Жоомарт ЖОЛДОШЕВ, «Жолдошев жана Өнөктөштөр» юридикалык компаниясынын президенти, Эл аралык бейтарап сотунун арбитри: «Мыйзамдарды кѳзѳмѳлдѳй турган министрлигибиз негизги иш функциясын аткара албай, каттоо органы гана болуп калгандай»

IMG_5415

КОЙГОН МАКСАТЫМ ЖАНА КЫЯЛЫМ – КЫРГЫЗ УКУГУН САБАК КАТАРЫ БИЛИМ БЕРҮҮГӨӨ КИРГИЗҮҮ

Жаӊы көз караш, жаӊы мүмкүнчүлүктөр менен коомду жаӊыртуу чоӊ күчтү талап кылат. Ал күч сергек акыл жана ниет-пейилдин оӊ болуусу менен аныкталат. Себеби, элге кызмат кылуу, бүгүнкү маегибиздин мейманы Жоомарт Жолдошев белгилегендей, бул ар бир кыргыз атуулунун тагдыры катары кабыл алынышы абзел. Ошол деӊгээлге чыккан жаӊы муун гана чыныгы биримдикти жаратып, мамлекет курууда талап кылына турган руханий-интеллектуалдык жана ошондой эле физикалык-техникалык кубатты бере алмакчы.  

 

– Жоомарт мырза, сиз коомдук-саясый жана ошондой эле маданий чөйрөдө дагы жигердүү аралашып, өзүӊүздүн оюӊузду жана ишиӊизди көргөзүп келе жатасыз. Мындан улам азыр коомчулуктун оюн ээлеп жаткан бийлик маселеси жана дегеле элге кызмат кылуу туурасында жаӊы муундун өкүлү катары өзүӊүздүн позицияӊызды белгилеп өтсөӊүз орундуу болор эле. Бийликке баруунун кандай механизмин негиздүү кѳрѳсүз?

– Алгач айта кетээрим, менин кылган иш-аракетимдин багытынын ѳзүн бийликке баруу деп белгилөө туура эмес болуп калат. Анткени, элге кызмат кылуу сөзсүз эле бийлик менен чектелбестигин жакшы билесиздер. Эл алдында кызмат кылуу бул ыйык милдет. Жана бул жоопкерчилик колуӊдагы бийлик менен эмес, билим, ошондой эле атуулдук сезимиӊдин деӊгээли менен ченелет.  Элге кызмат кылуунун да жолдору көп. Эң жѳнѳкѳйүн айтсам, тегерегиңдеги чөйрөгө, андан тышкары жалпы элге бир системдүү фундаменталдуу кызмат кылсаң болот. Кызмат кылууга менин да ойлогон ой-максаттарым бар, жок эмес.

Ал эми азыркы бийликке келүү механизминин бир аз туура эмес деп эсептеген жагдайларым бар. Себеби, биздин конституцияда адамдын укуктары олуттуу мааниде тургандыгы белгилүү. Бизге берилген укуктардын бирѳѳ, биз ошол депутат болуп шайланып келгенге мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошол эле учурда буга карама-каршы келген дагы бир берене бар, ал бийликке партия аркылуу келишиң керек деген чектөө. Мындайча айтканда, партиялардын монополиясы үстөмдүк кылууда.  Ушул механизм бийликке барууда туура эмес коюлган. Партиялык тизме менен бийликке келүү кайра эле элдин арасынан таза, татыктуу күчтөрдү алып чыккандын ордуна акчалуу, бийлик-мансапка жулунган тар чөйрөнүн келишине ыӊгайлуу система болуп жатканын көрүп келебиз. Маселен, эгер сиздин партияга кылган иш-аркеттериӊиз жөндүү жана аракеттүү болгону менен, партиянын саясый идеялык жолдору туура эмес болуп жаткан болсо, демек, сен ал аркылуу бара албай каласың. Сенин негизги адамдык укугуң ортодон кесилип калып жатат. Бийликке келүү жолу экиге бѳлүнүш керек. Жарымы партия менен, жарымы бир мандатуу округдар менен келиши керек. Себеби, адамдын жалпы кылган кызматы партиялардын идеясы менен чектелип калбашы оң болот. Бул азыркы конституцияга каршы келген маселе. Эгерде жогоруда айтылгандай  жарымы партия, жарымы бир мандаттуу округдар менен келсе теӊ салмактуулук сакталып, азыркыдай бөлүнүү жүрмөк эмес.  Конституцияда ички карама-каршылыкты жаратып жаткан айрым беренелердин ичинен Премьер-министрдин институту дегенге менин каршылыгым бар. Жоопкерчиликтүү, так көргөзүлгөн берене болуш керек. Президенттин ѳзүнүн аппараты болгондон кийин премьер-министрдикин алып салыш керек. Премьер-министрдин министрлери бар, Жогорку Кеңеште ѳзүнүн аппараты бар. Бир эле маселени үч жолу карашат. Мындай үч кабаттуу дубляж такыр эле эффективсиз система.  Бир жагынан алганда акчага коюлган ысырапчылык, экинчи жагынан алганда алдыга жылууга коюлган бѳгѳт. Себеби, жоопкерчиликти бирѳѳсү алып ошонун үстүнѳн иштебейт, бирѳѳ бирѳѳнѳ шылтайт, ошентип убактылары кетип, аягында эч бир маселе аягына чейин чечилбей калып жатат.

logooriginal

– Мыйзам талаанын түзүлүш модели көчүрмөлүү жана ал биздин салттык жүрүм-турум эрежелерин аттап өтүп, кээде улуттук кызыкчылыкка дал келбей калгандыгын байкап келебиз. Сиздин оюуӊузча биз мыйзамдын философиялык негизине өзүбүздүн улуттук баалуулуктарды чөгөрүп, бирок ошол эле учурда дүйнөлүк тажырыйбаны дагы кошо жууруп алып кетүү канчалык реалдуу?

– Учурдагы менин алган багытымдын негизги бир максаты – мыйзам  чѳйрѳсүн иреттѳѳ: систематизациялоо, адамдардын укуктук аң-сезимин кѳтѳрүү менен бирге, укуктук чѳйрѳнү сыйлоо мамилесин арттыруу, биздеги баардык мыйзамдарды бир системага келтирүү. Менин негизги багытым ушул болгондуктан, албетте өзүбүздүн менталитетибизге шайкеш келген, ишенимдүү отура турган системанын жаралышына абдан кызыкдармын.

Биздеги юридикалык факультетинде окуган студенттерге башка ѳлкѳлѳрдүн укуктарын окутабыз. Бирок ѳзүбүздүн укук ѳтүлбѳйт. Ал эми тээ байыртадан бери келген кыргыздын укугу болгону белгилүү да. Ата-бабаларыбыз баш аламан жашабастан мамлекеттүүлүктү кура алган. Мамлекетте ѳзүбүздүн иштелип чыккан мыйзамдар болгон. Эми ошолорду тактап, жакшы изилдеп, сабак катары студенттерге киргизе турган болушса, окууну бүткѳндѳн кийин иштеп калышса элибиздин колдонуп келген укуктарын иш жүзүндѳ пайдаланышмак. Менин максатым жана кыялым ушул –  билим берүү жаатында биздин Кыргыз укугун сабак катарында киргизе ала турган болсом, мен үчүн бул чоң жетишкендик болмок.

Негизги мыйзам юридикалык тил менен айтканда «норма». Норма – адамдын жүрүм-турум эрежелеринен келип чыккан. Адам ѳзүнүн жашоосунда, дүйнѳдѳ кылган иш-аракеттери аркылуу эрежелер келип чыгат. Ошол эрежелерди бышыктап, тактап, коомчулукта болуп жаткан кубулуштарды тартипке келтирүү орчундуу маселе болуп келген. Кыргызда илгертеден бери келаткан мамлекеттүүлүк, укуктук системалар болгонун ким танат? Учурда биз пайдаланып жүргѳн макал-лакаптардын ичинде бир топ нормалар жатат. Анда улууга кандай мамиле кылыш керек, байлыкты кандай күтѳ билиш керек жана башка ушул ѳңдүү моралдык нормалар жалпы кыргыздын философиясы болгон. Учурдагы мыйзам кабыл алуу, мыйзам чыгаруу тармагында абдан чоң баш аламандыктар бар. Бизде мыйзамдын, укуктун үстүнѳн иштеп, ошол чѳйрѳнү иреттеп, систематизациялап, бири-бирине карама-каршы келип калган кайсыл мыйзамдар бар, алар кандай деңгээлде иштейт, эрежелерди кантип иштетип алып кетиш керек деген, баардыгынын үстүнѳн кѳзѳмѳлдѳй турган бир чоӊ Адилет министрлигибиз бар. Тилекке каршы, ал министрлик ѳзүнүн так функциясын аткара албай же түшүнө албай келатат. Учурда алардын жумушу жалаң каттоого алуу ишине басылып, адвокаттардын лицензиясын, наториалдык конторалардын лицензиясын, ишкерлердин фирмаларын  жана башкаларды каттап, ошолордун үстүнѳн караган каттоо органы гана болуп калгандай жана негизги иш функциясын аткара албай келүүдө.

Биз ички мыйзамдарыбызды тартипке жана ирээтке келтирмейин, күчтүү мамлекетти кура албайбыз. Албетте элибиздин мыйзам түзүлүшү салттык түшүнүктөрүбүзгө таяна турган болсо, андай мыйзам механикалык түрдө гана болбой тирүү болмок. Биз кыргыздар тирүү мыйзам менен жашап келгенбиз буга чейин, эми дагы ушул жолду үзбөй алып кетүү парз.

jia– Коомчулукта мыйзамга болгон мамиле канчалык деӊгээлде калыптанган,  дегеле кыргыз коомчулугу кандай баалуулуктарга багыт алышы керек?

– Кабыл алынып жаткан мыйзамдарды алып карасак, Батыштан келген деп бир тараптуу  айтыш да кыйын. Ар тараптан, ар кимдин кызыкчылыгы менен келген мыйзам болууда. Бирок кыргыздын  эрежелеринен чыгып келген мыйзамдар жокко эсе. Айыл жерине барып мыйзам эмне деп сурасаң, милиция менен сотту айтышат. 50-60 миңдеп жазылган мыйзамды биле беришпейт. Биз каныбызга, жашообузга сиңип пайда болуп калган эрежелерибизди мыйзам тутуп жашап келатабыз. Мыйзам десе эле Союз мезгилинен калган түшүнүктү ойлошот. Менин түшүнүгүмдѳ, кыргыз жөн гана этностук биримдик гана эмес, ал ѳзүнчѳ бир дүйнѳ тааным. Биздеги жашап келген ар улуттун ѳкүлдѳрү менен жалпы элдин мүнѳзү жакшы жуурулушуп келүүдө. Элибиз табият менен адамды бийик баалап келген. Чыңгыз Айтматов эмне себептен улуу жазуучу болгон? Ал чыгармаларды жөн гана мыкты жазганы үчүн эмес, адамды изилдеп, таанып, адамдын адам болуу маселесин көтөргөндүгү үчүн улуу даражага жетти. Кыргыз эли эӊ улуу баалуулук катары элди жана жерди койгон. Ушул эки нерсе жашоонун башатын берген.  Мен маселен башка этникалык группалардан да кыргыздарды кѳрѳ алам. Себеби, кыргыз болуу сөзсүз эле этникалык таандык менен эмес, эӊ биринчиден аӊ-сезим менен аныкталат деп ойлойм.

Биздеги мыйзамдардын тарыхый негизи жана себеби, жашоодогу реалдуу орду болмоюн, ал убактылуу болуп элдин жүрөгүнө кирбейт. Ал эми эл ѳзүкабыл албаган нерсесин тааныбайт дагы, сыйлабай да коет. Кыргыздын «укук» деген сѳзү – жакшы сѳз. «Ук-ук» – эки кулагың менен тыңда деген сѳз. «Ук-ук» деген сѳздү айтчу адамдын ѳзүнүн деңгээли, адамдык бийик сапаты болгон. Бул айтканым биздин айрым укукчуларга тиешелүү сѳз. Адвокат, укукчумун деп коюшуп, ѳзүн кѳчѳдѳн жѳндѳп алып жүрѳ албагандары кѳп. Укукту башкаларга үйрѳткѳн адамдын  ѳзүнүн жүрүм-туруму, сүйлѳгѳн сѳзү коомчулукка үлгүлүү болгондо анан ал адам укукчумун деп айтканга акысы бар.

– Сотторду шайлап жаткан учурда алардын моралдык деӊгээлин баалоо аркылуу тандоо мүмкүнбү?

–  Албетте болот. Батышта ѳкмѳт башында иштеп жүрүп, жѳнѳкѳй кетирген каталары үчүн моралдык сапатынын негизинде ѳз эрки менен жумушту таштап кете беришет. Менин мындан ары иштегенге акым жок дешет. Ошондой нерсеге жете турган деңгээл болуш керек. Биз аң-сезимибизде маданиятты ѳстүрүшүбүз керек. Кыргызстандагы эң чоң кѳйгѳй – критерийлердин жоктугу. Мисалы, баалоо критерийи. Бир адам иш кылып жатса, ишти канчалык деңгээлде кылып жатканы боюнча критерийлери иштелип чыккан эмес. Менин билишимче, бир- эки институт мунун үстүнѳн иштеп аракет кылышкан, бирок жыйынтыгын кѳрѳ элекмин. Адамды баалоо критерийлери сѳзсүз болуш керек. Ал критерий тээ союз маалындагы эмес, заманбап болуп, элибиздин мүнѳзүнѳ тиешелүү болушу зарыл.

4-Жоомарт– Критерийлер кандайча түзүлсѳ болот?

– Изилдѳѳ жүргүзүлүп, формасын аныктап чыгып, эрежелер кандай болуш керек, кандай болбош керек деп түзүлгѳн бир нече пункттан турушу керек. Мисалы, кандай адам сот боло алат дегенде, менин жеке оюм: алар адамдык бүтүндѳй сапаттарын, жакынкы туугандарына, үй-бүлѳсүнѳ, баласына берген тарбиясынан бери кѳрсѳтүп, далилдеп бере ала турган болуш керек. Ортодогу калыстык кылып чече турган адамдын да адамдык сапаты бийик болушу зарыл.

Коомчулугубуздагы мени кѳйгѳйгѳ салган нерсе, биздеги укук коргоо органдарынын ою жазалоо жана жаза алдыруу менен гана алек болгондугунда. Милициябыз «бирѳѳ кылмыш кыла койсо, мен аны жазаласам»  деп эле турат. Бул абдан ѳкүнүчтүү кѳрүнүш. Мен бизде түрмѳлѳрдүн болбошун каалайм. Ал жактан адам болуп оңолуп чыкты дегенди уга элекбиз. Биз башка жолду тандашыбыз, иштеп чыгышыбыз керек. Кээ бир учурларда 18 жаштан 50 жашка чейинки иштей турган  карылуу жигиттер болбогон себептер менен жазаланып калып, түрмѳдѳ жѳн эле олтурушат. Алардын ден соолугунан ажырашы, психологиясынын бузулушу – бул, биздин элибиздин эмгек күчүнө, аң-сезим абалына урулган сокку.

– Жазалоо формасын кандай альтернатива менен алмаштыруу мүмкүн?

– Мен иштетүү жолу менен жаза бермекмин. Ар кандай жумуштарга иштѳѳ менен алар жазасын алып, эмгек да кылып, акча да табышмак. Бош, эртеден кечке чейин жаткан адам эмне кылат. Алар мыйзамдагы ууру деп ошолорго кирет, ал жактан оңой акча алганды үйрѳнѳт. Күнѳѳгѳ тартылгандардын кылмышына жараша эмгек жазасын аныктап койсо болот. Эмгек лагерлерин уюштуруп иштетүү адамдын оӊолушуна, ойлонушуна жакшы себеп болмок. Анткени, эмгектин күчү өлчөөсүз жана анын тарбиялоочу күчү бар экенин жакшы билебиз. Илгери кыргыздар эч убакта кылмышкерди камакка салчу эмес. Бизде намыс, уят деген нерсе күчтүү болгондуктан, кокус бирѳѳ күнѳѳ кылса анын азабын бүтүндѳй бир уруу эл тартып, уят болуп, беттерине кѳѳ жапкан ал күнѳѳкѳрдү эл-журттан четтетип койчу. Ал эми элиңден ажырагандан ѳткѳн кордук барбы.

 – Бизде профессионал юристтерди даярдоодо кандай кемчиликтер бар?

– Студенттер менен жолугушканда мен дайыма түшүндүрѳм, үч тармактан сырткары да кѳп тармактар бар деп. Биздин эң негизги максатыбыз – эл аралык деңгээлдеги юристтерди даярдоо. Ѳкмѳт канчалаган арбитраждык соттордо адистерди сырттан жалдап келет. Ѳкүнткѳнү, ѳкмѳт сырттан башка бирѳѳнү алып келүүсү менене ѳлкѳ ичинде татыктуу юрист жок экенин көргөзүүдө. Бул, биздин өкмөттүн алсыздыгы. Демек, Билим берүү министрлиги татыктуу юристтерди даярдай албаганын түшүнсө болот. Билим берүү министрлиги эмне себептен юристтерди даядай албай жатабыз, эмнеге сырттан юристтер келип жатат деп ойлонуш керек эле. Бирок, ал дагы тилекке каршы системалык кемчилдик болуп келатат. Ошондуктан, жаш юристтерге биздин ѳлкѳдѳгү 5 жылдык окуу менен чектелбегиле, сыртта бир жылдык магистратура боюнча окуу жайлар бар деп маалымат берип келебиз. Дүйнөгө чыгып, билим алып, окуп келгиле деп айтам. Сыртта  сен тандаган бир багыт менен гана окутат. Магистрдык программаны окугандан кийин дүйнѳлүк деңгээлдеги статус пайда болот. Ошондой статус менен биздеги юристтерге болгон кѳз караш да ѳзгѳрѳт.  Учурда бизде бир топ түзүлүп, 15тей бала чет мамлекетке кеткени даярданып жатышат. Мен аларга кеңешимди берүүдѳмүн, себеби ал процессти ѳз башымдан ѳткѳргѳм. Жыл сайын 5тен же 10дон  бала кетсе деле, 10 жылдан кийин 100дѳн ашык мыкты юристтер пайда болуп калат.

–    Сиз билген кандай окуу программалары бар, маселен LLMdegree магистрдик программа боюнча тапшыруу шарты кандай экенин маалымдап өтсөӊүз.

– LLM магистрдик программасы бакалаврдан кийин юристтерди даярдоочу бир жылдык окуу, ал Европа ѳлкѳлѳрүндѳ окутулат. Америкада окутулган ЛЦК деген окутуу программасы бар, университет аркылуу байланышып маалымат алса болот. Бул үчүн англис тилин билгендиги тууралуу TOEFL, IELTS тест тапшыруу керек. Окуган жеринен окуудагы жетишкендиги туурасында күбөлүк жана рекомендация алуу зарыл. Ѳзү жѳнүндѳ дил баян жазат, эмне себептен ал окуу жайга тапшырып жатат жана алган билими менен кандай натыйжаларга жетиши мүмкүн деген. Бюджетке тапшырып грант алууга да болот. Ошол эле убакта фонддор аркылуу контракттык негизде окууга да мүмкүн. Акчасы кѳп деп, окугандан коркуп, тапшырбай коюу да туура эмес. Кыргызстанда да фонд ачып, ошол фонд аркылуу юристтерди каржылай турган болсо,  анда Кыргызстан ѳзү эле даярдаганга мүмкүнчүлүгү болот.

– Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Айбек БАЙЫМБЕТОВ   

One thought on “Жоомарт ЖОЛДОШЕВ, «Жолдошев жана Өнөктөштөр» юридикалык компаниясынын президенти, Эл аралык бейтарап сотунун арбитри: «Мыйзамдарды кѳзѳмѳлдѳй турган министрлигибиз негизги иш функциясын аткара албай, каттоо органы гана болуп калгандай»

  1. Joomarttai el aralik dengeeldegi biik professionalduular okmotko kelse,bashkaruu sistema negizdelip jashoobuz materialdik jaktan gana emes dukhovni jaktan dagi kotoruloor ele.
    Joomarttin kyrgyzdin ozuno tiesheluu dagi el aralik jaktan dagi algan baaluu sapattarin baykap jurom.Ishine iigilik inim! Toskoolkduktardi jenip ozuno pikirlesh adamdarin koburook bolup chin iygilikterge jetishine ishenem!!
    Sendei adamdar koomdu ondoi alat.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *