Кыргызча ыр уккум келет

LIGHT & SOUND - EUROSHOWЧынын айтканда, учурдагы кыргыз коомчулугунун көңүл кирдеткен жактарын айта берүү деле бизди көп жакшылыктарга алып барбайт. Бирок, ошол көңүл кирдеткен жактарына кошуп бизге ийги күч берген, биздин үлгү кылуубузга арзый турган, өзүбүздү таанууга пайдасы тийе турган кеп-сөздөрдүн болгону биз үчүн эң зарыл. Эмесе, бүгүнкү сөзүбүз маданиятыбыз тууралуу болсун.

Биздин маданиятыбыздын иммунитет күчүнүн алсыз болушу – бул биздин шорубуз. Бирок, ал иммунитетти бирөөлөр алсыратып жаткан жок, өзүбүз ага толук кандуу көңүл бөлбөй жатканыбыздан улам болууда. Батыштын же башка тараптардын буга таасири бар болсо да, күнөөнү кимдир бирөөлөргө артып сөз айткым келбейт. Эң зарылы – өзүбүз жөнүндө ойлонуу, өзүбүздүн ар бир кыймыл-аракетибизге, ар бир сөзүбүзгө маани берүү.

Жакында эле бир таанышым узун сабак кеп кылып мага буларды айтты: “Мен демейде жөө жүрсөм да, маршруткага түшсөм да кулагыман тыңшагыч (наушник) түшпөй, ыр укканга куштар жан элем. Уккан ырларымдын ичинде орусча, англисче, түркчө, испанча, французча, ал тургай кайсы тил экенин өзүм да билбеген ырлар боло турган. Негедир мен үчүн кыргыз ырларын угуу «замандын артында калгандык», «эскилик», «бейчаралык», «маскаранын объекти» болуп туюла берчү. Чет тилдеги ырларды уксам, кандайдыр башкалардын алдында бетим жарык болуп, өөдөсүнүп, шылдыңга калбай жүрөр элем. Чынын айтканда, мага азыркы ырчылардан Нурлан Насип, Мирбек Атабеков, Ильяз Абдыразаков, Омар Жанышев сыяктуулардын ырлары өзгөчө жагат, жактырып угам, бирок, ошо башкалар кыргызча ырларды көп укпагандан кийин мен уксам, башкалардын алдында өзүмчө кичирейип эле бирдеме боло берем, анан ошентип, башка тилдердеги ырларды угуп, мен да «эл катары» болуп жүргүм келет. Чынын айтканда, заманбап кыргыз ырларынын деңгээлин жогору көтөргөн эстрадалык ырчыларбыз көп. Хит болуп кеткен, өзүнчө уламышка айланган ырлары деле бар. Бирок, негедир башкалар кыргыз ырларын дегеле укпагандан кийин, мен да кыргызча ырларды угуудан жалтанып, түшүнбөсөм да дампылдак-дүмпүлдөк менен айкыра ырдаган ырларды уга берем, кыргызча ыр уккум келет, бирок, башкалардын шылдыңына каламбы деп корком”.

Анын бул сөздөрүн угуп мен ага тигиле карадым. Бул карашым аны айыптоо же жек көрүүнүн көз карашы эмес болчу. Бир жагынан,мен анын көздөрүнөн өзү менен өзү болуп жашай билбеген кыйналган жанды көрсөм, дагы бир жагынан,өзгөлөргө багынды болуп, өзүнүн эркин кызыкчылыгын бирөөлөрдүн шакел кызыкчылыгына айырбаштап турган акылды көрдүм.

Дүйнөлүк маданият менен алакасы бар ар бир эл өз маданиятын ошол дүйнөлүк улуу маданияттан суусундатып, маданияттан өзүнө жараша жаңылыкты, заманбаптыкты кабылдап, андан улам өзүн өнүктүрүп, бирок өзүнүн өзөгүн сактоо менен замандын улуу маданиятынын арымына күч кошуп келген. Кыргыз эли, анын маданияты да мындан обочо эмес экенин эске алалы. Кыргыз ырларын уккандар саналуу эле эмес, учурда кайра күндөн-күнгө көбөйүүдө экенин баса белгилегим келет.

Албетте, айрымдарыбыз айтышыбыз мүмкүн, кыргыз ырларында жаңылык жок, заманга илээше албайт, эскиче деп. Бирок, ошол эле «эскиче» кыргыз ырларын мен өнүгүүнүн туу белинде кетип бара жаткан ири өлкө Кытайдан өз кулагым менен уктум. Айрым кыргыз ырлары Кытайдагы башка улут өкүлдөрүнүн сүймөнчүгүнө жеткени чындык.

Кытайдагы университетте окуп жаткан кезим. Мен окуган ЖОЖ аз улуттардын өкүлдөрүнүн билим алышы үчүн атайын курулган окуу жайдын бири эле. Ал жереден Кытайда жашаган 56 улуттун өкүлдөрүнүн баары табылчу. Бир жолу мен студенттердин кадрларынын жыйналышында, бир тибет студенттин телефонунан Мирбек Атабековдун «Сагынам» деген ырын угуп, өзүмчө абдан толкундангам. Сенин тилиңде ырдалган бир ыр башка бир тилде сүйлөгөн адамдын телефонундагы сүймөнчүктүү ырлардын катарында турушу кимди кубандырбасын! Ошол учурда, «Кыргыз ырлары да дүйнөлүк аренага көтөрүлө алат» деген ойумду бул көрүнүш ансайын бекемдегендей болду.

Дагы бир жолу, бир нече курдашым менен Кытайдын Ланжу деген шаарындагы бир бильярдканага кирип калдык. Демейде, бильярдканаларда Музарттын, Бахтын, Бетховендин музыкалары акырын коюлуп, кардарларга өздөрү да туйбаган бийик маанайды тартуулайт. Анан бир убакта эле үн жаңырткычтанжанга жагымдуу тааныш бир музыка башталып калды. Биз бири-бирибизге караган бойдон “бул кайсы ыр эле?” дегенсип, жарым секудга ката түшүппүз. Көрсө, ал Нурбек жана Дия аткарган «Алтынай» деген ыр экен. «Жаным Алтынай…» деген лирик саптар Кытайдагы бильярдканада жаңырып турду. (Кытайдын Байду деген тинткичинен издесе, “Алтынай” жөнүндө толтура маалымат чыгат). Биз болсок, ошол жерден өз бактыбызды таап алгансып марчыйып, көңүл толкуп, маанай көтөрүлүп кайткан элек. Дагы айтсам, Ильяз Абдыразаковдун «Жаным ай» деген ыры хит болуп Орто Азияни каптабады беле. Ал ыр кезинде Кытайдагы казак жана уйгур боордоштордо да кеңири жайылган. Андан сырткары, Ильяз Абдыразаковдун башка ырлары, Мирбек Атабековдун ырлары деле уйгур, казак тилдерине которулуп, элдер тамшана угуп жүрүшөт. Бизде,мүмкүн угармандардын деңгээли, талабы көтөрүлүп, ошого жараша ыр чыкпай жаткандыр. Анда жакшы. Бирок, «өздүкүн кор көрүп, өзгөнүкүн зор көрүү» да туура эмес.

Чынында, мен кыргызча ыр уккум келет,эстрадасын да, албетте салттуу музыканы да. Ошондой болсо да, башка ырларды четке какпаймын. Ар ким жактырганын уксун, бирок, кыргызча ырлардын, музыкалардын, күүлөрдүн да дүйнөлүк аренада орду бар экенин айрым кандаштарым эстерине алышсын дээр элем.

Дабыт Абдылбары уулу, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенти, “Көк асабанын” кабарчысы

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *