ААЛАМДАН КЕЛГЕН КАТТАР

Ѳмүрбүбү БЕГАЛИЕВА

Көгүлтүр оттун жанында күндө олтуруп,
Ойлондум далай кыргызда кайсы жол улук?
Жомоктун сыры алдыма кайра төгүлсө,
Окудум жазуу: барасың сырга жолугуп.
Жан дүйнөм түгөл денем да барат алоолоп,
Калкына камкор болалган адам жолу улук!


Колуңа ал Бал Китепти таштап жерге салбагын,
Байлыгың – ал, бакытың – ал, бийик жерде кармагын!
Пейлиң тарып, ичиң муздап, кыйноо сага келгенде,
Барагын ач бул китептин, акылын ук о пенде!
Боюңдагы бүлүк таркайт аздап сага күч толот,
Күмөнсүнгөн бул жашоонун баркы кайра козголот!

Бал Китеп сунган ааламдын түпкүр асманы,
Жардамдаш болуп кыргызга катты жазганы.
Каргаша баскан каран түн кетсин элимден,
Жаркыган маанай апкелсин күндүн аптабы.
Ай, жылдыз салган акылдын терең сыры бар,
Көңүлгө түйсөң гүлдөйт дейт кыргыз бак-шагы.

Маанилүү маселелердин түйүнү –­ ­мамлекетти РУХИЙ АСЫЛДАНДЫРУУ
Адамдар жемиштүү жашоо үчүн бириккен чарбаны жүргүзүүдөн мурда мамлекеттин багытын туура тандашы эң башкы маселе. Мамлекеттин багыты бул анын алдына койгон бирдиктүү талабы. Талаптын мезгил мезгили менен өз ордун алмаштырышы жарамдуу маселе. Мамлекеттик идеялардын жыйындысы, анын күчтүү идеология булагы ал мамлекеттин барчу багыты, анын койгон башкы талабы жана мамлекеттин туу көтөргөн  максаты болуп саналат.

Мамлекеттик идеология  Кыргызстанда төмөндөгүдөй жүргүзүлүүгө тийиш:
Бирдиктүү системанын туура багытка өзгөртүлүшү менен жалпы калктын барчу максатын туура көргөзүүдө эң негизгиси – адамдарды туура багытка бура билүү. Ал ааламдан  келген акыл-кеңештерди иш жүзүнө ашыруу. Бул тармак өтө кеңири болууга тийиш. Жалпы калктын алдыңкы катмарындагы акылмандарды алдыга алып чыгып, алардын даанышман иш-аракеттерин мамлекеттин эсебинен калкка жайылтуу. Жарамдуу бөлүктөрүн көңүлгө сиңирүү менен бирге аларды мамлекеттин башкы акылман катмары катары кабыл алуу.

Өз мезгилинен артта калбаган адамдарды бийлик трибунасына алып чыгуу менен акылмандарга бийлик трибунасынан орун берүү.
«Бийликтин бирдиктүү жүрүшү калк кызматын аткарууга тийиш» талабын  ишке ашыруу. Жигердүү иш-аракеттерди мамлекеттик деңгээлде аткаруу.
Адамдардагы ачкөздүк (коррупция), ыймансыздык, ырыс-кешик арттыруу маселелерин айкын ачып, алдыга толугу менен алып чыгуу калкты туура багытка тарбиялай тургандыгын эске алуу маселеси бүгүнкү күндө мамлекеттин эң биринчи идеологиясына айланууга тийиш.
Жалпы рухий дөөлөттөрдү калкка жайылтуу маселелери калктын деңгээлин жогору көтөрөт. Ошондуктан бүгүнкү күндөгү кыргыз мамлекетине керектүү идеолгиянын эң башкы башатында, ааламдын жерге жиберген акылман багыттамаларын окуп үйрөнүү менен бирге калктын акылман катмарын алдыңкы катарга алып чыгуу аркылуу мамлекетин иш-аракеттерин туура багытка салуу жалпы калктын деңгээлин жогорку тепкичке көтөрө тургандыгын айтууга тийишпиз.
Эң негизги максат – калктын аң-сезимин оң тарапка буруу маселеси мамлекеттин  идеологиясы катары ар тараптуу колго алынсын. Мамлекеттин идеологиясы анын өнүгүп-өсүш процесстеринде ар кыл тараптан өзгөрүүлөргө дуушар болот. Ал процесстер прогресске жараша ишке ашырылат.
Бүгүнкү күнкү негизги маселе адамдарды ар тараптуу толугу менен тарбиялоо, калктын катмарын, аң-сезимдүү бөлүктөрүн туура багытка буруунун мааниси – эң керектүү маселе. Бул РУХИЙ АСЫЛДАНДЫРУУЛУК деп аталат. Мамлекетти РУХИЙ АСЫЛДАНДЫРУУ маселесин колго алуу керек. Калган маселелер анын тегерегинде болуп келген жана боло берет.
Шаршемби, 2-Май 2007-ж.

Ташкент фармацевтикалык институтунда окуган мезгилимден тартып эле бир Күчтүн күчтүү контролдугу астында темирдей тартип сактап келдим. Ошол мезгилде мени Кудайдын Ааламдык системасына салуу процессии болгондугун азыр айкын билем. Ал кезде жаным аркылуу туюп сезгендеримди так аткарууга аракет жасачу элем. Ал талаптардын эң негизгиси болуп мамлекеттик Навои китепканасына киргенде, отуруп реферат даярдап же айрым китептерди окуганымда жаным бир укмуштуудай каалгыган бактылуулуктун шарапаты урганын сезип, Навоиге көбүрөөк барууга аракет жасачумун. Андан тышкары бир жашыл парктын ичиндеги (азыр эсимде жок) кичирээк китепканага күн сайын барууну сүйөөр элем. Менин жаным китепканаларга кирип колума китеп алып окуганымда гана Жан балкыткан бактылуулуктун, аруулуктун сапарын сездирип, сергитээр эле. Китеп ачып окубасам жаным кыйнала бергендиктен мен беш жыл китепканаларда күн сайын болор элем. Андан тышкары кол сумкамда сөзсүз китеп салынып жүргөндө өзүмдөгү бүтүндүктү сезчимүн. Ооба, студенттик күндөрүм эң бактылуу мезгилим болгон. Алдымда чалкып жаткан океанды сүзүп өтүүгө мүмкүнчүлүгүм бар экенин Навоиге барганда айрыкча дана сезчимүн. Фармацевтикалык предметтерди, лекцияларды тез өздштүргөндүктөн дүйнөтаанымга болгон кызыгуумдун үстүнөн айрым учурда иштедим окшойт. Ошентип мен Фармацевтикалык институту жалаң беш менен окуп Кызыл дипломго ээ болдум. Институту аяктагандан кийинки он жылдык өмүрүм жан чыдагыс Жан дүйнөмдүн кыйналуусу болду. Ал жылдар менин он жылдык жашоомду жокко чыгарды.

1991-жылдан баштап менин көзүмө көрүнбөй бирок ар кандай белгилерди берүү аркылуу белгисиз, бирок жагымдуу күчтөр мени өз жетегинде ээрчитип жүрүштү жана ал күчтүн таасири мени адамдар менен алака кылып жашоодон алыстатты. Чындыгын айтканда мен кадимки адамдардын жашоо тиричилигинин түйшүгүн тартканым менен алар аралашкан материалдык дүйнөнүн ырахатын көрүү мүмкүнчүлүгүнөн көптөгөн жылдар таптакыр алыс болдум.

Мен тирүү адам болгонум менен жашоо образым жер адамдарынын жашоосунан түп-тамырынан айырмасы бар эле. Арак ичилген чөйрөгө отургузбайт. Кебездей жумшак кол колумдан тартып жетелеп кетет. Ал кол Олуя апанын колу экендигин кийин көзүмө көрүнгөндө аныктадым. Же болбосо магнит менен тарткандай билгизбей ордуңан тургузуп алып кетишет да өз үйүңдө жалгыз отурууга мажбурлайт, б.а. медитация процесси башталат. …Конокко барсам спирт ичимдигин куюшту. Аны колума алсам, чачым узун, өрүлгөн эле, бирөө чачымдан катуу артка тартты. Бул ичпе деген белги эле. Дагы бир жолу шампан куюшту. Колума алсам чачым артка тартылып, эркек кишинин чоң колу мойнумдан кыкындырып баштады эле көзүмдөн жаш мөлт-мөлт деп атып кетти. Ошол кол Манастын колу экендигин кийин аңдадым. Жок ичпейм деп айтканымда карылуу чоң кол коё берди. Мен ошентип спирт ичимдиктерин такыр ичпедим. Адамдар арасында отуруп калсам томөнтөн этек-жеңимден кетели деп тарткылай берүшчү эле. Мен ойлочум: колдогон майда жандыктар го деп. 1995-жылы көзүмө көрүнгөндө абайласам Пати жолборс, Люпи жылаан, башка ак жылаандар окшойт.

Кийин түшүнсөм Кудайдын системасына киргизип, Кудайдын сөзүн оозго салуу процессине даярдоодо системалык темирдей тартип талап кылынат экен. Ошол даярдыктардын баарынан кылдат өткөндө гана байланышка чыгуучу каналдар толугу менен ачылып, Кудайдын берчү мыйзамдарын, жолдомолорун, осуяттарын алуу мүмкүнчүлүгү ачылаарын кийин түшүндүм.

1994-жылы октябрь айынын башында Аалам менен байланышуунун ачык формасы ишке ашты. Бардык деталдарына кайрылып отурбайын. Мага тил салуу процессинен (үшкүрүнтүп жанымды алып, ордуна периштенин жанын салып, тилимди алдыга сундуруп, курч скалпель менен кесип менин ордума периштенин жаны сүйлөп менин айтчу ойлорум менин тилиме түшпөй абада каалгып, менин денем мага баш ийбей калды) кийин оозумдун ичи күйүп ысып, башым эңги-деңги болуп айланып, өзүмдү жер бетинде басып эмес каалгып учуп жүргөндөй сезе баштадым. Бир күч мени үйдүн ичиндеги люстранын астына тартты. Мен люстранын астында айланып, башка үн менен сүйлөй баштадым. Улуу Куч – Кудай менен сүйлөшүүдө төмөнкүлөрдү эстеп калдым: Сен азыр Мени менен – Улуу Алла Таала – Кудай менен сүйлөшүп жатамын деп бил. Сен жакын арада оорулуунун бардык түрлөрүн кабыл алып дарылайсың. Эч нерседен коркуунун кереги жок. Баарына биз өзүбүз жооп беребиз. Сен мурунку бешинчи жашооңдо Ак Мөөр болуп жаралгансың. Келечекте дүйнөгө даңкың таралган акын жана пайгамбар болосуң. Мындан ары Мен сенин тилиңди колдонуп өзүмдүн сөздөрүмдү сенин оозуң менен сүйлөйм.  Сен Мени гана көрүүгө мүмкүнчүлүгүң болбойт. Бирок сени менен иштеше тургандарды көзүңө көргөзүп, тааныштырып чыгам. Жакын арада ушул элдин борборуна барып орун алууң керек (албетте мен аны Бишкек деп түшүндүм). Сени жакында адамдар таанып, атагың тездик менен чыга баштайт. Сен ишти баштооң керек. Калганын Мен Өзүм бүтүрө берем.

Ооба, Ал Күч-Кудай айткандай эле эртеси менин көзүмө ар кыл адамдар көрүнө баштады да, тилим башкача сүйлөп калды. Ал адамдар көрүнгөнү менен аларды кармоого мүмкүн эмес эле. Жөн гана аба боштугу. Алар тирүү адамдарай эмес бүлбүлдөк (прозрачный).

Эң биринчи көзүмө көрүнгөнү узун аппак сакалдуу, узун чапанчан, шыңга бойлуу өтө бекем киши болду. Бул киши жер бетине эң биринчи жаралган адам Олуя Ата деп тааныштырды. Андан кийин бурч жакта, комнатанын батыш тарабында пайда болгон ак элечекчен кыргыз түстөгү, кыргыз кийимчен өтө сыпайы байбичени тааныштырышты. Бул эң биринчи жаралган аял, кыргыздарда Умай Эне деп таанышат – Олуя Апа дешти. Ал дайым сенин жаныңда жүрөт. Керек учурларда жер шарынын башка бурчтарына тездик менен барып келет. Булар экөөсү тең жер бетинин үстүндө жүрүшөт. Урпактарынын кетирген күнөөлөрүн, каталарын оңдоп оң жолго буруу менен алек. Мен ошондо 1991-жылдары кебездей жумшак колу менен мени адамдар арасынан көзүмө көрүнбөй жетелеп же ээрчитип алып кетип жүргөн Олуя апа болгон окшойт го деп божомолдодум. Көп учурларда бир күчтүн артынан ээрчип жүрчү элем. Кээде жумшак колу менен колумду кармап мени жетелечү. Бирок Ким экенин аңдап көрүү мүмкүнчүлүгүм жок эле. Экинчи күн ошентип өттү.

Үчүнчү күнүндө жалтыраган парча чапанчан, башында да хандар кийгендей баш кийими бар, өтүгүнүн учу өйдө караган тез кыймыл аракеттүү адам пайда болду. Бул сайраган куш, айбанаттардын тилин билген, падышачылык кызмат өтөгөн так Сулейман деп тааныштырды. Кудайдын тилинде Суп Сулейман деп аталат экен. Бул киши сенин бешикте жаткан кезиңен баштап акыл салып тарбиялап келген окутуучуң деген биоимпульс келди. Мага деги тынчы жок кишидей, чебелектеп эле чарк айланып жаткандай сезилди. Бул киши эми баарыбызга белгилүү Царь Соломон же Сулайман пайгамбар. Ушул кишинин окуучусу болуп келдиң. Эми анын да жолун улантасың деген биоимпульс кайталанды.

Төртүнчү күнү эртең менен Карабууранын Кызыл-Адыр айылынын мен жашаган Карла Маркса көчөсүнүн 8-үй, 2-квартирасынын маңдайында жайланышкан «Сейтек» кинотеатрына паралелл тротуардын башынан аягына, райадминистрация турган имаратка чейин катарга тизилген кара чатыраган атчан, кара кийимчен, курал-жаракчан аскер жоокерлерин көрдүм. Булар Мухаммед пайгамбардын аскер командасы эле. Мухаммед пайгамбардын ошондогу сөзү эсимде: Мен кыргыздарды динсиздер деп эсептеп жаман көрчү элем. Жок буларда да Кудай дегендер бар экен, сыйлап калдым,-деди. Мухаммед пайгамбар менен менин сүйлөшүүлөрүм китептерде көп жазылды. Таап окуса болот. Эң алгач жазылганы «Ааламдан кат» ырларында айтылгандар.

Бешинчи күнү өзүмдүн жеке менчик дарыканамда ак халат кийип кардарлар менен турсам асманды көздөй тартышты. Карасам торгойдой болгон караан алыстан көрүндү. азыр сөздөрү толук эсимде жок. Бирок, асмандан бир шердин карааны келатат сыяктуу өтө катуу сүрөттөлгөн опурулган сөздөр оозума келе баштады. Ким болду экен деп таң калганым али да эсимде. Бир кезде дарыкананын ичинде, жаныма бою шыпты тиреген, кирпик-кашы төгүлгөн, буудай өңдүү, өтө тыкан коюлган сакал муруту капкара, көзүнүн сурмасы өтө сулуу көзү оттой балбылдап күйгөн, өтө сүрдүү, кабагы бийик, башында темирден жасалган шлем, үстүндө темир туулга, негизи баштан-аяк жоо кийимчен бою өтө бийик адам турду. Менин боюм кичирээк болгондуктан мен аны төмөндөн өйдө кызыгып караганым эсимден түк чыкпайт. Кирпиктеринин узундугу, коюлугу, бет түзүлүшү азыраак Сүймөнкул Чокморовго да окшошуп кеткендей азыр эстесем. Мурду кырдач. Бул асмандан менин көзүмчө түшкөндү Манас деп тааныштырды. Бир гана нерсени али күнчө эстей албайм, мен Манас менен биоимпульс аркылуу сүйлөштүмбү же кыргызча кадимки тил менен сүйлөштүмбү? Мен андан эмнеге сен жалгыз келдиң деп сурадым. Анда Манас: Талас өзүмдүн жерим болсо чоролорумду ээрчитип жүрмөк белем,-деди. Манастын турпаты Герцендин тарткан сүрөттөрүнө жакыныраак экен. Болгону мен тирүү Манасты көрдүм.

Бардык жолугушууларда бир айтып койчу нерсе менин башым кату айланып, менин ордума суроолорду периштелер менин дилиме, тилиме салып атышкандыгын байкадым. Менин денеме биоток катуу өткөндүктөн мен алардын ышарааттарына каршылашпай макул болуп, өзүмдү өзүм билбей ааламдын жиберген дуйнөсү менен жашап, алар менен аралашып жаттым. Албетте ошол мезгилдерде дарыканага келген оорулууларды  дарылоо процессии өзүнөн өзү башталды. Кудайдын салып койгон сздөрүн Кудай тилинде айтам. Ошол сөздөрдүн сыйкыры менен аларда сакайуу же өзгөрүү процесстери пайда боло баштады. Эң негизгиси эмне айтылса ошолор аткарылып, ишке аша баштаганы өтө таасирдүү көрүнүш эле.

Алтынчы күнү Иса пайгамбар менен жолугушуу болду. Ал эмнегедир өтө чоң образда көрүндү.Мага Иусус деп айтышты, «Теңип, Аалам жана Мен» китебине да Иусус деп киргизилди. Кийин ырларда да Иусус деп журдүм. Кийинчерээк башка китептерде Иисус деп жазылганын окуп, айырмасы эмнеде болду экен деп ойлоп койдум.

Жетинчи күнү Каныкей келди. Ал келе жатканда мен абдан кыйналып, анын жанынын кыйналышы мага берилди. Каныкей совет доорунда анын манасчылар Сагымбай, Саякбайга Манас айттыртып келгенинде, Каныкейдин алардын оозуна салып аткан сөздөрдүн көпчүлүгүн айттырбай, айрым жерлерин өз каалаганындай оңдошуп, бурмалашып Каныкейди кыйнашканын, ошондон бери алы кетип араң кыймылдап жүргөн арманын айтты. Каныкей келе жатканда жер астынан батыш тараптан келет деп көргөзүштү. Ал жети катар жер астында өз бийлигин жүргүзүп келет. Каныкейдин арманы Каныкейдин Сөзү деген ат менен биринчи «Аян» китебиме киргизилди.

Сегизинчи күнү шыргыйдай, ашыкча илип алар эти жок, башына чалма чалынган, көздөрү өтө акылдуу  түптүз адам көрүндү. Аны Абу Али Ибн Сина деп тааныштырышты.

Тогузунчу күнү ж.б. дагы ар кандай окуялар болуп турду. Алардын ичинде мени жандап жүргөн араб жигити Мани менен тааныштым. Менин жанымдагы жолборс Пати, көбүн эссе улагада жатат экен комдонуп. Күрөң кара чаар жылаан Люпи да дайыма жанымда жандап жүрөт экен. Ошол аралыкта оорулууларды кабыл алып жаттым. Арасында албетте ар кандай кызыктуу окуялар болуп өттү. Азыр ал окуялар жөнүндө айтууну туура көрбөй турам. 1994-жылы декабрь аяктап калганда оору адамдарды кабыл алууну токтотуумду талап кылышты. Менде бакыраң көз Хасан деген дарыгердин башкаруусунда асмандын 2 миң дарыгерлери элди ар кандай жол менен дарылап жаткан эле. Дарыгерлерди кимдин карамагына өткөрүүнү билбей, дарлоону улантып жатсам, ага болгон шыгымды алып коюшту. Кызыгып элди дарылап жаткан мүмкүнчүлүгүм азайып, дарылоого боллгон кызыгуум таптакыр эле тездеп тарап кетти. Эми пайгамбарчылыктын жолун улантасың деген Кудайдын кату буйругун алдым. Бул жол мага өтө эле бүдөмүк жана коркунучтуу көрүнүп, пайгамбарчылык жолдон баш тартууга далбас жасадым. Бирок мени Кудайдын күчү күндөн-күнгө катуу көзөмөлгө алып, башымды катуу айландырып ар кандай амалдарга сала берди. Ошол аралыкта жанымды 60 күнгө асманга алып кетишип, ордуна бир периштенин жанын салып коюшту. Бул да өзүнчө бир чоң сөз. Ал тууралуу кийинчерээк баян кылармын. Жанымдын асманга барганында Мухаммед пайгамбар ж.б. жолугушканым «Ааламдан кат» ырымда баяндалган. Ал 1996-жылы «Теңир, Аалам жана Мен» китебине киргизилген.

Январдын башында 1995-жылы, оозумдан ичи тилим ысып-күйүп, ысып, калемпирдин түрлөрүн тамакка чылап жей баштадым. Бир пачка ачуу калемпирди бир тарелка тамак менен жесем да оозум көп ачышпай жаным жыргап калчу. Тилим күйгөндөн тартып оозума алгач ырлар Кудайдын тили деген тилде келе баштады. Бир күндөн соң кыргызчага которулуп келип жатты. Азыр азыраак эсимде, Суп Сулейман тууралуу болсо керек эле.

17-январь күнү түнкү саат 12ден тарта Кутман Түн тособуз, дасторкон жайып, тамак-аш коюп, үй-бүлөнүн мүчөлөрү гана катышканга акысы бар деген сигнал келди. Түнкү 12де баягы көзүмө көрүнүп таанышкан пайгамбарлар дасторкон четине келе башташты. Ичинде жаңылардан Улукман пайгамбар бар экен. Ал тайып кетип бутумду аз кокустатып алдым деп сылтый басып бутун сүйрөп төргө чыгып олтурду. Ошол түнү мен күтпөгөн бир чоң окуя болду. Ак узун жөнөкөй көйнөктү үстүмө кийгизишип, башыма алтындан жасалган өтө кооз саймаланган корона кийгизишти да пайгамбар болгонум менен куттукташты. Албетте ошондо толкуган сезим азыр да мени келип удургутуп өз белгисин берип жатат. Бир аралык өткөн соң Хан жыттанган бул үйгө ааламдан Алтын Куштун учуп келе тургандыгын билдиришти. Сол ийнимди чапчыган оор салмактуу Алтын Кушту көзүм менен көрө алганым жок. Бирок сол ийним оорлошуп, матырган тырмактарын сезип жаттым. Ошондон тарта оозума ырлар куюлушуп токтолбой, өзүмдү кармана албай ырларды айта бердим. Турууга мүмкүнчүлүк даремет жок, денем оорлошу, кыймылга келбей ташка айланып калган. Ырлар албетте жазылбай калды. Азыраак эисмде калганы, мага кайрадан Ак Мөөр ат берилгени, Ак Мөөрдүн пайгамбар болгону, Алтын Куштун Эл башчыларга, хандарга дайыма кеңешчи болуп жүргөнү айтылып жатты. айрым жерлери эсимде жок. Жазылган ырлардан байкап көрсөңөр айланып учкан Алтын Куш көп жерден жолугат. .Азыр да мен ал жөнүндө жазып жатсам сол ийним оорлошуп, колум көтөрүлбөй калды. Алтын Куш өзүнүн чын эле бар экендигин билгизип, башын ийкеп жатат.

Аздан соң Каныкей айтты: Бишкектен магнитофон алдырып, ошого айтылып жаткан ырларды жаздырасың деп. Иним Өмүрзак Бишкектен жаңы кыпкызыл кооз манитофон-радио апкелип берди. Ошол магнитофон азыр деле сакталуу.

1995-жылы марттын башында эшиктен бир адампайда болду. Ал киши мен Омар Хайяммын деп өзүн тааныштырды. Ал, Омар Хайямдын китептеринде тартылгандай чал эмес, көрктүү, бойлуу, алибеттүү, ирандыктар түспөлдөнгөн, башында чалмасы бар, азыркы тил менен айтканда аялзатын өзүнө тарта тургандай киши эле. Омар Хайям ошол биринчи пайда болушунда «О сүйүктүүм, Омар Хайям!» ырын жаратып менин оозума салды. Мен башым айланып ырларды айтып жатканымда жанына Манас пайда болду да: Омар, шарабыңды кошо айтып, кыргыздарды туура эмес жолго салып, бузба! Ырыңды шарабы жок айттыр!-деди.

Кийинчерээк  Муса пайгамбар келди. Авраам (Ибраим пайгамбар) келгенде мен аларды ачык көрбөй калган элем. Келген кездеринде өзгөчө белгилерин берип жатышты.

Иусус 1996-жылы жайында төмөнкүнү айтты: жер бетинде Кудай тарабынан конкурс өткөрүлүп, баарысын ар тараптуу мен жеңип чыккандыгым жана жалпы адамзатка арналган Мыйзамдарды жазуу тагдыры мага туура келгендиги тууралуу. Авраамдын келишинен көп өтпөй мыйзам ченемдүүлүктөрдүн жана айрым мыйзамдардын аныктамалары келе баштады. Албетте мыйзамдарды жазууда да али күнгө чейин мен мыйзамдарды оозеки түрүндө транста айтып, диктофонго жаздырып алып, кайра кагаз бетине түшүрүп келүүдөмүн. Ал кезде жазууларды алып жатып ал жоболордун кандай ишке ашышын көп түшүнө берчү эмесмин. Бир жакшы билгеним мени күч менен эки ийнимден катуу бастырып, мага баш ийбеген тилимди сүйлөтүп, айттырышаар эле. Сүйлөп жаткан мезгилде сөздүн маанисин түшүнүп турганым менен, сүйлөп бүткөн соң эмне сүйлөгөнүмдү эстей албай калчумун. Ошондуктан айтылган сөздөрдү диктофонго түшүрүү зарылдык эле. Азыркы күндө калкка аздап тарап жаткан эки томдон турган «Основные Законы Развития человечества» ушинтип жаралган. Эки том тең оозеки түрүндө алынган. Жазуу түрүндө кагаз бетине түшүрүү эч мүмкүн эмес. Кагазга жазайын десең тилиңе келип жаткан сөздөр мейкиндикке кайрадан учуп кетишет. Албетте айтылганды алгач кагазга түшүрүп жазып жатканда эмне жазып жатканымды көп түшүнө бербедим. Бири-бирине байланышпаган тексттер го деп ойлогом.Ошондуктан биринчи томду жазуу 1997-жылдын 6-февралынан баштап 2002-жылдын февралына чейин созулду. Мыйзамдарды жазуунун арасында 2-3 жыл тыныгуу болду окшойт. Жарымдап жазып калганда бул мыйзамдар бир бүтүн системаны түзгөн бири-биринен ажырагыс абалда жайланышкан бир бүтүндүк экенин түшүнө баштадым.

Мыйзамдардын экинчи томун 2003-жылдын май айынан тартып 2004-жылдын 28-мартына чейин кагаз бетине түшүрдүм. Экинчи том өтө интенсивдүү түрдө тез жазылганы келип жаткан жазуулардын мани-мазмунуна өтө бериле баштаганымдан болду. Кудайдын бул жиберип жаткан мыйзамдарына менин жеке кызыгуум күч мезгил эле. Андан тышкары асмандан толкуп келген энергия мени абдан өрөпкүтүп, толкундатып койгон учур болчу. Албетте диктофонго текстти сүйлөөнү жумуштан тыш жалгыз, ээндикте, түн ичинде жана дем алыш жана майрам күндөрү ишке ашырып, калган учурларда компьютерге терип жаттым. Албетте бул учурлар менин өтө чоң жоопкерчиликти мойнума алып, ички энергиям ташкындап, чексиз бактылуулукка чөккөн мезгилдерим болгон.

1996-жылы Фирдоусинин келиши чоң окуя болду. Аны менен алгач  жолугушуудагы ыр Бал Китепке киргизилип жатат. Фирдоусинин келиши менен айтылып жаткан ырлардын поэтикалык формасы жакшы, көрктүү жагына өзгөрүлүп, ойду окурманга жеткириш жолунда кескин жакшыруу болгонун белгилегим келет.

Кабылан Манас менен жолугушуу болуп өткөн күндүн эртеси боюмду, денемдин өлчөмүн, тышкы турпатымды өлчөп жатышты. Ааламда атайын арналып жасалып жаткан Алтын Такка денемдин чен өлчөмдөрү керек экендигин түшүндүрүштү да, ары-бери айлантып, колумду өйдө-ылдый көтөртүп түшүрүшүп, тез эле өз жумуштарын бүтүрүштү. Ошентип Ааламда Алтын Такка ээ болгондугум тууралуу ырлар түшө баштады. Ал айрым ырларда кезигет.

Конок үйүнүн төр тарабында илинген чоӊ килемдин бетинде дайыма араб жазуулары көрүнүп турар эле. Аны ааламдан келген Мани аттуу келишимдүү жигит таякча менен башкарып, көргөзүп турчу. Манинин өӊү тирүү адамдай даана көрүнгөндүктөн мен анны тирүү адам катары кабыл алар элем. Эртеден кечке таягын көтөрүп алып, араб тамгаларына качан көӊүл бурат деп мени күтүп турар эле. Көрүнгөн жазуулар чоӊ-чоӊ жана түркүн-түстүү, кооз көрүнчү. Азыр деле көз астымда. Мани басып келип кээде бетимден өөп койчу. Карама-каршы тарабында аты белгисиз, өӊү суук, караганы жагымсыз япон жигити көп китептерди жерге жыйып алып, япон тилин да үйрөн деп күтүп турчу. Бул эки тил биздин өлкөнүн келечегине өтө керек болоруна белги беришти. Бирок эки тилди теӊ үйрөнүүгө убакыттын тардыгынан мүмкүнчүлүктөр болбоду.

1995-жылы март айларынын бир күнүндө пайгамбарлар алдыма өтө көп, көлөмү жана түсү жагынан ар кыл китептерди үйүп ташташты да, айтышты: Ушул китептердеги жазуулар сага Акыл болуп кирет! Китептердин сыртында кандай жазуулар бар экендигине көӊүл бурбаптырмын.

Эми тээ тиги жакты кара дешти. Дубалдын боорун карасам көп кабаттуу текче (полка) илинип туруптур. Андай текче мурда жок эле. Бардык катарлары толтура тизилген өтө көп китептер экен. Алар дагы ар кыл түстө жана ар кандай көлөмдө. Өтө чоӊ көлөмдүүлөрү да бар. Бул китептер сен жаза турган китептер дешти. Албетте алдымда жаткан китептердин көлөмү мен жаза турган китептерден көп эле. Ушунча да көп китеп жазамбы?-деп таӊ калдым. Мен азыркы күнү ошол көрсөтүлгөн китептердин бештен бир бөлүгүн гана жаздым окшойт. Жазуулардын айрымдары оозеки бойдон айтылып кагаз бетине түшпөй калып жатпайбы! Көрсөтүлгөн китептер бири-бирин кайталабайт эле. Демек, мага али көп иштөөгө туура келет!

Январь айында (1995-ж.) жогоруда аты аталган пайгамбарлар менин дарыканама, дүкөнүмө көп сандыктарды алып келишип (15 сандык) коюп коюшуптур. Анан айтышты: сен үйүӊо бара бер. Мында бүгүн биз калабыз. Сандыктардын оозу ачык экен. Баарында алтындан жасалган түркүм зер буюмдар бар экен. Катарынан жыйып коюшуптур. Кызыгып кыдырып, сандыктардан өтө кооз жасалган башка кийген корона, моюнга илген колье, сөйкө-шакектерди кармалап көрдүм. Бирок өзүмө кийип көрүүнү ойлобоптурмун. Зер буюмдардын кооздугу бирин-бири кайталабайт. Көркөмдүгү өтө кооз жана татаал. Пайгамбарлар айтышты: ушул алтын зер буюмдар сага байлык болуп кирет! «Теӊир, Аалам жана Мен» китебинде жазылган Мухаммед пайгамбардын айтканы: «Бакытымдан салайын, байлыгыма малайын. Ачылып бактыӊ кыргыздан, хан жигитти карагын»! (141-бет) ушу сыр менен байланышкан болсо керек. Эртеӊ менен жумушка келсем баары ошол жерде түнөшүптүр. Ошол ааламдын бийик күчтөрү чоӊ касиетти, ырыс-кешикти  таштап кеткен соода жайын сатпай сактап койсом кийин кызыл-адырлыктар эшик-терезесин тоноп кетишти. Мындай жайды азыркы тил менен айтканда КУТ түшкөн жай деп сыйынуучу жайга айлантышууда. Кызыл-Адырлыктар ошол КУТ түшкөн жайды калыбына келтирип, энергиясын туура пайдаланышса деген нээтим бар. Үйдүн документтерин жалпы элдин кызыкчылыгына пайдаланышса деген ниет менен сактап жүрөм. Эми бул купуя сырдын мага гана арналганына карабастан, мен Кыргыз элимдин бактысы, байлыгы (ошонун ичинде менин да бактым, байлыгым) ошол сандыктар менен келди деп кабыл алдым. Мага келген Кубаттуулук, Бакубаттуулук, өзгөчө тагдыр – Кыргыз элимдин байлыгы, бактысы деп билем жана өз ниетимде дили таза бардык боорлошторум менен бөлүштүм!

1995-жылдын июль айы болсо керек эле. «Кыргыз руху» гезитинин редакциясына келип, акын Эгемберди Эрматов (азыр ЖК депутаты) менен редакцияга жакын жайгашкан Г. Айтиев атындагы музейдин астындагы отургучка келип отурдук. Ошол кезде башым катуу айланып, бет алдымда кендир жиптен токулган каптарды башынан тартып, үстүнө кат-кат кийгизилген бир караан пайда болду. Менин тилим мага баш ийбей: мына Мен Кудай жерге түштүм, бет алдыӊда турам,-деген маанидеги ырларды айта берди. Ал караандын боюнун бийиктиги, орто бойлуу адамдыкындай эле. Ал күнү башым катуу айланган бойдон үйгө кайткам. Албетте, мен тилимден чыгып жаткан ырларга ишенип, Кудайга жолукканымдан күмөн санаганым жок. Бирок, Э. Эрматов али күнчө керемет окуяга туш келгендигин сезип-туйбагандай таасир калтыргандыгынан, ал кишиден ошол күнкү окуя тууралуу эч нерсе сурабадым.

2007-жылы телекөрсөтүүлөр аркылуу Библиянын негизинде тартылган пайгамбарлар тууралуу көркөм фильмдер көрсөтүлүп жатты. Ошол фильмдерден Муса пайгамбардын мен жерден кезигип, көзүм менен көргөн караанга окшогон кендир кап жамынган караанга, камыштардын арасынан кокустан сүзүшүп кеткен жерин көрүп аябай таӊдандым. Мага көрүнгөн караанды эч өзгөрүүсүз экрандан көрдүм. Али күнчө толкунданганымды жашыра албайм. Ошондон тартып Библияны издештирсем, борбордук мечиттен бир молдо киши (аты эсимде жок) Библиянын эски чыгарылышын алып келип берди. Библияны окуп жатып ошол жерин таптым. Ал күнгө чейин курмандык чалынып, алоолонто от жагылып, казан асылган жерге Кудай түшүп келээрлиги тууралуу бата аркылуу адамдарга айтып келем. Бирок, ошол бойдон ал караанды кайра көралбадым. Болгону көргөзүп, мына мен мында келдим, -деп айттырат. Албетте, азыр таӊ калуу сезими менде калган жок. БИЗ –бир бүтүн дүйнөбүз!
Уланта берсем мен жолуккан жомоктор көп. Кийинчерээк дагы улантаармын.
Кудай менен сүйлөшүү
Манас менен сүйлөшүү

Манастын апрель окуясынан кийинки баяны

Тууганым Кыргыз тууруңа конот Алтын Куш,
Жолдорун Кудай, Манастын Сѳзүн сактагын!

Кыргыздардын жан дилинде адилдиктин тутуму,
Чындык жолун издей берип жашоо-тирлик жупуну

Жүрѳктѳ калган жаратым дале шүүшүндѳйт,
 Кыргыздын бүгүн оңолбой турса салмагы.

                                          19.06.2010 14:43-17:20

Кеменгер адам кечикпей келсе жаныма,
Кечээги кепти ойлонуп турган маалымда.
Эр Манас эргип эртеңки күндү айтат деп,
Тыңшадым түндѳ, күндүзү дагы сагына.
Саргайткан күндѳр элимди каптап келгени,
Эзелки кыргыз кыйналып турса дагы-да.

Элеттин эли экчелип эстен танганы,
Канкорлор каптап кыргынды салып барганы.
Бак-шагы соолуп элеңдеп турду бир даары,
Кѳк түтүн каптап ѳрттѳнүп жатса мал-жаны.
Маанайың түшкүр кан ичкич нени каалайсың,
Кыргызды кыйнап жок кылган эле хандары.

Сынганын кѳрдүм ааламдын ыйык нурлары,
Ыйлаган сайын кыргыздын сансыз балдары.
Сай-сайлап калгыр санатын кыргыз унутпа,
Курутам деген куруйт дейт, атпа кыйланы
Асманда жылдыз жыбырап айтып жатат дейт,
Ѳрттѳсѳң кыргыз кабылат турмуш зынданы.

Жанымды сабап эсиме алдым баштагы,
Кудайдын айткан сѳздѳрүн бүгүн шактагы.
Шаңкайып тийген күн нуру түшүп жаныма,
Тѳмѳнкү сапты Кудайым айтып жатканы:
– Жайнаган гүлүм,  жадыңда болсун ар бир сѳз,
Түгѳнбѳйт деди кыргыздын ачык асманы.

Ардагым, кыргыз! Ааламдын сѳзүн тыңдаса,
Кудай да ага мамиле кылат башкача.
Баатырың Манас жол баштап ѳзү барган соң,
Башталат шондо ѳзгѳчѳ болгон тамаша.
Бак-шагы кыргыз коробойт коомай болбогун,
Кырчылдап турган кыргызга жылдыз тараза.

Тандамал кыргыз алдыга чыгып баргыча,
Арамдык жолду түп-орду менен алгыча.
Кыйсыпыр жашоо ѳйдѳ-ылдый болот жолунда,
Алыстан тийген ак жылдыз башта калгыча.
Кудайдын үнүн угалбай турат кыргызың,
Ойлонсун кыргыз эс-учтан абдан тангыча.

Чалкалап жатып тайраңдап барган жолунда,
Талкалап салган таажыны алсын колуна.
Коромжу эмес ошондо келет жакшылык,
Кѳтѳрүп кѳккѳ колдорун алсын бооруна.
Асманга карап сыйынсын кыргыз балдары,
Баарысы бирдей карабай ачка-тогуна.

Тоолордун боору билдирет белги барганда,
Кыргыздар неге келишкен ушул жалганга?
Жантайып жатып издебе ыйык жашоону,
Кѳтѳргүн азап  Кудайың башка салганда.
Кыргыздар ачык тапмайын ыйык жолдорун,
Ызы-чуу, кыргын түгѳнбѳйт дале таңдарда.

Кыргыздын сыры, табылгыс болгон жолдору,
Ѳзүңдѳ эле, апачык тагдыр колдогу.
Коомайлык сыры эмнеден чыгат угуп тур,
Түзалбай дагы турасың Ыйык Ордону.
Оозанып далай айттык го, дале билбедиң,
Ак Мѳѳрдѳ жатат кыргыздын ыйык чордону.

Чогулуп кыргыз ойлонуп сырды кѳргүлѳ,
Далайлар барды жалбырттап кыздын ѳртүнѳ.
Ѳзѳктѳн чыккан ѳрт жаман деген ушу экен.
Бербегин эми абийирин кыргыз тѳктүрѳ.
Ордосу кыргыз оозансын кыргыз сѳздѳрүн,
Кыргызым эми оожалгын сыпат,  кѳрк кире.

Келечек иште кемибе кыргыз жаштары,
Кенендик кылып колдогун Кудай каттарын.
Канатташ бооруң Ак Мѳѳрдүн шыңгыр күлкүсү,
Угулса жерде ачылат кыргыз асманы.
Башкача жолду кѳралбай бүгүн турабыз,
Кыргызга башчы Ак Мѳѳр деп Кудай каттады.

Кагылам кыргыз карааның бийик болот дейт,
Жоголуп азап, маңкайып маанай толот кеп.
Жагылып оттор, казанда кайнап оокат-аш,
Кѳңүлүң толуп, бакубат болуу улуу сеп.
Ургаалы кыргыз ошондо барып толгону,
Түбѳлүк кыргыз Кудайдан алчу Улуу Чеп!

Тыңдагын кыргыз жаңылып дагы барганың,
Ѳйдѳ-ылдый болгон турмушту кайра алганың.
Канаты кыргыз кайрылбай барчу жол ушул:
Кудайдын сѳзүн кулакка илгин балдарым.
Бактысы кыргыз Ак Мѳѳрдѳ турат эсиңе ал,
Акылы Аалам согот дейт кыргыз арбайын!

Чындыктын сыры, чыныгып Манас барганы,
Алыстан мына кѳрүнѳт Шердин карааны.
Каныкей менен келишет бирге жакындап,
Жанына алып алыптыр кичик баланы.
Маанайы кыргыз жарыла албай турганда,
Басат  го бүгүн кѳѳдѳнгѳ толгон санааны.

Сарпайы чепкен кийгендер мында келишсин,

Кыргыздын сырын мынчалык кимиң кемиттиң?
Кечээги эле бийликте туруп эсирген,
Эсерлер, неге канкорду мынча элирттиң?
Эскертүү керек: эсиңе келгин эсиңе,
Түшпѳсүн сенин башыңа шумдук каран түн!

Эскерттим сага бир мѳѳнѳт бүтсѳ кетээриң,
Кѳгүлтүр от да басаңдап барып ѳчѳѳрүн.
Эскерттим беле? Эсиңе алгын Курманбек,
Баш бийлик андан Ак Мѳѳргѳ ыйык кѳчѳѳрүн.
Максимиң эми уруштан башын тартсын дейм,
Желмогуз, жексур, тойбосту токтот, бечелиң.

Кан ичкич канкор канжалап турат кѳздѳрү,
Кѳзүнѳ илбей ѳрѳпкүп тилдейт ѳзгѳнү.
Ѳктѳмдүү сүйлѳп тебелеп тепсеп барганды,
Эр Манас баштан сылабайт дегин, кѳпкѳндү.
Кѳѳнүндѳ жоктун жолдорун ѳзүм жабамын,
Эсиңе алгын Курманбек эми ѳткѳндү.

Балаңа айткын асмандан чаап бараарым,
Алаамат тилеп тургандын жанын алаарым.
Эрегиш салбай эсине келсин балдарың,
Акыркы жолу мына ушул болсун жардамың.
Акчаны, алтын алганы азбы какмардын,
Болбосо эле ашырам баштан арманын.

Адамдын жолу, акыйкат сыры тѳгүлѳѳр,
Болбосо арттан арманын айтат ѳлүүлѳр:
– Ѳрттѳдүң бизди, ѳрттѳнүп ѳлгүн ѳзүң да,
Ѳлүгүң сенин чет жерде калып кѳмүлѳѳр.
Арамдык жасап калкына азап салгандар,
Адамдар эмес, кан күсѳп турган бѳрүлѳр!

Жолдору Максим жабылып какшып калганы,
Байлыгын  кыргыз күргүштѳп ташып салганы.
Чет жерге барып жыргаарың кѳрүп турабыз,
Башында болот түгѳнүс, толгон арманы.
Атаңдын кѳрү,  кыргызга күйбѳйт турбайбы,
Бѳтѳндѳн жалгап, бѳтѳндѳн туулган балдары.
Байрагы кыргыз башыңа салсын мүшкүлдү,
Ушинтип айтып Эр Манас абдан үшкүрдү.
Ѳрттѳнүп ѳлгүр, ѳрттѳнүп ѳлгүр канкорлор,
Адалдар тегиз кечиге берип күттүрдү.
Кѳѳнүмѳ батпас азаптын сыры ушунда,
Кыргыздар дагы сезалбай турат ѳткүрдү.

Кыргызым кымбат, кыйналып турган чагында,
Кыргыздан эрлер чыкпады менин багыма.
Маанайың кѳтѳр, кыргызга келген эр кыз бар,
Кошкула аны эрлердин мыкты сабына.
Кыргыздын багы, тагы да ушу кызында,
Баш кылуу үчүн кѳргүлѳ бекем камылга.

Асмандан карап айланып турат Кудайым,
Ѳчпѳсүн жерде чырагы анын ылайым.
Бир боорун кыргыз жанындай кѳрѳт жанындай,
Кыргызым эми Ак Мѳѳрдѳн чепти курагын.
Кудайым айткан кыргыздын жолун кѳргѳздүм,
Тандамал кыздын кезеги келген убагын.

Каалаба-каала капчыгың бошоң болгон чак,
Боортоктоктоп кыргыз ѳлүмтүк болду кансырап.
Каныкей баштап калчайт дейт кыргыз кыздарын,
Баарыга салып алаамат салчу жан сурак.
Сарпайы чепкен жапкызып чыгар кызыңды,
Бекерден-бекер барбагын күндѳ алсырап.

Эр Манас баштап кыргыздын жолун баштаарын,
Ак Мѳѳрдү таптап турмушун кыргыз ачмагын.
Эскертип бүгүн баарыга кабар салалык,
Болбосо эле кайрадан күндүн батмагын.
Мырзалар эми жол ачкын Ак Мѳѳр тарапка,
Ошондон тарта эрлердин жолун таптагын.

Асманда кыргыз жолдору шундай жазылган,
Айланам сенин аталган Ак Мѳѳр атыңдан.
Жүрѳгү кыргыз , тилеги кыргыз Ак Мѳѳрдѳ,
Ак Мѳѳргѳ далай адамзат жүгү артылган.
Буйругу Кудай ушунда кыргыз билип ал,
Жолдоруң танда асмандан жерге айтылган!

One thought on “ААЛАМДАН КЕЛГЕН КАТТАР

  1. Урматтуу Омурбубу Бегалиева Чындык Аллахтын Ыйык кураанында гана. Аллах Таала вахийди бир гана пайгамбарларына жиберген. Ачык айтканда жашыруун кабарларды. Сизге келеген аяндар булар шайтандан келгендер болсо керек. Акыркы пайгамбар Мухаммад С.А.В андан кийин пайгамбарлар болбойт дагы. Демек Кудайдан бизге Жашыруун кабарлар да келбейт. Ал эми Жабрейил алейхи салям, же башка периштелер пайгамбарларга гана корунгон, адамдарга корунуусу мумкун эмес. Аллах Таала сизге Бекем ыйман берсин, Акыретте пйда берер Илим берсин.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *