Бир кылым мурдагы кыргыздар

5-2

Орто Азияга биринчи келген европалык аял Элла Майяр 1932-жылы Кыргызстанга келип, бир жылдан соң Казакстан, Өзбекстанга саякатын уланткан. Ал кыргыз эли-жери жөнүндө не бир сонун тарыхый фотосүрөттөрдү тарткан. “Тянь-Шандан Кызыл-Кумга чейин” деген тарыхый-документалдуу китебин французчадан Нуралы Турганбаев которгон.

Буга чейин элибизге белгисиз болуп келген бул чоң саякатчы жана чыгармачыл айым Элла Майярдын “Тянь-Шандан Кызыл-Кумга чейин” деген тарыхый-документалдуу көркөм китебинин котормосу кыргыз тилинде чыкты. Төрт жүз барактуу бул китептин түп нускасын Улуттук университеттин чет тилдер кафедрасынын француз тилинен ага окутуучусу Нуралы Турганбаев кыргызчалаган.

«Кыргыздар жөнөкөй жана абдан меймандос калк» деп баштаган китебин Элла айым. Ал кыргыздардын көчмөн калк экендигине өз жазууларында токтолуп, 30-жылдардагы саясый абалды, репрессияны, Казакстанда болгон ачарчылыкты ачык жазган.

1932-жылы Москвага келип, ал жерден поезд менен Кыргызстанга сапар тарткан Элла Майяр алты күндө Пишпекке (азыркы Бишкекке) келип түшөт. «Жай мезгилинин июль айында келген чет элдик айым Токмок, Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол жакта жүрүп, андан ары Нарын тарапка өткөн. Тянь-Шандын тоолорун бүт изилдеп чыгат. Көчмөндөр менен жолугушууларын, Нарын дарыясы, тоолору тууралуу жазат. 1934-жылы “Тянь-Шандан Кызыл-Кумга чейин” деген китеби жарык көргөн. Бул өзү абдан оор саякат болгон. Ал кезде сталиндик репрессиянын убагы эле. Атайы уруксат берилбесе да, тынчтыкты сүйгөн спортсмен катары жолу ачык болгон. Бирок аркасынан ээрчип жүргөн адамдар бар экенин билген, – дейт Нуралы Турганбаев. – Кыргызстандан кийин Кытайга барган. Кытай да ал кезде жабык өлкө болгон. Ошого карабастан алты-жети ай Кытайда жүрүп, андан кийин Ооганстанга жетип, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда беш жылдай Индияда жашаган. Европаны аябай жек көргөн. Анткени, биринчи, экинчи дүйнөлүк согуш анын сезимине аябай чоң таасир калтырган. Ошондон улам Европадан алыс кеткиси келген. Акыры Европага кайтып барган. Ошондо “Мага Азия, Европаны кандай болсо ошондой кабыл алууну үйрөттү” деп айткан. Калган өмүр жашын Швейцарияда өткөргөн».

Балким, бул айымга мындай чоң саякаттарына чейин спорт менен машыкканы зор жардам бергендир? Кышкысын лыжа тээп, жайкысын деңиздин үстүндө кайыкта сүзүү менен машыгыптыр. Кыздардын жайкы чөп үстүндөгү хоккей командасын он алты жашында уюштурган экен. Андан кийин 1924-жылы Франциядагы, Швейцариядагы кайык үстүндөгү жарыштарда он жети эркектин ичиндеги жалгыз аял болуп катышкан. Ошол спорттук жеңиштери бардык кыйынчылыктарды көтөрө билүүгө, коркунучтардын баарын тайманбай жеңүүгө үйрөткөн чыгаар? Таланттуу адам бардык жагынан таланттуу дегендей, бул мыкты спортсмен айым, мыкты сүрөткер да экен. Андыктан анын саякат учурунда тарткан ар бир сүрөтү да жакшы образдарды берип турат. Жүздөрдү, жаратылышты аябай жакшы чагылдырып берген кара-ак түстөгү эски сүрөттөр. Анан да Элла Майяр жазмакер да болуп, ар бир саякаты жөнүндө бирден китеп жараткан. Үй-бүлөсүндө атасы, апасы, улуу агасы болгон. Саякаттарынын учурунда апасы менен кат жазышып турган. Элла Майяр кийин жалгыз жашап, узак өмүр сүрүп, 94 жашка чыкканда кайтыш болгон.  

5-2

Бүркүтчөн кыргыз.

5-12

 

 

Күнгөй Ала-Тоо, Ак-Суу. Өгүз минген аксакал саякатчыларга жолду көрсөтүп койгону баратат.

5-7

Үч манап. Каракол.

5-4

 

 

 

 

Кулакка тартылып айдалып бараткан кыргыздар. Буттарында кишен, аскерлердин кайтаруусунда.

5-1

Төө кайтарган тоолуктар.

5-3

 

 

 

 

Теңир-Тоонун Ээр-Таш өрөөнү. Сары-Чат конушундагы кыргыз үй-бүлө.

5-6

Фрунзедеги базар. 1932-жыл.

5-11

 

 

 

 

Темир устанын ат такалоочу жайы. Каракол.

5-9

 

 

 

 

 

 

Элла Майяр

5-Элла жаш 5-Элла карыган

 

 

 

 

 

 

 

 

Алтынай ТЕМИРОВА, «Азаттык Үналгысы»

(Макала «Азаттык Үналгысынын» www.azattyk.org сайтынан алынды)

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *