Кара чаар жыландын ден соолукка пайдасы

animals_844-crop

Шералиев Аббас-Бек ЖУСУПБЕК уулу

Бутубузга тебеленип, талаа-түздө кеңири кездешкен көпчүлүк жаныбарлардын, курт-кумурскалардын да өтө чоң дарылык касиеттери бар экенин көпчүлүгүбүз биле бербейбиз. Кээде ошол майда жаныбарлар өтө айыккыс илдеттерге даба болушат. Буга мен өткөн кылымдардан бир мисал келтире кетейин.

Аксыдан чыккан айтылуу Жеңижок акын жөнүндө Жабай уулу Кенжетай абам төмөнкүлөрдү айтып берди эле.

Жеңижоктун өз аты – Өтө. Ал Таласта төрөлүп, 12 жашка чыкканда “ала” оорусу менен ооруп калат. Айылдашы Ташкара бий: “Бир жетимден эл көбөйүп да, азайып да кетпейт, өлтүрүп койгула!” деп жигиттерине буйруган экен. Ошондо өлбөстүн аракетин кылган Өтө Чаткал ашуусу аркылуу мал айдаган соодагерлерге кошулуп, Аксыдагы таякелерине качып келет. Аксыдагы Өтөнүн жакын таякеси Садыр бий аны Далычы аттуу табыпка көрсөтөт. Далычы табып кадимки койдун таза кырылган далы сөөгүнө карап туруп, оорулуу киши эмнеден айыгаарын так айтып берчү экен. Анан ал Жеңижокту үч жыл туу калган ала бээнин кандуу терисине ороп, кара чаар жыландын сорпосун ичирип, этин жедирип айыктырганы анык. Ал эми заманбап медицинада али күнгө чейин “ала” оорусунан айыктыруунун дабасы табыла элек.

Жеңижок акын 1918-жылы о дүйнө салганда, Жабай уулу Кенжетай абам өз колу менен аны көрүстөнүнө коюп, Жеңижоктун кабырын таш менен белгилеп кетиптир. 1960-жылы ошол мүрзөгө Кенжетай абамдын сөөгү да коюлду. Ал аксакал 90 жашында каза болгон. Азыр бул көрүстөндө Асанбай Жусупбеков койдурган Жеңижоктун коло эстелиги турат.

Жыландын дарылык касиетине байланыштуу дагы бир табыпты айта кетейин. Ал Көк-Бел деген айылда жашап өткөн, айтылуу Бабакан табып эле.

1974-жылы мен Жалал-Абаддагы медициналык окуу жайда мугалим болуп иштечүмүн. Фельдшер бөлүмүндө окуп жүргөн Кашкарбек аттуу студентим: “Агай, карындашым экзема менен ооруп жүрөт, врачтардан эч даба болбоду” деп айтып калчу.

“Экзема” демекчи, анын кыргызчасы “сарыкарт” деп аталат. Бул – тери оорусу, улам-улам теринин карты сыйрылып, суусу чыгып, жаңылана берет. Тери ооруну дарылаган врачтар түрдүү “шыбама” дарыларын сыйпап, антибиотиктерди ичирсе деле айыкпаган өнөкөт оору.

Кашкарбек 3-курста окуп жүргөн кезинде эле медицина илимине катуу берилип жүргөн. Бир күнү абдан катуу сүйүнүп келди.

– Эмне болду? – деп сурадым.

– Карындашымды экземадан Бабакан табып айыктырды, – дейт жетине албай.

– Кантип айыктырды?

– Бабакандын айтуусу боюнча, өтө уулуу, башында аштама белгиси бар кара чаар жыланды таптык. Аны өлтүрүп, башын кесип алып салдык да, денесин төрткө бөлүп, ичин кырып тазаладык. Карындашым жийиркенип жебей койбосун деп, аны балыкка кошуп, сууга бышырдык. Ошонун этин жеп, сорпосун ичип, карындашым сен көр, мен көр айыгып кетти. Ишенесизби агай, жылан абдан тердетет экен. Карындашыма кошулуп жеп алып, мен да төшөгүм суу боло тердедим. Негедир өзүмдү абдан жакшы сезип калдым. Карындашым болсо таза айыгып кетти.

Экземаны айыктырган ошол Бабакан табып тууралуу аксылык туугандарым да көп айтып калышаар эле. Өзгөчө “кара сарык” оорусунан Бабакан табыпка барып сакайгандар көп болгон. Угушумча, “кара сарыкты” дарылоо үчүн Бабакан табып бөрү карагаттын тамырындагы жана жыгачындагы сары кабыгын колдончу экен. Аларды сууга кайнатып ичирип, айыктырчу дешет.

Эми мен сөз ыңгайы келгенде сары картты (экземаны) айыктыруучу айрым бир элдик ыкмаларды сунуштай кетейин:

1.Төө буурчакты (фасоль) бышырбаган бойдон азыраак кургатыңыз да, аны ундай кылып майдалаңыз. Бул майдаланган улпакты сары картка сүйкөсөңүз абдан пайдасын берет.

2.Чийки картошкадан 1 см калыңдыкта кесип алып, аны теринин ырбаган жерине басыңыз.

3.Жаңы капустанын жалбырагын жумуртканын сарысына чылап, аны сары карттын суу чыккан жерине коюңуз.

4. Каакым-кукумдун тамыры жана чөбү – 10 грамм. Уу жантык сары гүлдүн (чистотел) тамыры жана чөбү – 10 грамм. Буларды талкалап, аралаштырып, эмалданган идишке саласыз. Үстүнө бир стакан кайнак суу куюп, капкагын жабасыз жана аны башка суу куюлган идишке салып 30 мүнөт кайнатасыз. Тундурманы бөлмөлүк температурада 15 мүнөт суутасыз да, аны сыгып алып, эзилмесин капкагы бар идишке саласыз. Бул аралашма салкын жерде сакталышы керек. Даяр болгон дарыны сары карт каптаган дене бөлүгүнө сүртүп туруңуз.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *