Жаштар канткенде биригет?

Мекенчил дымак

Учурда жаштардын руханий пайдубалдары бири-бириникинен айырмаланып турганы менен, идеялык биримдикке келүүнүн жолунда алар активдүү аракеттерди жасап жатышкандай.

 Айбек БАЙЫМБЕТОВ3-2

Тилекке каршы, андай көрүнүш эки бөлөк тамырдан өнүп чыккан ѳсүмдүктүн башы бириккендей элести берет. Максат – жете турган жер эмес, бара турган жолдун өзү болушу керек. Ошондо балким биригүүнүн анык жолуна түшөттүрбүз.

Коомубузда чогулуп калган бардык көйгөйлөрдү жоюуга алып келе турган универсалдуу чечимди издөөнүн жолунда майнаптуу аракеттер көрүлбөй жаткансыйт. Буга себеп, элдин коомдук-саясый активдүү катмары жетиштүү деӊгээлде руханий жана интеллектуалдык жактан бышып жетиле элеги болсо керек.

Башкаруу чөйрөсүндө жүргөн төбөлдөрдө болсо концептуалдык билим жок. Ошондуктан, “сууну билбеген – арык чаба албайт” дегендей, барар багыттын дайны жок болуп, ара жолдо өмүр-суубуз ар кайсы жакка агууда.

Элге жол керек, элге багыт менен ишеним керек! “Максат – бул жол болуш керек” деп айтып жатканымдын себеби ушунда. Жолдош (руханий маанисинде) адам туугандан артык, анткени аны менен сен тагдырлашсын, санаалашсың, сапарлашсың. Түшүнүшүүнүн эӊ жогорку деӊгээли дал ушул жерде жатат. Кыргыз мамлекетин өнүктүрөбүз деген ой динчилдердин ниетинде шарият жолу менен, капиталисттердикинде либерализм жолу менен, ашынган улутчулдарда фашизм жолу менен, дагы башкасыныкында бөлөк шектүү жолдор менен каралат. Туура эмес руханий негиз – жалган максаттарга жетелейт. Ооба, индивидуалдык көп түрдүүлүктүн болгону жакшы, бирок, жалпы элдик жол бир багыттуу болуш зарыл!

Биригүү процессинде чечүүчү ролду руханий-идеологиялык баалуулуктардын бир түрдүүлүгү, окшоштугу чечет.  Азыр эми душман сырттан курал менен басып кирбейт. Душман деген –  жаштардын аӊ-сезиминде “баалуулук”болуп калыптанат. Маалымат заманында аӊ-сезимге болгон таасирлер болуп көрбөгөндөй кеӊейген. Келип жаткан маалыматтар ылганбаса, өздөн чыккан жаттар көбөйүп, акыры тамырыбызды кыркаар ошолор болот. Улуттук иммунитеттин алсыздыгынан биздин жаштар бош жана жеӊил. Мындан улам, жаштардын дээрлик көпчүлүгүнүн акыл-эсине уу тамган. Маселен, жаштар бир эле убакта бир жерде бир максатты сүйлөшкөнү менен, түпкү көз караштары эчак бири-биринен алыстап кеткен.

Учурда, өзгөчө жаштар арасында жармач  патриотизмдин толкуну каптап турган чагы, бул жакшы эмес көрүнүш, патриотизм модага айланбашы керек, моралдык мыйзамдар алсыз жерде мода жаралат. Анын үстүнө биздеги көпчүлүк жаштардын патриоттук сезими эмоционалдык деӊгээлде гана калып калгандай. Бул нерсе улуттук аӊ-сезимдин жетиштүү деӊгээлде калыптанбагандыгынын белгиси. Мындай деӊгээл жогорку интеллектуалдык патриотизмге, башкача айтканда, бекем эркке жана билимге негизделген чыӊ-улутчулдукка (мекенге чыгармачылык сүйүү жаратуу) трансформацияланышы керек.

Ийгилик менен өсүш материалдык-информациялык байлык менен ченелет деген туюнтма көпчүлүктүн түшүнүгүндө бекем орноп калгандыктан, азыркы заманбап турмуш бири-бирибиз менен болгон максатсыз куру жарышка бардыгыбызды түшүрүп койгон.  Материалдык баалуулук ден соолукту бербегендей эле, маалымат дагы адамга акылмандуулукту бербейт. Дал ушундай формула менен элдин улуттук аӊ-сезими “жуулгандыгынын” айынан идеологиялык дезориентацияга тушугуп калдык. Жаштарды азыр мамлекеттик деӊгээлде кыргыз улутунун салттык түпкү элдик кызыкчылыгына тарбиялай турган система жок экени белгилүү. Жаштар ээн- эркин. Алар мамлекеттин эӊ маанилүү стратегиялык булагы катары өз ордун алышкан жок. Мамлекет жаш муунду руханий-идеологиялык коопсуздукка ала албагандыктан, жаштар ар кандай багыттагы сырткы таасирлердин майданында калды. Ар ким ар кандай турмуштук кырдаал менен өз киндигин өзү кесүүдө. Дал ушул жерден улуу муундун милдет-жоопкерчилиги ачык көрүнөт. Себеби муундардын ортосундагы милдет – бул мурас өткөрүү, устаттык, башкача айтканда, улуттун жашоо программасын жеткирүү деген чоӊ маселе жатат. Улуттук интеллигенция өзүнүн тарыхый миссиясын аӊдабай жатканы өкүндүрөт. Чыгармачылыктын саясаты – улуттук маданиятты элдин жашоосуна башкы руханий багыт кылып айландырышында жатат. Жогоруда айтылгандай, бирдиктүү руханий жалпылык болбосо, бир тамырдан өнүп чыкпасак, бири-бирибизге бөлөксүнүп жүрө беребиз. Ички булак ачылмайын, өмүр өткөнчө башка бирөөнүн арыгынан суу ташып жүргөнүбүз жүргөн. 3-1 Кыргыз элинин улуттук эркин, ички руханий дымагын авангардка алып чыга турган күч эми гана борбордук тартылуусунун айланасында термелип баштады. Жаштардын ушул жылдардагы пайда болгон коомдук-саясый аракеттери барган сайын күчөп, ачыкка чыгып, өз алдынча саясый күч катары калыптануу жолунда келе жатканы бир чети кубандырса, бир чети мезгилинен артта калып жатканы кооптондурат. Алардын мындай кыймылынын өзөгүндө албетте саясый-идеологиялык негиз бар. Такыр эле майда кызыкчылыктардын деӊгээлине такап салган болбойт. Башкаруу чөйрөсүнө аралашуу демилгеси, чындыгында, саясый бийликке жетүүнүн гана далалаты эмес, системалык өзгөрүүгө алып келе турган ишмердүүлүк дагы болуп саналат. Мындай багытка келүүдө жаштар маӊдай терин тамызган аракеттерди гана кылбастан, өздөрүн курмандыкка да чалышты, чоӊ жоготууга дуушар болушту.

Азыр бизге улуу муундардын кепилдик деми, улуттук интеллигенциянын жигердүү идеологиялык фронту керек. А биз жаштар авангард болуп беребиз.  Белгилей кетчү нерсе, кайра жаралуунун кыймылы кыргыздын улуттук духуна, байыркы салттуу маданиятына гана негизделиши керек. Бул  ишмердүүлүккө кандайдыр бир диний же саясый боек берүү тереӊ адашууга алып келет!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *