Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Шор-Булак айылында жашап, балдары, небере-чөбүрөлөрүнүн маңдайында бактылуу карылык дооранын сүрүп жаткан Сакай АБЫКАЕВ карыя быйыл 97 жашта.
1939-жылдын декабрында аскерге чакырылып, кан күйгөн Улуу Ата Мекендик согушка башынан аягына чейин катышып, гитлердик баскынчыларды талкалаган Улуу Жеңишти Сакай ава Чехословакиянын Прага шаарынын жанынан тосуп, көкүрөгү толо орден-медаль, «старший лейтенант» аскердик наамы менен 1946-жылдын жай айларында аман-эсен туулуп-өскөн айылына кайтып келген. Ал Армиянын генералы Коневдин армиясында, 448-дивизияда согушкан.