Ааламга кеткен жол – үйүбүздөн башталат

9 01

“Жаратылыш жана жандыктар жаралгандан тарта табийгый мыйзамга ылайык шайкештикте жашоосу шарт. Булардын ичинен акылына таянган адамзаты гана айрым учурда табиятынан алыстап, аны башкарууга аракет кылууда. Албетте, мунун да ар кандай себептери бар. Ошолордун ичинен орчундууларынын бири бул – адамдардын көп кырлуу турак-жайы” деген пикирди карманып, элге “Грифондун Айланасын” туура түшүндүрүп жеткирүүгө, турагыбызды туура курдурууга аракет кылган архитектор В. Н. Гребневдин кызыктуу ойлоруна токтолдук.

В. Н. Гребнев, архитектор: “Айлана формасындагы үйдө жашагандар аалам менен айкалыша жашаган”

3

– Адамзат дүйнө таанымы калыптана баштаганда дүйнөнү айлана же тоголок формада кабыл алуу табийгый негизде өнүккөн. Ал кезде адамдын жер жана аалам менен болгон байланышы жандуу болуп, жаратылышка аяр мамиле жасалган. Бул болсо алгачкы адамдардын аруулугун, тууралыгын чагылдырат.

– Жаратылыштагы өзгөчө жаратмандыкка жана багып-өстүрүүгө багытталган суу тамчысы, дарактын мөмөлөрү (алма, өрүк, помидор, дарбыз, картошка, жүзүм ж.б.), жумуртка, баш, көз сыяктуу дененин негизги бөлүктөрүнөн баштап, асман телолору (жер, ай, күн жана башка жылдыз, планеталар) жана галактикалык түзүлүштөргө чейин айлана же тоголок формада же бурчу жок жаралган. Айлана формасындагы түзүлүш гана жеңил жана кыймылдуу жашоого ылайыкталган. Бул жерде космосту элестете албасак да, колубуздагы көбүктү жана анын учушун элестетсек болот.
69836_640

– Адамдар боз үй, вигвам, шатра, чум сыяктуу айлана формасындагы үйлөрдө жашап өнүгүп турган маалда жаратылышты жакшы түшүнгөн жана аң-сезиминде аалам менен айкалыша жашаган. Качан гана көп бурчтуу, тик бурчтуу үйлөрдө жашай баштаганда адам менен табийгаттын ортосундагы ажырым пайда болуп, адамдар жаратылыш менен күрөшө башташты.

– Адамдар Кудайдын куттуу жаратылышынан өзүнүн керең дубал, пол жана чатырлары менен корунууда. Ушуга жараша дүйнө дагы дал ушул дубалдар менен адамдардан корунуп жатат. Адам табийгаттан алыстаган сайын ортодо душмандык мамиле жаралууда. Эгер биз жаратылышты жок кылууну улантсак, жаратылыш да бизди жок кылууну улантат.
big_1352877548

– Табийгаттан кечиримди, аяр мамилени күтүүгө эмес, аны жөн гана алууга муктажбыз. Болбосо адамдын кесепети аркылуу системалык жоготууларга учурашыбыз мүмкүн.

– Көп кырлуу жана бурчтуу архитектуралык курулуштар биздин өзүбүздөн жана дүйнөдөн коркуп жашообуздун курулуштары.
Коомдук жана жаратылыштык энергомаалымат алмашууларды иликтеген эниология илиминин аныктамасында көп кырлуу же бурчтуу түзүлүштөр (айрыкча 900ка жакын бурчтар) энергиялык кысымды таркатуучу өзгөчөлүккө ээ. Анткени учу бурчтуу түзүлүштөр энергиянын айлануусун алсыратып, анын бир жерде туруп калуусун жана андан соң кара кубат болуп чагылуусун камсыздайт. Ал эми айлана формасындагы түзүлүштөрдө болсо эч кандай энергиялык кысым жана кош дүйнөлүк коркунуч болбойт.
belaya-mechet-1

– Айлана же жарты жумуртка формасындагы үйлөрдө жашоо аркылуу адамзаты аруу башатын таап, жандуу жана чыгармачыл кыймылга жетише алат. Ансыз деле адамдардын аң-сезиминин таза түпкүлүгүндө Кудайдын кубаты, илим-билимдин туурасы айлана формасында жашап келет. Буга мисал катары маданий, руханий агартуунун архитектуралык курулуштарынын (мечит, чиркөө, минарет, медресе ж.б.) төбөсү же чатыры жарты жумуртка формасында болгондугун айта алабыз. Ошондуктан айлана формасындагы курулушта жашоо менен табийгый тең салмактуулуктун сакталышына салым кошо алабыз.

– Дүйнөдө айлана формасындагы архитектуралык курулуштар активдүү курула баштады. Ошондуктан заманбап каражаттарды пайдаланып, жаратылышка шайкеш үйлөрдү куруу бүгүн жеткиликтүү. Бул курулуштардын дагы бир өзгөчөлүгү азыркы бурчтуу курулуштардан 30-50% материал аз талап кылып, оңой тургузулуп, бышык болгондугунда.

Азыркы учурда айлана формасындагы үйлөрдүн көп курулуп жаткандыгын жана жогорудагы пикирлердин маанилүүлүгүн эске алуу менен түндүгүнөн түбүнө чейинки түзүлүшү айлана формасындагы Ак Боз үйдө жашап, Ак Ордо куруп, жаратылыш менен жуурулушуп жашаган көчмөн кыргыз дүйнөсү таза жана бай, табийгатка шай экендигин эми дааналап түшүнүп олтурам. Көрсө, боз үй – бул кубаттын туура айланышын камсыздоочу касиетке ээ турагыбыз тура…

Чолпонбек КАПАРБЕК уулу

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *