Улуттук оюндарды ѳнүктүрүү борборуна бир жыл толду

Айпери СЫРАЖИДИН кызы

Былтыр, 2012-жылдын 15-февралда ѳкмѳттүн токтому менен Кыргыз Республикасында кыргыз улуттук оюндарын ѳнүктүрүү боюнча республикалык борбор ачылганын гезит бетинде жазып келгенбиз. Быйыл бул борборго туура 1 жыл толуп, коомчулук алдында ѳздѳрүнүн бир жылдык ишинин жыйынтыгын маалымат иретинде билдиришти. Биз борбордун жетекчиси Алмазбек КАСЕНОВго кайрылып, улуттук оюндардын ѳнүгүшүндѳ кандай ѳзгѳрүүлѳр болгондугуна кызыгып, пикирин уктук.

– 15-февралда Токтом кабыл алынгандан кийин, бир жарым ай аралыгында ѳзүбүздүн топту түзүп, май айынан баштап ишти толук кандуу жүргүзѳ баштадык. Жамаатыбызда 41 киши эмгектенебиз. Курамыбыздагылардын баары улуттук оюндарды республикада эң жогорку деңгээлде ѳткѳрүүгѳ даяр. Ар бир регионго бекитилген үчтѳн машыктыруучуларыбыз, методистерибиз бар. Бир жыл ичинде кѳптѳгѳн мелдештер болду, баарын жакшы деңгээлде ѳткѳргѳнгѳ аракет кылдык. Журтчулуктун басымдуусу баа беришти.

Биздин борбор ар бир федерация менен ѳзүнчѳ келишим түзүп, ар бири бизге бирден мыкты машыктыруучуларын берген. Азыркы учурда 9 башкы машыктыруучу менен иштешип, бири-бирибизди колдоп, түшүнүп, бир жылдан бери иштешип келебиз. Якутияда да улуттук оюндарды ѳнүктүргѳн биздикиндей борбор бар экен, ѳткѳн күздѳ алар менен келишим түзүп, иштеше баштадык. Турцияга барып, ал жактагылар менен улуттук оюнду ѳнүктүрүү боюнча маселе коюп, «Манас» эпосу аркылуу илимий конференцияларды ѳткѳрүп турууга макулдаштык. «Замандаш» эл аралык ассоциациясы менен келишим түздүк, алар дагы улуттук спортту кѳтѳргѳнгѳ жардам беребиз деп жатышат, бул боюнча азыркы учурда да сүйлѳшүүлѳр жүрүп жатат. Мындан тышкары, улуттук оюнубуздун 400 түрүн камтыган китепти мектептин, ЖОЖдордун окуу программасына кире тургандай кылып чыгарганы турабыз. Ал китептин авторлору Карасаева жана Жакыпова деген кыздар. Учурда бул китепти басмага тапшырдык, жакында колго алабыз. Ал эми «Кыргыз этно спорт борборун» курууну демилгелеп, мамлекетибизден жер сураганбыз. Себеби, кыргыздын тарыхын камтыган, улуттук оюндарыбызды жандуу чагылдырган борбордун болушу зарыл деп эсептейбиз. Буйруса, жердин маселеси чечилчүдѳй болуп турат. Куруп алсак, ал жер кыргыз улуттук оюндары ойнолчу, кѳрүүчү гана жай болбой, бүт кыргыз эли сыймыктана турган, келип ѳздѳрү үчүн кѳп тарыхый маалыматтарды ала турган, улуттук оюндардын түрлѳрүн, маани-мазмунун, идеологиясын түшүнүп биле турган борбор болот.

Улуттук борбор ачылгандан бери анализ жүргүзүп кѳрдүк, жасай турган жумуштарыбыз абдан арбын экен. Кѳп жылдар бою улуттук оюндардын борборун ачуу үчүн кѳптѳгѳн аракеттер жүрүп, бирок убакыт-сааты былтыр гана чыкты. Борбордун түзүлүшүнѳ чоң жардам берип, салым кошкон депутат Султанбекова Чолпон айымдын эмгеги ѳтѳ зор. Анын демилгеси менен биз түзүлдүк. Эми алдыбызда кѳптѳгѳн милдеттер, ойлор турат. Буюрса, алардын баарын ишке ашырабыз деп турабыз.

Маркум Баяман Эркинбаевдин дүйнѳлүк аренага «Алыш» күрѳшүн алып чыгууда чоң эмгек кылганын баарыбыз билебиз. Былтыр бул күрѳш боюнча 8 мамлекеттин катышуусунда Азиянын чемпионаты ѳттү. «Алыштын» Азия боюнча президенти Чолпон Султанбекова ушул мелдеш жүрүп жатканда кайсы журналист «Алыш» күрѳшү боюнча жакшы макала жазып, мыкты чагылдырып берсе, атайын ѳзүнчѳ сыйлык бар экенин айткан. Жыйынтыгында 6 журналист мыкты деген макалаларды жазды деп табылып, ѳздѳрүнүн байгелерин алышты. Биринчи орунга АКИПРЕССтин журналисти мыкты иштегендиктен татып, нетбуг алды. Калган журналисттер 5 000 сомдук диктофонго ээ болушту. Баарын депутат Чолпон Султанбекова ѳзүнүн жанынан тѳлѳп, ыйгарды. «Алыш» оюнунан сырткары, «Кѳк бѳрү» оюну боюнча былтыр сүйлѳшүлүп, быйыл Азиянын чемпионаты ѳтѳт. Бул дагы чоң жетишкендик, себеби, улуттук оюнубуздун бул түрү боюнча биринчи жолу Азиялык чемпионат ѳткѳнү жатат.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *