Улуу табиятка – улуу мамиле! “Жашыл Ой” – жаштардын жаңылануу жолу

29 июлдан 4 августка чейин Ысык-Көлдүн тескейинде жайгашкан Кажы-Сай айылында «Жашыл Ой – 2014» жаштардын республикалык экологиялык лагери болуп өттү. «Жаштардын демилгесин өнүктүрүү фонду» уюштуруп, аларга өнөктөш катары мамлекеттик жана коомдук уюмдар биригип, ал эми каржылоосун “Кумтөр Голд Компани” көтөрдү.

9-эмбл

 Экологиялык лагерь демекчи, айлана-чөйрөнү коргоо, дегеле экология маселеси биздин коомчулук үчүн гана эмес, азыркы учурда бүтүндөй адамзат алдындагы олуттуу маселе болуп турат. Мындан улам жашыл экономика жана таза тамак-аш, ошондой эле агро туризм бүгүнкү күндүн актуалдуу темасына айланып жаткандыгы бекеринен эмес. Экология маселесин буга чейин да четте калтырбай,“Кумтөр Голд Компани” эко-туризмди өнүктүрүү боюнча ар тармактуу тренингдерди, “Ак илбирстин изи менен” долбоорун, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш алып барган коомдук уюмдардын иш-чараларын колдоп, салымын кошуп келген эле.

Эми бүгүнкү күнү алар каржылап жаткан жаштардын республикалык экологиялык лагерин өз көзүбүз менен көрүп, андагы иш-чаралардын маани-мазмунуна күбө болгондон кийин, бул олуттуу демилгени көтөрүп чыккандарга, уюштургандарга жана колдогондорго абдан ыраазы болдук. Себеби, элдин экологиялык билимин көтөрүү, табият алдындагы адамдын жоопкерчилигин жогорулатуу дал ушул учурда кечиктирилгис түрдө ишке ашыруучу нерсе болуп турат.

“Табият эч качан чындыктан тайбайт, каардуулук, адашуулар жана күнөөлөр адамдардын өздөрүнөн гана чыгат” деп немис ойчулу Иоганн Гёте айткандай, адамдар жаратылышка кандай мамиле кылса, андан кайра ошондой жооп алышат эмеспи. Туура мамиле кылуу аркылуу гана адамзат табияттын мыйзамынын мээримине ээ боло алат.

 Эко-лагердин ишине Кыргызстандын бардык аймактарынан атайын тандалып алынган 40 бала катышыптыр. Алардын ар бири көрөңгөсү терең, мындай маселелерге көз карашын олуттуу койгон, буга чейин айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ушул сыяктуу багытуу долбоорлорго аздыр-көптүр катышкан, жеке сапаттары дагы ушул ишке дал келген, билимдүү жана эӊ башкысы демилгечил активдүү жаштар экен.

9-2

 Жаш курагы 18 жаштан 25 жашка чейинки жаштардын арасында ЖОЖдун студенттери, жаштардын коомдук уюмдарынын жетекчилери жана активисттери, экологиялык уюмдардын жаш адистери, жаштар үйлөрүнүн жана борборлорунун өкүлдөрү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун жаш лидерлери бар.

 Лагердин программасынын алкагында Кыргызстандагы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча көрүнүктүү адистер менен жолугушуулар уюштурулуп, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен талкуу өткөрүлүп, анда жаштардын Кыргызстандагы экологиялык программаларына болгон катышуусу, экологиялык практикалар боюнча мастер-класстар көргөзүлдү. Муну менен бирге мамлекеттик, бейөкмөттүк жана бизнес уюмдары жаштар менен биргеликте кызматташуу мүмкүнчүлүгүн аларга сунуштап тартуулашты.

9-3

 Өлкөбүздүн экология жаатынын белгилүү адиси, Биология илиминин кандидаты, профессор Эмил Шүкүров агайдын “Урбанизацияланган аймактардагы экологиялык кооптуулук” боюнча лекциясын угушуп, анын жеткиликтүү тил менен айтып берген экология боюнча көйгөйлөр, аларды чечүүнүн мындан аркы кандай жолдору бар, табият менен адамдын жуурулушунун негизги маңызы эмнеде жатат ж.б. сөздөрү жаштардын аң-сезиминде акыл-насаат сымал жатталып калды.

Мындан сырткары, “Жашыл шаар” идеясы өзгөчө талкууланып, анда шаардын экологиялык балансын туруктуу кармаш үчүн кандай дарактарды жана өсүмдүктөрдү өстүрүү керектигин, ошондой эле алардын экологиялык функциялары туурасында катышуучулар атайын адистерден кеп-кеӊеш алышты. Жети күндүн ар бир күнүнө экология боюнча камтылган баалуу маалыматтар жаштарга дем-кубат, жаңы жаратмандык тартуулады. Көп нерседен кабардар болгон катышуучулар “Ырыстан” коомдук фондунун жетекчиси Дмитрий Ветошкиндин, агротехник Дмитрий Переславскийдин, “ЭКОИС-Бишкек” коомдук уюмунун өкүлү Индира Жакипованын, медиа боюнча адис Тынымгүл Эшиеванын жана башка адистердин, жеке ишкерлердин, экологдордун, мамлекеттик кызматкерлердин, долбоордун шериктештеринин пикирлерин угуп ыраазы болушту.

9-5

 “Жашыл Ой” жаштар эко-лагеринин катышуучулары республиканын 7 дубанынан тең  тандалып алынганын эске алсак, бул долбоор келечекте баардык аймак боюнча бирдей иш алып бара тургандыгынан кабар берет. Анүстүнө, бул долбоордун толук кандуу жана натыйжалуу болушуна «Жаштардын демилгесин өнүктүрүү фонду» чын ыкласын, бар күчүн жумшоодо. Ал фонддун директору Бермет КАНИМЕТОВА долбоор боюнча кыскача пикирин төмөнкүчө билдирди:

 – Биздин долбоор үч бөлүктөн турат. Азыркы сиздер көрүп жаткан эко-лагерь бул экинчи этаптагы уюштурулуп жаткан иш-чара болуп жатат. Өзүӊүздөр байкагандай, бул деӊгээлдеги иш-чарага студенттик курактагы жаштар катышууда. Ал эми биринчи бөлүк мектеп жашындагы балдарга багышталып,  «Жашыл Ой – Өспүрүм» деген аталышта ушул жылдын июнь айынын 7синен 14үнө чейин өткөрүлгөн.  Эми болсо сиздер күбө болгон эко-лагерь ишке ашып бүтсө, буюрса,  20-25-августта үчүнчү бөлүгү – «Жашыл Ой – Адис» эл аралык форумун уюштурууну көздөп жатабыз. Буга Россия, Казакстан сындуу КМШ мамлекеттеринен, Балтия өлкөлөрүнөн жана Кавказдан келе турган экология жаатындагы жаш адистер катышат.

Эколагерге катышкан кырк кыз-жигиттин ар биринин пикирин угууга кызыкдар болгонубуз менен, алардын ичинен айрымдарынын гана пикирин алдык. Жаштардын кандай ой-жыйынтыкка келгендери жана жеке таасирлери эч кимди кайдыгер калтырбайт деп ойлойбуз.

10548259_602712756511971_2103417125534065081_o

Адилет АЛЧИКЕЕВ,  “Youht Bank” жаштар банкы долбоорундагы комиссиянын мүчөсү:

– Мен өзүмдүн ушуга чейинки ишимден улам мындай бир так жыйынтыкка келдим: Табият өзүнө эмне керек экендигин, эмне жакшы экендигин өзү гана билет. Ал булгануудан өзү тазаланып, кубаттанып, кайра жаралып, химиялык курамын да өзү жөндөп турат. Ошондуктан табияттын күчүн багындыруу жана аны көзөмөлдөө деген түшүнүктөр тереӊ жаӊылыштык деп эсептейм. Адамдын колунан антропогендик жол менен жасалып жаткан зыян табиятты талкалоочу күч катары экенин жакшы билебиз. Ушундан улам, мен өзүмдүн ниетим менен дагы, ишим менен дагы адам баласы табиятка аяр мамиле кылуусуна умтулам, ал гана эмес коомчулугубузга да ушул мамилени жеткирсем дейм. Бирок, тилекке каршы, азырынча коомчулугубуздун дээрлик көпчүлүгү бул маселеге кайдыгер карап калгандыгын байкап келем.

“Жалгыз дарак бак болбойт” экен. Ошол себептүү мен катышып жаткан эко-лагерь менин максаттарыма жана ниетиме толук жооп берип жатат, мен ушул үчүн абдан кубанычтамын. Лагерьге келгендеги эӊ башкы максатым –  ушул эко-лагердин алкагындагы жигердүү жаштар менен биргелешип мындан ары айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш алып баруу жана ар кандай долбоорлорду иштеп чыгуу. Эко-лагерден биз айлана-чөйрөнү калыбына келтирүү боюнча жаӊы инновациялык ыкмалар менен таанышып, «Жашыл шаар»  аттуу концептуалдык өнүгүү идеясын өздөштүрдүк. Мен ишенем, лагерьдин ишинин жыйынтыгы менен биз жаӊы долбоорлорго бел байлайбыз. Бул жерде жүрүп, биз жаштар Мекенибиздин табиятынын тирүүлүгү үчүн жеке жоопкер экендигибизди сезе алдык.

9-1Айгерим МАМБЕТАЛИЕВА, “MoveGreen” жаштардын экологиялык кыймылынын мүчөсү:

-Эко-лагерден өзүмө абдан чоӊ жана ийгиликтүү натыйжаларды, өтө пайдалуу билимдерди, унутулгус таасирлерди ала алдым, ошондой эле көптөгөн жаӊы досторду тапканга жетиштим.  “Жашыл Ой” долбоорунун алкагында мен алган билимдер албетте баалуу жана аны мен мындан аркы ишимде ийгиликтүү колдоно алам деп бекем ишенем. Азыркы учурда лагердин бир нече катышуучусу менен биргеликте жаңы долбоор баштоо идеясын бышырып жатабыз. Андан ары жалпы кызматташтык жолуна ийгиликтүү түшөбүз деп турабыз. Андыктан, ушул тапта эле ишке киришүүнү чыдамсыздык менен күтүүдөбүз.

Баса белгилеп айта кетчү нерсе, “Жашыл Ой” жаштар лагериндеги биз үйрөнгөн эӊ маанилүү жана баалуу бул – Биримдик болду. Биз баардыгыбыз командалык топтордо иш жүргүзүп, учурдагы экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун чогуу издеп жаттык. Лагердин уюштуруучуларына тереӊ ыраазчылыгымды билдирип кетким келет, анткени, бизге окшогон жаштарга ушундай жакшы мүмкүнчүлүк берип жатышкандыгы бизди түздөн-түз табиятты коргоочулардын катарында жүргөндөй сезим калтырып, мындар ары ушул багытта негиздүү иштешүүгө жакшы түрткү беришти.  Мен өзгөрүүгө жана жаӊыланууга умтулуу жолунда жалгыз эмес экениме өтө кубанычтамын. Табият дүйнөбүзгө болгон мамилебиз жакшыра берсин!

9-4

Айбек БАЙЫМБЕТОВ

One thought on “Улуу табиятка – улуу мамиле! “Жашыл Ой” – жаштардын жаңылануу жолу

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *