Тирешкен эл менен бийлик же 20 жылдан берки мээкаңгыт идеология

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ, жазуучу-философ

Учурда, Элдик Курултайдын мамлекеттик түзүлүштү башкаруудагы чыныгы ордун табуу зарылдыгы турганы айтылып, бул багытта интеллигенция өкүлдөрүнүн арасында азыр изденүү күч. Конституциядагы Курултайдын ордун аныктоого умтулган бир нече долбоорлор бар. Алардын бирин өткөн жылдан бери Чоюн Өмүралиев да сунуштоодо.

Акыркы бир-эки жылда жандуу талкууга алынган курултай маселеси боюнча ар кандай кёз караштар биздин гезиттин бетинен да орун алып келатат. Өлкөнүн адашуусу, анын түзүлүшү, орду, курултай мааниси тууралуу Чоюн Өмүралиевдин бүгүнкү Кыргыз Эл Республикасынын концепциясы окурмандарыбызды кайдыгер калтырбайт деп ойлойбуз.

МАМЛЕКЕТ ЖАНА ЭЛДИК КУРУЛТАЙ

Элдик курултай кандай болушу керек? Статусу, укугу? Чечими кандай күчкө ээ болушу керек? Жана эң акырында, эң башкысы – мамлекеттик түзүлүш башкаруудагы Курултайдын орду, Президенттик бийлик жана калган үч бутак бийлик менен мамилеси кандайча жөндөлүшү керек? Эки өкүлчүлүк бийлик, б.а. Жогорку Кеңеш жана Элдик Курултай бирин-бири дубляждап калбайбы, жана мындан да опурталдуусу – Курултай жана бийликтин калган бутактарынын ортосунда келечекте зор тирешүүлөр, карама-каршылыктар да келип чыкпайбы деген өңдүү ж.б. толуп жаткан, толуп жаткан, али анык жообу табыла элек түйүндүү түпөйүл маселелер жок эмес.

Бүгүн мен сиздер менен өзүм эң зарыл деп тапкан, «Эл» жана «Бийлик» маселесине байланышкан түйүндүү эки проблеманын тегерегинде ой бөлүшкүм бар. Алар:

Биринчи – улуттук укукчул мамлекет маселеси.

Экинчи – ага түздөн-түз байланышкан Элдик Курултай маселеси.

Эгерде биз бул эки маселени тээ эң түбүнөн, тереңинен, кыргыздын өзүнүн табиятынан чыгып иликтеп түшүнүп чыкпасак, анда эч качан чындыктын кан жолуна чыга албайбыз. Адашкандын гана үстүндө болобуз. Өткөн 20 жыл бою кандай адашып келсек, алдыда дагы 20 жыл дал эле ошондой адашып, Эл менен Бийлик тынымсыз күрөшүп-тирешип, акыры баарыбыз азып-тозуп, Эл-Мамлекет болуудан калабыз.

Ошондуктан, дагы кайталайын, биз улуттук мамлекет маселесин Эл менен Бийликтин маселесин эң түбүнөн жаңыча кыргызча аңдап, түшүнүп чыкпасак, анда эл эртеңи дайыма кооптуу бойдон кала берет.

Мен бул суроого жооп издээрден оболу бир кичинекей мисалга кайрылгым бар. Өткөндө сыналгыдан белгилүү журналист Байма Сүтөнованын «Демократиянын сабактары» аттуу телеберүүсү болду. Ошондо азыркы эң активдүү деген укук коргоочуларыбыздын бири минтип айтып жатат: «Мамлекет» деген эки эле түрдүү болот. Биринчиси – эң жаман мамлекет. Экинчиси – жөн эле, жаман мамлекет. Башкача болбойт. Биздин укук коргоочулардын милдети – мына ошол эң «жаман мамлекетти» эптеп «жаман мамлекетке» айлантуу үчүн күрөшүү».

Бул бир гана кишинин позициясы эмес, мамлекетке каршыккан, азыркы иттин кара капталынан өрүп кеткен бүтүндөй укук коргоочулардын армиясынын позициясы. Алар гана эмес, баштарына Батыш теорияларын, айрыкча, «Сорос» сыяктуу фонддордун «Жаңы муунга – жаңыча тарбия» деген девизи алдында тонналап чыгарылып жаткан шектүү окуу китептерин баштарына клише кылып кийип алышкан эчен бир ак баш профессорлорубуздун, алардан таалим алып жаткан көк баш жаштарыбыздын позициясы.

«Мамлекет элге имне кылып коюптур, кылбай эле койсунчу байболгур, дегеле мишайт этпесинчи», деген таризде иштешкен, «Азаттык» радиосу баштаган эркин либерал жалданма гезиттерибиздин күнүгө элдин мээсине сиңирип жаткан идеологий позициясы. Демек, бул жакта ойлоноор маселе арбын.

ЧЫН ЭЛЕ УШУНДАЙБЫ?

Чын эле «мамлекет» деген биздин бардык азап-тозокторубуздун башатыбы? Бизди баш көтөртпөй эзип, жеп жанчып турган жалаңкычпы? Жети баштуу желмогузбу? Андай болсо биз эмне үчүн эгемен кыргыз мамлекетин жарыяладык. Азаттуу кыргыз мамлекетибизге азаптуу эзилиш үчүнбү? Кечээги орус эзген эң жаман эриксиз мамлекеттен, бүгүнкү кыргызды кыргыз өзү эзген эриктүү эгемен «жаман мамлекетке» айланыш үчүнбү?

Жогорку ойду ээрчий берсек ушундай логика келип чыгат. Өз кыргыз элибизде, өз кыргыз мамлекетибизди өзүбүз кыргыз өгөйлөгөн, өзүбүздү өзүбүз ичтен алсыздандырган терс психология калыптандырылат. Сырткы глобализм араанына жутулууга улутту ичтен ийкемдүү даярдаган идеологий механизм ишке ашат. Мына ушуга жетпеш үчүн «мамлекеттүүлүк» философиясын жаңыча аңдап, ошондон чыга Эл – Бийликтин мамилесин жаңыча түзүшүбүз керек, элдик башкаруу – Курултай аркылуу.

ЭМЕСЕ, «МАМЛЕКЕТ» ДЕГЕН ЭМНЕ?

Буга дейре калыптанган илимий көз караштан чыкканда мамлекеттин классикалык формасы байыркы грек, римдин шаар-полистеринде түзүлгөн. Б.а. Батышта миңдеген жылдар бою өнүгүп-өсүп отурган уруучул коом жеке менчик мамилелердин келип чыгышына байланыштуу өзүнүн тик-вертикалындагы ырааттуу өнүгүшүн токтоткон, коом – горизонтал өнүгүшүнө карай кайып кетип, тарыхый аренага таптар келип чыккан. Тапчыл мамилелердин натыйжасы катары – мамлекет келип чыккан, б.а. батышта мамлекет уруучул коомдон, элден бөлүнүп чыгып, кайра аны өз кызыкчылыгында иштеткен, басмырлаган, эзген, тебелеп-төбөлөп турган колунда бардарлардын камчысы, аппараты, машийнеси катары чыккан.

Ошон үчүн капитализмдин табиятын түбүнө түшүп изилдеген Маркс: «Политический строй на его высшей ступени есть строй частной собственности» деген. Бул бир гана марксизмдин жобосу эмес, ага чейинки Гоббс, Локк, Монтескье, Дидро, Кант сыяктуу ж.б. ойчулдардын да философиясында кыттай чөгүп жаткан ой.

Азыркы окуу китептердин баарында ошол үчүн «Коом» жана «Мамлекет», «Эл» жана «Мамлекет» деп, «Эл» менен «Мамлекет» деген түшүнүктөр ар башка маңыздалып, ар бөлөк маани батырылып жазылат.

Бул, батыш мамлекеттүүлүк философиясынын жолу. Озунуп айта кетели, биз мына жыйырма жылдан бери Элди Мамлекеттен бөлүп ажыраткан, Элди өз Мамлекетине кайчы койгон режимде, жат философиянын жетегинде жашап келе жатабыз, жана анын натыйжасын көрүп да жатабыз.

Ал эми кыргыздарда, же көчмөн коомдо мамлекет кандайча көрүнгөн, же келип чыккан? Мисалы, батышта мамлекет, уруучул коом кыйрап кеткен жерден башталса, бизде коом кийинки тарыхый өнүгүүнүн бүт тепкичтерин ырааттуу, эволюциялуу басып отуруп, өзүнүн мамлекеттүүлүгүнө келген, б.а. бир нече уруу биригип, бир канатты түзгөн; андан кийин ал канаттар да бир-бирине биригип, Оң Канат, Сол Канат жана Ичкилик болуп ирилешкен. Андан кийин бул үчөө да биригип бир Элге айланышкан. «Эл» деген бир эле учурда «Мамлекетти» билдирген.

Өз кезегинде бир нече «Эл»-Мамлекеттер – бир Каганатка – Империяга өскөн. Эл куруунун мындай тартиби катка алынгандан беркисин эле эсептегенде, мындан эки жарым миң жыл мурда эле классикалык формасында байыркы Хунну каганатында ишке ашырылган. Ал эми катка алынбаган кезеңдери карт тарыхтын караңгы түпкүрлөрүнө житет. Демек, биздин көчмөн мамлекеттүүлүгүбүз уруучулук деңгээлден эң кеми, мындан эки миң жыл мурда эле эки-үч тепкич бийикке ыргып кеткен. Биз ошентип, уруучулук деңгээлден алда эбак эле аскарлап Элдик-Мамлекеттик эң бийик деңгээлге өсүп кеткен элбиз. Биз, кыргыздар – керек болсо, мамлекеттен да бийик турган Каганат курган элбиз! Бүгүн мына ушул улуу чындыкты жөн эле эмес, мамлекеттүүлүк философиябыздын контекстинде ачык таанышыбыз керек. «Кыргыздар уруучул деңгээлден өйдө көтөрүлө алган эмес» деген батышчыл, орусчул кооз жомокторду бойдон кагып, маңкурттук кайыш ширгелерди башыбыздан алып салышыбыз керек!

Экинчиден, көчмөн коомдо «тап» же «класс» деген түшүнүк болгон эмес. Жеке менчик деген Батыштагыдай «Коом» менен «Мамлекеттин» арасын чарт ажыратып салган өзүнүн классикалык түрүндө, же жер менчикте көрүнгөн эмес. Жайыт, жер-суу, токой, тоо-таш – уруунун, элдин ээлигинде болгон. Жайытын, жерин коргош үчүн урууга, элге биримдик зарыл болгон. Ал эми «мал менчикке» келсек, бул дагы өзүнүн мүнөзү боюнча батыштагы «кыймылсыз мүлк» менчигинен айырмалуу болгон, же «малың кыйкырып келсе – жоонуку да, ышкырып келсе – жуттуку» дешкен. Б.а. малга болгон менчик фактордун өзү да батыштагыдай элди бири-биринен ажыратпастан, тескерисинче, бириктирип «жоодон» да, «жуттан» да биргелешип коргонууга мүмкүн экендигин кашкайтып көзгө сайып көрсөтүп турган. Бул – демейки, кадыресе турмуштук факты гана эмес, ириде философиялык фактор болуп саналат. Анткени, бул фактор – элибиздин жан дүйнөсүн, психологиясын, коомдук, өздүк мамилелеринин баарын өзүндө бир камтып, «ЭЛ» деген, же бая айтылгандай «МАМЛЕКЕТ» дегендин философиясын аныктап турган. Көчмөн мамлекеттүүлүктүн маңызын, мүнөзүн өлчөй турган эң башкы чен өлчөм-критерий мына ушул элдин өзүнүн тарыхы, өзүнүн табияты гана болуп саналат.

Демек, жыя айтсак, көчмөн мамлекеттүүлүк философиясында көрүнүп тургандай, «Коом», б.а. «Эл», «Мамлекет» деген бири-биринен ажырап, бөлөк-салак турбастан, ар бөлөк маңыздалбастан «Коом» – «Мамлекет», «Эл» –  «Мамлекет» деп гана бир бүтүн, чулу, ажырагыс бүтүндүк катары таанылат.

Бул – көчмөн элдердин, анын ичинде кыргыздардын мамлекеттүүлүгүн аныктаган эң башкы өзөк. Бул – жаңы теория, жаңы философия, жаңы концепциянын башаты. Бул – биздин менталитет, психология, дүйнөтааным, улуттук эң түпкү идея жана алдыга – ИДЕАЛ!

Биз эгемендик алгандын эртеси күнү улуттук укукчул мамлекетибизди курабыз дегенде кыргыздын өзүнүн табиятынан чыгып, төл дөөлөтүбүзгө негизденишибиз керек эле. Ушундан чыгышыбыз керек эле. Тилекке каршы, бүтүндөй Илимдер Академиябыз башында турган илимий чөйрө, биз – калың советтик кыргыз интеллигенция өкүлдөрү, жаңы заман чындыгы алдында анын маңызын түшүнө албай шал турдук.

Мамлекетибиздин тизгинин, Президентибизди кошуп туруп, сырткы күчтөргө жулдуруп ийдик, жаш мамлекетибиздин баш багытын, идеясын, идеологиясын аныктап кеткен ошолор болду. Колубузга «Укукчул мамлекет, Гражданчыл коом» аталган жаңы илмекайып идеологиясын карматып коюп! Бул идеология боюнча, бая айттык, «мамлекет деген – монстр, жети баштуу желмогуз, элдин эң биринчи душманы! Ошентип, биз эгемендик жарыялагандын эртеси күнү: «азат кыргыз мамлекетим үчүн жаным курман!» деген жалындуу философиянын ордуна «мамлекеттин тишин чакмайынча, тоталитаризм деген балакет эч качан жоюлбайт!» деп демократ топчукелердин деминде жаңшанып, мамлекеттин азуусун чагуунун гана үстүндө болдук. Кечээги экинчи сорт улуттарды астейдил орусташтырып бара жаткан СССР тоталитаризмин эми эгемендигине жаңы эле баш койгон жаш мамлекеттин ичине механикалык түрдө көчүрүп түшүндүк. Жаш мамлекетибизди төрөлтпөй туруп өзүбүз өз колубуз менен өлтүрүүгө кириштик! Ушинтип эгемендик жарыялоонун эң биринчи философиясын, идеясынын өзүн кунсуздадык.  Мамлекетти тынымсыз талкалоонун үстүндө болдук. Анын эң жеткен апогейи – Эл аралык мафиялык күчтөрдүн, левитиндерди билги пайдаланып, эң жаңы синергетика философиясын эгемен жаш мамлекетибиздин ичине «күрр» агызган сагызган саясаты аркылуу ишке ашты! Бул идеологиянын маңызы бу: «мамлекет эң жетер жерине чейин бир сыйра талкаланышы керек – түбүнөн кайрадан жаңылап курулушу үчүн! Жетер жерине чейин будуң-чаң хаостолушу керек – жаңы ыраатка, тартипке чыгыш үчүн! Улуу «хаостон» кийин гана улуу «тартип» келип чыгат».

Мына, «өзүуйушмал» («самоорганизация»), «синергетика» деген эң жаңы илимдин аталары Пригожин, Хакендердин теориялары. «Порядок, через хаос» деп аты эле шойкомдуу угулган бу теориянын физикалык өңүтү өзүнчө сөз. Кеп, биерде, башкада – бизди көз карандылыкка кептегилери келген батыштык ири финансы уюмдары – МВФ, Дүйнөлүк Банк ж.б. идеологдору мына ушул өңдүү илимдерди билги пайдаланып, бүтүндөй бир мамлекетти былгы хаостоп салганында! Башка эмес, биринчи Президентибиз Аскар Акаевдин өзү аркылуу! Эсиңиздерде болсо, анын «Экономика глазами физика» деген 90-жж. ортосунда жазылган, Батыш бир сыйра чуулдатып мактап ийген «заманбап ачылыш» эмгегинин (тырмакчадагы) философиялык-теориялык таянычын дал ушул синергетика илими түзөт. Мунун натыйжасы – айыл чарбасынын тумтак талкаланышы, өнөр жайдын жылаан сыйпагандай жексенделиши менен бүттү. Бул – мээнеттүү экономикалык жеңилиш эмес, ириде, мээкаңгыт идеологий жеңилиш эле! Эң байыркыда Кыргыз атабыз айткан: «Кан адашса – калк адашат!» деген каадими чындык, өз турмушубузда, кантесиң, дагы бир ирээт, ушинтип кейиштүү далилденди. Мунун тэгинде, дагы бир ирээт баса айталы: Элдик мамлекетти элдин өзүнө каршы коюп, өз мамлекети аркылуу уюшуу мүмкүнчүлүгүн талкалап жокко чыгарган умтулган түбү бузук, жылымчы сасык саясат жатат! Сырттан атайын жасалган!

Мына эми 20 жылдан бери ошондогу левитиндер сепкен тукумдун түшүмүн оруп, жок, ооруп, азаптуу жашап келатабыз.

Арийне, өткөндө эгемендик күндөрүндө айтылгандай, 20 жыл эмне, кеппи, тарыхтын бир жылт эткен учкуну да ал! Алдын берсин, оңолуп кетербиз… Бирок бардык нерсе салыштыра караганда билинет. Эмесе, бул 20 жыл – тарых үчүн бир жылт эткен учкун элеби, же зор жалындык кудуретке да ээ беле ал? Анда, кичине салыштырууга кезек берели:

1916-жылдан 1936-жылга чейинки жана

1991-жылдан 2011-жылга чейинки           20 жылдык аралыктарды.

1-учурда – «Улуу Үркүндө» мына-мына жок болуп кете жаздаган кыргыз жапжаш, жаңы туулган Совет мамлекетинин курамында тарыхый улуу өнүгүштү баштан кечирип, өлкөнү электрлештирүү, коллективдештирүү, индустриялаштыруу саясатына тартылып, оболу 1-автоном Кыргыз облус, анан 1-автоном Кыргыз Республикасы, соңунда, биринчи жолу Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасына айланып, өзүнүн биринчи Конституциясына ээ болду. Айрым оош-кыйыштарга карабастан, тарыхый улуу секирик жасалды. Мунун баары:

1- кыргыз пионери – Кычан;

1- кыргыз мугалими – Дүйшөн;

1- кыргыз башкармасы – Уркуя;

1- кыргыз төрагасы – Орозбеков;

1- кыргыз кызыл профессору – К. Тыныстанов;

1- кыргыз корчагиндери 1 –БЧКны жан этин жеп жатып курушкандыктары үчүн, жаш кыргыз мамлекетинин жаркын эртеңи – бүгүнкү биз үчүн, баштарын баталгыга коюп, тагдырларын тарыхтын таразасына салып, Эл үчүн, Мекен үчүн өмүрлөрүн кыйышкандыктары үчүн болду, бу заман келди. Б.а. мамлекеттик мүдөө менен элдик мүдөө бир жерде тогошуп, Эл өз тагдырын, мүлдө эркин өз мамлекетине ишенип, ага табыштагандыгы үчүн болду.

Ал эми биз эгемендик алгандан кийинки 20 жылчы? Бул жылдар – эркиндикке ээ болгон элдин эйфориялуу эркин кескен, демин баскан, шаабайын сууткан, «Эли» менен «Бийликти» бири-бирине эгешкен душман кылып тирештирген, мамлекет бүтүндүгүн ичтен иритип, тынымсыз шалдап-маңдап мамлекетсиздендирген ажайып бир демократиялуу оюндардын жылдары болду. Натыйжада, биз: «Элим-Мамлекетим үчүн жаным курман!» деп эгемендиктин эң биринчи таң нуру менен кошо төрөлүп-төгүлүп чыгууга тийиш болгон:

Эң биринчи Кычандарыбыздын, Дүйшөндөрүбүздүн, Уркуяларыбыздын, Орозбековдордун, Тыныстановдордун, Айтматовдордун ордуна – кой терисин сыйырып ийген 1- коммунист карышкырга, 1-дерьмократка, 1-прихватизаторго, 1- «цивилдүү», жок сифилдүү «адам укукчулга» жана эң акырында, 1-качкын кыргыз президентине ээ болдук. Мына ошол мээ азгырык, көз жазгырык, эң бир демократиялуу симулянт-процесс азыр да активдүү жүрүп жатат, ак калпак кыргыз өлкөбүздө! Эми 21-жылга карай кадам таштап! Эгерде буга дейре Эл аралык зор саясый күчтөр биздин үстүбүздөн ар кандай «демократиялуу» оюндарын ойноп, өлкөбүзгө үстөмдүгүн орното албай келаткан болсо, мунун да себеби бирөө гана – элибиздин улуулугу, айкөлдүгү, улууга, бийликке сый-урматы өчпөгөн чыныгы Улуттук демократиясы барлыгынын натыйжасы!

Кеңеш мамлекети алкагындагы Кыргызстандын жана ал эгемен мамлекет болгондон кийинки эркин демократиялуу Кыргызстандын, алгачкы 20 жылдыгынын жалпы картинасы ушундай.

Демек, маселе, барып-келип мамлекеттүүлүктүн философиясына такалат! «Эл» менен «Бийликтин» биримдигине, экөөнүн эркинин бир нуктуу агымына барып такалат. Ал эми бул маселеде биз азыр дале бая левитиндер түзүп кеткен ажыдаар конституциялык эрежеде жашап жатабыз. Б.а. «бийлик» десе эле жалаң гана Акаевди, Бакиевди, ал эми азыр Отунбаеваны, Келдибековду, Атамбаевди, Ак үй менен Көк үйдө отурушкан бүткүл мамчиновниктерди гана билип, ал эми «Эл» десе, айылдагы бүткүл малчы, данчы, пахтачы, «Дордойдогу» базарчы, Бишкектеги митингчи калың калкты гана түшүнүп, «Эл» менен «Мамлекетти» (же бийликтегилерди) бири-бирине каршы коюп, буларды келишкис карама-каршы таптар, күчтөр, аавалым душман (изначальные враги) катары таанып, эки жээктелип бөлүнүп алып кабышып-чабышып жаткан кербезибиз. Кыргызга кыргыз каршы шилтенип! Кыргызды кыргыз муунтуп, алсыратып! Кыргызды кыргыз кырып кансыратып!

Биз, бул – жүүт системаны быт-чыт талкалап туруп, мындан суурулуп чыкпасак, эгемен мамлекетибизди элибизге кайырып келбесек, анда дагы 20 жыл бою шорлоп, дагы канча бир революцияларды баштан кечирип, акыры өзүбүз чабылып-чачылып түгөнүп бүтөбүз.

Демек, биздин алдыдагы эң биринчи максат, бул левитиндик эмес улуттук укукчул мамлекетти, б.а. чыныгы Кыргыз Элдик Мамлекетин курушубуз керек экен. Кантип? Элдик Курултай маселесине да ушинтип келебиз.

Оболу, Курултай тууралуу азыр элде жашап жаткан жалпы түшүнүктөр кандай, ушул тууралуу эки ооз сөз.

Биз, «биз» дегенде, карапайым калк гана эмес, бийликтин эң жогорку эшелонунда отурган мамлекеттик чиновниктер да, баарыбыз, Элдик Курултай дегенде эле буга чейин мээбизге сиңирилген, бая айтылган, Батыш мамлекеттүүлүк философиясынын нугунан чыкпай ойлонуп келебиз. Б.а. «Элдик Курултай» деген, бул – баягы ой-тоодогу малчы, данчы, Ош-Дордойдогу базарчы калың Эл; ал эми мамлекеттик бийлик деген, бул – баягы мамлекеттик жетекчилер, Ак үй, Көк үйдөгү башкалар. Биз ой-тоодон жылына бир жолу куюлуп түшүп келип, ар жыл сайын алардан демитип отчёт алып турмакчыбыз. Ал эми бийликтегилер болсо: «а эмне үчүн андай болушу керек, расмий бийлик биз болсок, а көрөк бер сунушуңду…» кыязында, текебер, Курултайды сунуштама органдан ары ашырышпай карап турушат. Ушинтип, Курултайды биз «Элдик башкаруу» атап, аны мамлекеттик түзүлүш-башкаруудан обочо турган кошумча структура катары түшүнүп жатабыз. Ошондуктан, бая жыл башында Президент Роза Отунбаева суранган мамлекеттик-түзүлүш – башкаруу менен эриш-аркак кыналыш кете ала турган Курултай формасын таба албай чайналып келебиз. Ал эми андай форма табылабы, барбы? Же бул дагы табияттын өзүндө жок, көктө илинген бир кур кыялбы? Жок, бул да кыял эмес, бул да турмуштун өзүндө бар, т.а. тарыхый Элдик Курултайдын так өзүнүн философиясында таамай катылып жатат. Мындайча:

Кыргыздын, же жалпы эле көчмөндөрдүн тарыхый курултайлары элдик бийликтин эң жогорку органы болгонун билебиз. Курултайга эң төмөндөн Эл ичинен иргелип шайланып чыккан не бир таңдай жарган чечендери, маңдай жарган баатырлары, кара кылды как жарган калыстары, калк бийлеген бек-бийлери, заманды көзөй көргөн көсөмдөрү, ак кийизге көтөрүлгөн хандары катышкан. Ат жеткен жердеги калың букара элдин өкүлдөрү катышкан, же коомдун бардык катмарын камтыган ал. Азыркы саясы термин тилде айтканда

– Эл калыстары да – же эмки Сот бийлиги;

– эл баатырлары, чоролору да – же эмики Аткаруу бийлиги;

– ар уруунун аксакал, бийлери да – же эмикинин мыйзамчы Кеңеш бийлиги;

– анан албетте, Каган-Президенти биригип, акыл калчашып бир бүтүмгө келишкен.

Бул бүтүм көчмөн коомдун эң улук, бардык мүчөсү бирдей аткарууга милдеттүү мыйзам болгон. Каган-Президенттен баштап – эң акыркы букарага чейин!

Демек, жалпы элдик Курултай табияты боюнча:

1.         Эң жогорку мыйзамдык күчкө ээ чечимдерди чыгарган (же азыркы – «Жогорку Кеңеш» бийлиги);

2.         Мыйзамдык күчкө ээ чечимдерди гана чыгарбастан, анын аткарылышын да өзү көзөмөлгө алган (же ушул эле Кеңеш жана Прокуратура бийлиги);

3.         Кабыл алынган чечим-бүтүмдөрдү хан бийлиги, чоролор кыймылы аркылуу өзү аткарып да турган (же азыркы Аткаруу бийлиги болгон).

Башкача айтканда, өзү – эң жогорку мыйзамчы да, көзөмөлчү да, аткаруучу да орган болгон. Демек, Курултай – көчмөн мамлекеттик башкаруунун өзөгүн түзгөн, көчмөн мамлекеттүүлүк философиясынын маңызын аныктаган.

Биз бүгүн, «жалпы Элдик Курултай кандай болушу керек?» деп азаптуу изденүүлөрдү баштан кечирип жаткан кезибизде тарыхый курултайдын мына ушул философиясын таамай таанып, ага кайрылышыбыз эң зарыл! «Каган андай шайланган, бийлер мындай шайланган, бектердин орду андай эле, баатырлардын ролу мындай эле» деген көчмөн коомдун салт-деталдары эмес, Курултайдын мамлекеттик түзүлүш-башкаруунун өзөгүндө жаткан, жүрөк-жүлүнү аркылуу тепчилип өткөн биримдик философиясы эң зарыл, бая айтылган «Эл» менен «Мамлекеттин» бөлүнгүстүгү, «Коом» менен «Мамлекеттин» ажырагыстыгы идеясы зарыл!

Биз Элдик Курултайды, бүгүн, XXI кылымда, Кыргыз Мамлекетинин өзөгүнө дал ушул байыркы философиялык салтында алып, жууруп өтө алабызбы? Курултайды мамлекеттик бийликтин өзөгүнүн өзүнөн табигый өстүрүп чыга алабызбы – аны бир да бир башка бийлик бутагына кайчы койбой туруп, мисалы: экинчи бир өкүлчүлүк бийлик – Жогорку Кеңешке дубляждабай туруп, жалпы эл тарабынан түз, тике шайланган Элдик Президенттин бийлик укугуна каршы койбой туруп:

Алып чыга алабыз!

Анын үлгүсү – Конституция долбоорунда берилди.

ЭЛ – БИЙЛИК

«Кыргыз Республикасында» эле эмес, дегеле мамлекеттик курулуштун дүйнөлүк практикасында алиге ишке ийгиликтүү ашырылбай келаткан бир көйгөй бар. Ал – «Эл» менен «Бийлик» биримдиги. Бул алиге чечилбей келаткан улуу маселе.

Салыштыруу үчүн, мисалы, эсил СССРде ал элдин мүдөөсүн үдөөлөгөн кубаттуу бир коммунисттик партияны түзүү жана анын иделогия-саясаты алдына мүлдө элди ийирүү аркылуу ишке ашырылган. Белгилээр нерсе мында: башкы башкаруучу бийлик органдары башка бийлик бутактарынан (мыйзам, аткаруучу, сот) сырткары жана үстүнө курулган, алардын бөлүм-түзүмдөрүн өзүндө дээрлик кайталаган (дубляж) кошумча бийлик бутагы (башкы – төртүнчү) катары чыккан жана өз өкүлдөрүн мамбийликтин бардык тепкичтерине, акыркы звенолоруна чейин дайындоо, калктын активдүү бөлүгүн мүчөлүккө тартуу аркылуу ишке ашырылган. «Эл» «Бийлик» арасы СССРде жана «Элдик демократиялык» аталган көптөгөн башка өлкөлөрдө ушундайча, көбүнесе жасалма ширетилген. Дал ушунун тетирисинче, «Кыргы Эл» республикасында «Эл» менен «Бийликтин» биримдиги мамлекеттик бийлик бутактарынын өзү аркылуу, эч кандай сырттан кошумчасыз, кийлигишүүсүз жана таңуулоосуз (м: ар кандай «партиялык», же «курултайлык» комитеттерсиз) элдин өзүнүн мамлекеттик бийликке эркин катышып, аны түзүшү, же өз эркин кыйыр табыштоо (делегирование) аркылуу жүзөгө реалдуу жана түздөн-түз, а эң башкысы артыкчылыктуу ашырылып турат! Төмөндөгүчө:

а) Бийлик тепкичинин эң төмөнкү бардык бутак өкүлдөрүн:

– айыл кеңеш депутаттарын (өкүл бийлик);

– айыл сот калысын, мүчөлөрүн (сот бийлик);

– айыл башкармасын (жалпы бийлик) –

өзүлөрү тике шайлоосу жана ошол шайланган өкүлдөрүнө бийликтин жогорку органдарын түзүүгө өз эркин табыштоосу аркылуу – бир!

б) Эң төмөндөн Эл өзү шайлаган өкүлдөрү жана аймактан жогорку мамбийлик бутактарынын башкы, биринчи жетекчилери өкүлдөрү болгон Улуу Курултайда «Эл – Бийлик» бир ширелиши аркылуу – эки!

Муну саал чечмелебесе күдүк калат.

Азыр республикабызда жергиликтүү өз алдынча башкаруу түзүмдөрдүн саны – 484, демек, Улуу Курултайга ушунча өкүл жаңыдан шайланат. Тогуз регион (7 облус, 2 шаар), кырк районду келечекте 15-20 аймакка бириктирүү көздөлүүдө. Демек, аймактын 1-башчыларынын саны, болжолу – 45-60 өкүлдү түзөт. Республикалык маанидеги шаар жетекчилери-14. Борбордук башкы жетекчиликтеги өкүл саны – 16 («Тогузак» жана жети борбордук түзүм). Буга кошумча Аталык кенеш-13, мамлекеттик илимий, чыгармачыл, коомдук башкы мекеме-уюмдар атайын квота боюнча, болжолдуу 15ке чейин (КА төрагасы, Илим Академия Президенти, чыгармачыл уюм жетекчилери, Аксакалдар Кеңеш, Аялдар конгресси, салттуу эки дин – ислам, православие уюм ж.б.) туруктуу өкүлдүк орунга ээ болмогу шарт. Ошондо – бийликтен барган өкүлдөрдүн саны, болжолу, 90дун тегереги. Ал эми элдин жаңыдан шайлаган жана коомдук мекеме-уюм жетекчилигинен барган өкүл саны-512. Демек жалпы алганда, элдик өкүлдөр саны бийликтен барган өкүлдөр санынан дайыма, туруктуу түрдө төрт эседен (512:90) көптүк кылып турат. Бул деген «элдик» добуш «бийлик» добушунан дайыма артыкчылыктуу абалда турат (эгерде, кааласа) дегендикти билдирет.

в) Элдик Улуу Курултай шайлаган Кош Аталык (бирин – Курултай, экинчисин – Президент сунуштайт) жана Аталык Кеңеш мүчөлөрүнүн өлкө Президенти менен биримдикте Элдик-Мамлекеттик бир бүтүн, чулу Институтту түзүп турган бузулгус данакерлиги аркылуу – үч!

г) «Тогузак» – Мамлекеттик Кеңештин толтосунда-ортосунда Кош Аталыктын (бир добуштуу!) туруктуу орду турушу аркылуу – төрт!

д) Улуу Курултай кабыл алган элдик чечимдердин Президент, Кош Аталык жана Аталык Кеңеш мүчөлөрүнүн катышуусунда Борбордук Бийлик аркылуу төмөнкү тогоолдорго түшүрүлүп (Чоң Кошуун, Чоң Жыйын, Чоң топ) дайыма туруктуу милдеттүү аткарылып турушу аркылуу – беш!

е) Жалпы эле жер-жерлерден шайланган Улуу Курултай делегаттарынын айыл топ, аймак жыйындарынын иштерине түздөн-түз катышып Улуу Курултайдын чечимдерин жер-жерлердеги мамлекеттик бийликтин өзүнө өөктөштүрүп алып өтүү аркылуу – алты! элдик артыкчылыктуу бийлик кепилденет.

Ушинтип «Кыргыз Эл» республикасында «Элдик» бийлик дамамат, «мамлекет» тештирилип «мамлекеттик» бийлик дайыма «эл» дештирилип турат. Бая айтылган «Эл – Бийликтин ажырагыс биримдиги» – дегенибиз ушул. Дүйнөнүн бир да бир жеринде-элинде алиге табигый ишке ашырыла элек! Долбоордо жазылган «мамлекеттин бирден-бир ыйык озуйпасы – эл үчүн, Эл атынан, Эл бийлигин жүргүзүү» (1-ст) деген жобосунун мааниси ушерде чечилет. Элдин укугу элдик республикасында ушундайча жүзөгө реалдуу ашырылат.

«Элдин укугу» демекчи, бүтүндөй элдик бийлик системи жана Улуу Курултай аркылуу өзүнө жогорудагыдай артыкчылыктуу зор укук алган (512:90) элдин өзүнүн да ошого тең бийик жоопкерчилиги каралган бул долбоордо. Эсеби, эгемендиктин ээси – Эл укукка гана эмес, андан ашкан зор милдетке да эгедер! Бул тууралуу Долбоордо: «Учурунда бир ынтымакка баш уруп, мамлекетине улуу уюп бакыбат турмуш курбаган муун кечээги жашап өткөн ата-бабасынын арбагына кыянатчылык кылган, туула элек эртеңки тукумунун тамырына балта чапкан Караламанга айланат» (18-ст) деп кашкайта айтылган. А демекчи, элге да «үй башына – бир кара» аламандай бербей, Карага айлануу – улуу милдет, Теңири алдындагы! Бул миссияны эми элдик мамлекети өзү аткарат: «Мамлекет гана элдин мүлдө эркин элдин өзүнүн кызыкчылыгында бир максатка уютуп багыттайт, элди чыныгы өз тагдырынын ээсине айлантып келечегин камсыздйт. Эл – Мамлекет – ажырагыс» (10ст).

«Эл-Бийликтин» ажырагыстыгы. Кыргыз Элдик Конституцияда ушундайча ТЕҢчил мөөрлөнгөн.

«Кыргыз Эл» республикасынын түзүлүш-башкаруусунун өзөгүнө өткөн Элдик Курултай системинин дүйнөнүн эч бир эли-жеринде жок кайталангыс философиялык касиети ушерде! Уюган мамлекеттелген! (Мамлекет йога).

Демек, Мамлекетте “Элдин” жана “Бийликтин” күчү бир нуктуу агылып, улуу биримдик келип чыгат. Буга чейинки левитиндер биздин Конституциябызга ууру шыкап салган жүүт ыкма – “Эл” менен “Бийликтин” тынымсыз каршылашуусу жокко чыгарылат.

Элдик Курултай бийлеген Элдик Республика түзүлөт деген ушул!

Долбоордун 1-статьясында айтылган: “Мамлекеттин бирден бир ыйык озуйпасы – Эл үчүн Эл атынан Эл бийлигин жүргүзүү. Мамлекет гана элдин мүлдө эркин элдин өзүнүн кызыкчылыгында бир максатка уютуп багыттайт, элди чыныгы өз тагдырынын ээсине айлантып, келечегин камсыздайт.

«Эл–Мамлекет ажырагыс” деген жобо жүзөгө ашат деген да ушул!

P.S.: Ушул жерден мен сөздү тык токтотсом да болор эле. Бирок бир орчун маселе айтылбай калып баратат. Ал азыр коомчулуктун мээсинде активдүү жашап жаткан “1993-жылкы Конституцияга кайтуу идеясы. Бул идеянын авторлорунун оюнча, биз, “1993кө” толук кайтуу аркылуу гана качкын эки президенттин тушунда кабыл алынып кеткен калпыс чечимдердин баарын (м: “территориянын бүтүндүгү”, “жер менчиги”, “расмий тил”, «Кумтөр» маселеси, ж.б.д.у.с. маселелер) жокко чыгарып, жашоону актай барактан жашап баштайбыз. Бул, эми, реалдуу эмес, мунун жолу башкача, жөнөкөйүрөөк эле чечилет, 1993-ж. базалык Конституциянын башкы жоболоруна негизделген жаңы Элдик Курултайлуу Конституцияга бир-ак(!) статьяны гана киргизип коюу аркылуу, төмөндөгүчө:

“Кыргыз Республикасынын” (же «Өткөөл Мезгилдин”) жалпы элдин катышуусуз кабыл алынган стратегиялык мааниге ээ ички маселелерине байланышкан чечимдерин жана сырткы эл аралык келишим-макулдашууларын “Кыргыз Эл” республикасынын Улуу Курултайы кайрадан карап чыгууга жана тийиштүү чечим кабыл алууга укуктуу” (“Долбоордо” – 16-ст.).

Бул үчүн “1993-төн” текебаевдик Конституцияга чейинки текирең аралыкты “Өткөөл Мезгил” деп расмий таанып коюш гана керек жана чыныгы актай баракты чыныгы Кыргыз Элдик Республикасынан башташ керек!

МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮШ ЖАНА БАШКАРУУ

Элдик Республикадагы элдик башкаруунун (топ, жыйын, кошуун) табиятын таасындап эми бир жерде чогуу жыйып схемалап беребиз. Элдик бийлик дамамат эки эселикте ишке ашырылып турат:

I Мамлекеттин дайымкы башкарылышы

АЙЫЛ

Айыл Башкармасы (айылдык Президент) – жалпы чогулушта ачык  шайланат;

1. Өкмөтөкүл (28) – Бек (бюджеттик мекемелердин координатору);

2. Айылдык кеңеш (31) – жергиликтүү эл шайлайт;

3. Айылдык сот (38) – жергиликтүү  эл шайлайт;

Айылдык бийлик бутактары 3 айда бир  өздөрүнүн ички тобун   өткөрүшөт;

Айылдык жанаша бийлик бутактары 3 айдан соң  бирдиктүү чоң тобун  өткөрүшөт;

Айылдык жанаша бийликтердин башчылары – чоң топ кеңеш мүчөлөрү;

АЙМАК –  ШААР

1. Аймак акими / Шаар эмири (27) – Премьер -Министр дайындайт;

2. Аймактык Кеңешти (30) – айылдык кеңеш төрагалары жана орун басарлары калыптандырышат Төрага шайлашат;

3. Аймактык  сот (37) – айыл соттору шайлашат;

– Аймактык / Шаардык бийлик бутактары 6 айда бир жыйындарын  өткөрүшөт;

– Аймактык / Шаардык  бийлик бутактары 6 айдан соң бирдиктүү чоң жыйынын  өткөрүшөт;

– Аймактык / Шаардык  бийликтердин башчылары – чоң жыйын кеңеш мүчөлөрү;

РЕСПУБЛИКА

Эл – башы Президент (3) – Улуу Курултайда ылганып,  жалпы элдик  шайлоого альтернативдүү сунушталат;

1. Өкмөт (26) – Премьер-Министрди Аталык Кеңеш менен макулдашып  Президент дайындайт;

2. Жогорку Кеңеш (29) – Улуу Курултай өз курамынан шайлайт. Мыйзам багытында иштейт;

3. Жогорку Сот (36) – (Президент жана Аталык Кеңештин альтернативалык сунушу менен Сот Курултайында шайланат);
– Кош Билги жана Аталык Кеңештин сунушунда Баш Прокурорду Президент дайындайт;

– Мамлекеттик бийлик бутактарынын өзүнчө Кошууну бир жылда бир  өткөрүлөт;

– Мамлекеттик бийлик бутактарынын бирдиктүү Чоң    Кошууну  бир жылдан соң  өткөрүлөт;

– Мамлекеттик бийлик бутактарынын башчылары  – Кошуун  Кеңеш  мүчөлөрү;

II Мамлекеттин Улуу Курултайлык башкарылышы.

Улуу Курултай 2,5 жылда бир (өлкө турукташканда 5 жылда бир) өткөрүлөт.

БОРБОР

1. Телегей – табигый жалпы мыйзам;

2. Улуу Курултай – элдик бийликтин эң жогорку органы;

3. Президент – Улуу Курултай ылгайт, жалпы эл шайлайт;

4. Оң билги (Курултай Төрагасы) – Улуу Курултайда шайланат;

5. Сол билги (Мамлекеттик Катчы) – Президент сунуштайт,  Улуу Курултайда шайланат;

6. Аталык Кеңеш – Улуу Курултайда шайланат –  курамы 13 киши;

6.1. Оң билги – Сол билги (Кош Аталык) – 1 добуш;

6.2. Үч Канат бийлери – 3 добуш;

6.3. Калк ассамблея төрагасы – 1 добуш;

6.4. Улуу Курултай  шайлаган калк дааналары – 8  добуш;

Аталык  Кеңеш курамы       – 13 киши;

7. Аппарат канцелярия  – өз алдынча бийликке ээ эмес;

8. Мамлекеттик Кеңеш – Президент башкарат;

Мамлекеттик Кеңеш мүчөлөрү

9. Премьер-Министр – Улуу Курултайдын милдеттүү өкүлү;

10. Жогорку Кеңеш Төрагасы – Улуу Курултайдын милдеттүү өкүлү;

11. Жогорку Сот Төрагасы – Улуу Курултайдын милдеттүү өкүлү;

12. Башкы Прокурор – Улуу Курултайдын милдеттүү өкүлү;

13. Курултай Төрагасы жана Мамлекеттик Катчы – Улуу Курултайдын милдеттүү өкүлү;

14. Конституциялык Соттун Төрагасы – Улуу Курултайдын милдеттүү өкүлү;

15. Ички иштер министри – Улуу Курултайдын милдеттүү өкүлү;

16. Коргоо министри – Улуу Курултайдын милдеттүү өкүлү;

17. Коопсуздук комитетинин Төрагасы – Улуу Курултайдын милдеттүү өкүлү;

Борбордук кызмат – түзүмдөр:

18. Борбордук шайлоо комиссия төрагасы – Улуу Курултайдын милдеттүү өкүлү;

19. Эсеп палата төрагасы – Улуу Курултайдын милдеттүү өкүлү;

20. Мамлекеттик банк төрагасы – Улуу Курултайдын милдеттүү өкүлү;

21. Манас Жол – этноэкономикалык инновациялык борбор төрагасы – Улуу Курултайдын милдеттүү өкүлү;

22. Кадрлар боюнча мамлекеттик кызмат төрагасы – Улуу Курултайдын милдеттүү өкүлү;

23. Стратегиялык чалгын борбор башчысы – Улуу Курултайдын милдеттүү өкүлү;

24. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия төрагасы – Улуу Курултайдын милдеттүү өкүлү;

25. Кыргызстан эли – эгемендик ээси, бийлик туткасы.

Улуу Курултайдын делегаттарын шайлашат;

Улуу Курултайдын делегаттары – Оң, Сол Билги (Кош Аталык) жана Аталык Кеңеш (13 киши) мүчөлөрүн шайлашат жана аткарылууга милдеттүү стратегиялык чечимдерди кабыл алышат.

Улуу курултай кабыл алган  чечимдерди:

а) Аталык Кеңеш мүчөлөрү бийлик бутактарынын биргелешкен Чоң Кошуунуна (зарыл болсо, Чоң Жыйын, Чоң Топторуна дейре) катышуу аркылуу;

б) Делегаттардын аймактык  башчылары – аймактык бийлик бутактарынын биргелешкен Чоң Жыйынына катышуу аркылуу;

в) Айылдан шайланган делегаттар – айылдык бийлик бутактарынын биргелешкен Чоң Тобуна катышуу аркылуу алып өтүшөт жана мамлекеттик бийлик менен бирдикте жүзөгө ашырышат.

Эл = Бийлик – бир!

Эл = Мамлекет – ажырагыс! 

«Кѳк асаба», 20.09.2011-ж.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *