Жашоо сабактары

9-куттуу билим
ЖАШООҢДУН УБАКТЫСЫН БААЛА

Бул жашоодо кубат болот, сый болот. Бул жашоодо арман жана ый болот. Бул жашоодо эргүү, сүйүү, тамаша; санаа, запкы, зомбулук, зордук жана уурулук болот; Бул жашоодо ыйман, адеп, күчтүү акыл, зоболо; пастык, кумар, курман, ажал адашуу; бийлик, бийиктик, даража – баары тең болот адамда.

Бир адамда көп, чоң түйшүк болуп атса, бир адамда чоң кубат, бекем ишеним болот. “Эмне үчүн мындай жаралат?” деген суроого жооп издеп адам акылга акыл ширетсе, иликтөө салса – сөзсүз жоопту табат.

 Ыйман, адеп, адилеттикти алып жүргөн, ак сүйлөп, ак санааны багып асылдыкта турган, кубанып жашаган адамдарга Улуулуктан кубат келет, курсактагы баласына ак нур келет. Ошондуктан, адам, өзүңдү кубандырып, куттуктап, ыраазы болуп жаша.

Бул жашоодо жакшыга кызыксаң, жакшыга умтулсаң – жашоо нуру, жашоо деми сага кубатты кенен берет. Терең акылга кызыксаң, акылга суусасаң – акыл деми алыска-алыска жолду берет.

Дайыма толкундап тур, кайдыгер болбо жакшыга, кайдыгер болбо жаманга. Жакшыда да, жаманда да денеңден толкун сезбесең, демек, кайдыгер адам экениңди билгин сен.

Бул жашоодо жакшыга түйшүктөнгөн адам байыйт, өсөт, кубаттанат. Түйшүктү баалаган адамдын өзү барктуу, кадырлуу, иштери жагымдуу болот. Күчтүү иштерге умтулган адам – күчтүү адам. Жаман иштерге умтулган адам – жакыр адам.

Жашоодо өксүбөй жаша, өкүнбөй жаша адам. Көңүлүңдү өстүр, өзүңдү өстүр, өөрчүт. Жан дүйнөңдү уктатпа, тоскоол койгун жаманга. Ар бир күн кайталанбайт, андыктан, убакытты баала адам.

Өмүрдү баалап жаша, өзүңдү баалап жаша, өзгөнү баалап жаша. Баарына тең ойлоп, теңдикте тур, бийик ойду ойло.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *