Индира РАЙЫМБЕРДИЕВА: “Өзүн лидермин деп эсептегендер – адамдык алсыздыкка алдырууда”

olMhJmGIveY

Адамы көп, акылы жок, бийлиги көп, билгиси жок коом – орунсуздуктун очогуна айланып, башаламандыктын баткагына бата турганы бышык.

Учурда ааламдашуу айгайы күч алып, маанисиз маалыматтар аң-сезимге бүлүк салып, баалуулуктар өзгөрүүгө дуушар болуп турган маал. Мындай кырдаалда элдин элдүүлүгүн жана эркиндигин сактоо алдыңкы аткара турган иш. Замандын бул сындуу сыноолору түптүү кыргыз элин да көп изденүү, аз түйшүккө салып турган чакта багытыбызды түздөп, башыбызды көтөрүү муктаждыгы турганын эске алып, элдин биримдигин, жарандардын милдеттерин, коомдук деңгээлибизди, саясый-экономикалык абалыбызды аныктоо максатында белгилүү коомдук ишмер Индира Райымбердиева менен чакан маек курдук.

– Индира айым, мамлекетибиздин учурдагы саясый-экономикалык абалын кандай сөздөр менен мүнөздөйт элеңиз?

– Мен азырынча бул тармакты тереңинен айта албайм. Анткени аң-сезимибизде, руханий, нравалык абалыбызда ойгонуу же өзгөрүү болмоюн, биз “жөн эле” жашоо деңгээлинен жогору көтөрүлө албайбыз. Руханий жашоосуз, биздин саясый-экономикалык деңгээлибизде да олуттуу өзгөрүү жүрүшү мүмкүн эмес.

– Элдин эркин бириктирип бир чоң күчкө айландырууга эмне себеп болушу мүмкүн?

– Эми бул жерден эч кимге каршы пикир айткым келбейт. Бирок, жоокерлер жоо келгенде биригишет демекчи, биздин элдин мүнөзүнө ылайык, элди катаклизмдер, өзгөчө кырдаалдар же кыйын абалдар гана бирдиктүү бүтүндүккө алып келе алабы деген пикир жаралат. Анткени болуп өткөн эки төңкөрүштө элдин ыкчам бириге калуу кубулушу анык байкалды. Менимче, элди аң-сезимдүү, тынч жол менен бириктирүү мүмкүнчүлүгүбүз азырынча аз. Ушундан улам элди бириктирүүнүн эки жолун көрсөк болот.

Биринчи жол катаклизм аркылуу ишке ашса, экинчи жол руханий бышып-жетилген элита же лидерлердин суурулуп чыгуусу аркылуу ишке ашат. Учурда руханий бышып-жетилген элита же лидерлер коомго чыга элек. Бар болгону профессионалдык жактан мыкты жетишкендери гана чыгууда.

Профессионал, патриот же билимдүү болуу – бул инструмент же куралга жетүү гана. Эгерде руханий байлыгы алсыз болсо, анда мындай куралга жеткендер элге зыянын тийгизип коюшу толук мүмкүн. Бир эле бычак менен нан да кессе болот, адам өлтүрсө да болот дегендей.

Элди бириктирүүгө келе турган болсок, катарыбызда колуна бычак алган инсандарыбыз көп, бирок бычак кимиси тарабынан кандай колдонулаары белгисиз. Ошондуктан бычакка жеткенден көрө руханий, нравалык бийиктикке жетип, нанды кол менен деле сындырып элге берсе оң болот.

Эмне себептен курултай, тилектештик же ар кандай жыйындар аркылуу элди бириктирүүгө болгон аракеттер оң натыйжалуу болбой жатат? Себеби аларда, өзгөчө өзүн лидермин деп эсептегендерде адамдык алсыздыктар, куру дымактар алдыга чыгып кетип жатат.

Элдин бүтүндүгүнө жетишем дегендер өзүн руханий жактан өнүктүрүшү зарыл. Руханий деңгээл – кырдаалдагы кадамдар, мамилелер аркылуу аныкталат. Эске сала кетүүчү нерсе, руханийлик тууралуу окуулар – бул руханийлик эмес. Руханийлик – бул руханий жашоо. Ошондуктан, “мен окудум, демек руханий кишимин” деп өзүн эсептеп, бирок руханий жашоодо жашай албагандар – терең жаңылышкандар. Ар бир ишти баштаардан мурда, ниетти туура коюу жана туура эмгектенүү жакшы жыйынтыкка жеткирээрин эстен чыгарбообуз керек.

– Биздеги болуп өткөн эки төңкөрүштө тең элдин табигый биригүүсү жүрдү, бирок  бир канча мезгил өтпөй кайрадан ал биригүүнүн жанып кетүүсү руханий даярсыздыктан улам болду десек туура болобу?

– Ооба. Бул окуялар элге сабак катары берилди. Себеби, эч бир киши кыйналуусуз, сыноолорсуз, катаал кырдаалдарсыз толук руханий өсүүгө жете албагандай эле, эл башынан да сыноолор, кыйын кырдаалдар болмоюн руханий өсүү болбойт.

Ошол эле Акаев, Бакиевдер өздөрү билип-билбей элге сабак да, үлгү да көрсөтүп кетти десек болот. Акаев батыштык баалуулуктардын, эгоцентризмдин жана ашкере акылдуулуктун бизге кереги жок экендигин, кыргыздардын индивидуалист бирок эгоист эместигин көрсөтүп кетти.

Бакиев болсо, биздин элдин коллективдүүлүгүн, бирок үйүр же айдама эмес экендигин ачып берди. Жалпылап айтканда, кыргыздарды индивидуалист жана жамаатчыл эл катары таанытты десек болот. Чындыгында эле ар бир кыргыз өз жашоосуна тың болуп, бирок элдик кызыкчылыкты бийик баалагандыгы баарыбызга маалым.

– Ушундай шартта жаштарыбыз эмне кылуусу керек?

– Жаштар биринчи кезекте өзүн таануусу керек. Эмне себептен жашап жаткандыгы тууралуу терең ойлонуулары жана таңууланган алдамчы шаблондорго алдырбай, тар түшүнүккө берилбей жашоолору зарыл.

Жашоодо профессионалдуулук, билим алуу, патриоттуулук сындуу түшүнүктөр экинчи планда турган инструменттер болуп саналат. Биринчи кезекте руханий-нравалык корду бекемдөө шарт. Болбосо, профессионалдуулук, патриоттуулук аркылуу башкаларга зыян тийгизип коюу коркунучу да бар. Бул, жамааттык деңгээлде.

Ал эми жеке инсандык деңгээлде ала турган болсок, анда улуулардын катачылыктарын кайталабоо, ата-текти таануу, Кудайды күтүнүү башкы орунда тураарын билип, ошонун үстүндө иштөө керек. Кошумча айтаарым, болуп жаткан коомдук, мамлекеттик процесстерге жаштардын багыт алуусуна зарылдык жок. Тетирисинче, коомдук, мамлекеттик процесстерди жаштарга багыттоо зарылдыгы бар. Анткени, өлкөбүздүн калың катмары жана кең  мүмкүнчүлүгү болуп жаштарыбыз эсептелет.

Жаштарыбызга ар кандай кызыкчылыктагы күчтөргө курал болуп калуудан сактануусун, абийирин жашынан сактоосун, стандарт оюндарга аралашпоосун сунуш кылаар элем. Улууларга болсо өз ордун так билип, урмат-сыйы менен жүрүүсүн жана туура үлгү боло билүүсүн кеңеш кылам.

Чолпонбек КАПАРБЕК уулу

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *