Apr 03

Ѳрүүлүк (кѳчүп келүү)

Жакын кѳчүп келген үй-бүлѳнүн жакын-алысына карабай, куржун кечеге тамак-аш (бышкан эт, каймак, май, боорсок, кымыз, бозо, ж.б.), айрымдарына кездеме, мал, буюм-тайым (шырдак, туш кийиз, тѳшѳк, кийит ж.б.) алып барып, жаңы конуштагы эшик-тѳрүн кѳрүү. Ал үй да жетине албай, бар оокатын аябай, кабыл алат. Жандык союп да коет.

Айрым учурда ѳрүлүктѳп баргандарга кайра кийим да кийгизет. Сыр билги немелер бири-бирин сыйлап турат.  Жакшы кошуналар ырыстуу тамактарына тең орток болушат. Конок келген үйдүн кадырлуу меймандарынын катарында отурушат. Ѳрүлүктѳн таарыныч да, мактаныч да пайда болот. «Жанаша кѳчүп барсам, беш токоч ѳрүлүгү болбоду», «Эшик-тѳрүн кѳрѳ элекпис, кошуна-колоңго жок немелер экен» сыяктуу сындар айтылат. Ушундайдан алыс-жакындардын аралары ачылап кетүүлѳрү да болуп жатат.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби