Кытай. Гуйлин-2014. «Кыргызстандын маданият күндөрү»

9-патриот лого“Патриот KG” жаштар коомдук бирикмеси

9-майдан 11-майга чейин  Кытай Эл Республикасынын Гуйлин шаарында болуп өткөн “Кыргызстандын маданият күндөрү” иш-чарасына Кытайдын 10дон ашык шаарында билим алып жаткан  кыргызстандык студенттер катышып, үч күндүк программага күбө болуп кетишти. “Кыргызстандын маданият күндөрү” иш-чарасынын демилгечиси жана уюштуруучусу “Патриот KG” жаштар коомдук бирикмеси болуп, Гуйлин технологиялык университети иш-чаранын өтүшүнө колдоо көргөздү. Бул иш-чара Кытайдагы кыргызстандык студенттер тарабынан өткөрүлүп келе жаткан бардык маданий иш-чаралардын ичинен деңгээли жана масштабы боюнча жогору жана көлөмдүү болууга жетишти.  Иш-чаранын максаты – улуттук маданиятыбызды тааныштыруу, эл достугун бекемдөө жана кыргызстандык жаштардын ынтымак-биримдигин чыңдап, ошондой эле билим-маданият-спорт тажырыйбалары менен алмашуу жана жаштардын мекенге болгон сүйүү сезимин жана сыймыгын арттыруу болуп саналды. Мындан сырткары Кытайда билим алуу маселелеринин көйгөйлөрү жана келечекте Мекенге кызмат кылуу келечеги тууралуу талкуу болуп өттү.

Иш-чараны колдоп Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Гуанчжоу шаарынын башкы консулу Тентимишов Максат Ишенбекович, “Замандаш” ассоциациясынын башкармалыгынын өкүлү Иманалиев Рыскадыр Жолдошевич келип катышып беришти.

Иш-чаранын алгачкы күнү катышуучулардын келиши жана жайгашуусу,  ошондой эле таанышуу кечеси өтүп, экинчи күнү Кыргыз маданиятына арналган көргөзмөнүн ачылышы менен башталып,  конференцияга кезек берилди. Андан соң салтанаттуу концерт менен уланып, кыргыздын ырлары жаңырып, бийлери чимириле бийленип, комуздун үнү дем берип, баардык катышуучуларга, конокторго жандуу маанай тартууланды. Соңку 11-май күнү улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдеш өткөрүлүп, кыргыз элинин улуттук спорт оюндарынан ордо, кыргыз күрөш, аркан тартмай, бука тартыш, жоолук таштамай сыяктуу жаштар оюндары демонстрацияланды. Улуттук оюндарга жалаң гана кыргыздар эмес, башка мамлекеттерден келген окуучулар да катыша алышты.  Кыргыздын салттык оюндары көрүүчүлөр тарабынан экзотикалык жана экстремалдык мүнөздө кабыл алынып, таң калтырууну жана чоң кызыгууну жаратты. Мындан тышкары программада этно дискотека, тематикалык маектер, кызыктуу оюндар, ыр кесе сыяктуу кызыктуу иш-чаралар өткөрүлүп,  “Кыргызстандын Маданият Күндөрү” аттуу кубогу ойнотулган футбол да ойнолду.

Ал эми жаштар жыйынында негизинен Кытайда билим алып жаткан студенттердин окуу-жашоо көйгөйлөрүнө байланыштуу суроолор болуп, эң башкысы кыргызстандык студенттердин ынтымак-биримдик маселеси каралып, ошондой эле окуудагы пайда болгон кыйынчылыктар тууралуу кызуу талкуу жүргүзүлдү. Жыйында башкы консул менен суроо-маек болуп, жаштар бир топ суроолорго жооп алышканга жетише алышты. Жыйындын аягында резолюциянын долбоору сунуштан өткөрүлүп кабыл алынды.

9-маданият кундору3 9-маданият кундору4

9-маданият кундору1

9-маданият кундору

Айбек БАЙЫМБЕТОВ, Гуанжоу шаары, “Көк асаба” гезитинин кабарчысы

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *