Гүлзада РЫСКУЛОВА, ырчы: «Калп күлүү, калп сүйлѳшүү, калп эле катташуу кѳбѳйдү»

Маектешкен Салтанат КЫДЫРМАЕВА

Гулзада Рыскулова алгачкы эле ырдап чыккан «Мен кыргыздын кызымын» аттуу ыры менен элдин эсинен,  жүрѳктѳрүнүн түпкүрүнѳн орун алган. Анүстүнѳ, так ошол учурда Ош коогалаңы болуп ѳтүп, эл санаасы тынчыбай, мекенчилдик сезим курчуп турган кез эле. Бул ырдын жарыкка чыгышы ѳлкѳдѳгү ошол оор кырдаалга туш келип, кыргыздар улуттук духту кѳтѳрѳ турган ырларды талап кылып жатканда тартууланып, элге тез эле алынып кетти. Андан берки аз убакытта Гүлзада Рыскулова «Курманжан датка», «Курманбек», «Жер эне» жана башка мазмуну олуттуу ырлары менен чыгып, ѳзѳгү терең саптары менен угармандарынын кандагы кыргыз  касиетин козгоп келет. Учурда Гүлзада Рыскулова  кыргыздын нукура күү, дастандарын дүйнѳгѳ тааныткан «Ордо сахна» фольклордук-этнографиялык тобунда эмгектенет.

– Гүлзада, сен «Курманбек» аттуу ырыңды аткарганда, угуп турган элдин баарынын духун абдан кѳтѳрүп жибересиң. Журтуна жанын бергенден кайра кайтпаган бул тарыхый баатыр тууралуу чыгармаң кандайча жаралган?

– Эл арасында баатырдын Аккан досуна кайрылган жери кеңири таралган. А бирок, кырк чоросуна кайрылган жери сезимди ойгото турган абдан жалындуу сѳздѳргѳ бай. Мен бул дастанды мурда окугам, анан кайра кайталап окуп чыкканда чыгарманы азыркы күндѳ  «кайра тирилтип» чыккым келди. Жаштарга да жеткиликтүү болсун деген ой менен этнорок жанрына салып ырдадым. Жакында 50 жылдык юбилейде ырдадым эле, ал жердеги согуштун ардагерлери, спорт чеберлери бар экен, аябай шерденип, башкача болуп калышты. Мени «эркектердин намысына тийген кыз» деп атап коюшуптур. Чындыгында, намыстарына тийейин деп эмес, «Курманбекти» ѳзүмѳ жаккандыктан ырдап чыккам.

– Сен ырчылыкка чейин башка жумуштар менен катар Россияда да соода кылып кѳрүптүрсүң? Ушул туурасында кеп салсаң…

– Россияда соода кылуу  мага таптакыр жаккан жок. Ал жерде ѳзүңдүн элиңдегидей эркиндик жок, жандүйнѳ дегенди ойлогонго убакыт болбойт. Анын ордун акча ээлеп алат. Акча табыш керек деген менен күн кѳрѳсүң. «Акча, акча» деп атып кандай ѳмүр сүрүп жатканыңды билбей каласың.  Соода кылуу да оңой эмес, оор иш экен. Ал эми чет элдиктердин кыргыздарга жасаган мамилеси менин ар-намысыма аябай тийчү. Сыртта жүрүп элиңди, жериңди ѳзгѳчѳ  баалайсың,  мени  алыста жүргѳндѳгү сагыныч да кыйнады, кээде тамакка болгон табитим да жоголуп кетчү.

– Жакында эле бир мырзанын «кыздарда Мекеним деген сезим жок» дегенин уктум эле. Чет ѳлкѳлүктѳргѳ чыккан кыргыз  кыздары мекени тууралуу ойлонот деп ойлойсуңбу?

– Албетте, ойлонот жана эркектердей эле мекени үчүн жаны күйѳт. Мүмкүн алгач жаш кезинде түшүнбѳстүр, бирок убакыт-мезгил ѳзүнүкүн бербейт. Мына жакында эле италиялык мырзага турмушка чыккан бир эже менен таанышып калдым. Он жылдан бери ошол жакта экен. Бирок, жыл ѳткѳн сайын ушунчалык сагыныч, куса менен жашап жүрѳм дейт. «Элүүгѳ келдим, жаш курагың жогорулаган сайын ѳз жериңе катуу тартылуу башталат экен» дейт. Кыргызстан тууралуу айткан сайын тимеле күйүп-жанат.  Бирок эми ал жактан бала-чакалуу болуп калгандан кийин кайтып келе албаса да, кыргыз жери менен мактаныш үчүн Италиядагы досторун кезеги менен алып келип турат экен. Мен ал достору менен да таанышып, «Супара» этнографиялык комплексинде чогуу олтуруп калдым. Италиялыктар  «Силерде ойлорун, эмоциясын ачык билдиришет экен, дасторкон үстүндѳ кѳпкѳ олтуруп,  жүрѳктү ачып сүйлѳшѳт экенсиңер, мейман күткѳндѳн качпайт экенсиңер» деп бизге суктанып, «а биз ушунчалык материалдашып калгандыктан, адамдар жалгызсырап, ѳзү менен ѳзү сүйлѳшүп калгандар да бар» деп күлүштү.  Алардын бизге суктангандары, бизден алып кеткен нерселери – руханий жагыбыз болду.

– Кыргыздын жигиттеринде азыр жоокердик мүнѳз, күчтүү дух барбы?

– Менимче, жоокердик заманда эркектер жоокер мүнѳз болгонго аргасыз болушкан, анткени жоо келатканда элиңди, жериңди сактап калууга милдеттүүсүң. Бүгүнкү күнү андай баатырлыкты спорт жаатында, илим-билими, акыл кѳрѳңгѳсү менен кѳрсѳтүшсѳ болот. Азыркы замандын талабы башкача, кѳп нерсеге алдын ала мамиле кылыш керек, жашооонун маңызын терең түшүнүп, ааламдашуу заманында кыргыздар ѳз ордубузду таап жатабызбы, же туңгуюкка баратабызбы, ушуну терең түшүнгѳн жигиттер болсо, келечекти колдоруна бекем кармап, намыскѳй жигиттер ынтымакка келип, бир муштумдай түйүлсѳ жакшы болмок. Бирок, «сенден мен кыйын, менден сен кыйын» болуп, бири-бирине баш ийүү жок, баары тең эле башчы болгусу келген жигиттер кѳп.

Бүгүнкү учурда элди жетектеп кетчү бийликтегилердин духун да билиш кыйын болуп калды. Мына ушул чыныгы жигит окшойт деп эл ишенип баратканда эле алардын бир терс нерсеси чыгып калат. Ошентип олтуруп элдин ишеничи жоголуп калды. Ал эми ишенич жоголгондо, эл менен бийликтин ортосундагы ажырым чоң болуп калат. Бул албетте ѳтѳ жаман нерсе. Азыр мен айылыма барганда, же Кыргызстандын башка региондорун  кыдырып калганда байкайм, эл ѳзү менен ѳзү болуп, турмуш-тиричилигинин арабасын ѳзү сүйрѳп атат. Мамлекетке ишенбей эле ѳздѳрүнѳ милдеттерди коюп, ѳз жолу менен жандарын багып жатышат.

– Ѳздѳрүн багып калганы жакшы кѳрүнүшпү же мунун терс жагы да болушу мүмкүнбү?

– Жакшы жагы бардыр, бирок терс жагы кѳбүрѳѳк басым кылат. Себеби, баары ѳз алдынча болуп ѳз тирилиги менен алек болуп калганда адамдардын ортосундагы мамиле бузулат, бири-биринен алысташат. Анткени, ойлогондору жалаң күнүмдүк  кѳйгѳй болуп калат.  Азыркы мезгил ошондой эле болуп атпайбы, жакшылыкты ойлоону, кыялданууну унутушуп, элдин мээсин гана эмес, жүрѳгүн да жалаң кѳйгѳй ойлор ээлеп алды. Мындан улам денеси да оорулуу болуп атат. Ал эми ден соолук чың болуш үчүн биринчи кезекте оюбуз таза болуш керек эмеспи. Ой таза болуш үчүн эл жакшы нерселерден кабардар болуп, жарык нерселерге болгон үгүт менен жашаш керек эле.

– Ыр дүйнѳсү сенин жеке дүйнѳңѳ кандай бурулуш жасай алды?

– Кичинемде ѳзүмѳн ѳзүм буулугуп эле, жүрѳгүмдү тынчтандыра алчу эмесмин. Ички дүйнѳмдѳ бир нерселер эле боло берчү. Бала-чагыбыз кызыктуу, жетиштүү ѳткѳнгѳ ата-энебиз баардык шартты түзүштү, жаратылышка кѳп алып чыгышчу. Ошого карабай буулуга берчүмүн. Талаага жалгыз чыгып алып ырдагым келчү. Кийин апаман, апамдын устаттарынан кыргыз дүйнѳ таанымы тууралуу уккандан кийин ошолордун баардыгына жооп алып, ѳзүмдѳгү буулугуну жок кыла алдым, жашоомо жооп тапкандай болдум.  Албетте, толук жооп табыш кыйын, адам ар убак изденүүнүн үстүндѳ болот, анүстүнѳ бирѳѳнү таануудан да ѳзүн-ѳзү таануу кыйын эмеспи.
Кыргыз дүйнѳсүнѳ жаңыдан тереңдей баштаганымда кыргыз эли тууралуу комуз менен 7-8 куплет ыр жазып калдым. Мурда обон дагы, ыр дагы жаратып кѳргѳн эмесмин, кандайдыр бир касиет колдоду окшойт. «Сен ырдап чыга аласың, чыгышың керек, жарата аласың, жүрѳгүңдү тыңшасаң» деп жүрүп апам да менин ишенимимдин бекишине  чоң түрткү берди.

– «Толгонуу» аттуу ырың жѳн жерден жаралбаса керек…

– Былтыркы күз мезгилинде  бир тааныш байкелерибиздин 12 жаштагы баласы катуу ооруп, врачтар ага коркунучтуу диагноз коюп коюшуптур. Барып кѳрѳйүн деп ниет кылып атканда, ата-энеси ѳздѳрү суранып калышты, «келип кѳрүп коёсунбу» деп. Бардым. Баланы кѳрүп, эмнегедир аны оорулуу катары кабыл алалбадым. Ал балага кандайдыр бир касиет ооп жаткандай сездим. Дилимде, бул бала ооруканада жатпаш керек деп, «ооруканадан алып чыгып кетсеңиз жакшы болот го» деп  атасына ѳз оюмду  билдирдим. Бардык адамдар кыйын учурда бир нерсени билип-сезип турса да, тирек болчу адамдарды издеп, кеңештерин сурай башташат. Мында да ушундай болду, алар деле ошондой ой-пикирде жүрүшкѳндүктѳн, ошол эле күнү баланы ооруканадан чыгарып кетишти. Анан ал бала «мен Сулайман тоого чыккым келип атат» деди. Тынбай Сулайман тоого алпарып атышты. Кудайы ѳткѳрүштү. Ошентип, бала жакшы болуп кетти.

Ошол күндѳрдѳн кийин жан дүйнѳмдѳгү ички толгонуу күч болду. Кыскабы, узунбу ѳмүр сүрүп, канча адамдар ѳтүштү деп ѳмүр тууралуу ой жүгүртүп толгондум.  Негедир ал мезгилде жан дүйнѳсү жабыркаган адамдарга да кандайдыр бир жолдор менен улам-улам  эле туш боло бердим. Ушунун да таасири тийди окшойт. Анан бул чыгарманын сѳзү, обону жаралып калды.

– Кыйынчылыкта адамдар бири-биринен тирек издейт дедиң. Айтсаң, а ата-энең сенден кеп-кеңеш сураган учурлары болобу?

– Мен ушул нерсеге баам салып, ѳзүмчѳ ойлонуп калам. Ата-эне бизди тарбиялап, насаат сѳздѳрүн айтып чоңойтушат. Бирок, чындыгында эле ата-энелер кайра балдарынан сѳзсүз кеңеш алышат экен. Кѳп эле үй-бүлѳлѳрдѳн ушуну байкадым. Биз го, дээрибиздин, акылыбыздын  жетишинче аларга кеңешибизди айтабыз, бирок, ата-эненин батасы деген улуу нерсе бар, ага эч нерсе жетпейт. Ата-эненин батасы балдарына дайыма жѳлѳк, тирек болуп турат. Мисалы, биз дайыма үйгѳ барганда алар кайра-кайра алкап эле баарыбыздын атыбызды айтып, бата берип, ниеттерин салышат. Ошол баталар коргоочу күчкѳ айланып калганын кадимкидей байкайм. Ата-эненин ниети балдарына дайыма таза болгондуктан, сени жаман нерселерден коргоп тураары чын. Ошондуктан, баардык эле уул-кыздар ата-энелеринин батасына ээ болуп жүрүшсѳ дейм. Азыр миң-миңдеген жаштар чачырап дүйнѳнүн ар тарабында жүрѳт. Кыйналгандары канча. Эгерде бул жактагы  ата-энелери дасторконго олтурганда баталарын беришсе, тилектери аларга тиет. Сырттагы жашоодогу кѳйгѳйлѳрдү алар эч качан үйдѳгүлѳргѳ айтпайт, капаланткылары келбейт. Канчалык кыйынчылык менен,  кандай пешене тер менен акча таап жаткандарын жашырып айтышпайт.

Бата бере албаган карыларыбыз бар, мен аларды сындагым келбейт, бирок, аксакалдуу аталар, элечек кийген байбиче энелер бата бере албай калганда арданып кетем. Куюлушкан, жүрѳктү толкуткан бата саптарын айтып турушса кандай жакшы. Ата-бабалардан эң сонун баталар калган бизде. Жатташса, үйрѳнүп алышса болот да. Бата – аба менен суудай зарыл.

– Адам ѳмүрүндѳ түш кандайдыр бир деңгээлде ѳзүнчѳ орунду ээлеп турат. Кичине кезиңдеги түштѳрүң  эсиңдеби?

– Түш абдан маанилүү нерсе экенине ишенем. Кичине кезимдеги түштѳрүмдѳ дайыма эле сахнага чыгып, дүйнѳлүк ырчылар менен дос болуп эле ырдай берчүмүн…

– Азырчы?

– Азыркы убакта, эгер мен бир нерсени туура эмес кылсам, ошону алгач ѳзүм сезип калам да, анан дароо түшүмдѳн кѳрѳм. Түшүмдѳгү белги мага багыт болуп берет. Түш – сырдуу нерсе, муну менен адам баласы ѳзүнѳ кѳп нерсени алса болот.

– Сени ушул мезгилде баарынан кыжалат кылган нерсе эмне?

– Жѳн эле жакшы адам болуп жашаш азыр кыйынга туруп калды. Айлана-чѳйрѳбүздѳ жаман адаттарга ѳтүп алдык. Мисалы, калп эле саламдашуу, калп эле күлүп мамиле кылуу, калптан сѳз-маек куруу, калптан катташуу… Ѳзүнүн кызыкчылыгы, иши болуш үчүн эле мамиле жасоого ѳтүп алдык. Чын жүрѳктѳн делген мамиле сууп кетти, адамдын жүзүнѳ келгенде башкача, жүзү бурулуп кеткенде башкача мамилелер болуп атат. «Айла жок, жашоо ушундай» деп, кѳбү ушундай мамилеге ѳткѳнгѳ аргасыздыктан ылайыкташып баратышат, ошого мажбур болуп атышат. Ушундай нерселердин баары адамды чарчатат, ушундай нерселер адамды кыжалат кылат…

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *