Өрт кечип, кайтып келген кан майдандан,
Өтөгөн элге эмгегин албан-албан,
Журт жоготту адамын эң кадырман.
Көрөгөч, көсөм элең кайратың курч,
Атаке, жеңилдиңби шум ажалдан,
Аттиң ай, орду толгус кандай арман!.. – деп 1997-жылдын 28-апрелинде согуштун, эмгектин ардагери Жумабек Осмонов атабыз дүйнө салганда бул ыр саптар толукталды.
Сапа атабыз менен балалыгын, карылыгын чогуу өткөрүшкөн Жумабек Осмонов да 1923-жылы Тоң районунун Кара-Жал айылында туулган.
Атасы Осмон Обонбаев Уральск металлургиялык шаарына эки ирет кулакка тартылып келген соң Көл өрөөнүндөгү сегиз суу жана жел тегирмендердин инженер иштетүүчүсү болгон. Алгачкы тракторлордун гилзасын бычак менен кырчу экен. Ээр чаап, боз үй жасаган. Атасын ээрчип ар тараптуу өскөн Жумабек Осмонов 1942-жылы Беловодскиден эки ай даярдыктан өтүп, Мекенди коргоого аттанган. Кийинчерээк Курск айлампасындагы кан майданга жөнөтүлөт.
Өзү эскергендей, кыргыз жоокерлери саптын алдында жүргөндүктөн, жүрөгүнөн эки эли өйдө ок тийип далысынан тешип кетип, №4989 госпиталынан дарыланып аман калган. “Кызыл Армиядагы тартипти, эрежени бекемдөө жана согуш талаасынан артка чегинүүгө тыйуу салган “Артка жол жок” деген И. В.Сталиндин №227 приказы чыкканда айрым артка чегингендерди командирлер, жоокерлер атып салышканын эки атам тең көп айтаар эле. Украинаны немецтик баскынчылардан бошотууда Жумабек Осмонов оң колунан жаракат алып, айыккан соң пехоталык бөлүктөн атчандар дивизиясына которулган. Тайманбас жоокерге бара-бара өтө жооптуу чалгынчылык милдет жүктөлгөн. “Кыргыздын каны козуса жаман, мылтыкчан душмандан эле эмес, танктан, бомбадан да коркпойт, биздин башыбыздан өттү балам, бирок силер андай алааматты көрбөй эле койгула” деген эле Жумабек атам.
Чалгынчылык ишинде атамды өз атасы Осмондун арбагы түздөн-түз колдоп, окопто эс алып жатканда аян берип, атам командирине ал жерден тез кетүүнү эскертсе укпагандыктан немецтер бомбалап, жалгыз гана атам тирүү калып, подразделениенин бүт чалгынчылары өлүп калганын өтө өкүнүү менен эскерчү. Олуядай алдын ала айткан Осмон атасы Улуу Ата Мекендик согуштун болоорун, Совет элинин чоң кыргынга учураарын кайгырып айтчу экен.
Жумабек Осмонов Румыния, Венгрияны бошотууда эрдик көрсөткөн. Эльба дарыясынын жээгиндеги америкалыктардын тирешүүсүнө да туруштук беришип, жеңишти тосушкан. Украинаны бендерлерден бошотууда колу- бутунан жаракат алып, 1947-жылы мекенине кайтып келет.
“Улуу Ата Мекендик согуштун 1- жана 2- даражадагы орденинин”, “Жеңиш” орденинин,” Будапештти бошотуу үчүн”, “Бухарестти бошотуу үчүн”, “Эльбадагы жолугушуу” жана эки жолу “Эрдик үчүн” медалдарынын ээси болу.
Анын колхоздоштуруу учурундагы эмгеги да зор. Кажы-Сайдагы уран заводунда, шахтада, Тоң МСОсунда жана Төрт-Күл колхозунда үзүрлүү эмгектенип, “Эмгектин ардагери”, согуштун юбилейлик медалдары менен сыйланган. Кажы-Сайда жүргөндө атаман болуп “Кара-Дөө” аталганын, тоңдуктар аны ушул атынан атаарын айтып кетүүнү да эп көрдүм.
Эл ичинде жогорку кадыр-баркка татып, 74 жаш курагында атабыз дүйнө салган. Минтип эскерип турганыбызга арбагы ыраазы болоор. “Атам өлсө да, атамды көргөн өлбөсүн” демекчи, атамды көргөндөр өлбөсүн, келечек жаштарыбыз кан төгүлгөн согушту көрбөсүн.
Кубатбек ОСМОНОВ, фотожурналист
Комментарий кошуу