Коомубуздагы сизге жакпаган көрүнүштөр кайсылар?

3-соболчак фото

“Киши болор кишинин – киши менен иши бар” деп кезинде бабаларыбыз таасын айтып кеткен. Ал эми бүгүн болсо коом адамдардын кыймылдуу жыйындысы, адамдар коомдун күзгүсү экендигин так тааныган чагыбыз. Коом мүчөлөрү бири-бири менен тыгыз байланышта болгондуктан, орток таасирленүү да өкүм сүрөөрү бардыгыбызга белгилүү болуп калды. Ошондуктан адамдардын оң жана терс иш-аракет, жоруктары башка адамдарды да таасирлентип, алардын өзгөрүүсүнө себепкер болоорун эске алып, ар кимибиз өз деңгээлибизди аныктап алалы деген максатта “Соболчактын” бул чыгарылышында коом мүчөлөрүн көбүрөөк кыжырланткан көрүнүштөр тууралуу сурамжылоо жасадык.

3- Курманбек ТоктоналиевКурманбек  ТОКТОНАЛИЕВ, КРнын УИАсынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун мүдүрү:

– Өзгөчө коомдук транспорттордо бара жатканда көп угам, кыргыз жаштары орус тилинде туура сүйлөй албаса деле сүйлөй беришет, анан да ар кандай жаргондорду кошуп алышат. Мындайлар “мите сөздөрдү” пайдаланышып, тилибиздин көркүн бузуп жатышат. Бири-бири менен кыргызча сүйлөшкөнгө аларга эмне тоскоол болуп жатат – түшүнбөйм. Ушул нерсе мага таптакыр жакпайт. Ар бир тилди зарыл учурда так жана туура сүйлөө зарыл эмеспи. Буга кошумча, коомчулукта кыйкырып сүйлөп, элдин көңүлүн өзүнө бурган адамдар да көп кездешет.

Экинчи бир терс көрүнүш катары тамеки чеккендерди айтат элем. Өзгөчө кыздарыбыздын чеккени өтө жат көрүнүш. Коомчулуктагы көчөдө баратып өзү жеген тамак-азыгынын калдыктарын, тышкы кагаздарын, бөтөлкөлөрүн ар кайсы жерге ыргытуу да одоно көрүнүш. Аны ким тазалайт? Адам болгон соң ойлонуш керек да! “Жолуңда  таш  жатса да алып кой ” деген кыргыз элинин философиялык сөзү бар. Андыктан, тазалыкка терең маани беришибиз зарыл, бул үчүн жаштар гана эмес, улуулар дагы үлгү болушубуз керек.

3-туратбек алымкуловТуратбек АЛЫМКУЛОВ, Россиядагы мигрант:
– Мага коомдогу адамдардын бири-бирин көралбастыгы жакпайт. Ушунун айынан да өлкөбүз өнүгө албай жатат. Терс маанайдагы жаңылыктардын улам-улам коомчулукка берилиши да жакпайт. Чындыгында биз да өнүккөн элдердин катарына кошулсак деп кыялданасың. Себеби чет жерде иштеп жүрүп элиң, туулган жериң, андагы кооз жерлериң менен мактанып, дүйнө элине сыймыктанып көрсөткүң келет экен. Анан эле Кыргызстан жөнүндөгү айрым терс жаңылыктарды көрүп жатып маанайың түшөт. Ооба, өнүккөн чет өлкөлөрдөгү жашоо кооз, сонун, бирок, Кыргызстан баарыбир биз үчүн бейиштей жер. Ошондуктан, мекенибизди өнүктүрүүгө ак ниетти коюу, аракет кылуу жана ынтымак деген нерселер жетишсиз болуп жатат.

3-Кубатбек ТабалдыевКубатбек ТАБАЛДИЕВ, Тарых илимдеринин кандидаты, профессор:

– Археолог катары мага айрым коом мүчөлөрүнүн орток мураска аяр мамиле кылууну билбестиги жакпайт. Учурда короосунан чопо идиш таап алса дагы аны чоң акчага сатып, атасынан калган мурасындай өзү билип байып калсам деген адамдардын саны кѳбѳйүп жатат. Бул нерсе бүткүл элибиздин мурасына, баалуулугуна, тарыхына кыянаттык кылуу менен барабар. Биздин байыркы мурастарды карактап, ошолорду саткан адамдардын  атайын кылмыштуу топтору да иштеп атат. Анын көрүнүктүү далили катары, Кыргызстандан жасалма документтер менен чыгарылып кетип декабрь айында Лондондогу аукционго коюлуп, ал уурдалган буюмдардын 200 миңден ашык еврого сатылганын айта алабыз. Бул биздин тарыхыбызды ѳксүткѳн чоң кѳрүнүш болуп калды.  Мындай кѳрүнүштөрдү токтотууга мамлекет жана коом тарабынан эч кандай аракет кѳрүлбөй жатат.

3-Нурланбек КамчыбековНурланбек КАМЧЫБЕКОВ, режиссёр:
– Айрым адамдардын коомдук унааларды же маршруттук таксилерди аялдамадан эмес, жолдун ар-кайсыл жеринен тосуп, унаатыгынын жараткандыгы жакпайт. Көчөдө тазалыкты сактабай семичке чагып, тамеки чегип анын калдыгын жолго таштагандар да кыжырды келтирет. Таза коомдо жашоого ар бир адам кызыкдар болгондон кийин, коомдук жоопкерчилигибиди туура кабылдап, тазалыкты өзүбүздөн башташыбыз керек деп ойлойм.

3-УбыкееваАйпери УБЫКЕЕВА, “Алмаз” радиосунун алпаруучусу:
– Мага өзгөчө жакпаган көрүнүш – адамдардын карызга акча алып учурунда бербей коюп, кайра өзүңдү жалдыратканы. Мындан тышкары, өзү бир жумушту так аткарбай жатып, “өкмөт бизге шарт түзүп бербейт, андан көрө Европага кетип калгым келет” деген адамдардын сөзүн угуп жиним келет. Туулган жеринде кыйратып иш кылбаган адам чет жерден маарып кетмек беле?

 

3-Нурдин УсеевНурдин УСЕЕВ, Түркология илиминин доктору:

– Коомдо мага жакпаган терс көрүнүштөр көп. Жөнөкөй эле мисал, таштандыларды ар кайсыл жерге ыргыта бергендери жакпайт. Ошондой эле, көчөдө кийинип жүрүү маданиятын, коомчулук ичинде сүйлөө маданиятын, жүрүм-турум, мамиле кылуу маданиятын төмөн түшүрүп жаткан адамдар зээнди кейитет. Ал эми айрым адамдардын өз динин башкалардыкынан жогору коюп, таңуулап, өзгөлөрдү кемсинткени, аша чаап кеткендери көп эле адамдарга жакпай келет. Мындай көрүнүштү өзүнө ишенбеген, руханий, аң-сезимдик жактан билими жарды адамдар гана жасашат деп ойлойм.

3-айкерим эрнис кызыАйкерим ЭРНИС кызы, “Кыргыз-Түрк  Манас” университетинин 3-курсунун студенти:

– Демократияны жамынып алып Батыштын маданиятын таңуулоо, биздин менталитетке туура келбеген түшүнүктөрдү таркатуу коомчулуктагы көпчүлүктү кыжырлантат. Алсак, бир жыныстуулардын үйлөнүп, бири-бири менен мамиле куруп жаткан көрүнүшү Кыргызстанда дагы бар. Айрыкча соңку жылдарда статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстанда каттоодон өткөн 40тан ашуун гейлер бар. Ал эми каттоодон өтпөгөндөрү  канча? Мындан 2-3 эсе көп болушу мүмкүн. Мага жакпаган дагы бир көрүнүш – жаштарыбыздын чет жерликтер менен же бөтөн улут өкүлдөрү менен баш кошуп алуусу. Элибиздин канын таза бойдон сактасак, келечегибиз да таза болмок.

Чолпонбек КАПАРБЕК уулу

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *