Кылычбек ШАКИРОВ, «Кыргызалтын» ААКнын Экономика жана финансы башкармалыгынын тѳрагасынын орун басары: «2003-жылдагы коррупцияны далилдегенде гана «Кумтѳрдѳгү» үлүштү 50%дан жогору кѳтѳрѳ алабыз»

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү жана «Кыргызалтын» ААКсы, башкача айтканда, Кыргыз Тарап менен «Центерра Голд Инк» компаниясынын жетекчилиги «Кыргызалтындын» акция үлүшүн реструктуризациялоого, «Кыргызалтындын» түздѳн-түз «Кумтѳр» кенине кийлигишип катышуусуна жетишүү үчүн 2013-жылдын 21-февралынан 9-сентябрга чейин түз жана ачык сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүп, Кыргызстан тараптын пайдасын жогорулатуу максатында бир нече принциптерди кабыл алып, бул принциптер эки тарап ѳз ара түшүнүшүү тууралуу кол койгон Меморандумунда камтылган. «Кумтѳр» долбоору боюнча Меморандумдун учурда юридикалык күчү жок, ал келечектеги келишимдердин негизин гана билдирет.

d3278d2f69d1585b1c6bb273d9be78b8_0_500_0Маектеш тууралуу маалымат

Кылычбек Абидинович Шакиров – «Кыргызалтын» ААКнын Экономика жана финансы башкармалыгынын тѳрагасынын орун басары

Туулган жылы – 1973-жыл, 27-май

Билими – 1990-1995 ж.ж. – KМУУ, “Бухгалтердик эсеп жана чарба жүргүзүү анализи” адистиги  (артыкчылык диплому).

2002-2008 ж.ж. – Карл Эберхард Университети (Tюбинген/Германия), бизнес-администрирования магистри.  “МФСО/IFRS боюнча Банктык менеджмент, финансылык менеджмент, бухгалтердик  эсеп» адистиги (отчёттуулуктун эл аралык финансылык стандарты), «Жогорку статистика жана экономика теориясы”.

Эмгек ишмердиги – 1993-ж. – КР Улуттук банкынын мамлекеттер аралык эсеп-кысапты бухгалтериялык башкаруу бѳлүмүндѳ практикант; ошол эле бѳлүмдѳ экономист.

1996-ж. – 1997-ж. август – ООО “Oш Импэкс”, негиздѳѳчү жана директор;

1997-ж. август –1998-ж. сентябрь – “Карина” кыргыз-италия Бириккен Ишканасы (Бишкек/Кыргызстан), экспорт-менеджер;

1998-ж. октябрь  –2001-ж. август. – KRAMDS Bank (Бишкек/Кыргызстан), KRAMDS Bank филиалынын аткаруучу директору жана кредиттик комитеттин мүчѳсү;

2006-ж. январь –2009-ж. март  Swiss Bauwerk Parket GmbH (Боделсхаузен/Германия), коммерциялык директордун убактылуу ассистенти;

2009-ж. март –2009-ж. сентябрь –  Robert Bosch GmbH (Баден-Баден/Германия) коммерциялык башкаруу, бухгалтерия департаменти;

2009-ж. октябрь  – 2009-ж. декабрь –  Bosch Automotive Products (Чанша/Китай) электрондук жабдыктарды ѳндүрүү, коммерциялык башкаруу, финансылык кѳзѳмѳлдѳѳ департаменти.

2010-ж. январь  – 2011-ж. июнь  – Bosch Automotive Products (Чанша/Китай), финансылык кѳзѳмѳлдѳѳчү жана аналитик, кызматтык милдеттери  – ай сайын финансылык отчет, бизнес-пландоо, риск-менеджмент;

2012-ж. май –2013-ж. март  – ОАО “Бакай Банк” (Бишкек/Кыргызстан), банктын директорлор кеңешинин мүчѳсү, финансылык контролдоо,  кызматтык милдеттери  – банктын стратегиялык ѳнүгүүсү, финансылык отчетту контролдоо, бизнес-пландоо жана риск-менеджмент;

2013-ж. февралынан бүгүнкү күнгѳ чейин – “Кыргызалтын”  ААКсы, Экономика жана финансы башкармалыгынын тѳрагасынын орун басары, “Кыргызалтын” ААК  башкаруусунун мүчѳсү.

Кошумча маалымат – 2012-жылдын апрелинен азыркы учурга чейин  – «Жаштар жаңы кадрдык саясат үчүн» кыймылынын жетекчиси.

2012-жылдын июлунан азыркы учурга чейин – Саясый жана экономикалык илимдердин ассоциациясынын башкармалыгынын мүчѳсү.

Учурда, Меморандум КРнын Жогорку Кеңешинин фракциялары тарабынан талкууга алынууда. Жогорку Кеңештин Регламентине ылайык, аталган документтер адегенде Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери менен фракцияларында талкууланып, андан соң парламенттин жыйынында каралууга 2-октябрда ѳткѳн.

Биз бул маселе боюнча «Кыргызалтын» ААКнын экономика жана финансы башкармалыгынын төрагасынын орун басары Кылычбек Шакировго кайрылып, жети ай ичинде чет элдик компания менен болгон сүйлѳшүүлѳрдүн жыйынтыгынын ѳйдѳ-ылдыйы боюнча маек куруп берүүсүн ѳтүндүк.

– Кылычбек Абидинович, 50/50 пайыз деп эки тараптын үлүштѳгү келишүүсүн сиздер чоң утуш деп жатсаңыздар, парламент депутаттары жана коомчулук ѳкүлдѳрү 70-100 пайызды алыш керек дешүүдѳ. Мындан жогорку пайызды алууга эмне үчүн мүмкүнчүлүк болбоду жана болбойт, ушул боюнча түшүндүрүп кетсеңиз?

– Албетте биздин жети ай ичиндеги сүйлѳшүүлѳрдѳгү максатыбыз жана аракетибиз Кыргызстандын киреше акчасын кѳбѳйтүү, ѳлкѳгѳ болгон пайданы кѳздѳѳ экенин коомчулук түшүнүшү керек. Эгер буга чейин «Кумтѳргѳ» болгон кѳзѳмѳл Канаданын Торонто шаарында болуп келсе, эми ишканага туруктуу кѳзѳмѳл жүргүзүп туруу жана «Кумтѳрдүн» ишмердигинин ачык болуп турушу үчүн эки тарап Кыргызстандын ѳзүндѳ каттала турган жана Бишкектин ѳзүндѳ жайгашуучу Биргелешкен Ишкана түзүүгѳ макулдашты. Бул биз үчүн чоң утуш. Муну менен биз экологияга кѳз салып аны сактап калабыз жана акча каражатынын кирешесин 84 пайызга кѳтѳрүп, пайдадан утабыз.   Мындан тышкары, КР Өкмөтүнүн жана  «Центерранын» «Кумтөр» Биргелешкен Ишканасынын Директорлор Кеңешинин орундарынын саны теңме-тең бөлүштүрүлгөн жана Кыргыз  Республикасына Директорлор Кеңешинин төрагасынын орду берилген. Ошондой эле, финансылык жана операциялык маалыматтарга,  сатып алуулар боюнча маалыматтарга түздѳн-түз киришүүгө эми кыргыз тараптын көп мүмкүнчүлүгү бар болот.

Ал эми үлүштүн 50-50 пайызы тууралуу айтсам мындай. Азыркы мезгилде биз тараптын үлүш пайызы 32,75 болуп турат. Узак жана татаал сүйлѳшүүлѳрдѳн соң биз 50 пайызга кѳтѳрдүк. Мындан жогору пайызга азырынча кѳтѳрүлѳ албашыбыздын себебин экономикалык, математикалык жактан кароо зарыл. Алгач, февраль айында биз аларга 68 пайызды койгонбуз. Алар айтты, «силер акцияңарды 2004-жылы сатып жибергенсиңер, 68ге келе албайсыңар» деп. Анан биз 52 пайызга келип токтоп, август айына чейин ушуну кармандык. Бирок, эсеп китебине таянганда, «силер дале үлүш жагынан жетпей жатасыңар» деп тигил тарап ынабай койду. Алар февраль айында 36 пайызды, кийин август айына чейин 41 пайызды айтып туруп алышты. Аягы келип 7-сентябрда эки тарап тең 50 пайызга токтогонубуз мындайча болду. Эсеп китеби боюнча биздин үлүшүбүздү эсептеп келгенде, 46 пайыз болгондо да акча каражаты жагынан жетпейт экенбиз. Анан, Кыргызстан тарап келечектеги пайдадан тѳлѳп беребиз деп айтып, ошондо гана 50 пайызга кѳтѳрдүк. Ушул чечим гана эки тарапка утуш алып келерин, болбосо эки тарап тең утулууга кептелээри, алар бизди эл аралык сотко берүүдѳн башка жол жок экени ачык түшүнүктүү болду.

Негизи, сүйлѳшүүдѳгү механизмдерибизди ойлоп табууда акырындык менен ѳсүү жолун аңдап карап, бизге пайда, аларга карата ишибизде адилеттүүлүк болуп, Кыргызстандын дүйнѳлүк аренадагы да кадыр-баркын сактайлы дедик.

Кошумчалап кетерим, утуштардын бирине муну да киргизсек болот: «Центерра» 2009-жылдагы макулдашуу боюнча салык тѳлѳѳдѳгү туруктуулукту ѳзгѳртпѳй,  салык пайызы ошол боюнча калтырылды. Биздеги салык пайызы башка мамлекеттерге салыштырмалуу жогору.  Башкача айтканда, дүйнѳ жүзү боюнча эң жогорку салык 15-16 пайыз болсо, «Центерра Голд Компаниясы» бизге киреше салыгынан 14 пайыз тѳлѳйт. Ал эми башка мамлекеттерди алсак, мисалы, Бразилия, Түштүк Африка ѳздѳрүнүн инвесторлоруна салыкты 12%,  Казакстан, Танзания 11%, Кытай, Чили 10%дан коюшкан. Эскерте кетчү нерсе, бул жалпы кирешеден эмес, таза кирешеден гана түшѳ турган салык пайызы болуп эсептелет.

– Демек, сиздин сѳзүңүздѳн улам жыйынтык чыгарсак, “пайызды мындан жогору көтөрүү керек” деп жатышкан саясатчылар бул экономикалык эсепти жеткиликтүү түшүнѳ албай жатышабы?

– Алар баардыгын эле түшүнүп турушат. Менимче, бул жерде саясат ойноодо. Мисалы, айрым саясатчылар киреше тууралуу айтканда, кирешенин жалпы суммасын гана атап коюшат. Ал эми чыгашасы боюнча ооз ачышпайт, чынында, бизде чыгаша жагы ѳтѳ чоң, муну эске албай жатышат. Алсак, 1992-жылдан 2012-жылга чейинки киреше 5.394. 267 000 $ болсо, чыгаша 4. 468. 860 000 $ды түзүп, пайдасы 927 477 000 $ болгон. Чыгашалар бизде төмөнкүлөргө кетет: реализацияланган продукциянын өз наркына, амортизация, рекультивация, салык жана роялти, геологиялык-чалгындоо иштери, кредиттин проценттери жана өндүрүштө болуп туруучу дагы башка чыгымдар кирет.

– Келечекте 50 пайыз үлүштү андан ары жогорулатууга бизде мүмкүнчүлүк барбы?

– Эгер биз 2003-жылдагы коррупцияны далилдей алсак, анда келечектеги үлүштү 50 пайыздан жогору кѳтѳрсѳк болот, эгер коррупцияны далилдей албасак, кѳтѳрѳ албайбыз. Коррупция боюнча айтсак, мындай: 2003-жылы 31-декабрда премьер-министр Танаев  1993-жылдагы Концессиондук келишимдин “Оңдолгон жана толукталган концессиондук келишимине” кол койгон. Ушул жердеги таңкалычтуу бир жагдай – 31-декабрь күнү кол койгону. Кол коюлгандан кийин, биздин үлүшүбүз 67 пайыздан 33 пайызга чейин төмөндөгөн. Төмөндөгөнүнүн себеби, “Камеко” компаниясы  “башка чет өлкөлөр алтын кендерине бай жана аларда кымбат турат экен” деп Кыргызстандын кен байлыгын атайын арзан баалап салган. Бул компанияга кошумча болуп, кыргызстандык айрым биздин чыккынчылар эл байлыгын төмөндөтүп салышкан. Мындай көз будамайлоо жолун жашырыш үчүн,  “Камеко” 2009-жылы “Центеррадагы” үлүшүн 800 млн. долларга сатып, өзү чыгып кеткен. Ошентип, бүгүнкү күндө биз менен таза иштеп жатышкан чет элдик акционерлер тигил алдамчы кампаниянын күнөөсүн тартып калып жатышат. Мына ушул нерсе коомчулукка даана түшүнүктүү болбой турат.

Ал эми, 2004-жылы үлүшүбүз 33 пайыздан  15 пайызга чейин кантип түшүп кеткенине келели: 33 пайыздын 17си чет   өлкөгө “Кыргызалтын” тарабынан сатылып, 86 млн. АКШ доллары Кыргызстандын минфинине түшкөн. 2009-жылкы жаңы сүйлөшүүлөрдөн кийин, 15% бүгүнкү 32,75%га чейин көтөрүлөт. 2009-жылы буга кошумча “Центерра” ишканасына 16 миң гектар жер кошумча бөлүнүп берилген. Тактык үчүн айтып кетиш керек, эгер 1997-жылдан 2008-жылга чейин, б.а. 12 жыл ичинде  201. 230 млн. доллар салык төлөнсө, “Центерранын” “Кумтөр” ишканасы 2009-жылдан 2012-жылга чейин, 4 жыл ичинде эле 402. 916 млн. доллар салыкты  14% менен төлөдү.

– Эл ичинде сѳз бар эмеспи, кыргыздар алтын казган эмес деген, учурда  «алтын казууну таптакыр жаап салуу” же «Кумтѳр» ишин  мамлекеттештирүү зарылдыгы» тууралуу байма-бай айтылып келүүдө. Ушундай чечимдин жакын арада чыгарылышына көз карашыңыз кандай?

– Мен мындай айтаар элем. Учурда ѳзүбүздүн ѳнүгүү жолубузду таппай, жашап кетүү, кыйчалыштыктан чыгып кетүү жагын чече албай турганда, “Кумтөрдүн” токтотулушу менен Кыргызстанга эң чоң салык тѳлѳгѳн ишкананын  азык-түлүктѳрдү сатып алуу, электроэнергия, инфраструктура, кайрымдуулук жана ѳнүктүрүү программаларына, жергиликтүү коомчулукка, товарларды жана тейлѳѳлѳрдү сатып алуу жана башкага болгон тѳлѳмдѳрү токтойт да, мамлекеттин жашап кетүүсү кыйынчылыкка учурайт. Ошондуктан, «Кумтөрдөн» бөлөк келечектеги башка өсүштөрдү орнотууну ойлонуп, иш-аракеттерди жасообуз зарыл. Азыр болсо белгисиздикке жана тобокелчиликке башыбызды ургандан кѳрѳ, учурдагы бар маселени оңунан чечип, кыргыз эли кыйналуудан чыгып кетүүсү жѳндүү деп эсептейм.

Эгерде эле биз мамлекеттештирүүгѳ карай кадам таштай турган болсок, Кыргыз Республикасына жана «Кыргызалтынга» каршы арбитраждык доо коюлат. Себеби, алар биз тараптан коюлган шарт боюнча иштеп, салыкты убагында төлөп жаткандан кийин Эл аралык сотко Кыргызстанды берүүгө толук укуктуу. Доону ким коёт: «Центерра», инвестициялык фонддор, «Центерранын» акционерлери, талоончул фонддор. Ал эми бул бизге эч кандай утуш алып келбейт. «Кумтѳрдѳгү» «Центерранын» адилеттүү үлүштүк баасы 2.5-3 млрд $. Доо техникалык, компенсациялык, экологиялык, фискалдык жана башка теориялардын негизинде болот да, Кыргызстан соттук териштирүүдѳ жана чыгарыла турган ѳкүмдү аткарууда экономикалык кесепеттерге учурайт. Центерра/акционерлер берген доо арыздардан коргонуу үчүн эле 3-5 млн.$ чыгым тартабыз. Ошондой эле, дүйнѳлүк рыноктун капиталдык инвестицияларына чыгууга Кыргыз Республикасынын жолу тосулат, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү жабыркайт.

– Жогоруда 2003-жылдагы коррупция тууралуу айтпадыңызбы, азыркы сиздердин өнүгүү үчүн деген баардык иш-аракеттериңиздерге карабай, бул маселеде коррупция болушу мүмкүн эмес деген ишенимдесизби?

– Артка кѳз чаптырсак, «Кумтѳр» долбоору боюнча 2009-жылдагы келишимде 2 эле адам сүйлѳшүү жүргүзгѳн, азыр 40 адам кеңешүүдѳ. Ал убакта бир эле юридикалык консультант болсо, азыр юридикалык да, финансылык да, экологиялык жактан да эл аралык консультанттарды алып жатабыз. Меморандум болсо парламентке, коомчулукка талкуу үчүн коюлууда. Минтип маалыматты коомчулукка алып чыгуунун өзү жоопкерчиликке жатат. Меморандумдун азыр юридикалык күчү жок болгондуктан, эл талкууланып жаткан Меморандум боюнча өз пикирин айтышы зарыл нерсе жана келечекте биз менен кошо жоопкерчиликти тартуусу керек. Мындай ачык-айкын алып чыгуу кѳрүнүштѳрү биздин кошуна ѳлкѳлѳрдѳ жок экенин баса белгилеп айтып кетейин. Чынында, элибиз эки революцияны кѳргѳндѳн кийин башаламандык, жеп-ичмей, коррупция көрүнүштөрүнөн өтө чарчады, тополоңду каалабайт, тынч жашайлы деп ѳнүгүүгѳ карай аракет кылып, коомдо “оңололу, иштейли, алдыга кетели” деген дымактуу күч орноп калганы чындык. Эгер ушул азыркы 50/50 пайыздык маселени тынч чечип алсак, анда Кыргызстан ѳнүгүүгѳ карай кетти деп эсептей берсек болот. Мен муну коркпой айтам. Эгер 50/50 пайызга каршы чыгышып мамлекет Эл аралык сотко туш болсо, анда эле жогоруда айтылгандай чоң-чоң чыгымдарды тартып, кыйналууга учурайбыз.

Каралып жаткан Меморандум оң жагынан чечилсе, «Кумтѳр» боюнча иш алып баруудагы мындан аркы сүйлѳшүүлѳр да коомчулук алдына маалыматталып, ачыкталып турат. Кыргызстанда түзүлгѳн Биргелешкен Ишкана Кыргыз Республикасы менен Канаданын мыйзам чегинде иш жүргүзүп, коррупция жана коомдук кѳзѳмѳлгѳ алуу боюнча кабыл алынган юридикалык маселелерде да мыйзам сакталат.

– Маегиңиз үчүн чоң ырахмат!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *