Сирия согушунун артында эмне турат?

06b2АКШ жер планетасынын булуң-бурчуна демократияны орнотконду жакшы көрөт, бирок эле, орнотулуп жаткан өлкөнүн эли негедир өлүмгө дуушар боло беришет. Вьетнамда демократияны орнотууда, 1965-1973-жылдардын аралыгындагы согушта 1 200 000 адам каза тапкан…

Кыргызстандагы Сирия карааны…

Ушул күндѳргѳ чейин биздин мекендештерге Сирияда эки жылдан бери болуп жаткан согуш кызыксыз эле. Элибиз эч капарсыз өз иштери жана жашоосу менен алектенип аткан. Бирок, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы жайы бою улам сенсация кылып келе жаткан видеолоруна кошумча кылып, дагы бир видео-тасманы сентябрдын орто ченинде бизге тартуу кылышты. Ал  кыска видео-кадрдагы бир адам биздин жаранбы? Анын Сириядан келгенин, аны менен кошо Сирияда согушуп атышкан бир нече Ош облусунун тургундары келгенин, пландары боюнча Бишкектен курал алып, Ош шаарына барышып, андан ары аларга өйдө жактан келе турган буйруктарды күтүшмөк экен. УКМК далил катары, жанагы адамдын Сириядагы согушуп жүргөн фотолорун келтирди. Алоолонгон согушта тайын фотого түшүп жүргөн го ал? Бул жакка тапшырма менен келе жатып, өзүнүн жана анын группасынын бетин ача турган фотолорун ала келгенби? Же биздин УКМКнын агенттери ушу фотолорду алыш үчүн согуш жүрүп аткан Сирияга барып келиштиби? Же УКМКнын Сирияда боевиктер арасында маалымат берчү адамдары барбы? Биздин УКМК ушундай күчтүү уюмбу? Биринен бири ѳтѳ туудурган суроолор…

Биздин УКМКнын Сириядан келген согушкерди (боевик?) кармаганын угуп, эки жыйынтыкка келсек болот:

1.УКМК негедир акыркы убакта «абдан жакшы» иштеп атат жана бул нерсе ал кызматтагы  сценаристтердин ойлоп тапканы, дагы бир революциялар, ЮПИ-гейттер, биздин коомчулукту коркутуу (кандай максатта экени белгисиз). Анда эле бул иш сотко жетпейт, жарым жылдан кийин унутта калат.

2.Эгерде чынында эле Сириядан келсе, бул биздин мамлекетибиз жана элибиз үчүн коркунучтуу коңгуроонун кагылышы.

 

Эгерде экинчиси туура болсо, анда бизде Сириядагыдай сценарий менен эмес, башкача нукта иш болот. Анын бирден-бир себеби, бизде нефть жок, калкыбыздын аң-сезиминин деңгээли Сирияга салыштырмалуу жогору жана Кытай биздин кошунабыз, Россия биздин партнерубуз. Демек, кылдат түрдө болот. Отту күйгүзүш үчүн оозуна цианид куюлган балыктар эмес, криминал же этникалык азчылыктар колдонулушу мүмкүн. Акыркысын ишке ашыруу реалдуулукка жакын, Карабах, Тажикстан, Чечня согуштарын эстесеңер.  Алгач кагылыш чыкса эле болду, андан аркы калган жумуш массалык маалымат каражаттарыныкы. Бирок, биз маалыматтык согушту уталбайбыз. CNN менен NBSге окшогон каналдарынын алып баруучулары бул жакта чынында эмне болуп атканын  билбей туруп эле, даяр текстти окуп-окуп коюшат. Ошол тексттерди биздеги ызы-чууга кызыкдар тарап даярдап береринде эч күмѳн жок. Ооба, ушундайда биздей өлкөнүн эл аралык иштерде оюнчукка оңой эле айланып калары абдан өкүнүчтүү.

 

Согуш башы кайдан чыкты?

 

Эми кепти Сириядан баштасак. Сирия «араб жазы» келген өлкөлөрдүн: Египет, Алжир, Ливан, Иордания, Мавритания, Ливия, Судан, Джибути, Марокко, Оман, Сауд Аравия, Ирак, Иран, Бахрейн, Кувейт, Пакистан, Албания, Йемен, Мальдив аралдары, Мали, Турция жана Тунистин бири. Ушул өлкөлөрдүн баардыгында ар кандай революциялар, толкундоолор, протесттер, нааразычылык акциялары болуп өттү. Ушул убакка чейин алар башкаруучуларына нааразылык кылбай келишип, негедир баары тең бир убакта жапырт көтөрүлүштү. Кызыкпы? Кызык!

 

«Араб жазы» деген да туура эмес аталыш. Иран, Пакистан, Албания, Мальдив аралдары, Турция ѳлкѳлѳрүндѳ арабдар жок, ал эми Судан 40% гана арабдардан турат. Анда «ислам жазыбы»? Бул да туура эмес, диндин негизинде кагылышуулар башталган жок. Кытайдын экономикасын алсыратуу үчүн Американын аракетиби? Ливия менен Сирияга Кытай инвестицияларды жумшаган. Кытайдын негизги керектөөчүсү АКШ. Бул мамлекет Кытайдан продукция албай койсо эле, ажыдаар өлкөсүнө чоң сокку болмок. Демек, бул да чындыкка коошпойт.

 

Сирияны алалы. Мындагы окуялар кандайча башталды эле… Эң биринчи, тынч демонстрация 2011-жылдын 26-январь айында болуп өткөн. Ал эми 2011-жылдын күз айларынан бери Сириянын ар кайсы шаарларында Башар Асаддын жана өлкөнү көп жылдардан бери башкарып келе жаткан «Баас» партиясынын бийликтен кетишин талап кылган демонстрациялар куралдуу кагылышууларга өткөн. Ошол убактан баштап жарандык согуш токтобой улам күчѳгѳндѳн күчөп келатат.

 

Тараптар. Бир жагы өкмөттүк армия, саны – 300 000 жоокер жана аларга  жардам берип атышкан чет элдик боевиктер: 1.«Хезболла» (ливандыктардын аскердик уюму); 2.НФОП-ГК (Палестинаны бошотуунун улуттук фронту; 3.«Абу аль-Фадль аль-Аббас» (ирактыктар); 4.«аль-Хуси» (йемендиктер); 5. «Асаиб Ахли аль-Хак» (ирактыктардан куралган); 6. «Армия Махди» (ирактыктар); 7) «Бригады обетованного дня» (ирактыктар) – баарынын  болжолдуу саны  20 000 согушкер.

 

Ага каршы тарап – сириялык оппозициянын боевиктери, булардын ичинен кайра – ар түрдүү багыттагы исламисттер: «Сириялык ислам фронту», «Сирияны бошотуудагы ислам фронту»,  «Джабхат ан-Нусра», «Ирак жана Леванта Ислам мамлекети», «Джейш-аль-Мухаджирин валь-Ансар», «Фатх аль-Ислам» (ливандыктар), «Братья-мусульмане», «Ансар аль-Ислам», «Техрик-и-Талибан Пакистан», «Туркмены султана Абдулхамид хана», Свободная Иракская Армия, «Ахрар аш-Шам», «Фаджруль Ислам», «Фатх аль-Ислам»,«Лива аль-Хабиб» бригадасы, «Лива аль-Мустафа», «Лива аль-Хак» бригадасы, «Лива аль-Таухид» бригадасы, «Лива аль-Хуррия» бригадасы, «Лива аль-Умма» (ливиядан келишкен), «Лива аль-Асифах» (палестиналыктардан), «Аль каиданын» боевиктери кошо – баарынын болжолдуу саны 100 000дей.

 

Бул согуштагы үчүнчү тарап – курддар. Алар согуш башталгандан бери өзүнчө автономия түзүп алышып, азыр эки тарап менен тең согушуп келе жатышат. Куралдуу күчтөрүнүн саны – 12 000 курд ополчениеси.

 

Маалымат согушу тууралуу

 

Facebook социалдык тармагына таянсак, 2011-жылы «Сириялык Революция» группасы пайда болот да, атайы бир күнгө Башар Асадка каршы «Каардуу күнгө» чакыруулар таратыла баштайт. Уюштуруучулардын Сирияга Египеттегидей Facebook жана Twitter менен 1 күнкү төңкөрүш жасоо планы ишке ашпай калат, Асад интернетти жаап таштап, Мубарактын тагдырын кайталагысы келген жок окшойт.

 

БУУнун берген маалыматы боюнча, ушу күнгө чейин жарандык согуш 120 000 адамдын өмүрүн алып кетти. Бул так жана акыркы маалымат эмес. Ар түрдүү булактар ар кандай сандагы адам жоготууларын айтышууда.

 

Куралдуу кагылышуулар башталары менен маалымат согушу кошо башталган. Сириянын расмий билдирүүлөрү жана оппозициянын маалыматтары, ар кайсы өлкөлөрдөн Сирияга келген журналисттердин берген кабарлары, ишенсеңиз, баары бири-бирине карама-каршы, биринчиси берген маалыматты экинчи тарап жокко чыгарган билдирүүлөрү менен коштолуп турду. Чындык каяктан башталып, калп кай жерден бүтөрү белгисиз болуп калды. Бул башаламандык, керек болсо, араб өлкөлөрүндө авторитетке ээ эларалык телекомпания «Аль-Жазираны» да ызы-чууга алып келди. Кээ бир журналисттер «биз калп кабарларды бергенге көмөкчү боло албайбыз» деген сөздөрдү айтуу менен эшикти катуу жаап, маалымат майданындагы иштеринен кетишти.

 

Жаңжал боюнча жана башка ой-пикирлер

 

Сириялык жаңжалды кыскача төмөнкүчө көрсөтсөк болот. Мындагы пункттар жабык циклде кайра-кайра кайталанып турат:

1.Боевиктер Сириянын чет жакаларынан Асадка каршы согушка жөнөшөт;

2.Асад оппозициянын боевиктерин алар ээлеп алган жерлерден сүрүп чыгарат;

3.Оппозиция бүт дүйнөгө Асаддын жүзүкаралыгы, тираниялыгын айгай салып, «бесполетный зона» (демократияны орнотуп бомбалоо) киргизишин талап коёт.

4.Батыш Асадка муштумун көргөзөт, ЛАГ (Лига арабских государств) курман болгон боевиктердин ордуна жаңыларын алып келишет;

5.Россия менен Кытай Батышка биз барбыз деп үн салышат, Сирияга аз-маз курал беришет;

6.1-пункт кайра башталат.

 

Ушу согушка кандай учкун себеп болгонун азыр аныкташ кыйын. Негизгилери төмөнкүчө :

1.Жергиликтүү райондук жана кээ бир шаарлардын администрациясынын иш-аракеттерине нааразычылыктар;

2.Башкаруучу коалициядагы парламенттеги орундар үчүн күрөш;

3.Этноконфессиалдык ык келишпестиктер: алавиттер, друздар, христиандар, шииттер, сунниттер;

4.Президенти алавит;

5.«Дайымы кор болгон» курддар;

6.Тынч жатпаган өлкөнүн чыгышындагы ирактык келгиндер (беженцы);

7.Либералдык оппозиция;

8.Исламисттер;

9.Чет элдик жалданма согушкерлер.

 

Оппозициянын «Сирийский Национальный Советке» биригиши да, булардын оппозициясын бириктирген жок. Анткени анда либералдар, жаалданбаган (умеренный) исламисттердин бул советте орун алышы каршылаштардын баарынын ой-максаттарына туура келбейт. Баардыгы чиеленишкен жана татаалдашкан.

 

Теракттар бүтүндөй Сирияны эмес, кээ бир гана райондордо орун алып келет, демек бул, элдин нааразычылык акциялары  эмес, бир группанын ишмердиги.

 

Батыш менен Америка Асадды диктатор деп айыптап айтып бүткүчѳ – Россия менен Кытай Сирия боюнча БУУнун резолюциясын кабыл алып ийишти.  Орустар «коргонуу» деген шылтоо менен Сирияга курал-жарак берип турду, керек болсо  С-300 ракеталарынан бери. Кытай да жөн отура бербестен, Ливиянын ызы-чуусу менен Африкадан Кытайдын экономикалык экспансиясынын сүрүлүп чыгышын көрүп, өзүнүн каршы сөзүн сүйлөдү.

 

Эмне үчүн Сирия Ливиянын тагдырын кайталаган жок:

1.Сириялык көтөрүлүшчүлөрдү «Аль-каида» колдоду, ачык-айкын терроризм;

2.Көтөрүлүшчүлөрдүн аз саны. (Мисалы АКШ дагы 19-кылымдагы жарандык согуш менен салыштырсак, түндүк  менен түштүк согушпай эле, Вашингтонго түштүк кол салбай, Нью-Йорк көтөрүлүп чыгат, бирок Нью-Йорктой алыс жайгашпай, жакын аралыктан.)

3.Ливияга караганда ПВО бар.

4.Көтөрүлүшчүлөрдүн көбү вахабитт, салафиддер менен мээлери чайкалган жалданма согушкерлер. Анын айынан карапайым эл жабыр тартууда. Мисалы теракттар, акча талап кылуу максатында адамдарды уурдоо, каапырлардын баарын кыруу ж.б. джихаддын элементтери. Бул жигиттер Сирияны мекендеген улуттардын баардыгынын  жек көрүндүсүнө айланышты.

 

«Жаңжалдын экинчи толкуну». Же Хомс шаары үчүн салгылашуу. 2011-2012-жылдын кыш айлары. Бул убакыт ченеми тарыхка ушундай аталыш менен кирди. Хомсту штурмалоодо танктар жана оор артиллерия колдонулду, ага чейин боевиктер ал шаардагы  эч күнѳөсүз 500 христианды кырып салганы маалым болду. Башар Асад ушу салгылаш менен конфликттин бүтөрүн жарыялады. Хомс шаарындагы кыруудан кийин «прогресивдүү» өлкөлөр Сириянын элчиликтерин кууп чыгышат. Ага жооп иретинде Сирия бийликтери АКШ, Франция жана башка «демократия»  мамлекеттеринин элчиликтерин кууп чыгат.

 

Лондондо олимпиялык оюндар жабылаары менен согуш күчөп, Алеппо шаары үчүн салгылаш болот. 13 миң сандагы арабдын жана Ливиядан келген согушкерлердин тамтыракайы чыгып жеңилишет. Бул операцияда Сириянын механизированный бөлүктөрү жана спецназы чоң рол ойноду. Түндүк-чыгышты көздөй фронт чоюлуп, Асаддын контролунан мурда чыгып кеткен жерлер кайра кайтарылган. Бирок, Ирак менен чектешкен чегарада боевиктер бир нече шаарларды күч менен басып алышат.

 

Азыр Сирияда тең салмактуулук сакталып турат. Аскер күчү «зачисткалар» менен колу байланып чабуулга өтө албайт, канжалаган боевиктер болсо Алепподо күчүн жоготуп камалып турушат.

 

Химиялык чабуул. Жайында көтөрүлүшчүлөр химиялык куралды беттерине кармап, кѳтѳрүлүшкѳ чыгышты. Алардын айтымында, Башар БУУнун миссиясы  келген күнү химкуралды өзүнүн элине каршы колдонгон, ал эми ѳздѳрү болсо «биз апакайбыз» деп кошумчалашты. Кырылып аткан адамдардын видеосу калп экенин эл аралык эксперттер айтып чыгышты. Бирок, Америкага шылтоо эле табылбай турганбы, чоң согушка даярдык катары, Иорданияда ЦРУнун инструкторлору 50 боевикти окуудан өткөзүшкөнүн өздѳрү ырастады.

 

Жогорудагы шылтоодон кийин АКШ 3 сценарийде согуш жүргүзөт деп германиялык «Дойче Велле» маалымат кызматы ой толгоду:

1.Учууга тыюу (бесполетная зона) киргизүү менен, Сирия армиясынын аба мейкининдеги күчүнѳн ажыратуу;

2.Ракеталык атакалар. Сириялык аскер объекттерине тандалма сокку уруу;

3.Көтөрүлүшчүлөргө курал-жарак берүү. (Бирок, сентябрдын биринен баштап НАТОго кирген өлкөлөрдѳгү элдер Сириядагы согушка каршылык билдирип демонстрацияларга чыгышып,   өлкөлөрүндөгү элиталарга ачык-айкын ойлорун жеткизишкенден кийин, тиешелүү бийликтердин аркеттери басаңдай түштү, Британиянын парламенти Антисириялык коалицияга катышуудан баш тартты, Египет Американын аскер кемелерин Суецтен өткөзбөй койду).

 

Ушул айдын 5-сентябрында АКШнын Госдепартаменти сүйүнүчтүү кабарды өзүлөрүнүн Конгрессине доклад кылды: Саудиттер АКШнын согушка кете турган чыгымын көтөрмөй болушуптур. Күлкү келерлик нерсе, америкалыктар саудиттердин жалданма жумушчусубу? Көрсө, Сауд арабдары Хомс аркылуу газ түтүгүн чоюп өткөзгѳнгө кызыкдар экен. Анан каяктагы демократияны орнотуу жөнүндө талкуулар десең…

 

Жыйынтык. Азыркы маалда Сирия Иордания, Турция, Израиль согуш ахвалында турат. Сирия ѳзүнүн кошуна мамлекеттерине эгерде батыш согушка ачык киришсе, согуштун ысык фазасын баштаарын маалымдаган. Эгерде ошондой болуп кенен масштабдагы согуш башталып кетсе, анда Сириянын территориясында, Жакынкы чыгыштагы бир нече өлкөдө согуш оту алоолойт. Кудай сактасын, а бирок анын артынан 3-дүйнөлүк согуш башталып кетсечи?

 

АКШ Афганистан, Ирак, Ливияда согуш баштаганда, бул мамлекеттер АКШга түз түрдө эч кандай коркунуч көрсөтүшкөн эмес, эми Сириядагы согуш керек болду. Афганистан менен Ирактан кетебиз деп алдоо жолу менен президент болгон жана Ливияны бомбалоо үчүн Нобелдин тынчтык лауреаттыгын алган Барак Хусейн Обама Сирияны талкалаш керек экенин 2013-жылдын август бою зар какшап келди. Бул анын АКШнын корпорацияларынын ээлеринин кол оюнчугу экенин далилдейт. Жана, АКШда демократия, шайлоо фикция экенин, АКШнын максаты сириялык элдерди согуштан куткаруу эмес, эң башкы максаты акчада жатканын  далилдейт.

 

Мисалы, Кыргызстанга эле АКШнын авиа базасы үчүн жылына 130 млн. доллардай чыгымдашат. Буга аскерлердин маянасын, амуниция, форма, мунай заты, ок-дарыга кеткен акчаларды кошуңуз – биздин мамлекет үчүн чоң суммадагы акчага барабар. Эми буга бүт дүйнөдөгү базаларынын чыгымдарын кошуңуз. Астрономиялык суммалар бекен? Кантсе да, АКШнын бизге көрүнгөн башкаруу элитасынын жана көшөгөнүн ары жагындагы кѳрүнбѳгѳн элитасынын максаттары ачык көрүнүүдө.

 

Ой жүгүртүп кѳрсѳк, америкалык жаран анда эмне үчүн Сириянын жээгине барып курман болуш керек? Небраска штатында, Асад өмүрү жетпеген, залал келтире албаган үй-бүлөсүн коргош үчүнбү? АКШ бул кѳйгѳйдүн да чечүү жолун тапты. Эми аскерлерине АКШ жарандарын гана эмес, АКШга жаран болом дегендерди ала баштады, аларга контаркт бүтөрү менен жарандык берилет. Ошондой эле, Жеке Аскердик Компанияларды кошо башташты. Эң ири компаниясынын штаб-квартирасы АКШда жайгашып, «Блэк Уотерс» деп аталат. Ал эми жоготууларды айтууда алар өзүлөрүнүн гана жарандарынын санын айтышып, беркилердин саны айтылбай калып, жоготуулар аздай көрүнүп атат.

 

Тараптар. АКШ: биз коркутмайынча Асад химкуралды эч качан бермек эмес. Коркутууну уланта бериш керек.

Россия: согуш башталса финансылык жардам беребиз.

Израиль: Асад убакытты чоюп атат.

Асад: мени тынч койсоңор, көтөрүлүшчүлөр менен разборканы силерсиз эле кылам.

Сириялык оппозиция: биз каршыбыз жана жеңишке чейин күрөшөбүз.

 

Биз кантип коргонобуз. Эгерде бизде бир канча сандагы боевиктер пайда болуп, кагылышуулар башталып кетсе, аларды бир күчтүү сокку менен жоготууга чамабыз чак келбейт деп биздин күч структураларына карата диагноз койсок болот. Бизде ВПКбыз да жок, согушка катышкан тажрыйбалуу күжүрмөн аскерлерибиз да жок. Баткендеги согушта командирлик составда катышкан адамдар менен маектешип, 1,5 жылдык кызмат өтөп аткан (срочная служба) аскерлерди алып барып ташташканда, куралын таштап качкан инциденттер болгонун көзмө-көз пикир алышып жатканда уккам.

 

Эркебек Абдулаевдин аскер күчтөрү боюнча китебинен

 

Төмөндө, легендарлуу чекист, СССРдин КГБсынын запастагы подполковниги, Ооганстан, Чечня, Тажикстан сыяктуу от күйгөн жерлерди баскан жана биздин  Улуттук гвардияны түзгөн маркум агайыбыздын ой-толгоолорун келтирдим.  Абдулаев Эркебек агайыбыз тээ алыскы жылдары эле ушу маселе менен алектенгенин карасаңыз… Демек, биз азыр тез арада чечкиндүү ѳзгөрүүлөргө барып, эмне болгон күндө да даярданышыбыз керектигин каңкуулайт. Жана сизге, урматтуу окурман, китепти толук окуп чыгышыңызды сунуш этем.

 

«Глава 4. Концепция национальной безопасности Кыргызстана

…Раз Кыргызстан является суверенным государством, он должен иметь Вооруженные силы. Но для этого сначала необходимо определиться с генеральной линией: кто является потенциальным противником Кыргызстана? В принципе, в качестве потенциального противника следует рассматривать любое государство, которое может развязать против нас войну. Это могут быть и соседи, и некоторые страны дальнего зарубежья. Давайте, чисто гипотетически, представим себе военный конфликт с кем-либо из них. Допустим, боевые действия развернутся в Ферганской или Чуйской долинах. Сможем ли мы противостоять Узбекистану или Казахстану (да простят они меня за такое гнусное предположение)? Не будем даже касаться вопроса возможного обострения отношений с Китаем, с Россией или Америкой.

 

Так вот, в любом случае, мы можем рассчитывать на успех, если только сумеем организовать тотальное сопротивление всего народа!

 

Нужно было, взяв за основу прежние мобилизационные планы, в которых расписывались действия медицинских, транспортных, промышленных, сельскохозяйственных и прочих предприятий, составить новые мобпланы. Четко очертить круг задач силовых министерств и ведомств, коммерческих и частных структур. В мирное время основная тяжесть ложится на плечи органов МВД: борьба в оргпреступностью и терроризмом, пресечение массовых беспорядков. О финансировании силовых структур: в разных государствах для этих целей выделяется от 3 до 10 процентов валового дохода. Исходя из общей выделяемой суммы, предусмотреть долю каждого силового министерства и ведомства. Например, 50% получает МВД, 20% – военное министерство, 10% – органы безопасности, 10% – МинЧС, 10%  ВПК.

 

Задача подразделений спецназначения органов безопасности в военное время – организация диверсий на территории противника. К этому они должны готовиться в мирное время.!

 

Национальная Гвардия должна была стать кузницей кадров партизанских отрядов. Каждый чабан для нас являлся стратегической единицей, способной в течение месяца прокормить целый батальон. При необходимости он был в состоянии организовать партизанскую базу, заложить тайники с оружием или даже дать бой в своем ущелье превосходящим силам противника.

 

Нечто подобное создавалось в начале 90-х годов в Чечне. Только Дудаев пошел дальше: он сразу же раздал населению легкое стрелковое оружие. В Кыргызстане мы не могли пойти по такому пути, это привело бы к резкому обострению межэтнической напряженности с непредсказуемыми последствиями. Предполагалось крупные склады боеприпасов оборудовать в штольнях и шахтах в разных концах республики, расходные склады максимально приблизить к населению: в районные и городские военкоматы, отделы МВД и КГБ. Чтобы в случае тревоги через пару часов основная часть населения уже могла вооружиться. Правда, территориальные органы милиции, когда им было предложено в дополнение к имеющемуся штатному оружию принять по паре снайперских винтовок, пулеметов и гранатометов, впали в панику. Некоторые начмилы пожелали избавиться вовсе даже от штатных автоматов АКСУ, от которых больше хлопот, чем пользы».

 

«Глава 13. Ошские встречи.

Я провел в Оше несколько дней, насыщенных интересными встречами. Прослышав о наборе добровольцев, приходили не только частные лица, но и представители различных неформальных группировок со своими проблемами и заботами, которые не имели прямого отношения к событиям в Таджикистане. Впоследствии я долго и безуспешно пытался проанализировать и систематизировать огромный массив информации, добытый официальным, а иногда и не совсем официальным путем. Но вскоре понял, что это бесплодная затея. Поэтому решил просто изложить некоторые факты на суд читателя. Народ у нас грамотный, разберется сам.

 

Лидеры Алайской группировки:

— По имеющимся у нас сведениям, узбеки вооружаются, чтобы отомстить нам за ошские события 1990-го. У нас мало оружия, поскольку милиция в свое время изъяла все нарезные стволы. Допустим, что оружие мы найдем. Но нужно еще обучить наших ребят. Могли бы Вы, Бек-Аба, взяться за это дело?

— Вообще-то о безопасности своих граждан должны думать лидеры государства. Именно для этого в их распоряжении армия, органы безопасности и МВД.

— Мы не можем полностью надеяться на них. Потому что в случае войны, даже если будут задействованы силовые структуры, они могут опоздать на несколько часов. За это время узбеки успеют вырезать многих наших.

— Ну, что ж, обучить группу боевиков можно за довольно короткий срок. Однако, давайте попробуем подойти к этой проблеме несколько иначе. Представьте себе, что киргизы начали интенсивно готовиться к войне. Узбекам об этом станет известно довольно быстро. Они тоже будут вооружаться. Через некоторое время насыщенность оружием достигнет критической массы и стволы неизбежно “заговорят”, ибо дураков хватает с обеих сторон. Начнется война. Кому это будет выгодно? Поэтому возникает противоречивая ситуация: вроде бы и нужно вооружать киргизов, однако желательно, чтобы на руках оружия было бы поменьше и, чтобы оно не попадало к бандитам и безответственным лицам. В таком случае, какое соотношение стволов можно считать оптимальным для паритета сил: 1:1, 1:10, или 1:100?

Ребята задумались.

— Однако, думаю, есть иное решение. Что вы скажете, если я выдвину идею, что киргизам автоматы в принципе не очень нужны?

— Кажется, мы догадываемся о чем речь: например, в случае войны, взорвать плотины водохранилищ. Мы об этом уже думали в 1990 году. Только тюбетейки и всплывут!

— Ни хрена вы, ребята, не догадываетесь. Потому что в таком случае вместе с тюбетейками узбеков поплывут и калпаки почти двухсот тысяч киргизов Ферганской долины. О них вы подумали? Это во-первых. А во-вторых, мировое сообщество никогда не простит нам такого варварского поступка. Столб воды Токтогульского водохранилища, высотой почти 150 метров, оставит на месте Ферганской долины глубокий каньон. Выплеснет Арал в Каспийское море. Киргизы на века станут изгоями в планетарном масштабе. Нас проклянут наши потомки. Так что с политической точки зрения целесообразнее потерять в бою часть населения и оказаться в роли пострадавшей стороны, чем победить с такими печальными последствиями. В конце концов, “экологическое оружие” тоже можно использовать с умом. Зачем разрушать плотину Токтогульского водохранилища, когда можно грамотно регулировать поток воды? Например, можно вызвать засуху в весенне-летний вегетационный период и организовать управляемые наводнения и селевые потоки зимой? Но это все не то. Скажите, джигиты, сколько всадников вы можете выставить в день “Икс”?

— Мы, алайцы, в состоянии выставить три тысячи всадников за полдня. Только оружия у нас маловато.

— Оружия пока не нужно. Допустим, киргизы всей Ошской области способны мобилизовать пять тысяч конных. Это тысяча групп по пять человек. Если каждой группе дать по миномету (без плиты и треноги) с боекомплектом 90 мин? Представьте себе хотя бы одну тысячу кочующих минометов: они же в состоянии спалить все кишлаки Ферганской долины!

— А где мы возьмем минометы?

— Можно нарезать из водопроводных труб. А боеприпасов у нас хватит на сто лет. Готовясь к войне с Китаем, Советская Армия этим добром запаслась с лихвой. Лучше давайте сразу договоримся с узбеками о мирном сосуществовании. Ведь в случае войны победителей не будет. Это должно быть всем ясно, а потому особых секретов ни от кого делать не следует.

— Интересно, а сколько минометов нам понадобится, случись война с Китаем?

— Примерно десять тысяч.

— ?!

Каждому чабану заранее надо дать по две трубы, потому что один миномет он обязательно где-нибудь потеряет. Перед началом войны достаточно будет забросить ему грузовик боеприпасов. Тогда ему сам черт не брат! Так что каждый чабан для нас является стратегической единицей. В конце-концов он в состоянии прокормить в течение месяца блуждающий батальон!»    

(Абдулаев Э.С., Позывной “Кобра” (Записки разведчика специального назначения), Москва, Издательство: Альманах “Вымпел”, 1997).

Аскат РЫСПАЕВ

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *