тамактарына тең орток болушат. Конок келген үйдүн кадырлуу меймандарынын катарында отурушат. Ѳрүлүктѳн таарыныч да, мактаныч да пайда болот. «Жанаша кѳчүп барсам, беш токоч ѳрүлүгү болбоду», «Эшик-тѳрүн кѳрѳ элекпис, кошуна-колоңго жок немелер экен» сыяктуу сындар айтылат. Ушундайдан алыс-жакындардын аралары ачылап кетүүлѳрү да болуп жатат.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби