Жээрен чечен

«Акылдуу өлсө – сөзү калат артында
Жакшы атагы жашай берет калкында» дегендей, адам башына жаманчылык келип, жакыны каза болгондо эл арасынан акылдуунун акылдуусун шайлап туруп, суук кабар угузууга жиберишчү. Суук кабарды ар ким өз жөндөмүнө жараша, кээси алым сабак катары, кээ бирөөсү комуздун күүсү менен, кээси ата-бабанын басып өткөн тарыхына, өмүр баянына байланыштырып, чечмелөөсүн ээси өзү баамдап билип алсын дешээр эле. Ошондо да даанышман ата-бабабыз андай суук кабарды уккандан кийин албууттанып, кыйкырып-өкүрүп ыйлабай, угузган адамдын өзүнө суроо берип, сабыр күтчү, таңгалдырчу.

Илгери өткөн замандарда Жээрен чечен деген акылдуу атабыз жашап өткөн. Ал кишинин акылдуу, нарктуу, баа жеткис сөздөрү ушу кезге чейин эл арасында айтылып калды. Күндөрдүн биринде Жээрен чечен атабыздын аялы көз жумат. Жээрен чечен ал кезде үйүндө эмес, айылдын сыртында жүргөн мезгили экен.

Эл топтолуп, «эми кандай кылабыз, ал киши ары акылдуу адам, кандай кылып угузабыз» деп кеп кылышып, акыры эл арасынан акылдуунун акылдуусу деп бир адамды тандашып, жанына эки-үч киши кошуп беришип,  Жээрен чеченге жөнөтүшөт.

Алар Жээрен чеченге келип жолугушуп, ал-абалды сурашып, сүйлөшүп отурушат. Андан кийин суроо берип башташат:

– Жээрен ава, бу дүйнөдө адамдын баласын жаман-жакшы тооруп жүрөт дейт, Баласы же кызы өлгөн эмне болот?

– Баласы же кызы өлгөн – өзөгүн өрт алганга барабар, – деп жооп берет Жээрен чечен.

– Атасы өлгөн киши эмнеге барабар?
– Атасы өлгөн аска-тоосу кулаганга барабар, – дейт.

– Иниси өлгөн эмнеге барабар?
– Иниси өлгөн колундагы камчысын алдырганга барабар

– Агасы өлгөн эмнеге барабар?
– Агасы өлгөн арыз-муңун айтаарга кишиси жокко барабар.

– Энеси өлгөн эмнеге барабар?
– Энеси өлгөн мелмилдеп жаткан көлү соолгонго барабар.

– Келини өлгөн эмнеге барабар?
– Келини өлгөн желеде байланган малын алдырганга барабар.

– Аялы өлгөн эмнеге барабар?
– Аялы өлгөн капкалуу шаары кулаганга барабар, – деп жооп берип, – ак, кокуй күн десе, аялым өлүп калган турбайбы, силер ушуну угузганы келген турбайсыңарбы! – деген экен.

Анда угузганы баргандардын бирөө Жээрен чеченден төрт жаздыктын маанисин сурайт. Жээрен чечен кайра сөзүн улап: «Мурун аялым экөөбүз эки жаздык жазданып жатчу элек. Эми аялым өлгөндөн кийин мага менин жашыма карап күйөөсү өлгөн бир келин тиер. Ал нары жакты карап күйөөсүн ойлоп эки жаздык менен, мен бери карап аялымды ойлоп эки жаздык жатып, бардыгы төрт жаздык деген ушу» деп жооп бериптир.

Ата-бабаларыбыз башына түшкөн оор кайгыга мүңкүрөбөй, алдырбай, баарын көтөрүп, сөздү да чечмелеп, бардык кайгы-капаны бирдей алып жүргөн адамдардан болушкан экен.

Эми окурмандарыма ушул сыяктуу алым сабак, айтым кептерден улантайын.

– Дүйнөдө эмне таттуу?

Эмне катуу?

Эмне оор?

– Дүйнөдө балдан таттуу – алган жар.
Таштан катуу – жокчулук.
Чын убада – ашкан оорчулук.

***
– Ар кимдин өмүрлүк досу ким болот?
Өмүрлүк өжөр душманы ким болот?

– Ар адамдын өмүрлүк досу – сабыр, душманы – ачуу.

***
– Ат кумары не болот?
Эр кумары не болот?

– Ат кумарын сурасаң –
Арпа менен туз болот.
Эр кумарын сурасаң –
Алман жайган, кыраан куш
Кара көз сулуу кыз болот.

***
– Барды мээнет чырмаса не болот?
Ырысты мээнет чырмаса не болот?

– Барды мээнет чырмаса,
Алды алдынан чачылат.
Ырысты мээнет чырмаса,
Бир-бирине асылат.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *