May 27

Коомдук ишмер, журналист Кенжалы Сарымсаков менен коштошуу

3-Кенжалы агай

Жаштарды канатына калкалап жетилткен

Устатым Кенжалы агайдын жарык дүйнѳ менен кош айтышканын укканымда кѳкүрѳгүмдѳ толбос  боштук пайда болгонун сездим.

Толугу менен

May 27

Коомдук ишмер, журналист Кенжалы Сарымсаков менен коштошуу

7-SӨмүрүн руханий-интеллектуалдык күрөшкө арнады

Кенжалы агай бизге заманбап кыргыз ак сакалынын күчтүү образын жаратып кетти. Ал, адамдык асыл мүнөздү алып жүргөн нагыз интеллигент адам катары жашоосун өрнөктүү жашап өттү.

 

Толугу менен

May 18

“Манас таануу” теледолбоору улам күч алууда”

8-манас таануу2

«Улутум – кыргыз, урааным – Манас” деген улук сѳз ѳзѳгүбүздѳн орун алса жашообуз жарык, келечегибиз айкын болот. Бул максатты кѳздѳп, алгылыктуу ишти элге алып чыга алган, ар-намысты бийик, мекенибизди ыйык туткан атуулдардан уучубуз куру эмес. Андай каарманыбыздын бири – Коомдук телерадиокомпаниясынын алдындагы «Келечек» студиясынын продюсери Кундуз АМАНОВА. Бул студияда иштелип чыккан «Манас таануу» теледолбоору калктын калың катмарынан орун алып, республиканын бардык аймактарына таанылды.  Анда эмесе, Кундуз айым аркылуу кадр ичиндеги да, сыртындагы да сүртүмдѳргѳ бир сыйра сереп салган маегибизге көз жүгүртүңүздөр.

Толугу менен

May 16

Жашоо сабактары

7-жашоо сабагы5

ЭЛДИН ЖАРЫГЫ БОЛГУЛА!

Адамдын ѳйдѳсү бар, тѳмѳнү бар. Адамдын бийиги бар, пасы бар. Адамдын деңгээлине жараша ар кандай ой толгоолору да бар. Бирок ар дайым эле адамдын ой толгоосу туурада боло бербейт.

Толугу менен

May 14

Кочкор ѳрѳѳнүндѳгү алааматтуу сел же Суяб шаарынын жок болуп кетиши

 

5-жер алдындагы курулушКайырбек  КОҢУРБАЕВ, «Ыйык Мурас» тарыхый-маданий мурастарды  коргоо жана пайдалануу коомдук  ассоциациясынын төрагасы                                       

 Тарыхта Кочкор өрөөнүндө беш шаар болгон деп айтылат. Алар: Кул-Шуб, Жул-Шуб, Кулан, Касра-Бас (Кочкор-Башы)  жана Суяб.  Орто кылымдагы  бул шаарлардын тарыхта өз орду так  көрсөтүлбөгөндүгү  шаарлардын  азыркы чалдыбарлары  дайынсыз жок болуп кетүү коркунучунда тургандыктан,  коомчулуктун  көңүлүн  буруу үчүн  көптөгөн чыгармаларды, тарыхый маалыматтарды издеп окуп, шаарлардын даана аталыштарын изилдөөнү максат кылып, ушул макаланы жазууга аргасыз болдук.

Толугу менен

May 13

Тарыхыбызды тактаганга ѳмүрүн берген Осмонаалы Сыдык уулу

3-Осмонаалы Сыдык уулуЭлдин өнүгүүсүн чын дилден каалаган, ага жетүү үчүн алгач элдин тарыхын, тегин, учурун жана келечегин таанып жана талдап чыгуу керек экенин жетик түшүнгөн атуулдар элдин аң-сезиминин ойгонуусун камсыз кылаары бышык. Абалды анык көрүп, андан соң туура максатты коюп, ага жетүү үчүн бар күчүн, бүт өмүрүн арнаган аталарыбыздын бири –  кыргыздын тунгуч жазма тарыхчысы Осмонаалы Сыдык уулу болгон.  “Элдин жолу кенен жол, ээрчиген киши адашпайт” демекчи, элдин жолун таанып, багытын улап кеткен улуу устат, кыргыздын тунгуч жазма тарыхчысы, агартуучу Осмонаалы Сыдыковдун кызы, 76 жаштагы Бүбүш апабыз менен маектешип, анын кызыктуу баянына кулак түрдүк.   

Толугу менен

May 07

Айылдын «капитан атасы» – Сапа Асаналиев

4-Сапа АсаналиевТоң районунун “Ардактуу атуулу”, 92 жаштагы Төрт-Күл колхозунун тургуну Сапа АСАНАЛИЕВди өз уулдары гана эмес, жакын тууганы мен да ыйык көрөм. Тоңдун өзөгүн түзгөн Торгой уруусунун, ошондой эле Кыдык жана Саяк урууларынын урпактары да жакындан билип сыйлашат.

Нарк-насилибизди, салт-санаабызды, санжырабызды чечмелеген, ары тамашакөй атаны бүт айыл эли “капитан ата” деп коюшат.

1946-жылы кан майдандан капитан чинин алып келген Сапа Асаналиев Аскердик жогорку окуу жайлардан окуйун десе, “беш жолу жаракат алып, аман-эсен келдиң” деп атасы окууга жибербей коюптур. Болбосо Сапа атабыз К.Үсөнбековдой, Д.Асановдой генерал болмок эле.

Толугу менен

May 07

Немистин гранатасын тосуп алып, кайра өздөрүнө ыргыткан Сакай ата

IMG_6552Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Шор-Булак айылында жашап, балдары, небере-чөбүрөлөрүнүн маңдайында бактылуу карылык дооранын сүрүп жаткан Сакай АБЫКАЕВ карыя быйыл 97 жашта.

1939-жылдын декабрында аскерге чакырылып, кан күйгөн Улуу Ата Мекендик согушка башынан аягына чейин катышып, гитлердик баскынчыларды талкалаган Улуу Жеңишти Сакай ава Чехословакиянын Прага шаарынын жанынан тосуп, көкүрөгү толо орден-медаль, «старший лейтенант» аскердик наамы менен 1946-жылдын жай айларында аман-эсен туулуп-өскөн айылына кайтып келген. Ал Армиянын генералы Коневдин армиясында, 448-дивизияда согушкан.

Толугу менен

May 06

Канын-жанын отко салган кыргызстандык аталар

4-5-фото

Улуу Ата Мекендик согуштун майдан талаасы жоокер аталарыбыздан күтүүсүз кырдаалдар убагында жалтанбас айбатты,  майтарылбас  кайратты,  тайманбастыкты, шамдагайлыкты, чечкиндүүлүктү, керек болсо курмандыкты талап кылган.

Биздин, Советтик Армиянын курамындагы кыргыз жоокерлеринде жогоруда аталган  сапаттар толугу менен бар болгон. Керек болсо албууттанган дем, курчуп турган дымак менен коштолуп, кайталангыс  эрдиктерди жасап, кыргыздын чыгаан уулдары мекен үчүн жанын курман кылып, баатыр ата-бабаларыбыздын жолун жолдошкон. Арадан 70 жыл убакыт ѳтсѳ да, алардан калган жарык из али кѳѳнѳрѳ элек…

Толугу менен

May 06

Чалгынчыларга бомба түшкөндө жалгыз өзү тирүү калган Жумабек Осмонов

4-ОсмоновӨрт кечип, кайтып келген кан майдандан,
Өтөгөн элге эмгегин албан-албан,
Журт жоготту адамын эң кадырман.
Көрөгөч, көсөм элең кайратың курч,
Атаке, жеңилдиңби шум ажалдан,
Аттиң ай, орду толгус кандай арман!.. – деп 1997-жылдын 28-апрелинде согуштун, эмгектин ардагери Жумабек Осмонов атабыз дүйнө салганда бул ыр саптар толукталды.

Сапа атабыз менен балалыгын, карылыгын чогуу өткөрүшкөн Жумабек Осмонов да 1923-жылы Тоң районунун Кара-Жал айылында туулган.

Толугу менен