«Мектеп формасынын мыкты үлгүлөрү смс добушу аркылуу аныкталат»

Улуттук маданиятыбыздын өсүп-өнүгүшүнө тереңден салым кошуп келаткан жеке ишкер Рустам Маманов буга чейин гезитибиздин беттеринен беш тармактуу маселени камтыган «Улут жүзү» долбоорунун жасай турган иштери жөнүндө баяндап кеткен эле. Мына ошол беш тармактын бири болгон мектеп формасына жарыяланган конкурс боюнча учурда сынактын катышуучулары аныкталып жатат. Биз бул сынак боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн Рустам Маманов менен маек курдук.

6-Маманов фото– Учурда жүрүп жаткан «Улут жүзү» долбоорунун мектеп формасы боюнча сынагы кандай өтүүдө? Жана, дегеле бул долбоор  тууралуу окурмандарыбызды кененирээк тааныштырып өтсөңүз.

– «Улут жүзү» долбоору 2010-жылы түптөлүп, 2011-жылы патент алган. Азыркы жасап жаткан биринчи ишибиз – мектеп формаларын бирдей нукка буруу, башкача айтканда, өлкөнүн баардык аймагындагы мектеп окуучулары окшош, улуттук колориттеги форманы кийүүсүнө жетишүү. Окуучуларга бирдиктүү форма кийгизүү талабы мыйзам менен бекитилип,  мектептерде жалпы окшош форма болушун колдоп, президент өткөн жылдын июль айында буга кол койгон. Азыр Билим берүү, Саламаттыкты сактоо министрликтери менен биргеликте иш алып баруудабыз. Бул долбоорду тездетүү үчүн сынак жарыялаганбыз. Сынак 9-апрель күнү жарыяланып, бүгүнкү күнгө чейин жүрүп жатат. 10-май күнү «Хаятт» мейманканасында Билим берүү министрлигинен, Саламаттыкты сактоо министрлигинен, өкмөт мүчөлөрүнөн, ЖКнын депутаттарынан, белгилүү стилисттерден турган калыстар тобу түзүлүп, конкурска катышкан дизайнерлердин эмгектеринин мыктылары тандалып алынат. Биз конкурс жарыялагандан бери 40тан ашуун дизайнерлердин эмгектери келди, ал эми 10-майга чейин 200гө чукулдап калышына толук ишенем. Калыстар тобу ошол 200 эмгектин ичинен эң мыкты болгон 5 эмгекти тандап алышат. Тандалган дизайнерлерге керектүү акча каражатын бөлүп берем, алар 1-4-класстын окуучуларына, 5-8-класстын окуучуларына жана 9-11-класстын окуучуларына, ошондой эле мектеп мугалимдерине (эже, агайларга) арналган форма кийимдерин тигишет. Андан соң ошол  мыкты дизайндагы 5 үлгү кийимдерин жалпы элдин сынына коюп көрсөтөбүз да, өздөрүнө жаккан формаларды эл смс билдирүүсү аркылуу 10-майдан 1-июнга чейинки убакта тандап добуш берүүсүнө мүмкүнчұлүк түзөбүз.

 

– Дизайнерлерге кандай талаптар коюлду?

– Кийимдердин кездемеси нукура, жумшак, синтетика эмес, денеге аба өткөргөн, кийген окуучулардын кыймыл-аракетине ыңгайлуу жана көзгө жагымдуу болуп тигилишин талап кылдык. Эң негизгиси, сөзсүз улуттук колориттеги оймолорду колдонуулары керек. Себеби, кийим дагы балдарга жаштайынан улуттук дем берсин дедик. Улуттук кийимди, философиялуу оюуну таанып-билип чоңойгон балдар-кыздар келечекте сөзсүз түрдө улут үчүн күйгөн инсандардан болуп чыгышарынан шек жок.

 

– Формалар жазгы, кышкы болуп эки түрдө тигилет деген маалымат бар…

– Ооба. Формалардын эки түрү тең тигилет. Кышкысын кыздарыбыз ыңгайлуу жана жылуу жүрүшү үчүн аларга да атайын шымдарды тиктирүү каралган. Негизи мектеп формасы ата-энени да, окуучуларды да канааттандырышы зарыл. Көздөгөнүбүз – сапаттуу, ден соолукка зыян келтирбеген жана баасы арзан мектеп формасы.

 

-Долбоордун жүрүшүн уккан ата-энелерден пикирлер болуп жатабы?

– Долбоорду эл абдан жакшы колдоп, ыраазычылыктарын билдирүүдө. Биздин ойду туура көрүп, колдоп-кубаттап жаткан жалпы элге мен да ыраазымын.

 – Долбоордун өзгөчөлүгү эмнеде, муну менен өлкөбүзгө кандай пайда алып келе аласыздар?

– Биринчиден, баардык окуучуларыбыз улуттук орнаменти менен кийим кийишсе, кыргыз экенибиз даана көрүнүп турат. Экинчиден, муну жаратып жатышкан уздарыбыз да жанданат, аларга иш пайда болот. Канчалаган мыкты тикмечилерибиздин кийимдерин чет элдик адамдар барктап-баптап сатып алууда, ал эми аларга шарт түзүлбөгөндүктөн, ата-энелер балдарына башка өлкөлөрдөн арзан алынып келинген синтетика кийимдерин кымбат баада уул-кыздарына  сатып берүүдө. Үчүнчүдөн, дагы бир пайдалуу жагы – өлкөбүздө жалпысынан 1 миллион мектеп окуучулары бар, алардын ар бири тигилген форманы мисалы 2000 сомдон сатып алышса, өзүбүздүн мамлекетке 2 миллиард акча түшүп жатат.  Ошондуктан, өзүбүздүн сапаттуу, баасы да капчыгыбызга туура келген, көңүлүбүзгө жагымдуу болгон кийимди кийгенибиз оң.

 – Маегиңиз үчүн чоң ырахмат!

 Айпери СЫРАЖИДИН кызы

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *