Apr 27

Түлѳѳ берүү

Бул – ар кандай кырсыктардан аман калганы же алыска аман-эсен барып келгени үчүн жаратканга ыраазы болуп мал союп, этин бышырып, элге таратуу, бата алуу. Түлѳѳ кбүнчѳ катуу ооруп айыкканда, кыйналып аман-эсен кѳз жарып алганда, бийик жерден жыгылганда, оор кырсыктан башы кутулганда берилет. Түлѳѳгѳ, адатта, кой-эчки, козу-улак, тай-торпок ѳңдүүлѳр союлуп жүрѳт.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Apr 26

Баш кошкон жубайларга

Алтындан болсун жакаң,
Күмүштөн болсун такаң.
Ташка таруу өнгөнчө,
Тарчылык көрбөй өткүлө.
Музга буудай өнгөнчө
Муңчулук көрбөй өткүлө.
Жүзүңөр жайнап, келиштүү болгула.
Толгон айдай өрүштүү болгула.
Катарыңардан озгула,
Козгогон чоктой козгула.
Эң алды берекечил болгула.
Чамгарагыңар бийик болсун,
Босогоңор берик болсун.
Боо бакчаларың
Алма менен өрүк болсун.
Башыңда дайым,
Кулпунган кундуз бөрк болсун.
Ак жүзүңдө жарыңдын,
Ак элечек көрк болсун.
Оомийин…

Apr 25

Зарылбек ЖУМАГАЗИЕВ, жактоочу: «Мурунку бийликтен калган «олжону» кийинки бийлик мыкчууда»

Кубатбек ОСМОНОВ

Бакиевдик бийликти карапайым эл кан тѳгүү менен кетирип, 7-апрель окуясынан кийин бийликке келишкен оппозиция мүчѳлѳрүнѳн күткѳн адилет мүдѳѳлѳрү тилекке каршы акталбай келет. Эң ѳкүнүчтүүсү жек кѳрүндү болгон бийликтин катасын бул бийлик да кайталаганында. Бакиевчилердин курмандыктарынын бири, ден соолугунан, эркиндигинен ажыраган «Азия Курулуш» жабык акционердик коомунун жетекчиси Адина ТУРДУБАЕВАнын акыйкатсыз иши ушул убакка чейин чечилбей келет. Биз, баалуу курулуш объектилерин мыйзамсыз алдырган, эки бийликтен тең запкы жеп аткан ишкер айымдын жактоочусу Зарылбек Жумагазиев менен маектешип, иштин ак-карасын талдап алууга аракет кылдык.

Толугу менен

Apr 25

Элчи Доктор Умай эне

Арыбаңыздар, ардактуу кыргыз элим, Кѳкѳ Теңир деп сыйынган байыркы касиеттүү ата-бабаларыбыздын урпактары!

Мен, Таалайбүбү Сулайманова, касиеттүү элчи Доктор Умай эне катары кѳп адамдардын сообуна калууга аракет кылып келем. Улуу Кудай берген улуу дарыгерлик касиетти жашырганга акым жок. Улуу Кѳкѳ Теңирдин берген дарыгерлик касиети, бул мага эле эмес, Кыргыз элине жана да жалпы эле жер бетинде ооруп жүргѳн адамдарга берилген ыйык Галактикалык айыктыруу терапия курсу.

Ардактуу, касиеттүү кыргыз элим! Мен мединститутту эмес медициналык окуу жайды да окуган эмесмин. Бирок, 2006-жылдан бери Галактикалык Жогорку медициналык академиясынын хирург-доктор-врачтары медициналык диагноздорду жаздырышып, акыркы жылдарда жалаң орусча медициналык терминдерди кабыл алып жазып жатам. Ушул диагноздор менен оорулуу адамдар ооруларын ѳтүштүрбѳй кайрылса, галактикалык хирург-врачтар оор жана жеңил операцияларды кан чыгарбай, дарылап жасашат. Галактикалык, медициналык касиет 21-кылымда тартууланган чындык. Ортодо элчилик докторлук (врачтык) касиетти аркалап адамдарга кызмат кылганыма тогуз жыл толду. Буга чейин ден соолуктарын оңоп, ар кандай оор жана жеңил операцияларды баштарынан ѳткѳргѳн пациенттерибиз бар. Алардын пикирлери да гезит бетинен жарыяланганда кандай оорулардан сакайгандарын окуйсуздар. Сиздерден ѳтүнүч, ден соолукка убагында кам кѳрүп, ооруну ѳтүштүрбѳй, ѳмүрүңүздѳрдү сактаңыздар. Улуу Кѳкѳ Теңирибиз баардыгыңыздарга ѳмүр берип жалгасын, ден соолук берип сактасын!

Толугу менен

Apr 24

Эл-журтубуздун кызыкчылыгына иштейли!

“Кыргыз таануу” коомдук уюмдар тилектештиги

Илгерки ата-бабаларыбыз кызыл кырман убагында кырк кадактан бир кадак деп чогултуп, кап-кап эгин түшүмүнөн каралашары жок кары-картаңдарга, оокаттан кыйналып тургандарга, мал сойсо, этти казанга салбай туруп, мына муну баланчага берип келегал, ал бечара шорпо-шилең ичсин деп бирөөлөрдү жөнөтүп турушкан. Кыргыз  элдик  бул пейил, ниет, салт, нарк өчүп калган жок. Бара-бара тамыры дагы тереңдеп, кенен жайылып, элибиздин элдик дөөлөтү учтан түпкө уланар.

Толугу менен

Apr 24

Билим берүүдѳ зарыл сабактар мектептерден неге алынууда?

Кубатбек ОСМОНОВ,
Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу,
Кыргыз чоросу

“Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деп залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай, келечек ээлерине билим берүүнүн программасы бир эле болгону менен, ар кайсы мектептерде мугалимдин жетиштүүлүгүнө, тартыштыгына, ошондой эле нарктуу элибизге пайдасы болсо да, болбосо да дүйнөлүк окуу системасын кабылдоосуна жараша өтө чачкын, кооптуу жагдай учурда жүргүзүлүүдө.

Толугу менен

Apr 24

“Жаңы муундун коалициясы”: “МАМЛЕКЕТ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНДАРГА КӨЗӨМӨЛДҮ КҮЧӨТҮҮСҮ ЗАРЫЛ”

Жакшылык ЫНТЫМАК уулу

Кыргыз Республикасынын “Тышкы миграциясы жөнүндөгү” Мыйзамдарына өзгөртүү-толуктоо киргизүү зарылдыгы келип чыкты көрүнөт. Анткени, акыркы учурда сырттан келген мигранттарга квоталардын мыйзамсыз берилип жатышынын айынан биздин өлкөдө алардын так саны билинбей, башаламандыктарды жаратууда. Ушул маселени коомчулукка көтөрүп чыгып жаткан “Жаңы муундун коалициясы” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү менен биздин редакция маек курду.

Толугу менен

Apr 24

Асмандан түшкѳн кѳк таштын сыры кайда?

Нишарат ЖАКЫПБЕКОВ, космоэнергетик

Мындан эки жума мурун, тагыраак айтканда 29-март күнү эртең менен телефондон: «Сени күтүп атабыз, Майрамбек келиптир, бир мазарга чогуу барып келели» деди «Уют-Кут» коомунун жетекчиси Шаршенаалы Кабатегин. Барыш керек болуп жүргѳн мазарга ѳзүнѳн ѳзү жол ачылганына кубанып, аларды кѳздѳй шашып жѳнѳдүм.

Саат он бирлерде Беловодск шаарчасынын түштүк тарабындагы Бала-Айылчы айылынын үстүндѳгү Саз деген жерге барарыбыз айкын болду. Жолмо жол улуу сѳзѳрдүн учугун улап, Шаршенаалы, Майрамбек үчѳѳбүз бара жаткан жерибиздин таржымалы жѳнүндѳ маек куруп бардык. Сазга жеткенде бул ажайып жердин сырын билген мазар шайыгы Сайкал эже бизди жаркылдап тосуп алды. Негедир кѳңүлүм кѳтѳрүлүп,  алып-учуп жатты. Айланага кѳз чаптырдым. Майрамбек болсо  жогору 100 метр чамасындагы жерге жүгүрүп барып,  бизге бир чоң ташты кѳргѳзүп,  бери келгиле деп жаңсады.  Биз жакын барганда, «Кѳк кочкордун башына окшош бул кѳгүлтүр ташта кандайдыр бир сыр бар» деди ал. Мен эки колумду ташка коюп, транс абалга кирип маалымат алганга аракет жасадым. Мени таңгалдырганы, таш кадимкидей дем алып жатты. Ошондо ачык портал кѳрдүм, күлгүн кызыл, сыя түстѳгү нур агымдары келип-кетип жатты. Эң бийик Уңгу уюлдан кийинки катмар менен байланышы бар экенин сездим. Болгону, нур агымдарын гана кѳрүп, бул энергия агымынан маалымат ала албадым.

Толугу менен

Apr 24

Колго суу куйгандагы бата

Булактай тунук бол,
Кичүүгө өрнөк бол.
Жаман көздөн алыс бол,
Каптап кирсе калың жоо
Баш кайтараар сеси бол,
Акыл-ойдун кени бол
Арстандай айбаттуу бол,
Чалкар болуп көлдөй тол.
Чалкыган узак өмүрлүү бол,
Өмүрдүн баркын бил.
Жакшынын кадырын бил.
Адамдын адалын бил.
Жарыңдын көңүлүн бил,
Эне сүтүн актай бил,
Кудайдын амирин бил!
Оомийин!

Apr 24

Аялзатына тамеки бѳтѳнчѳ зыян

Айпери СЫРАЖИДИН кызы

Тамеки чегүү эркектерге караганда аялдарга көбүрөөк зыян алып келет. Ал эми жетиле элек жаш кыздардыкы андан да жаман: алардын боюнун өсүшү жайлап, жай жетилишет  жана бронхит оорусу менен көбүрөөк оорушат. Тамеки чегүүнүн терс таасиринен тери бат чүрүшүп, тез карыйт, ошону менен бирге булчуӊдардын азыктануусун убактынча токтотот. Адамдын жүзү саргарып, ден соолугун жоготуп, чүрүшүү пайда болот, мындай беттерди «никатиндүү бет» деп коюшат. Никотин менен углевод окиси нерв нерв системасына дагы зыян. Ал мээ ткандарынын кислород менен камсыз болушуна тоскоол кылып, кислород кемчилдигине өтө сезгичтикти пайда кылат. Ооба, адегенде никотин мээ кан тамырларын кеӊейтет, бирок, бара-бара кайра тарыта баштайт. Ал эми көп чеккендердин денесин катырат. Ошон үчүн айта кетчү сөз, тамеки чегүү башында гана чарчоону жана уйкуну тараткансып көрүнгөнү менен, бара-бара мээдеги ойлоо процессин начарлатат. Тамекинин албетте, мындан башка да көптөгөн зыяны бар.