Кыргыз жаштары качан коомдук күчкө айланат?

Фотосүрөт: “Кабар” КУМА

Кусеин ИСАЕВ, Социология илимдеринин мудариси,
Самарбек СЫРГАБАЕВ, Социология изилдөөчүсү

«Жаштар биздин келечегибиз» деп куру ураан кылып жогорку жана кадыресе трибуналардан көп эле сайрап жүрөбүз. Бирок, тилекке каршы, жаш муундун чыныгы абалы, коомубуздун түп-тамырынан бери жаңылануу жолунда алардын аң-сезиминин, баалуулуктарынын өзгөрүү багыттары каякты көздөй бара жатат деген сыяктуу суроолорго жооп издөө көз жаздымда калып келет. Ушул тапта республикада жаштар маселеси менен алектенген бир да илимий мекеме түгүл, кичинекей кафедра же лаборатория да жок. Жаштар чөйрөсүндө болуп жаткан процесстерди эч ким так билбейт, себеби илимий изилдөөлөр өтө аз. Мына ушундай шартта мамлекеттик жаштар саясатын жүргүзүү ылай суудан балык кармоого жасаган аракеттей эле сезилет.

Мамлекетибиз азаттыкты алгандан бери жаш муундун тагдыры толугу менен өздөрүнүн колдоруна өткөрүлүп берилген. Себеби, бирдиктүү мамлекеттик жаштар саясатын жүргүзгөн айтылуу «Комсомол» тутуму жоюлуп, анын артынан ондогон жылдар бою калыптанган жаштар инфраструктурасы кыйрап жок болгон. Ооба, андан бери жаштар маселелери менен кандайдыр бир деңгээлде иш алпарып, жөнгө салуучу мекеме түзүү аркеттери бир нече ирет жасалган жана азыр да улантылууда. Жаштарга багытталган декларативдик мүнөздөгү бир катар улуттук программалар кабыл алынып, бирок турмуш тажрыйбасы алардын 90%ын кагаз бетинде калтырды.

Мамлекеттик жаштар саясаты казанга салынып өз ширесине өзү кайнап жаткан тамактай эле элестетилет. Анткени жасалып жаткан иштердин жаштардын чыныгы абалы менен байланышы байкалбайт, тек гана популизмге жуурулган куру чакырыктар, ураандардай сезилет. Ал эми ошол жаштар саясатын эффективдүү ишке ашыруу үчүн тиешелүү деңгээлдеги кадрлардын болушу талашсыз маселе. Ушул тапта, республикада жалпы мамлекеттик жаштар саясатынын тутумунда, боробордук жана аймактык мекемелерди эске алганда, расмий түрдө 50 адис иш алып барат. Жөнөкөй арифметикалык тил менен айтканда, өлкөдө учурда 2 млн. го чукул жаштар бар деп эсептесек, ар бир адиске орто эсеп менен 38000ден ашык жаш жаран туура келет. Жаштар саясатынын мына ушундай кадрдык абалын океандын жээгинде кум менен ойноп жаткан жаш баладай эле кабыл алсак болот. Ал эми ошол жаштар иштери боюнча кызматкерлердин тажрыйбасы, дарамети, иш алып баруу жөндөмдүүлүгү, билими кандай? Бул өзүнчө маселе. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 50дөн ашык жогорку окуу жайларынын биринде да жаштар иштери боюнча атайын адистерди даярдоо бөлүмү жок!

Ал эми жаш муун өз алдынча жашоосун улантып келет. Өткөөл мезгилди коштогон социалдык-маданий кризис калыптанган салттуу баалуулуктардын ыркын кетирип, базар экономикасы өзүмчүлдүктү алдыга койду жана өзүнүн  баалуулуктарын жаштардын аң-сезимине сиңдирүүдө. Учурдагы коомдо түзүлгөн жагдай заманбап улан-кыздардын арасындагы жат көрүнүштөрдүн отоо чөптөй жайылып баратышы менен коштолууда. Адеп-ахлактык, руханий  деградациялануу, ичкилик, баңгилик, алардын кесепетинен кылмыштуулуктун, адепсиз жүрүм-турумдун өсүшү байкалууда. Маселен, Мамстаткомдун маалыматы боюнча, акыркы он жылдыкта эле жаштар арасында баңги заттарын колдонуу алты эсеге өсүп, наркологиялык каттоого алынган 15тен 35 жашка чейинки улан-кыздардын саны 10 миңге жеткен (көмүскөдө калганы канча?!). Ички иштер иштер министрлиги кылмыш кылгандардын 52%ын 30 жашка чейинки жаштар, 7%ын өспүрүмдөр түзөөрүн белгилесе, Бишкек «СПИД» борборунун маалыматына ылайык 2008-жылы ВИЧ-инфекциясына чалдыккан 550 адам расмий катталса, 2009-жылы алардын саны 1481ге чейин жетти (ал эми расмий катталбаганы канча?!).

Жаштардын жүрөгүн өйүткөн көйгөй катары жыл санап өсүп жаткан жумушсуздук маселеси болуп калууда. Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча 2008-жылы жаштар арасындагы жумушсуздук 57%га өсүп кеткен. Алардын ичинен 98%ын 30 жашка чейинки жаш улан-кыздар түзүп, ал эми алардын чейреги жогорку жана атайын орто билимдүүлөр. Бул жагдай объективдүү түрдө ички жана өзгөчө тышкы миграциянын күчөшүнө алып келди. Учурда ар кандай расмий эмес маалыматтык булактарга ылайык,  700 миңден ашык 20-35 жаштагы жаш жарандар эмгек мигранты болуп өлкөдөн чыгып кетишкен. Болжол менен алардын 25%ын жогорку жана атайын орто билимдүүлөр, 75%ын орто билимдүүлөр түзөт. Ушул эмгек мигранттары жыл сайын биздин республикабыздын бир жылдык мамлекеттик бюджетине чамалаш суммадагы акча каражаттарын которуп тураары белгиленип, ушундай жол менен алар кыргыз экономикасына позитивдүү салымын кошуп жатат деп расмий трибуналардан айтып келебиз. А бирок бул жагдайдын оркойгон тескей жагы тууралуу эмнегедир үн катпайбыз. Алардын канчасы бөөдө өлүмгө дуушар болууда! Биз бүтүндөй бир муунду жоготуп алдык көрүнөт. Экономикалык жигердүү, эмгекке жарамдуу жаш муундун дээрлик бир катмары чет мамлекетте жүрүшү өз учурунда өлкөдөгү демографиялык абалга, тукумдун сапатына, мамлекеттин улуттук коопсуздугуна терс таасирин тийгизбей койбойт.

Мына жогоруда келтирилген дааналыктар заманбап жаш муундун турмуш чындыгынын айсбергдин чокусундай болгон гана бөлүгү. Ал эми жаш муун өз кезегинде калктын калың катмарын түзүп, аларда коомду өнүктүрүүчү зор  стратегиялык ресурс катылып жатат. Бүгүнкү күндүн талабы, мына жаштардын ушул жигердик күчүн коомдук пайдалуу нукка бура турган, терең ойлонуштурулган мамлекеттик жаштар саясатынын зарылдыгында. Демек, азыркы шарттарда заманбап улан-кыздарды мамлекеттик жаштар саясатынын объектиси эмес, субъектисине, башкача айтканда жигердүү катышуучусуна айлантуу, алардын идеялык туруктуу көз карашын калыптандыруу, элдик рухий дөөлөт, маданий мурасты аң сезимине негизги баалуулуктар катары сиңирүү эң маанилүү жана стратегиялык мүнөздөгү тапшырма.

Ал эми бул багытта натыйжалуу аракеттерди ишке ашыруу үчүн, көп жылдык социологиялык байкоолордун негизинде бышып жетилген төмөнкү сунуштарыбызды (ой-табылгаларыбызды) ортого салаар элек:

– Кыргыз жаш улан-кыздарын тарбиялоонун жаңы стратегиясын жана программасын улуттук мүдөөлөрдүн негизинде кайрадан иштеп чыгуу зарыл. Жаш муунду улуттук тарбиялоодо биринчи кезекте үй-бүлө институтунун, бала-бакча, баштапкы мектептердин ордун жана милдеттерин (функцияларын) тактап, кыргыздын кылымдар бою калыптанган, тарыхый сыноосунан өткөн, бирок, акыркы жылдары унутта калып же такыр эле жок болуп бараткан улуттук сапаттардын жана адептик, рухий баалуулуктардын негизинде мекенчил жаш улан-кыздарды калыптандыруу керек.

– Бардык мектептердин (мамлекеттик, муниципалдык, менчик) башталгыч класстарында (1-4 класстар) кыргыздын эң бай рухий байлыктарында (жомоктордо, эпостордо, макал-лакаптарда, элдик ырларда ж.б.) жана келечектүү салттарында камтылган рухий баалуулуктардын негизинде улуттук көз-караш, ой-толгоону калыптандыруу абзел.

– Мектептердин жогорку класстарында, колледждерде, лицейлерде, ЖОЖдордо улуттук маданият, улуттук философияны дүйнөлүк рухий байлыктар менен туура айкалыштыруу аркылуу цивилизациялардын баарлашуусу жана бири-бирине ширелүүсү башталган ааламдашуу шарттарында улутман, мекенчил, жоопкер, намыскөй жарандарды тарбиялоо өтө актуалдуу болуп калуусу тийиш.

– Демек, жаш муунду жаңы багытта тарбиялоо программасы  мамлекеттик жаштар саясатынын өзөгүн түзүп, ал эми аны турмушка ийгиликтүү ашырууга мүмкүндүк берген атайын даярдалган адистер керек. Ал үчүн ЖОЖдордо «жаштар менен иштөө» деген кесипчилик ачылып, анын стратегиясы иштелип чыгып, кафедра, факультет уюштурууну Билим жана илим министрлиги жаштар иштери боюнча мамлекеттик мекеме менен бирдикте ойлонушу керек.

– Мамлекеттик жаштар саясатынын натыйжалуулугун, ыкчамдыгын арттыруу максатында ага илимий колдоо көргөзүлүшү зарыл. Башкача айтканда, жаштар чөйрөсүндө болуп жаткан процесстердин күрөө тамырында колду дайым кармап,  алар жөнүндө так жана туура маалыматка ээ болуш үчүн такай социологиялык изилдөөлөр, мониторингдер жүргүзүлүп турушу абзел.

Жаш муун – бул коомдун «барометри», өлкөдөгү социалдык аба-ырайынын комфорттуулугун же чыңалуусун так көрсөтүп туруучу чен-өлчөм. Ошондой эле алар чоң кыйратуучу касиетке да ээ курал. Тилекке каршы, жаштардын курак өзгөчөлүктөрүнө байланышкан оомол табигатынан, жеке кызыкчылыктарын биринчи орунга койгон саясый спекулянттар колдонуп келишет. Андыктан, жаш муунда катылган зор социалдык ресурсту кыргыз мамлекетинин өнүгүү жолунун чыныгы локомотивине айлантуу күн тартибинин негизги маселеси болуп калууга тийиш.

Президенттин Жаңылануу багыты боюнча калкка кайрылуусунда, жана дагы бир катар жаштар менен болгон жолугушууларында, келечекте күчтүү мамлекет түзүүдө жаш муундун, жалпы эле башкаруу тутумун реформалоо саясатын ишке ашырууда жаш кадрлардын орду маанилүү экендиги белгиленген. Ошондой эле, Президент үстүбүздөгү жылдын август айында жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү жаңы мыйзамга кол койду. Бул мыйзам жаштардын күч-кубатын мамлекеттин кызыкчылыктарына багыттоого бардык шарттарды түзүүнүн негиздерин аныктайт. Демек, жаштар менен иштөө боюнча мамлекеттик деңгээлдеги багыттар мыйзам түрүндө белгиленди. Эми аларды натыйжалуу турмуш жүзүнө ашыруу гана калды. Мамлекет алдындагы стратегиялык милдеттердин аткарылышына Кыргызстан жаштарынын кубаты, дарамети, акылы жана түшүнүгү жигердүү жана натыйжалуу пайдаланылат деген ишеничтебиз.

Ошентип, жаштарды тарбиялоону түп тамырынан бери кайра жаўылап, кыргызчы, улутчу, намыскөй болуп калыптанышын бешиктен баштап бойго жеткиче кыргыздын каада-салтына, нарк-насилине, тарыхына, философиясына төгүлгүс болуп сугарылышына жетишибиз озуйпа.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *