Асмандан түшкѳн кѳк таштын сыры кайда?

Нишарат ЖАКЫПБЕКОВ, космоэнергетик

Мындан эки жума мурун, тагыраак айтканда 29-март күнү эртең менен телефондон: «Сени күтүп атабыз, Майрамбек келиптир, бир мазарга чогуу барып келели» деди «Уют-Кут» коомунун жетекчиси Шаршенаалы Кабатегин. Барыш керек болуп жүргѳн мазарга ѳзүнѳн ѳзү жол ачылганына кубанып, аларды кѳздѳй шашып жѳнѳдүм.

Саат он бирлерде Беловодск шаарчасынын түштүк тарабындагы Бала-Айылчы айылынын үстүндѳгү Саз деген жерге барарыбыз айкын болду. Жолмо жол улуу сѳзѳрдүн учугун улап, Шаршенаалы, Майрамбек үчѳѳбүз бара жаткан жерибиздин таржымалы жѳнүндѳ маек куруп бардык. Сазга жеткенде бул ажайып жердин сырын билген мазар шайыгы Сайкал эже бизди жаркылдап тосуп алды. Негедир кѳңүлүм кѳтѳрүлүп,  алып-учуп жатты. Айланага кѳз чаптырдым. Майрамбек болсо  жогору 100 метр чамасындагы жерге жүгүрүп барып,  бизге бир чоң ташты кѳргѳзүп,  бери келгиле деп жаңсады.  Биз жакын барганда, «Кѳк кочкордун башына окшош бул кѳгүлтүр ташта кандайдыр бир сыр бар» деди ал. Мен эки колумду ташка коюп, транс абалга кирип маалымат алганга аракет жасадым. Мени таңгалдырганы, таш кадимкидей дем алып жатты. Ошондо ачык портал кѳрдүм, күлгүн кызыл, сыя түстѳгү нур агымдары келип-кетип жатты. Эң бийик Уңгу уюлдан кийинки катмар менен байланышы бар экенин сездим. Болгону, нур агымдарын гана кѳрүп, бул энергия агымынан маалымат ала албадым.

Биз артка кайрылып,  Сайкал эженин үйүнѳ кирип бир куюм чай үстүндѳ олтурганда кеп салып сүйлѳшүп, Ыбрайым пайгамбардын тарыхына кайрылдык. Ал боюнча гезиттин окурмандарынын эсине сала кетсем ашыкча болбос: «Мезгил айлампасынын алгачкы барактарында, Ыбрайымдын акты таанытып, эл башында турган учурларында,  Жаратканга адам баласын курмандыкка чалып, элдер жакшылык тилеп турчу экен. Күндѳрдүн биринде эл чогулуп, кимдин баласын курмандыкка чалабыз деп талкуу салышат. Чүчүкулак кармашканда, чүчүкулак Ыбрайымга туш келет.  Ошентип жалгыз баласы Ысмайылды  курмандыкка чалууга алып жѳнѳйт.  Тиешелүү жерине жетип,  «Ѳзүң бердиң баланы, ѳзүңѳ кайра кайрыйм» деп тилегин айтып бүткѳндѳ, асмандан чагылган чартылдап, күңгүрѳгѳн добуш чыгып, Улуу күч ыраазычылыгын билгизип, асмандан кѳк кочкорду түшүрүп, ушул кочкорду курмандыкка чал деп буюрат. Мына ошол убактан бери Курман айт майрамдалып келет».

Биз ушул окуяны эскергенден кийин, Сайкал эже бул тегеректе дагы бир ыйык жер бар экенин айтып, биз үчүн чоң жаңылыкты ачты.  Анын сѳзүнѳн,  тѳмѳнүрѳѳк жерде Ысмайыл атанын булагы бар экенин, ал жер  ыйык мазар экенин угуп,  эми  ал тарапка шашып жѳнѳдүк.

А жерге жеткенде алгач ырымын жасап, булак ээлерине, аталарга куран окудук. Сууга жуунуп, мазар ээлерине ызаат-сый кѳрсѳттүк. Тегерете отуруп альфа абалга кирип, үндүн термелүүсү аркылуу байланышка чыктык. Мага, ак түс, кара түс бир айланып эле портал ачылып, Ааламдан колунда калкан кармаган, башында туулга кийинген жоокер Ата булак башына түшүп келди. Жогору карасам, башы асманда жүрѳт, калканын жылдырып бир тегеретип алды. Байланган кылычына кѳзүм түштү: сабында кѳз, кѳздѳн үч түрлүү нур түшүп турду. Бир убакта ал жок болуп кетти дагы, аппак кийимчен  шайдоот Аталар келди. Алар тѳртѳѳ экен. «Бул, Ыбрайым пайгамбар» деди булак ээси, «Бул Аюп пайгамбар – адамга берилген баалуулуктардын тѳрүндѳ болгон. Экинчиси Идирис пайгамбар – жер жашоосундагы энергия күчтѳрүнүн сырын билген.  Андан кийин Сулайман пайгамбар – жер үстүндѳгү жан-жаныбардын тилин билген» деди. Андан кийин үч пайгамбарды кѳрсѳттү. Будданы кѳрсѳтүп, «бул Кайталанма ата» деди. Муса пайгамбар, Иса пайгамбарлар андан кийин турушту. Ушул кѳрүнүштѳн кийин кѳптѳгѳн лимфтер кѳрүнүп, анан портал жабылды.

Ордубуздан туруп ыраазычылыгыбызды билгизип, ачылбаган улуу сырлардын ачылышына аз калганын түшүнүп, кѳптѳгѳн ой түрмѳктѳрүнѳ батып, кѳңүл сергип, жерибиздин улуулугуна, бийиктигине ишеним артып кайра кайттык.

Буйруса, кадырман окурман, сиздер менен гезит бетинен кездешип, бул ыйык жердин ыйык маалыматтары боюнча  дагы кеп салабыз…

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *