Маданий мурас – урабас. Арабдашууну токтотуу зарыл!

 

1409767337_img_8788

Абдымамбет САРИЕВ, жазуучу (“Көк асаба”, архив, 2013-ж. 9-октябрь)

7-Сариев

 

«Хиджаб кийүүгѳ кандай карайсыз?»,  «Хиджаб кийбѳѳ ыймансыздыкпы?», «Эмне себептен азыр хиджаб кийүү кѳбѳйүп баратат?» деген суроолор күндѳн-күнгѳ арбып, бул маселе боюнча коомчулук тынчсызданып, ар кандай жыйындарда, эл топтолгон жерлерде айтып жатышат.

Кайсы бир маселенин тегерегинде дароо эле сѳз-талкуу кылып, суроолорго жооп берүүдѳн мурда,  кайсы заманда жашап жатсаң, ошол учурдагы ѳлкѳнүн саясий, маданий, илимий, экономикалык, аскердик ал-акыбалына, жалпы коомчулуктун улуттук жана диний кѳз карашына жараша иликтѳѳ жүргүзүп, ошол айта турган сѳзүң ѳлкѳнүн бүтүндүгүнѳ, кѳз карандысыздыгына, ырыс-ынтымагына, ѳсүп-ѳнүгүүсүнѳ доо кетирбей турган деңгээлде болуу керек. Эгерде биз чорт эле катуу айтып же жалтактай калсак, анда бул кыргыз элинин маданий улуттук же диний жактан болгон кѳз караштарына туура келбей калып, оңбогондой ката кетиришибиз мүмкүн.

Кыргыз кыз-келиндери жаш курагына жараша баш кийим кийген

4981cee2125f94c1c6f6fc91ad7af7c5

Кыргыздын аялзаты болобу, эркекзаты болобу, байыртадан бери ѳзүнүн улуттук каада-салтынын негизинде жаш курагына жараша кийим кийип, бири-бирине ошого жараша мамиле жасашкан. Адамдардын кийген кийими аркылуу анын жаш курагы аныкталып, «улууга урмат, кичүүгѳ ызаат» кѳрсѳтүлүп, аялзатына болгон мээримдүү жана камкор мамиле жаш курагына ылайыктуу сѳздѳр, кыймыл-аракеттер менен коштолуп, эркек менен аялзатынын ортосундагы ыйык чек араны сактап, улутту улут кылып, ар кандай бузуктуктан, тескери кѳрүнүштѳрдѳн оолак кылып, биздин кылымга чейин алып келди.

20311_664c8dbfa0ba8681d8f946e09b81f456

Аял менен эркектин ортосундагы ыйык мамиле адамдык сапатка ѳтѳ терең сугарылгандыктан жана кыргыздын улуттук каада-салтындагы жазылбаган бирок ооздон-оозго мурасталып келген негизги эрежелерге баш ийдирилгендиктен, кыз баланы бүткүл жамаат-айыл эли коргоп, сактап, «Кыздын кырк чачы улуу», «Кызга кырк үйдѳн тыюу», «Жакшы кыз жакадагы кундуз», «Кыз баарына тең» деп эркелетип, оор жумушка салбай, кордобой, жанын кейитпей, кызга тѳрдѳн орун берип, урматтап-сыйлап, баш кийимден тартып, жаш курагына ылайыктап бардык кийимдерин ѳтѳ кѳрктүү кийгизип, кийим кийүүнү тартиптештиришкен. Кыз баланын жаш курагы канчаларда экендиги анын баш кийиминен кѳрүнүп турган.

Эркек-аялдарыбыз чогуу-чаран олтуруп эле маселени чечишкен

1357968105_11

Кыргыз элинде эркектердин аял затына болгон урмат-сыйы ѳтѳ терең болгондуктан, кыргыздын акылдуу аялдары эл башкарып, эркектерге жол кѳрсѳтүү, ар кандай катаал жана татаал замандарда бири-бирине эш болуп, бир бүтүндүктѳ жашап, эркек аялга, аял эркекке кадырлоо жана барктоо менен ачык, так мамиле жасагандыгы, аял менен эркек аралаш чогуу отуруп кандайдыр бир маселени биргелешип чечкендиги, бирок ѳздѳрүн олуттуу кармап, интимдик  кыймыл-аракеттерге алып баруучу сезимдерге ѳтпѳгѳндүгү, ѳзүлѳрүн кармай билгендиги, ошого жараша жуурулуша жашоо-турмуш ѳткѳрѳ бергендиги айрым бир элдерди таң калтырган.

Кыргыздардын эркек-аялдарынын  жашоо-турмуштагы, ѳз ара мамиледеги адамдык оң сапаттар жан дүйнѳлѳрүндѳ терең орун алгандыктан, кандайдыр бир маселе боюнча эркектер менен аялдар бир жерге чогулса, ошол  маселе  биринчи орунда туруп, алар үчүн эң негизги нерсе улуттун каада-салтындагы адамкерчилик мамиле жана улуттун келечеги болгон. Айрым бир элдердей эки тараптын ортосундагы ыйык мамилени бузуу, интимдик жапайы сезимдерди ойготуу маселеси алардын канында, жан дүйнѳсүндѳ болбогондуктан, мындай түшүнүк алардын оюна да келген эмес.

Жаш кыздардын келечегине балта чабылбашы керек

723489265

 

«Азыркы учурда хиджаб кийген кыз-келиндер эмне үчүн кѳбѳйүп баратат?» деге суроого жооп берсем: Совет доорундагы илимий-атеисттик кѳз караш 90-жылдардан кийин пайдалануудан алынып салынгандан кийин, анын ордун «Адам укугу, демократия, гендердик саясат, улуттук азчылыкты коргоо» ж.б. дагы ушундай саясатка аралаш диний-диверсиялык иштердин активдешүүсү жана бул маселеде ислам фундаменталисттеринин чоң таасири менен айрым бир араб мамлекеттеринин диний иштерди жайылткандыгы үчүн аларды материалдык жактан колдоп, алар башкаларга караганда байып-марып, эл арасында активдүү иш жүргүзүүсү эсептелет.

Кыргызстанда  ислам дининен башка кѳп диндер, агымдар, секталар ѳз билгениндей орун-очок алып, «Кыргызстан диний полигонго айлангандыгын» массалык маалымат каражаттары ачык, так далил менен жазып келет.

Ал эми азыркы учурда жакын тууганы же күйѳѳсү ѳлүп калгансып, кыргыз кыз-келиндеринин кара жоолук салынып, кара кѳйнѳк кийгени кѳргѳн адамдардын эсин чыгарып, сезимдерине коркунуч туудуруп, бул жорук динди жамынып, кыргыздын салтын бузуп, элдин ырыс-ынтымагын кетирген, талаш-тартышты туудурган жана чоң чатак чыгара турган, чет ѳлкѳлүктѳрдү туураган ээрчиме адат болгондуктан коомчулуктун кыжырын кайнатууда. Ушул сыяктуу кѳрүнүштѳрдү токтотуу жѳнүндѳ бир топ чыгармачыл инсандар, белгилүү адамдар Бийликке чейин Кайрылуу-талап жазышкан жана бул маселе улам-улам кѳтѳрүлүүдѳ.

Жаш кыздарга ата-энелери хиджаб кийгизүүсү биздин улуттун элинин менталитетине, жашоо-турмушуна болгон кѳз-карашына, улуттук каада-салтына туура келбейт жана биз светтик мамлекетте жашап жаткандыктан анын мыйзамдары менен жашашыбыз керек.

Жаш баланын акыл-эси, аң-сезими толук ѳнүгүп-ѳсѳ элек болгондуктан, кайсы багытка тарбияласаң ошо багытка кете берет. Ошондуктан динге берилген ата-энелер жаш кыздарынын келечегине балта чаппай, кыздары жана уулдары он алтыга толгуча билим берип, тарбиялап, укугун бузбай, анан гана аларга диний түшүнүк берип, алардын кичинесинен баштап ашынган динчил болуп калуусуна жол бербѳѳсү керек.

Хиджаб арабдарда эмне үчүн пайда болгон?

Араб элинде жана аларды туураган ислам дини ѳнүккѳн элдерде хиджаб кийүү маселеси ошол ѳлкѳнүн климатына жана ал жердеги эркектердин аялзатына жасаган мамилесине жараша зарылдыктан улам пайда болгон…

Араб элинин пайгамбары Мухамеддин араб аялынын укугун коргоп, «Үч кызды аман-эсен тарбиялап турмушка узатсаң, мен сени менен бейиште бирге боломун» деген осуятынын маанисин терең түшүнүү керек. Мухаммед пайгамбар кезегинде арабдар кыздарды ѳлтүрүп, кумга кѳѳмп коё бере турган тескери жоруктарын жок кылуу үчүн жана аялзатын кѳчѳдѳ, талаада коргоо үчүн сыртка жалгыз чыгарбай, жанында бир киши болуу керектигин жана жүзүн жаап жүрүү керектигин эрежеге айландырган.

Биздин кыргыз эркектери болсо байыртадан аялзатына кандай мамиле жасагандыгын жогоруда белгилеп ѳттүк. Кыргыздарда арабдардай болуп кыздарды ѳлтүрүп кумга кѳѳмп салуу же аялзатын кордоп малча мамиле кылуу деген жаман жорук ойлоруна эмес, түштѳрүнѳ да кирген эмес.

1023025853

Арабдашууну токтотуу зарыл

Азыркы учурда кыз-келиндердин хиджаб кийүүсү – бул, кыргыздын улуттук каада-салтындагы кыздардын кийим кийүүсүнүн эреже, жол-жоболорун бузуу менен ашкере арабдашкан, улуттук касиетке доо кетирген тескери жорук болуп эсептелет.

Кээ бирѳѳлѳр хиджаб кийүүнү модага айлантып, ѳзүлѳрүн «эркектер карасын» дегендей кыймыл-аракет менен маршруттук таксилерде, кѳчѳлѳрдѳ койкоңдогонун байкоого болот. Себеби, азыр бардыгы тең окшош кийинген кыз-келиндерди караган жан болбой, ѳзгѳчѳ кѳрүнгүсү келип жасалма койкоңдогон аялзатын суктанбаса да таң калып же жек кѳрүп караган эркектердин кѳз карашын түшүнбѳгѳндѳр «мени кызыгып карап жатат» деп ойлоп жаңылып калышууда.

45c419b007800f783626e04bc7aab5e9

Жыйынтыктап айтканда, кыргыздын кыз-келиндеринин башка элдердин кыз-келиндерин туурап, арабдашып, ѳзүнүн элинин атам-замандан берки келаткан каада-салтын бузуп, улутка зыянын тийгизген хиджаб кийүү адатын токтотуу зарыл.

1362318928_1310621580_odezhda-3

2 thoughts on “Маданий мурас – урабас. Арабдашууну токтотуу зарыл!

  1. Эми мындай создор коп айтылып келе жатат. Бирок бул компьютерде же кагазда эле калып, эл арасында тирилип жашай албай жатат. Муну турмушка колдонуп жашасак болмок, ошондо сырттан келген идиологиялар алсыз болуп калмак. Азыр молдокелер менен укук коргоочулар катуу иштеп жатышат, эки жакты тен каржылоо жакшы денгээлге жетти. Ал эми кыргыз дуйно таанымын идиология кылабыз дегендер аз эле, анда санда чондор кеп кылып калбас а карапайым эл салтыбыз жоголуп бара жатканына ичтери куйуп ун чыгарып койуп жатышат. Кыргыз наркы кундон-кунго жоголуп бара жатат. Дагы 20-30 жылдын ичинде эмне болооруна козубуз жетпейт. Батыштын шортиги менен арабдардын дамбалы женип бара жатат. Еврей менен арабдардын дини дуйнолук чон маселеге айланды, буткул дуйнону оздоруно конул бурдурду. Кыргыз салты бул чон дайрадагы бир кобуктой болгонсуйт,
    Алдыдагы ташка урунуп кобук жоголуп кетпсе экен. Бирок Атамбаев айткандай бизди кудайым озу эле колдоп келе жатат,

  2. Оз улутунун каада-салтын жээрип,улуттук баалуулуктарын баалабай,башка улутуттун маданиятына баш уруп,ошолрдой кийинип жана аларды туурап окшошкусу келген кыргыз,кыргыз эмес. Аларга,оздору кимге окшошкусу келсе, мисалы:арабка же пакистандыкка карата мамиле жасагандай ото сактык менен мамиле жасаш керек.Себеби алар кыргыздын маданиятын баалабаса демек кыргыз улутун да,кыргыз мамлекетин да баалашпайт. Эртенки кундо алардан ар-кандай душмандыкты кутсо болот.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *