Oct 17

БОСОГОДОГУ СӨЗ же КЫТАЙДЫН ТҮБҮН ТИРЕГЕН КЫРГЫЗ

3-Чоюн агайЖазуучу, илим изилдөөчү Чоюн ӨМҮРАЛИЕВДИН «Теңирчилик. Бурут тамга – жандырмак» аттуу фундаменталдуу илимий басылмасы чыгарууга даярдалууда. Ч.Өмүралиевдин «БУРУТ» деп аталган түркий дүйнөгө киргенине он беш жылга чукулдап калды. Кытай жазуу тамгаларынын кыргызча-түркчө окулушу илимий ачылыш катары биринчи жолу «Асылзат» гезитинин атайын бир толук санында 2001-жылы (№14, VIII) жарык көргөн. 2003-жылы 5-ноябрда Бишкекте өткөн Бүткүл дүйнөлүк Чыгыш таануучулардын конгрессинде илимий докладда баяндалган. Бул ачылыштын илимий-теориялык негиз-дери жана практикалык өңүттө ишке ашырылышы автордун 2012-жылы жарык көргөн «ТЕҢИРЧИЛИК. БУРУТ ТАМГА – ТӨРӨН ТИЛ» аттуу илимий басылмада көргөзүлгөн. Тынымсыз көп жылдык изденүү, ачы-лыш, күмөн саноо, тактоолор, аныктоолор соңунда өз жемишин берди. Атаганда, илимде так чечилбей, же алиге башы ачыкталбай күңүрт келаткан маселелер бир жагдайлуу чечилди.

Толугу менен

Oct 09

Маданий мурас – урабас. Арабдашууну токтотуу зарыл!

 

1409767337_img_8788

Абдымамбет САРИЕВ, жазуучу (“Көк асаба”, архив, 2013-ж. 9-октябрь)

7-Сариев

 

«Хиджаб кийүүгѳ кандай карайсыз?»,  «Хиджаб кийбѳѳ ыймансыздыкпы?», «Эмне себептен азыр хиджаб кийүү кѳбѳйүп баратат?» деген суроолор күндѳн-күнгѳ арбып, бул маселе боюнча коомчулук тынчсызданып, ар кандай жыйындарда, эл топтолгон жерлерде айтып жатышат.

Кайсы бир маселенин тегерегинде дароо эле сѳз-талкуу кылып, суроолорго жооп берүүдѳн мурда,  кайсы заманда жашап жатсаң, ошол учурдагы ѳлкѳнүн саясий, маданий, илимий, экономикалык, аскердик ал-акыбалына, жалпы коомчулуктун улуттук жана диний кѳз карашына жараша иликтѳѳ жүргүзүп, ошол айта турган сѳзүң ѳлкѳнүн бүтүндүгүнѳ, кѳз карандысыздыгына, ырыс-ынтымагына, ѳсүп-ѳнүгүүсүнѳ доо кетирбей турган деңгээлде болуу керек. Эгерде биз чорт эле катуу айтып же жалтактай калсак, анда бул кыргыз элинин маданий улуттук же диний жактан болгон кѳз караштарына туура келбей калып, оңбогондой ката кетиришибиз мүмкүн. Continue reading

Jul 10

Кыргыз жаштары качан коомдук күчкө айланат?

Социология илимдеринин мудариси Кусеин Исаев,
Социология изилдөөчүсү Самарбек Сыргабаев

«Жаштар биздин келечегибиз» деп куру ураан кылып жогорку жана кадыресе трибуналардан көп эле сайрап жүрөбүз. Бирок, тилекке каршы, жаш муундун чыныгы абалы, коомубуздун түп-тамырынан бери жаңылануу жолунда алардын аң-сезиминин, баалуулуктарынын өзгөрүү багыттары каякты көздөй бара жатат деген сыяктуу суроолорго жооп издөө көз жаздымда калып келет. Ушул тапта республикада жаштар маселеси менен алектенген бир да илимий мекеме түгүл, кичинекей кафедра же лаборатория да жок. Жаштар чөйрөсүндө болуп жаткан процесстерди эч ким так билбейт, себеби илимий изилдөөлөр өтө аз. Мына ушундай шартта мамлекеттик жаштар саясатын жүргүзүү ылай суудан балык кармоого жасаган аракеттей эле сезилет.

Толугу менен

Jun 13

Кыргыз организминин сыры

 Салмоор ДЫЙКАНОВ, коомдук ишмер

Кыргыздар эркиндикте төрөлгөн, эркиндикте миң жылдар бою жашаган. Кыргыз элинин улуттук мүнөзү ушул эркиндикте жаралган. Алар кулчулукту көргөн эмес жана бул мүнөзү менен кулчулукта, басмырлоодо таптакыр жашай албайт. Кыргыз эли байыртан эле өзүн өзү өз башчылары аркылуу башкарчу…

Улут деген жөн эле көп адамдардын жыйыны эмес, бул өзүнчө тирүү организм. Ар бир кыргыз ошол кыргыз улут организминин клеткасы. Кыргыз элинин салттары – бул кыргыз улут организминин жашоо программасы. Ар бир организм өз ата-бабасынан калган салттары, мыйзамдары менен  өсөт, гүлдөйт, мөмөлөйт, утат, жеңет. Организм өз куту, өз коду, өз мыйзамдары менен жашаса, ал оорубайт, ден соолугу чың, кубаты күчтүү, акылдуу, бай болот. Согушпу, экономикабы, илимби, маданиятпы – бүт жерде бүт нерседен утат. Организм өз кодун өзгөртсө, башка, чоочун организмдердин кодун туураса, анда ал сыркоолойт, ар кандай жаралар, оорулар жугат.

Толугу менен

Jun 13

Ысык-Кѳл – бейиштин бир эшигидир

Бактыбек МАКСҮТОВ, «Айкөл Манас» фондусунун төрагасы

Манас бабабыз биринчи жолу Алтайдан Алатоого келатып, Үч-Каркырадан өтүп, Кызыл-Кыя менен кыялай түшүп, мелтиреп жаткан Ысык-Көлдү көрүп, сулуулугуна таң калып, жанындагы Ажыбайга кеп салган экен:

– Ээ Ажыбай, ушундай да сулуу көл болобу, ушундай да кооз жер болобу?! Суук көзгө көргөзбөс, ыпылас бутка бастырбас, кир колго карматпас, кыргызымдын пейилине жараша маңдайына бүткөн керемет көл экен го!? Көлдүн сулуулугуна, жердин байлыгына кызыгып, далай кан төгүшкөн кармаштар болуп, нечен азамат эрлердин баштары топтой томолонуп, көз жаштар далай агат ко, айланайын Ысык-Көлүм сен үчүн.

Толугу менен

Apr 24

Эл-журтубуздун кызыкчылыгына иштейли!

“Кыргыз таануу” коомдук уюмдар тилектештиги

Илгерки ата-бабаларыбыз кызыл кырман убагында кырк кадактан бир кадак деп чогултуп, кап-кап эгин түшүмүнөн каралашары жок кары-картаңдарга, оокаттан кыйналып тургандарга, мал сойсо, этти казанга салбай туруп, мына муну баланчага берип келегал, ал бечара шорпо-шилең ичсин деп бирөөлөрдү жөнөтүп турушкан. Кыргыз  элдик  бул пейил, ниет, салт, нарк өчүп калган жок. Бара-бара тамыры дагы тереңдеп, кенен жайылып, элибиздин элдик дөөлөтү учтан түпкө уланар.

Толугу менен

Apr 24

Билим берүүдѳ зарыл сабактар мектептерден неге алынууда?

Кубатбек ОСМОНОВ,
Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу,
Кыргыз чоросу

“Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деп залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай, келечек ээлерине билим берүүнүн программасы бир эле болгону менен, ар кайсы мектептерде мугалимдин жетиштүүлүгүнө, тартыштыгына, ошондой эле нарктуу элибизге пайдасы болсо да, болбосо да дүйнөлүк окуу системасын кабылдоосуна жараша өтө чачкын, кооптуу жагдай учурда жүргүзүлүүдө.

Толугу менен

Apr 03

Тирешкен эл менен бийлик же 20 жылдан берки мээкаңгыт идеология

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ, жазуучу-философ

Учурда, Элдик Курултайдын мамлекеттик түзүлүштү башкаруудагы чыныгы ордун табуу зарылдыгы турганы айтылып, бул багытта интеллигенция өкүлдөрүнүн арасында азыр изденүү күч. Конституциядагы Курултайдын ордун аныктоого умтулган бир нече долбоорлор бар. Алардын бирин өткөн жылдан бери Чоюн Өмүралиев да сунуштоодо.

Акыркы бир-эки жылда жандуу талкууга алынган курултай маселеси боюнча ар кандай кёз караштар биздин гезиттин бетинен да орун алып келатат. Өлкөнүн адашуусу, анын түзүлүшү, орду, курултай мааниси тууралуу Чоюн Өмүралиевдин бүгүнкү Кыргыз Эл Республикасынын концепциясы окурмандарыбызды кайдыгер калтырбайт деп ойлойбуз.

Толугу менен

Apr 03

Кыргыз жаштары качан коомдук күчкө айланат?

Фотосүрөт: “Кабар” КУМА

Кусеин ИСАЕВ, Социология илимдеринин мудариси,
Самарбек СЫРГАБАЕВ, Социология изилдөөчүсү

«Жаштар биздин келечегибиз» деп куру ураан кылып жогорку жана кадыресе трибуналардан көп эле сайрап жүрөбүз. Бирок, тилекке каршы, жаш муундун чыныгы абалы, коомубуздун түп-тамырынан бери жаңылануу жолунда алардын аң-сезиминин, баалуулуктарынын өзгөрүү багыттары каякты көздөй бара жатат деген сыяктуу суроолорго жооп издөө көз жаздымда калып келет. Ушул тапта республикада жаштар маселеси менен алектенген бир да илимий мекеме түгүл, кичинекей кафедра же лаборатория да жок. Жаштар чөйрөсүндө болуп жаткан процесстерди эч ким так билбейт, себеби илимий изилдөөлөр өтө аз. Мына ушундай шартта мамлекеттик жаштар саясатын жүргүзүү ылай суудан балык кармоого жасаган аракеттей эле сезилет.

Толугу менен

Mar 29

1916-жылдагы кыргын: күнѳѳ кыргыздардабы?

Бактыбек МАКСҮТОВ, «Айкѳл Манас баяны» фондусунун тѳрагасы

(Башы ѳткѳн сандарда)

ВЕРНЫЙДАГЫ КЕҢЕШМЕ

1916-жылдын 16-октябрында Верныйда Түркстан крайынын г-н генерал-губернатору генерал-адъютант А.Н.Куропаткиндин төрагалыгы астында кеңешме өткөрүлгөн. Кеңешмеге Жетисуу областынын аскер губернатору М.А.Соколов-Соколинский ( Буга чейинки фамилиясы Фольбаум болгон) жана башка падышачылык бийликтин жогорку даражадагы адамдары катышышкан.

Кеңешмеде Пишпек, Пржевальск жана Жаркент уездеринде жашаган 37355 түтүн кыргыз-казактардын 2.510.361. саржан жерин алуу каралган.

Толугу менен